КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КАФЕДРАСЫ
«Бекитилди» «Макулдашылды» Кафедранын “___”_______ Искусство факультетинин усулдук жыйынынын № ____ протоколунда кеңешинин төрайымы:_________ Кафедра башчысы:_____________
Искусство факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери үчүн (570700- костюмду көркөм долбоорлоо, бакалавр) кыргыз адабияты дисциплинасы боюнча
ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА
Дисциплинанын аталышы | Сааттардын саны | СӨАИ | Отчет туулук |
баары | Аудит. Сабактар |
Ауд. саб. | Кредит | Лекция | Семин. | |
| II |
Кыргыз адабияты | 60 | 30 | 2 | 15 | 15 | 30 | Сынак |
II сем. | 60 | 30 | 2 | 15 | 15 | 30 | Сынак |
Тү
Окуу-
Мамлекеттиктилкафедрасынынжыйынындаталкууланыпбекитилди.
Протокол № __1___ «6» __сентябрь, 2011-ж.
Каф.башчы____________________доц. Алиева Ф.Э.
ОУКтуиштепчыккан: Улукокутуучу – Каразакова З.
2011-2012- окуужылы
згөн: Каразакова З.Ж.
ОШ-2019
Кыргыз адабияты курсу дисциплинасы
Түшүндүрмө кат
Республикада ЖОЖдордо кыргыз адабиятын окутуп-үйрөтүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо Улуттук программанын өзөктүү миссиясына кирет. Ошондуктан, «костюмду көркөм долбоорлоо» багытындагы адистерди даярдоо программасы боюнча кыргыз жана улуттук тайпаларда кыргыз адабияты курсу программалык дисциплина катары окутула баштады.
Жогорку окуу жайларынын филологиялык билим берүү багытындагы адистиктер үчүн мамлекеттик билим берүү стандартында милдеттүү түрдө окутулуучу мамлекеттик компоненттин бир цикли болуп саналат.
Дисциплинанын максаты:
Аталган дисциплина адисти калыптандырууда жарандын адабий-эстетикалык дүйнө кабылдоосунун туура калыптанышына көмөк көрсөтөт. Ал коомго зарыл болуп турган кыргыз адабиятынын өзгөчөлүгүн, анда калыптанган адабий-эстетикалык дөөлөттөрдүн мазмунун, эл арасында жашап жаткан чыгарманын жанрдык табиятын, көркөм элестүүлүгүн өз деңгээлинде түшүнүү маселесин чечип берет.
Учурда калк арасына кеңири жайылган халтурадан классик чыгарманы айырмалап билүүгө, жакшы чыгарманы баалап, көркөмдүк нарк-насили төмөн чыгармага сын айтууга мүмкүнчүлүк жаратат. Студенттери кыргыз элинин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү, мекенди сүйүүгө, эли-жерин сыйлоого чакыруу.
Дисциплинанын милдеттери:
Бул окуу программасынын толук аткарылышы өзү туулуп-өскөн өлкөнүн адабияты боюнча студенттердин билимин өркүндөтөт. Улуттук көркөм-адабий ой жүгүртүүсүнө туура баа берүү менен мекенчилдигин арттырат. Студенттин сөзгө маани берүү, көркөм текст менен иштөөгө тийиш болгон тилдик жана кептик компетенцияларга ээ болуусуна шарт, мүмкүндүк жаратат.
Дисциплинанын орду:
Кыргыз тилинин практикалык курсу ГСЭ циклынын базалык компоненти болуп эсептелет.
4. Курстун аягында күтүлүүчү натыйжалар:
- кыргыз адабияты адамзат жашоосунда уникалдуу сапатка ээ көчмөн маданияттын өзгөчө белгилерин калыптандырган жана сактаган улуттук адабият экендигин билишет;
-көчмөн маданиятка мүнөздүү бардык белгилерди ичине алган адабий чыгармачылыктын түрлөрү жана легендарлык ырчылар, жамакчылар, акындар, төкмөлөр ж.б. менен таанышат;
- кыргыз эли көчмөн турмушту башынан кечирип, башкалардан окчун жашабагандыгын, өз кезегинде улуттар менен алака-катышта болуп, айрым учурда тикелей байланышта болгонунан кабар берген адабий чыгармалар жөнүндө маалымат алып, орток адабияттын түзүлүшү, алардын жалпылыгы жана кыргыз элине тиешелүү өзгөчөлүктөрүн талдоого алышат;
- калк арасына кеңири жайылган халтурадан классик чыгарманы айырмалап билүүгө, жакшы чыгарманы баалап, көркөмдүк нарк-насили төмөн чыгармага сын айтууга машыгышат;
- студент дүйнөгө белгилүү кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары менен жакындан таанышып, сөзгө маани берип, көркөм текст менен иштөөгө тийиш болгон тилдик жана кептик компетенцияларга ээ болот.
Жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын максаттары менен окутуудан күтүлүүчү натыйжалардын дал келиши
Кыргыз адабияты курсу дисциплинасын окуп окуп үйрөнүүнүн натыйжасында студент билим берүү программасын өздөштүрүүнүн күтүүлүчү натыйжасына ылайык келген төмөнкү окутуу натыйжаларына жана дисциплинага берилген компетенцияларга жетишет:
НББПнын КНинин коду жана анын форму-лировкасы | НББПнын компетенция-н коду жана анын формулировкасы | Дисциплинанын ОН-н коду жана анын формулировкасы |
1-КН Гуманитардык жана табигый илимдердин негизги жоболорун пайдаланып, учурдагы жашоого багыт алат. | ЖК-1 - Курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдердин бирдиктүү системасына ээ болот, адамдын жаратылыштагы, социумдагы ордун жана ролун, дүйнөнүн заманбап концепцияларын жана картинасын, көз караштар системасын түшүнөт, турмуштук жана маданий баалуулуктарга багыт алууга жөндөмдүү; 2-ИК. Өзүнүн оозеки, жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзүүгө жөндөмдүү; | Жетиштүү деңгээлде мамлекеттик тилин билиши керек. Өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзө алышы керек Мамлекеттик жана расмий тилдерде пикир алышуу маданиятынын көндүмдөрүнө ээ болууга тийиш. |
№ | Окуу програамалары | Кредит | 1-ЖК | 2-ИК |
1 | ГСЭ циклы | | | |
2 | Кыргыз адабияты курсу | 1 | + | + |
Күтүлүүчү натыйжалар менен компетенциялардын дал келиши
№ | Компетенциялар | КН-1 |
1 | 1-ЖК | + |
2 | 2- ИК | + |
Дисциплинанын компетенциялар картасынын темаларда (бөлүмдөрдө) берилиши
Бөлүмдөр, теманын номери жана аталышы | | Компетен-ция | Комп.-дын жалпы саны |
Саат саны | 1-ЖК | 2-ИК | 1 |
Көчмөн цивилизациясы | 1 | + | + | 1 |
Элдик оозеки чыгармачылыктан маалымат | 1 | + | + | 1 |
Кыргыз эпостору. (Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор) | 1 | + | + | 1 |
Уламышка айланган кыргыз акындары (Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы) | 1 | + | + | 1 |
Таланттуу манасчылар (С.Орозбаков, С.Каралаев, Жусуп Мамай ж.б.) | 1 | + | + | 1 |
Төкмө (Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Барпы Алыкулов ж.б.) жана ырчылардын (Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, ж.б.) чыгармачылыгына адабий-эстетикалык талдоо | 1 | + | + | 1 |
Санжырачылар жана куудулдардын (Куйручук) чыгармачылыгы | 1 | + | + | 1 |
Орхон-Энесай жазма эстеликтери | 1 | + | + | 1 |
Орто кылымдагы адабий мурастар. (Ж.Баласагын , М.Кашгари) | 1 | + | + | 1 |
Кыргыз кол жазма адабиятынын өкүлдөрү. Молдо Кылыч, Молдо Нияз ж.б. | 1 | + | + | 1 |
Алгачкы кыргыз жазуусунун түптөлүшү (И.Арабаев, Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык ж.б.) | 1 | + | + | 1 |
Кыргыз профессионал адабиятынын пайда болушу.Акын А.Токомбаев, прозаиктер М.Элебаев, К.Баялинов, сатириктер М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, Б.Сарногоевдердин ж.б. чыгармачылыгы (Социалисттик реализм методу) | 1 | + | + | 1 |
Согуш мезгилиндеги кыргыз адабияты | 1 | + | + | 1 |
Эгемендик доордогу кыргыз адабияты (поэзия, проза жана драматургия) | 1 | + | + | 1 |
Ч.Айтматов ааламы (аңгемелери, повесттери, романдары) | 1 | + | + | 1 |
9. Курстун пререквизиттери: Орто мектептеги кыргыз адабияты, тарых, маданият таануу, манастаануу.
