V БӨЛҮМ
ЖАШЫ ЖЕТПЕГЕНДЕРДИН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ
14-Глава
Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү
77-статья. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилиги
(1) Кылмыш жасалган учурда он сегизге толбогон адамдар жашы жетпегендер деп табылат.
(2) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жаза берилет же болбосо тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.
78-статья. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын түрлөрү
(1) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазанын төмөнкүдөй түрлөрү гана колдонулушу мүмкүн:
1) коомдук жумуштар;
2) айып;
3) (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) эркиндигин чектөө;
6) эркиндигинен ажыратуу.
(2) Эгерде жашы жетпеген соттолгонго шарттуу соттоо дайындалса, сыноо мөөнөтүнүн ичинде анча оор эмес жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана айыптуунун инсандыгын эске алуу менен жаңы сыноо мөөнөтүн белгилеп жана ушул Кодекстин 63-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган белгилүү милдеттерди аткарууну шарттуу соттолгондун мойнуна жүктөп, шарттуу соттоо жөнүндө кайрадан чечим кабыл алалат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
79-статья. Жашы жетпегенге жаза белгилөө
(1) Жашы жетпегенге жаза белгилөөдө ушул Кодекстин 53-статьясында каралган жагдайлардан тышкары, анын турмушу менен тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага жашы улуулардын таасири эске алынат.
(2) Жеңилдетүүчү жагдай катары жашы жете элек курак жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.
80-статья. Жашы жетпегендерге дайындалуучу коомдук жумуштар
Коомдук жумуштар кырк сааттан жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө дайындалат, жашы жетпегендин колунан келе турган жумуштарды аткарууну билдирет жана ал аны окуудан же негизги ишинен бош убакта аткарат. Жазанын мындай түрүн он төрт жаштан он алты жашка чейинки курактагы адамдардын аткаруусунун узактыгы бир күндө эки сааттан, ал эми он алтыдан он сегиз жашка чейинки адамдарга бир күндө - үч сааттан ашпоосу тийиш.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80-1-статья. Жашы жетпегенге дайындалуучу айып
(1) Айып он алты жашка чыккан жашы жетпегенге карата колдонулат. Айып жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө белгиленет.
(2) Айып жашы жетпеген соттолгон адамдын өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алууга айландырыла турган мүлкү болгондо гана дайындалат.
Жашы жетпегенге дайындалган айып соттун чечими боюнча анын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
80-2-статья. Жашы жетпеген адамга дайындалуучу түзөтүү жумуштары
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
80-3-статья. Жашы жетпегендин эркиндигин чектөө
Анча чоң эмес же анчейин оор эмес кылмыш жасаган он алты жашка чейинки жашы жетпегенге алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө, он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагыларга - бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө дайындалат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
81-статья. Жашы жетпегенди камакка алуу
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
82-статья. Жашы жетпегенге эркиндигинен ажыратууну белгилөө
(1) Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамды эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү төмөндөгүдөн ашпайт:
1) анча чоң эмес кылмыш үчүн - бир жылдан;
2) анчейин оор эмес кылмыштар үчүн - үч жылдан;
3) оор кылмыш үчүн -беш жылдан;
4) өзгөчө оор кылмыш үчүн - он жылдан.
(2) Кылмыштар же өкүмдөр жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш.
(3) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейин чоң
коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жете элек соттолгон адамга, ошондой эле чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды биринчи жолу жасаган калган жашы жетпеген адамдарга дайындалышы мүмкүн эмес.
(4) (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(5) Өкүм чыгарылган учурда он сегизге чыга элек жашы жетпегендерге эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгиленет.
(6) Тарбиялык абактарда жаза өтөө:
1) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон, жашы жетпеген эркек балдарга, ошондой эле жашы жетпеген кыздарга - жалпы тартиптеги абактарда;
2) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн, жашы жетпеген эркек балдарга, - күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөө белгиленет.
(7) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук деңгээлине, күнөөкөрдүн инсандыгына жана иштин башка жагдайларына жараша сот тарабынан кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн көрсөтүү менен соттолгон жашы жетпеген эркек балдарга эркиндигинен ажыратууну - жалпы тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгилениши мүмкүн.
(8) Он төрттөн он алты жашка чейинки курагында соттолгон жашы жетпеген адамга оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындаганда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган жазанын төмөнкү чеги жарымына кыскартылат.
(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
83-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чаралары
(1) Эгерде, анын оңолуп-түзөлүшүнө тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жетишүүгө мүмкүн деп табылса, биринчи жолу чоң коркунуч келтирилбеген кылмыш, же анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетпеген өспүрүм кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.
(2) Жашы жетпеген өспүрүмгө төмөндөгүдөй мажбурлоо чаралары:
1) эскертүү;
2) ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын, же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көзөмөлүнө берүү;
3) жашы жетпеген өспүрүмдүн бош убактысын чектөө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөө дайындалышы мүмкүн.
(3) Жашы жетпеген өспүрүмгө бир эле мезгилде тарбиялык таасир тийгизүүчү бир нече мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаганда бир айдан эки жылга чейинки узактыкта жана анчейин оор эмес кылмыш жасаганда - алты айдан үч жылга чейин белгиленет.
(4) Жашы жетпеген өспүрүм тарабынан тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын аткарбоо үргүлжүкө айланган учурда, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын сунушу боюнча бул чара бузулат жана материалдар жашы жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн жөнөтүлөт.
(КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
84-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларынын мазмуну
(1) Эскертүү - жашы жетпегенге анын жосуну келтирген зыянды жана ушул Кодексте каралган кылмыштарды кайталап жасоонун кесепеттерин түшүндүрүүнү билдирет.
(2) Көзөмөлгө берүү ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, же болбосо ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясына же жашы жете электердин иштери боюнча комиссияга жашы жетпегенге тарбиялык таасир берүү жана анын жүрүм-турумуна контролдук кылуу милдеттерин жүктөөнү билдирет.
(3) Жашы жетпегендин бош убактысын чектөөдө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөөдө белгилүү жерлерге барууга, эс алуунун белгилүү түрлөрүн, анын ичинде механикалык транспорт каражаттарын башкарууга байланышкан түрлөрүн пайдаланууга тыюу салууну, сутканын белгилүү убактысынан кийин үйдөн сыртта болууну, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын уруксатысыз башка жерге барууну чектөө каралышы мүмкүн. Жашы жетпегенге ошондой эле билим берүү мекемесине кайтып келүү же болбосо жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жардамы менен ишке орношуу талабы коюлушу мүмкүн.
Бул тизме толук тизме болуп эсептелбейт.
85-статья. Жашы жетпегенди жазадан бошотуу
(1) Чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген, ушул Кодекстин 83-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн.
(2) Эгерде анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген өспүрүмдү жашы жетпегендер үчүн атайын тарбиялоо же дарылоо-тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу жолу менен жазалоонун максатына жетишүүгө мүмкүн деп табылса, ал сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн. Мында көрсөтүлгөн мекемеде болуунун мөөнөтү жашы жетпеген өспүрүм жасаган кылмыш үчүн ушул Кодексте каралган эң чоң жазанын мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
86-статья. Жашы жетпегенди мажбурлоо чараларын колдонуу менен жоопкерчиликтен же жазадан бошотуу
(1) Эгерде жасалган кылмыштын мүнөзүн, айыпкердин инсанын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен жаза колдонбой эле анын оңолуп-түзөлүшү мүмкүн болсо, сот материалдарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берүү менен чоң коркунуч келтирбеген кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жетпегенди жоопкерчиликтен бошотушу мүмкүн.
(2) Биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаган жашы жетпегенге карата, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер болсо, сот аны жазадан жана мажбурлоо чараларын колдонуудан бошото алат.
(3) Жашы жетпеген жаш курактык жагынан өнүгүүдө олуттуу артта калып, жасаган жосундун маанисин толук ченемде аңдап билүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган болсо, сот жазанын ордуна мажбурлоочу чараларды колдоно алат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-статья. Жашы жетпегенди жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу
Эркиндигинен ажыратуу, коомдук жумуштар жана эркиндигин чектөө түрүндө жаза өтөп жаткан жашы жетпегендерге жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулушу мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-1-статья. Жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
88-статья. Эскирүү мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу жашы жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу
Жашы жетпеген куракта кылмыш жасаган адамдарды эскирүү мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу, жетилген куракта кылмыш жасаган адамдар үчүн каралгандан эки эсе аз мөөнөттөрдү колдонуу менен жүргүзүлөт.
89-статья. Жашы жетпеген куракта соттолгондордун соттуулугун жоюу
Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамдар үчүн ушул Кодекстин 76-статьясында каралган соттуулугун жоюунун мөөнөттөрү кыскартылат жана тийиштүүлүгүнө жараша:
1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну өтөгөндөн кийин эки жылга;
2) анча оор эмес кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну өтөгөндөн кийин үч жылга;
3) оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - беш жылга;
4) өзгөчө оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - жети жылга барабар болот.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ
(2017.02.08. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынын тартып күчүн жоготот
КР 1997-жылдын 1-октябрындагы № 69 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген
| 1997-жылдын 18-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
Жалпы бөлүк
| I Бөлүм. Кылмыш-жаза мыйзамы | |
| 1-Глава. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери жана принциптери | (1-4-статьялары) |
| 2-Глава. Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулуш чектери | (5-7-статьялары) |
| II Бөлүм. Кылмыш | |
| 3-Глава. Кылмыштардын түшүнүгү жана түрлөрү | (8-16-статьялары) |
| 4-Глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу адамдар | (17-21-статьялары) |
| 5-Глава. Күнөө | (22-25-статьялары) |
| 6-Глава. Аякталган жана аякталбаган кылмыштар | (26-29-статьялары) |
| 7-Глава. Кылмышка шериктеш болуу | (30-35-статьялары) |
| 8-Глава. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар | (36-40-статьялары) |
| III Бөлүм. Жаза | |
| 9-Глава. Жазанын түшүнүгү жана максаттары. Жазанын түрлөрү | (41-52-статьялары) |
| 10-Глава. Жаза белгилөө | (53-64-статьялары) |
| IV Бөлүм. кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу | |
| 11-Глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу | (65-67-статьялары) |
| 12-Глава. Жазадан бошотуу | (68-73-статьялары) |
| 13-Глава. Мунапыс. Кечирим берүү. Соттуулук | (74-76-статьялары) |
| V Бөлүм. жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилиги | |
| 14-Глава. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү | (77-89-статьялары) |
| VI Бөлүм. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар | |
| 15-Глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар | (90-96-статьялары) |
Өзгөчө бөлүк
| VII Бөлүм. Инсанга каршы кылмыштар | |
| 16-Глава. Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар | (97-122-статьялары) |
| 17-Глава. Инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар | (123-128-статьялары) |
| 18-Глава. Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар | (129-133-статьялары) |
| 19-Глава. Адамдын жана граждандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар | |