27.09, 1.10, 4.10, 8.10
Сабактын темасы: Спектаклге пьеса тандоо. Пьесаны корком окуу. Пьесаны талкулоо, баалоо. Кимге кайсы каарман жакты?
Сабактын максаты: Жомокторду окуп,маанисин тушунушот.Каармандарды ойной алышат. Корком окуй алышат.
Ой жугуртуусу, эске тутуму калыптанат. Дуйно таануусу осот. Фантазиясы осот, артистик кондумдору калыптанат.
Бири-бирин сыйлашат, сылыктыкка, эмгекке тарбияланышат. Топто иштешет.
Сабактын тиби: Комбинациялуу сабагы
Колдонулучу усулдар: Куурчактар, жомок китептер.
Сабактын темасы: I Уюштуруу
Класста жагымдуу маанай тузуу
Окуучуларды жоктоо
Сабакка даярдык (тартип тазалык)
II Уйго тапшырманы текшеруу
III Мээге чабуул Жанылмач айтышат
IV Жаны тема:
Окуучулар жомокторду окушат, тандашат, маанисин талкуулашат. Каармандарды болушот. Каармандарын аткарышат.
- Коен
- Кирпи
-Балык
Токой, Кол
Илгерки заманда коён узун кооз куйруктуу, күлүк, мурутчан, өзү жеткен мактанчаак жаныбар болот экен. Жаш, жаңы чоңоюп келе жаткан коёндорго тынчтык бербей:
– Токойдо кожоюн жалгыз гана менмин! – деп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, көөп турган маалы. Эрдин бүлкүлдөтүп чөптүн жакшысын искеп жеп, бир жерге токтоно албай, – эрдим төөнүкүндөй, кулагым эшектикиндей, күлүктүгүмө эч ким жетпейт, жүнүм, куйругум кандай укмуш, чиркин! – деп мактанып жүрүп, ал коён бир кирпиге жолугат.
– Сен кимсиң? – деп, бүрүшөт кирпи.
– Мен коёнмун – дейт үнүн катуу чыгарып.
– Эмнеден коркосуң?
– Мен эчтемеден коркпоймун, а сен кимсиң? Сен эмнеден коркосуң? – дейт коён.
– Мен кирпимин. Мен кокустуктан корком.
– Кокустук дегениң эмне? – деп, дагы сурайт коён.
– Туяктуу жаныбарлар атайлап баспайт, бирок шашып, качып же үркүп келе жатып басып кетсе, өлөм.
– Иттенчи?
– Иттен үстүмдөгүтонум сактайт. Киши мени бир тоголок тикен деп ыргытып жиберет, эчтеме мага тие албайт. Сен коён мактанчааксың, ошондуктан калп эле коркпойм деп жатасың. Карышкыр жана башка айбандар мамыктай жумшак денеңе азуу тишин матырса, өлөсүң.
– Ооба, аны сен кайдан билесиң?
– Мен сени көргөндө эле билдим, эгер мыкты болсоң, эмне эрди-башың былкылдап турат?
– Эрдим төөнүкүн тарткан, ошондуктан жырык, кулагым чоң, шырт дедирбей угам, күлүкмүн, качып кутулам.
– Мен бир иш айтайын макулсуңбу? – дейт кирпи. Коён макул болот. – Жүр, дос, тээтиги көлгө баралык, суу ичелик, бир аз эс алалы, – дейт.
Алар көлгө келишет да, суу ичип, бир аз эс алышат.
– Эми көлгө куйругуңду салып, жээкке бир аз олтурчу, – дейт кирпи.
– Эмнеси бар! – деп мактанчаак коён куйругун сууга салып отурат.
Ошол маалда өрдөк баш балык келип, коёндун куйругун көрүп, жемек болуп, араадай тиши менен тиштеп тартат. Балык сууга, коён чыңырып арткы буту менен жерге таянып сыртка тартат. Ары-бери тартышып, коёндун куйругу үзүлүп кетет. Айласы кеткен коён андан-мындан бир тийип, куйруктан ажырап, кыска куйругу менен качып жоголот.
– Мактанчаактан кутулдум! – деп кирпи кала берет.
Коён ошо күндөн, ушу күн куйругу жоктугунан уялып, отура калып жүрөт экен.
V Сабакты жыйынтыктоо
VI Уйго тапшырма: Ролдогу создорун жаттоо. Жомок окуп келуу, дептерлерине маанисин жазып келуу.
VII Баалоо быйтыкчалар менен