10. Курстун постреквизиттери: этнография, өлкө таануу,
Пререквизиттер: - үйрөнүлүп жаткан дисциплинаны өздөштүрүү үчүн зарыл болгон билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөр тизмегин камтыган дисциплиналар.
Постреквизиттер: - кийинки дисциплиналарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөр тизмегин камтыган дисциплиналар.
11. Дисциплинанын мазмуну
Кыргыз фольклору, акындар чыгармачылыгы, XXкылымга чейинки жана эгемендик доордогу кыргыз адабияты.
Кыргыз адабияты курсу төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө кыргыз адабияты адамзат жашоосунда уникалдуу сапатка ээ көчмөн маданияттын өзгөчө белгилерин калыптандырган жана сактаган улуттук адабият экендиги, көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасири, анын негизинде коомдук-социалдык жашоо-тиричиликтин көркөм-адабий ой жүгүртүүгө маанилүү роль ойногон себептери түшүндүрүлөт. Ал оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушун жана анын жаралуусуна себеп болгон жагдайлар менен бирдикте талдоого алынып, эл арасында айтылып, муундан-муунга келип жеткен айрым сөздөр, макал-лакаптар, ыр түрмөктөрүнөн тартып, майда аңгемелер, жөө жомоктор жана эпикалык чыгармалардын терең мазмунга ээ идеялык мазмуну ачылып берилет. Ооздон-оозго өтүп айтылып калышы социалдык-турмуштук көрүнүштөргө байланыштырылып туюндурулса, алардын мазмунундагы кылымдар бою көксөп келе жаткан элдин ой-тилеги, келечек үмүтү, ички толгонуулары кыргыз элине таандык көркөм-эстетикалык дөөлөттөр катары чечмеленет.
Экинчи бөлүмдө көчмөн маданиятка мүнөздүү бардык белгилерди ичине алган адабий чыгармачылыктын түрлөрү, адабий мурастарды кемитпей сактаган таланттуу манасчылар, төкмө жана жазгыч акындар, санжырачылар, куудулдардын чыгармачылыгы, ар бирине тиешелүү өгөчөлүктөр жана жалпылыктар тууралуу сөз болот.
Үчүнчү бөлүмдө кыргыз эли көчмөн турмушту башынан кечиргени, башкалар менен карым-катышта болгондугу тууралуу кабар берген адабий чыгармалар, Орхон-Энесай эстеликтери, орток кыргыз-түрк адабияты, Ж.Баласагын, М.Кашкари, кыргыз кол жазма өкүлдөрүнүн Молдо Кылыч, Молдо Нияз, алгачкы агартуучулар И.Арабаев, Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык ж.б. жөнүндө маалымат берилип, чыгармачылыктары кепке тартылат.
Төртүнчү бөлүмдө кыргыз адабиятынабатышка мүнөздүү көркөм-адабий ой жүгүртүүнүн орус эл аркылуу келиши, профессионал жазма адабий туундулардын улуттук мазмунга ээ болуп кыргыз адабиятында орун алышы, XX кылымдын 30-80-жылдардагы кыргыз адабиятындагы негативдүү-позитивдүү көз караштар тууралуу маселелер каралат.
Техникалык камсыздоо.
Ар бир тема боюнча слайддар жасалып, дискте болуш керек. Компьютердин, проектрдин жардамы аркылуу лекциялык темалар боюнча кинотасмалар көрсөтүлөт.
Баалоонун технологиялык картасы
Модуль №1 | Жалпы | Модуль №2 | Жалпы |
Ауд.саб. | УТ | УТ | СӨАИ | АТ | | Ауд.саб. | УТ | УТ | УТ | СӨАИ | АТ | |
6 | 4 | 4 | 6 | 10 | = 30 | 6 | 2.5 | 2.5 | 3 | 6 | 10 | = 30 |
Баалар боюнча маалымат
Рейтинг (упайлар) | Баанын тамга түрүндө берилиши | Баанын сандык эквиваленти | Салттуу система боюнча баалар |
87 – 100 | А | 4,0 | эң жакшы |
80 – 86 | В | 3,33 | жакшы |
74 – 79 | С | 3,0 |
68 -73 | Д | 2,33 | канаааттандырарлык |
61 – 67 | Е | 2,0 |
31-60 | FX | 0 | канаааттандырарлык эмес |
Сынактын баалоонун критерийлери
Сынакта баа коюу объективдүүлүк, акыйкаттуулук принциптеринин, студенттердин билим сапаттарын ар тараптан анализдөөнүн негизинде жана үйрөнүүчүлөрдүн билимдерин баалоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болуучу, субъективдүү факторлорду четтетүүчү башка жоболордун негизинде жүргүзүлөт.
КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин учурдагы нормативдик актыларына жана сунуштарына ылайык гуманитардык, табигый, техникалык ж.б. дисциплиналар боюнча сынактарда баа коюунун төмөнкү критерийлери көрсөтүлгөн:
- «эң жакшы» деген баа экзаменде программалык окуу материалы боюнча ар тараптуу, системалуу жана терең билимин көрсөтө алган, программада каралган тапшырмаларды эркин аткара билген, сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн жана кошумча адабияттар менен таанышкан студентке коюлат. Эреже катары «эң жакшы» деген баа дисциплинанын негизги түшүнүктөрүнүн өз ара байланыштарын жана алардын өз кесиби үчүн маанисин өздөштүргөн, программалык окуу материалын түшүнүүдө, баяндоодо жана колдонууда чыгармачыл көндүмдөрүн көрсөтө алган студенттерге коюлат;
- «жакшы» деген баа экзаменде программалык окуу материалы боюнча толук билим алган, программада каралган тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алган, сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн студентке коюлат. Эреже катары «жакшы» деген баа дисциплина боюнча билимдерин системалуу мүнөздө көрсөтө алган жана аларды андан аркы окуу ишинде, кесиптик ишмердүүлүгүндө өз алдынча аткарууга жана жаңылап турууга жөндөмдүү студентке коюлат;
- «канааттандырарлык» деген баа негизги окуу материалын андан аркы окуусу жана кесиби боюнча алдыда турган иштери үчүн зарыл болгон көлөмдө билген, программада каралган тапшырмаларды аткарып кете ала турган, сунушталган негизги адабияттар менен тааныштыгы бар студентке коюлат. Эреже катары «канааттандырарлык» деген баа экзамендик тапшырмаларды аткарууда жообунда катачылыктарга жол берген, бирок окутуучунун жетекчилиги астында аларды жоюу үчүн зарыл болгон билимдерге ээ студентке коюлат;
- «канааттандырарлык эмес» деген баа программалык негизги окуу материалы боюнча билимдерин үзгүлтүккө учураткан, программада каралган тапшырмаларды аткарууда принципиалдуу каталарга жол берген, сунушталган негизги адабияттар менен таанышпаган, дисциплина боюнча каралган жана курстун тиешелүү программасына ылайык аныкталган (студенттер өздөштүрүүгө тийиш болгон негизги билимдердин жана билгичтиктердин тизмеси жумушчу программанын милдеттүү элементи болуп саналат) базалык билимдерди өздөштүрбөгөн студентке коюлат.
Кыргыз адабияты курсу дисциплинасы (лекция) боюнча түзүлгөн жумушчу программасы
№ | Бөлүмдөр-дүн, темалардын аталышы | Калыптанчу компетенциялар | Үйрөнүлүүчү маселелердин аталышы | Сааты | Упайы | Колдонулган окутуу техн-ры | УТ | Адабият | Жума |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
1-бөлүм. Кыргыз фольклору – адамзат жашоосунда өзгөчө мазмунга ээ көчмөн цивилизациянын классикалык үлгүсү |
1-модуль |
| Киришүү. Көчмөн цивилизациясы | ИК-2 | Лекциянын планы: 1 Көчмөн цивилизациясы тууралуу маалымат. 2.Көчмөн маданияттын өзгөчө белгилерин калыптандырган жана сактаган улуттук адабият 3. Көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасири Текшерүү үчүн суроолор: 1.Көчмөн маданият, турмуш жана адабият (карым-катышы, таасири) тууралуу айткыла 2.Коомдук-социалдык жашоо-тиричиликтин көркөм-адабий ой жүгүртүүгө маанилүү роль ойногон себептерин түшүндүргүлө | 1 | 3 | -текшерүүчү суроолор, -конспектилөө, | №1 2уп | 16, 29, 37 | 1 |
1.2. | Элдик оозеки чыгармачылыктан маалымат | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушу жана анын жаралуусу 2. Эл арасында айтылып, муундан-муунга келип жеткен айрым сөздөр, макал-лакаптар, ыр түрмөктөрү, майда аңгемелер, жөө жомоктор жана эпикалык чыгармалардын идеялык мазмуну Текшерүү үчүн суроолор: 1. Оозеки сөз өнөрүнүн пайда болушун жана анын жаралуусуна себеп болгон жагдайларды талдагыла 2. Ооздон-оозго өтүп айтылып калышы, социалдык-турмуштук көрүнүштөргө байланышы, алардын мазмуну тууралуу айткыла 3. Кыргыз элине таандык көркөм-эстетикалык дөөлөттөр жөнүндө айтып бергиле | 1 | 3 | - текшерүүчү суроолор, -конспектилөө | | 4,5,16, 23, 29, 33, 37 | 1 |
1.3. | Кыргыз эпостору. (Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр 2. Баатырдык эпостор жана алардын пайда болуу жана калыптануу процесси 3.Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор Текшерүү үчүн суроолор: 1. Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр кимдер? 2. Баатырдык эпостор кантип пайда болгон жана калыптануу процесси кандай жүргөн 3.“Манас”, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” эпостору жана алардын мазмунундагы кылымдар бою көксөп келе жаткан элдин ой-тилеги, келечек үмүтү, ички толгонуулары тууралуу айтып бергиле | 1 | 3 | - кла конспектилөө текшерүүчү суроолор, -конспектилөө, кластер , Венндин диаграммасы | | 3, 16, 29, 33, 37 | 2 |
2.1. | Уламышка айланган кыргыз акындары (Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Көчмөн маданиятка мүнөздүү бардык белгилерди ичине алган адабий чыгармачылыктын түрлөрү 2. Адабий мурастарды кемитпей сактаган таланттуу ырчы Ырамандын Ырчы уулунун, Жайсаң ырчынын чыгармачылыгы Текшерүү үчүн суроолор: 1.Көчмөн маданиятка мүнөздүү бардык белгилерди ичине алган адабий чыгармачылыктын түрлөрүнө кластер түзгүлө 2.Таланттуу ырчы Ырамандын Ырчы уулунун, Жайсаң ырчынын чыгармачылыгы тууралуу Венндин диаграммасын түзгүлө | 1 | | текшерүүчү суроолор, -конспектилөө, кластер , Венндин диаграммасы | №2 2уп. | 37, 6 | 3 |
2.2. | Таланттуу манасчылар (С.Орозбаков, С.Каралаев, Жусуп Мамай ж.б.) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Манасчылар тууралуу маалымат 2.Таланттуу манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаев, Жусуп Мамай ж.б. чыгармачылыгы Текшерүү үчүн суроолор: 1.Манасчылардын өзгөчөлүктөрү жана жалпылыктары тууралуу айтып бергиле 2. С.Орозбаков, С.Каралаев, Жусуп Мамай ж.б.чыгармачылыктар тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө | 1 | | ТС, К, Кл, КК | | 37, 6 | 3 |
2.3. | Төкмө (Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Барпы Алыкулов ж.б.) жана ырчылардын (Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, ж.б.) чыгармачылы-гына адабий-эстетикалык талдоо | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Адабий мурастарды кемитпей сактаган таланттуу төкмө жана ырчылардын чыгармачылыгы 2. Төкмө (Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Барпы Алыкулов ж.б.) акындардын чыгармачылыгын адабий-эстетикалык талдоо 3. Ырчылардын (Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, ж.б.) чыгармачылыгын адабий-эстетикалык талдоо Текшерүү үчүн суроолор: 1.Уламышка айланган кыргыз акындары жана ар бирине тиешелүү өзгөчөлүктөр жана жалпылыктар тууралуу “Т” схемасын түзгүлө 2. Төкмө (Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Барпы Алыкулов ж.б.) жана ырчылардын (Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, ж.б.) чыгармачылыгына адабий-эстетикалык талдоо жүргүзгүлө | 1 | 3 | ТС, К, Тс, Т | | 37, 6 | 4 |
