Класс жетекчи: Сейтова М. Ы.
кутурма айыкпас дарт.
Тарбиялык саат:
Кутурма - жугуштуу оору.
Кутурма – вирус пайда кылып, борбордук нерв сис-темасын жабыркатуучу жугуштуу оору. Ал айыкпас дарт, дүйнө жүзүндөгү белгилүү жугуштуу оорулар-дын өтө коркунучтуусу. Жаратылышта кутурма ме-нен айрыкча жапайы жана үй жаныбарлары оо-руйт. Кишиге, айбандарга бул ооруну аны менен ооруган жаныбарлар жугузат. Кутурган жаныбарлар-дын шилекейиндеги вирус жараланган тери аркы-луу организмге кирип, нерв талчалары аркылуу мээ-ге, жүлүнгө барып көбөйүп топтоло баштайт. Вирус оорунун белгилери башталарга 8-10 күн калганда эле шилекей менен сыртка бөлүнүп чыга баштайт. Мындай жаныбарлар оорунун белгилери пайда боло электе эле жугуштуу болуп калат.Кутур-ма менен оруган жаныбарлар тынчсызданып, басы-гы өзгөрүлөт, шилекейи агат, жинденет, тамак же-бей, суу ичпей калат, жыгачтарды, чүпүрөктөрдү жей баштайт. Кутурманын вирусу ооруган жаныбар жалаӊ гана тиштегенде жукпастан, шилекей чачыра-ганда көз, мурун, ооз аркылуу да жугат. Кутурма-нын вирусу төмөнкү температурага туруктуу келет жана чириген мээде 8 айга чейин жашай берет. Ошондуктан талаада кутурмадан өлгөн айбандар-дын (мээси сакталган) тарпы, чириген таштан-дылары коркунучтуу.
Кутурма оорусу адамдарда жашыруун мезгили кө-бүнчө 1-3 айга, кээде 10 күндөн 1 жылга чейин со-зулушу мүмкүн. Бул мезгил жарааттын көлөмүнө, жараланган жерге, адамдын жашына жараша бо-лот. Жараат адамдын башында, мээге жакын жерде болсо, жашыруун мезгил кыска болот. Оорунун ал-гачкы белгилери жарадар болгон жерде, кычышып, сыздап, сайгылашып ооруп байкала баштайт. Адам өзүнөн-өзү чочугансып, элендеп, капаланып, үшкүрү-нүп, уйкусу качат. Андан ары оорулуу өтө сезгич болуп, коркуу сезими пайда болот. Сууну көргөн-дө коркуу сезими күчөп, калтырап титиреп, демигет. Оорулуу көбүнчө тердейт, шилекейин жута албаган-дыктан агып турат. Буга кошумча көзүнө ар нерсе-лер көрүнүп, кулагына үндөр угула баштайт. Кээде ага түрдүү агрессивдуу кыймылдар (капысынан секи-рүү, качуу, кыйратуу, тытынуу) кошулат. Оору өтө күчөгөндө дем алуу органдары шал болуп, жүрөк, дем алуу токтоп, оорулуу өлөт.
Алдын алуу үчүн кутурмага каршы эмдөө жүргү-зүлөт. Ит капканда же башка айбандардан жабыр-каган учурда дарыгерге кайрылуу зарыл. Кутурма менен күрөшүүдө ээси жок иттерди, мышыктарды жок кылуу, ошондой эле үй жаныбарларын өз убагында ветеринарларга каттатып, аларды эмдетип туруу керек.