СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Куштардын чатагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Куштардын чатагы

Просмотр содержимого документа
«Куштардын чатагы»

КУШТАРДЫН ЧАТАГЫ

(жомок)

Күндөрдүн биринде куш таптаган мүнөшкөр-саятчы токойго тор жайды. Ага ала карга, кара карга, таранчы, көгүчкөн сыяктуу канаттуулар түшүп калды.

Ары жулкунушту, бери жулкунушту, бирок тордон чыга алышпагандан кийин өз ара акылдашып калышты.

-Оңой жемге кызыгып, торго түштүк. Буга өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Эми баарылап аракет кылсак, амал ойлосок, тордон чыгып кетүүбүз мүмкүн,-дешти. Баары тең бул акылды туура табышты.

Ошентип, ары ойлонушуп, бери ойлонушуп акыры мындай бүтүмгө келишти: бардыгы тең жапырт канат куулөп торду көтөрүп учуп кетишмек болушту.

Айкандай эле бардыгы канаттарын күүлөгөндө тордун казыктары жулунуп, өзүлөрү асманга учуп чыгышты.

Ушул учурда саятчы келип, торун көтөрүп учуп бараткан куштарды көрүп, алардын артынан чуркап жөнөдү. Куштар ансайын катуулап учушту, саятчы да чуркаганын тездетти бир кезде:

“Торго түшкөн куштар ар түркүн. Бара-бара бири-бири менен чатакташа кетиши мүмкүн.

Ошентип алар ыргылжым болушуп жакшы учушпайт, ошондо тор аларды жерге алып түшүшү мүмкүн” деген ойго келди саятчы.

Дал ошондой болду. Куштардын арасында чатак башталды.

Саятчы да жетип, түшүп келаткан тордун танабынан кармап тартып, торду жерге түшүрдү. Ою ордунан чыкканга ичинен кымыңдады.

Ошентип, саятчы куштарды тордон чыгарды да, үйүнө алып келип, балдарына берди. Балдары аларды капаска салып коюшту.