2.4. | Санжырачылар жана куудулдардын (Куйручук) чыгармачылы-гы | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Адабий мурастарды кемитпей сактаган таланттуу санжырачылар, куудулдардын чыгармачылыгы 2. Санжырачылар жана куудулдардын (Куйручук) чыгармачылыгы Текшерүү үчүн суроолор: 1.Уламышка айланган кыргыз санжырачылары жана куудулдардын ар бирине тиешелүү өзгөчөлүктөр жана жалпылыктар тууралуу Венндин диаграммасын түзгүлө 2.Кыргыз санжырачылар жана куудулдардын (Куйручук) чыгармачылыгы тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө | 1 | 3 | Конспект, Венндин диаграммасы, концептуалдык карта, текшеръъчъ суроолор | | 5, 37 | 4 |
3-бөлүм. Кыргыз элинин башка улуттар менен болгон адабий-эстетикалык, маданий байланыштары жана орто кылымдардагы орток адабий мурастардын түптөлүшү |
3.1. | Орхон-Энесай жазма эстеликтери | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Орхон-Энесайдагы ташка жазылган поэтикалык эстеликтер жана изилдениши. 2.Орхон-Энесай жазуулары – байыркы түрк адабиятынын үлгүлөрү. Текшерүү үчүн суроолор: 1. Орхон-Энесай жазууларынын изилдениши, эл тарыхы, маданияты менен байланышы тууралуу айтып бергиле. 2.Култегин, Тонукук, Билге каган, Барсбектин эстеликтери тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө | 1 | 3 | ТС, К, Кл КК | №3 2уп | 6. | 5 |
3.2. | Орто кылымдагы адабий мурастар. (Ж.Баласагын, М.Кашгари) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Орток кыргыз-түрк адабияты тууралуу маалымат 2.Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” дастаны 3.М.Кашкариин “Туркий тилдер сөз жыйнагы” эмгеги Текшерүү үчүн суроолор: 1.Орток кыргыз-түрк адабияты тууралуу кластер түзгүлө 2. Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” дастаны тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө 3. М.Кашкариин “Туркий тилдер сөз жыйнагы” эмгеги тууралуу цитата жана комментарий түзгүлө. | 1 | | ТС, К., Кл, КК,ЦжК | | 6 | 5 |
3.3. | Кыргыз кол жазма адабиятынын өкүлдөрү. Молдо Кылыч, Молдо Нияз ж.б. | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Кыргыз кол жазма өкүлдөрү Молдо Кылыч, Молдо Нияз ж.б. чыгармачылыктары Текшерүү үчүн суроолор: 1. Кыргыз кол жазма өкүлдөрү Молдо Кылыч, Молдо Нияз ж.б. чыгармачылыктары тууралуу кластер түзгүлө. | 1 | | ТС, К, Кл, ВД | | 37, 38 | 6 |
3.4. | Алгачкы кыргыз жазуусунун түптөлүшү (И.Арабаев, Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык ж.б.) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Алгачкы агартуучулар И.Арабаев, Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык ж.б. жөнүндө маалымат Текшерүү үчүн суроолор: 1.Алгачкы агартуучулар И.Арабаев, Б.Солтоноев, Осмонаалы Сыдык ж.б. жөнүндө айтып бергиле | 1 | 3 | К, Венндин д. ТДТ | | 37 | 6 |
4-бөлүм. Профессионал кыргыз адабиятынын жаралышы жана калыптанышы |
4.1. | Кыргыз профессионал адабиятынын пайда болушу. Акын А.Токомбаев, прозаиктер М.Элебаев, К.Баялинов, сатириктер М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, Б.Сарногоевдердин ж.б. чыгармачылыгы (Социалисттик реализм методу) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Кыргыз профессионал адабиятынын пайда болушу 2. Кыргыз совет адабиятында социалисттик реализмдин калыптанышы 3. Акын А.Токомбаев, прозаиктер М.Элебаев, К.Баялинов, сатириктер М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, Б.Сарногоевдердин ж.б. чыгармачылыгы Текшерүү үчүн суроолор: 1.Кыргыз адабиятынабатышка мүнөздүү көркөм-адабий ой жүгүртүүнүн орус эл аркылуу келиши, профессионал жазма адабий туундулардын улуттук мазмунга ээ болуп кыргыз адабиятында орун алышы, тууралуу айтып бергиле 2.XX кылымдын 30-80-жылдардагы кыргыз адабиятындагы негативдүү-позитивдүү көз караштар тууралуу Венндин диаграммасын түзгүлө 3. Акын А.Токомбаев, прозаиктер М.Элебаев, К.Баялинов, сатириктер М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, Б.Сарногоевдердин ж.б. чыгармачылыгы тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө | 1 | 3 | ТС, К, Кл, ВД, КТ | №4 2уп. | 2, 17, 24, 37 | 7 |
