Баткен мамлекеттик университети
Кызыл-Кыя педагогикалык институту
ПЕДАГОГИКА факультети
Педагогикалык билим берүү кафедрасы
Педагогикалык билим берүү
багыты
Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин
ПББ-16 тайпасынын бүтүрүүчүсү
Имарова Бүсайкал Эргешбайевна
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШтин
темасы: « Башталгыч класстын окуучуларында геометриялык элестөөлөрдү калыптандыруунун айрым жолдору»
илимий жетекчи : «Педагогикалык билим берүү»
кафедрасынын
ага окутуучусу Урайымова Г.М
Жумуштун максаты -
Башталгыч класстардын окуучуларынын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана геметриялык элестөөлөрүн калыптандырууда тапшырмалардын жана көнүгүүлөрдүн системасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
Изилдөө предмети -
башталгыч класс математика сабагында математикалык жөндөмдү жана геометриялык элестөөлөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү тапшырмалардын жана көнүгүүлөрдүн тутуму.
Теманын актуалдуулугу геометриялык элестөөлөрдү калыптандыруу акыл-эс тарбиясынын маанилүү бөлүгү, адамдын бардык таанып-билүү иш-аракеттеринде чоң мааниге ээ экендиги учурдагы актуалдуу маселелердин бири.
Дипломдук жумуш төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
- Киришүү .
- 1-бап. Башталгыч класстын математика сабактарында геометриялык материалдарды окутуунун усулдары (теориялык бөлүк);
- 2-бап. Башталгыч класстын окуучуларында геометриялык материалды окутууда математикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө кээ бир тапшырма көнүгүүлөрдүн натыйжалуулугу (мисал-маселелерде);
- Тиркемелер;
- Корутунду;
- Колдонулган адабияттардын тизмеси.
Биринчи бапта :
- Геометриялык элестөөлөрдү калыптандырууда башталгыч класстын окуучуларынын курак жаш өзгөчөлүктөрү;
- Башталгыч класстын математикасын окутуу усулунун жалпы мүнөздөмөсү;
- Геометриялык түзүүгө карата берилген маселелерди чыгаруунун өзгөчөлүктөрү;
Геометриялык түшүнүктөрдүн класстар боюнча бөлүнүшү
Экинчи бапта :
- Башталгыч класстын окуучуларында математиканы окутууда геометриялык элестөөлөрдү калыптандыруу усулдары;
- Көндүмдөрдү калыптандырууда геометриялык түзүүлөрдү жана эсептөөлөрдү аткаруу жараянында өнүктүрүүчү практикалык тапшырмаларды тандоо жана колдонуу;
- ;Эксперттик-тажрыйбалык жумуштарды жүргүзүү жана анализдөө;
Биздин изилдөөбүзгө Кызыл-Кыя шаарынын №9 орто мектебинин 3 классынын балдары катышты. Класста 25 окуучу окуйт. Ошол класстан 10 окуучу тандап алынган.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, төмөнкүдөй жыйынтык жасоого болот:
- жогорку деңгээлди – 4 окуучу ( 40%),
- орто деңгээлди – 2 окуучу (20%),
- төмөнкү деңгээлди – 4 окуучу ( 40%) көрсөтүштү.
Диаграмма
Бул топтогу балдардын арасында математикалык жөндөмдүүлүк деңгээли анчалык деле жогору эмес - орточо, андыктан алар менен мындан аркы иштер улантылат.
Максаты:
- көнүгүүлөрдү тандоо жана оңдоп-түзөө
көнүгүүлөрүн жүргүзүү;
- геометриялык материалдарды изилдөөдө
кыйынчылыктарды жоюу;
- кенже окуучулардын математикалык жөндөмүн
- өнүктүрүү боюнча.
Корутунду
Дипломдук ишти аткарууда биз төмөнкүдөй жыйынтыктарды алдык:
- Практика көрсөткөндөй, башталгыч класс окуучуларында геометриялык элестөөлөрдү калыптандырууну өнүктүрүүдө, алардын айлана чөйрөдөгү геометриялык сүрөттөлүштөрдү көрүүгө, жалпылоого, алардын касиеттерин ачып берүүгө, фигураларды конструкциялоого, өзгөртүүгө жана айкалыштырууга, сүрөттөөгө жана зарыл болгондо өлчөө иштерин жүргүзүүгө үйрөтүү;
- Ар кандай көнүгүүлөрдү колдонуу менен, балдар сабактын темасын жакшы үйрөнүшөт, батыраак элестөө жүргүзүшөт, мугалим менен активдүү мамиледе болушат, материалды маанилүү кабылдашат;
- Турмуштук мисалдардын жардамында мугалимге балдардын элестөөлөрүн өнүктүрүү жеңил болот. Айрыкча түрдүү таануучу оюндарды колдондонгон убакта бала эгер туура жообун билбесе да, жооп берүүдөн коркпойт;
- Ошондуктан математика саабактарында геометриялык элестөөлөрүн өнүктүрүүчү түрдүү турмуштук-практикалык көнүгүүлөрдү системалуу колдонуу окуучуларды геметриянын системалуу курсуна даярдоо көндүмдөрүнүн калыптануусуна оң таасирин тийгизет;
- Тиркемелерде бир нече сабактын иштелмелери сунушталды;
Жыйынтыгында квалификациялык жумушта каралган материалдарды педагогикалык окуу жайдын студенттери темада доклад жасоодо, математика боюнча сабак өткөрүүдө усулдук колдонмо болушу мүмкүн. Ошондой эле орто мектептин башталгыч класс мугалимдерине математика сабактарында пайдаланууга сунуштайбыз.
Колдонулган адабияттардын тизмеси
1. Бекбоев И., Аттокурова Ч. Математиканы 1-4 класстарда окутуу. Бишкек., 2015-ж.
2. Бекбоев И., Математика – 1класс окуу китеби. Бишкек
3. Бекбоев И., Математика – 2класс окуу китеби. Бишкек
4. Бекбоев И., Математика –3 класс окуу китеби. Бишкек
5. Бекбоев И., Математика – 4 класс окуу китеби. Бишкек
6. Мадраимов С., Математика боюнча класстан тышкаркы жумуштарды уюштуру. Ош – 2008-ж.
7. Бекбоев И. Азыркы сабакты өткөрүүнүн технологиясы. Бишкек
8. Бантова М.А. Методика преподавания математики в начальных классах: Учебное пособие для учащихся школ. отд-ний пед. училищ по спец. №2001/Под ред. М.А. Бантовой, М.А. Бельтюкова – 3-е изд., испр.-М.:Просвещение, 1984.
9. Волкова С.И. Развитие познавательных способностей детей на уроках математики в 1 классе: пособие для учителя четырехлетн. нач. шк. – М.: Просвещение, 1994.
10. Истомина Н.Б. Методика обучения математики в начальных классах. М.: Академия, 2001г.
11. Истомина Н.Б. Активизация учащихся на уроках математики в начальных классах: пособие для учителя. – М.: Просвещение, 1985.
12. Интернет булактары
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!