Просмотр содержимого документа
«Кыргы-_Ата айылы»
Кыргыз-Ата
Айылым туулган жерим Кыргыз-Атам,
Аздектеп жашап келген ата-бабам.
Алтынга алмаштыргыс керек болсо,
Ар күнү жутуп турган таза абам.
Киндик кан тамган жери малтын уям,
Жашоонун баалуулугун сенден туям.
Өзүңдө өмур сүрүп жатканыма,
Өзгөчө, көөдөн толо сыймыктанам.
Көргөндүн жүрөгүнөн түнөк тапкан,
Көркөмдүү шаарга айланып бара жаткан,
Кылымдан кылым артып бийиктей бер,
Кымбатым ыйык жерим Кыргыз-Атам.
А. Өмурзакова
Кыргыз-Ата
бассейни
Саты Токторов атындагы
орто мектеби
Ак-Булагым
Ак-Булагым алма жыттуу айылым,
Суктанган көп, угуп алып дайынын.
Кооз табигат көркүн ачып тургандай,
Тоо түбүндө орун алган жайындын.
Тузун татып, баркын билип жашаган,
Топурагын алтын өңдүү кимгедир.
Ой жүгүртүп коем кээде өзүмчө,
О дүйнөнүн бейиши да сенчедир.
А. Өмурзакова
Ак-Булак үй-бүлөлүк
медицина борбору
Саты Токторов атындагы
орто мектеби
Кыргыз-Ата
айыл өкмөтү