4.2. | Согуш мезгилиндеги кыргыз адабияты | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Согуш мезгилиндеги кыргыз адабиятындагы (проза, позия, драма) башкы тема Текшерүү үчүн суроолор: 1. Согуш мезгилиндеги кыргыз адабияты (проза, позия, драма) тууралуу концептуалдык таблица түзгүлө 2. Мукай Элебаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков 3. Согуштан кийинки кыргыз адабияты (А.Осмоновдун чыгармачылыгы) тууралуу айткыла | 1 | 3 | ТС, К, Кл, КТ | | 2,10, 17, 18 , 7 | 7 |
4.3. | Эгемендик доордогу кыргыз адабияты (поэзия, проза жана драматургия) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1. Эгемендик доордогу кыргыз адабиятындагы (поэзия, проза жана драматургия) тематикалык өзгөчөлүк (ачык-айкындык, тематикалык жаңылануу) 2.Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, М.Гапаров (акыркы чыгармалары), С.Раев ж.б. Текшерүү үчүн суроолор: 1. Эгемендик доордогу кыргыз адабиятындагы (поэзия, проза жана драматургия) тематикалык өзгөчөлүктөр тууралуу кластер түзгүлө 2.Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, М.Гапаров (акыркы чыгармалары), С.Раев ж.б.чыгармаларындагы өзгөчөлүктөр тууралуу цитата жана комментарий түзүү | 1 | 3 | ТС, К, Кл, ЦТ | | 17, 18, 37 | 8 |
4.4. | Ч.Айтматов ааламы (аңгемелери, повесттери, романдары) | ИК-2 | Лекциянын планы: 1.Ч.Айтматовдун чыгармачылык өзгөчөлүгү 2.Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы негизги көтөрүлгөн проблема Текшерүү үчүн суроолор: 1.Ч.Айтматовдун чыгармачылык өзгөчөлүгү, дүйнө адабиятындагы орду тууралуу айтып бергиле 2.Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы негизги көтөрүлгөн проблема боюнча концептуалдык карта түзгүлө | 1 | 3 | ТС, К, Кл, КТ | | 1,4, 6,7, 37 | 8 |
Баалоо каражаттарынын болжолдуу тизмеси: коллоквиум (К), тесттер (Т), текшерүү иши (ТИ), долбоор (Д), чыгармачыл тапшырмалар (ЧТ), ролдук оюндар (РО), тегерек стол (ТС), дискуссия, диспут, дебаттар, кейс-тапшырма (кейс-стади) (КС), интервью (И), доклад, кабар, реферат (Р), эссе (Э), портфолио (П), түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар (ТДТ), презентация (През), конспект, аннотация (А), ж.б.
Негизги адабияттар:
Айтматов Ч. 8 томдугу. –Б.: 2009.
Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. – Ф.: Илим, 1973.
Артыкбаев К. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. –Ф.: Мектеп. 1982. -528б.
Байгазиев С. “Манас” эпосу дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы. –Б.: 2016
Үкүбаева Л. Чыңгыз Айтматов жана фольклор. –Б: 200. -142б.
Кошумча адабияттар:
Абдыразаков А. Орхон-Энесай жазуулары. –Б.: 1995.105
Адабият терминдеринин сөздүгү. Түзгөндөр: Ж. Шериев, А. Муратов. –Б..:
Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. –Ф.:Кыргызстан.1988.-400б.
Айтматов Ч. Тоолор кулаганда. –Б.: Из-Басма. 2011.-192б.
Акматалиев А. Жаңычылдык тажрыйбадан башталат. –Ф.:Кыргызстан. 1986
Акматалиев А. Тандалмалар. -Б.:Шам.1997. Адабият таануу
Акматалиев А. Аалам кезип, Айтматовдон салам айт... – Б.: 2012
Алыкул Осмонов энциклопедиясы.А.Акматалиевдин редакциясы астында.–Б.,2015-640 б
М.Алыбаев. Мидин.-Б.:20
Артыкбаев К. А.Осмоновдун чыгармачылыгындагы салт жана новаторлуктун кээ
Артыкбаев К. Изденүүлөр жана табылгалар. –Ф.:Кыргызстан. 1966. -308б.
Артыкбаев К. Сын сапары: адабий сын макалалар. –Ф.: Кыргызстан. 1970.-256
Артыкбаев К. Чыгармалар жана ойлор. –Ф.: Кыргызстан. 1974. -240.
Асаналиев К. Көркөм бийиктиктер. (сын макалалар) –Ф.:Кыргызстан.1974.-240
Аскаров Т. Көркөм образдар дүйнөсүндө. –Ф.:
Ибраимов К. Кыргыз элинин оозеки сөз өнөрү.-Б.: Кыргызстан. 2016
Байыркы орток түрк адабияты.-Б.: 1996.383.
Баласагын Ж. Куттуу билим.- М.: «НИК», 1993.
Бобулов К. Фольклор жана адабият (адабий сын макалалар, портреттер) –Ф.:Кыргызстан.1980.-286.
Борбугулов М. Адабият теориясы (окуу китеби). –Б.: Шам.1996.-552б
Ботояров К. Поэтика дүйнөсүндө (сын макалалар) - Ф.: Кыргызстан.1983.-144б.
Гапаров М. Эки жолу гүлдөөчү алмалар.
Даутов К. Жаңы чектерге. -Ф.: Кыргызстан. 1980. -346.
Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү. –Б.: 2003.ОсОО “Басма-тамга”.-400б.
Даутов К. Сөз өнөрүнүн эстетикасы (макалалар жыйнагы). –Ф.:Кыргызстан. 1984. -191б.
Даутов К. Тереңдиктер жана бийиктер (макалалар). –Ф.: Адабият. 1991. -272б.
Дүйшеев Ш. Агындылар. –Б.:
Жеңижок. Ырлар. –Ф.: Кыргызстан, 1982.
Жигитов С. Жазма поэзиябыз жана фольклор. Ырлар жана жылдар. –Ф.: Кыргызстан.
Жигитов С. 20-жылдардагы кыргыз адабияты. –Ф.: Илим. 1984.
Жигитов С. Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары (изилдөө, сын макалалар) –Ф.: Адабият.1991.-248б.
Жигитов С. Ырлар жана жылдар: адабий сын макалалар.-Ф.: Кыргызстан. 1972.-180б.
Жигитов С. Кыргыз совет поэзиясындагы традиция жана новатордук маселелери. (диссертация)-Ф.: 1966. -279б.
Жигитов С. Фольклордук традициянын диалектикасы. Ала-Тоо..1964. №7-8.
Ибраимов К. Элдик оозеки чыгармачылык. Кыргызстан. 2014.
Ибраимов К. История и поэзия. –Б.: 2000.
Ибраимов К. Көз караш: сын китеби. –Ф.: Кыргызстан. 1985. -129б.
Ибраимов К. Арзуу лирикасынын асылы. –Ф.: 1982.
Ирисов П. Акындарчыгармачылыгы. Б.: Бийиктик, 2004.
Каразакова З. Улуттук дөөлөттөр. Ош, 2011. 1-2-китеп.
Кебекова Б. Дастандар //: Кыргыз адабиятынын тарыхы: Фольклористика. 1-том. –Б.: 2004. -607б.
Кебекова Б. Кыргыз ырчыларынын тарыхынын очерктери. –Б.: 2009. -264б.
Кыдырбаева Р.З. Адабият таануу терминдеринин кыргызча кыскача сөздүгү. –Ф.: Кырг. ССР ил.акад.1963. -157б.
Кыргыз адабияты: энцикл.окуу куралы. –Б.: Мамл. тил жана энцикл.борбору.2004. -444б.
Кыргыз адабиятынын тарыхы. 10 том. –Б.: 2012.
Кыргыздар.Түзгөн:Кеңеш Жусупов. –Б.:1993.621.
Обосканов А. Манасчылар -Б.:1996.
Осмонов А. Мезгил жана Алыкул. –Б.:
Өмүрканов А. Телегей. -Ф.:
Раев С. Жанжаза. -Б.:2013.-414 б.
Үкүбаева Л. Жазгыч акындардын чыгармачылыгы.-Б.: 1994.
Сарногоев Б. Ашуудан берген отчетум
Шериев Ж. Адабият тааныткыч. –Ош: Билим. 2001.
Шүкүрбеков Р. Жинди суу. –Ф.:
Эл таануу. Түзгөндөр: Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева, Турумбаева. -Б., 2007.
М.Элебаев. Узак жол. –Ф.:
Сайттар:
1. www. avn.osu.kg 2. www. google.kg 3. www. google.ru
4. www. kabarat.kg 5. www. narod.kg 6. www. Wikipedia.org
7. www. kutbilim.kg 8. www. kirghuztili.kg 9. www. referat.ru
9