Сабактын темасы: Токтогул Сатылгановдун омуру, чыгармачылыгы
Сабактын максаты:
1.Токтогул Сатылганыовдун омуру, чыгармачылыгы менен кенири аанышууга аракет кылышат
2.Логикалык ойлор жөндөмдүүлүгүн, көркөм окуу чеберчилигин, кеп байкаган турмушта болгон көз карашын калыптандырышат.
3.Адамдардагы улуу касиеттерди баалай билүүгө, адамгерчиликти, ынтымакты сактоого, чындык үчүн күрөшө билүүгө тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаны билим алуу.
Сабактын усулу: Суроо-жооп
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, дубал газета, таркатмалар, окуучулар тарткан сүрөттөр.
Сабак аралык байланышы: Сүрөт, музыка, кыргыз тили, география предметтери менен.
Сабактын жүрүшү:
-Саламатсыңарбы, балдар!
-Саламатсызбы, эжеке?
-Саламатчылык.
-Бүгүн күзөттө ким турат?
- Азыр бизге кайсы сабак?
-Адабият сабагы.
-Улуу окумуштуу Хайде айткандай кыргыздын эң эле сабатсызы сүйлөп жатса да дастан айткандай туюлат дегени бар. Анда окумуштуунун сөзүнө далил катары.......
Ырдайлы сергитип жан дүйнөнү,
Уул кыздын баарынын ыр сүйгөнү- демекчи сабагыбызды ыр менен баштап алалы.(Балдар ырдашат).
-Рахмат, балдар! Уучубуз куру эмес экендигине дагы да болсо ынанып отурабыз. Мен силерге бир суроо бергим келип турат. Шаркырап аккан суу жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Окуучулар:
-Эч качан токтобойт.
-Тоскоолдуксуз агат.
-Таштан-ташка өтөт.
-Таза булак суусу.
-Демек суу өмүргө канчалык керек болсо, билимге да ошончолук суугарылып туруу керек. Бимлимден заряд алышыбыз керек деп бүгүнкү сабагыбызды баштайбыз!
-Үйгө кандай тапшырма берилген.
34-беттеги 1-2-4-тапшырма. Ошол тапшырмаларды ар бир топко болуп берегенсиз.
1-топ «Күү» тобу. 1-тапшырма. Коп чекиттин ордуна туура келген мучону улап, суйлом тузгуло.
Коптогон жылдар бою эл эс алып калган окуя, корунушторду ырдын тилине салып поэзия жаратышкан. Аларда элдин тарыхы, коз карашы, кайгы-муну, тагдыры, курошу чагылдырылган. Ырды жаратып, сактап, онуктуруп келген адамдарды акындар деп аташкан.
2-топ. «Ыр» тобу. 2-тапшырма. Томонку создорго ылайык келген суроолорду коюп, аларды катыштырып суйлом тузгуло: Акын, жаралган, корком соз, тонкоруштон кийин, ыр айтуунун ыкмалары, себеби, маани-мазмунуна жараша.
3-топ. «Обон» тобу. Ырды жаттагыла жана корком айтып бергиле;
Акындар элдин булбулу,
Акындар элдин дулдулу,
Ачыгын айтып ундогон,
Азамат элдин бир уулу,
Эл кадырын билбеген,
Эл сынына толо албайт,
Элдир-селдир суйлогон,
Элге ырчы боло албайт.
Уй тапшырманы жыйынтыктоо:
Кыргыз адабиятынын тарыхында элдик оозеки адабияттан кийинки экинчи чон болум — акындар поэзиясы деп аталат. Озунун корком системасы боюнча алар элдик оозеки чыгармачылык менен профессионалдык адабияттын ортосунда болуп, экоонун тен сапаттарын аздыр-коптур оз ичине камтып турат. Булар легендардык — Асан кайгы, Жайсан ырчы, Токтогул ырчы сыяктуу акындардан башталган Женижок, Токтогул Сатылганов, Барпы Алыкулов, Калык Акыев сыяктуу токмо акындардын поэзиясы.
Жаны тема: Т.Сатылгановдун омуру жана чыгармачылыгы
Жаңы темага киришүү: Т.Сатылгановдун “Кербезим” күүсүн уктуруу
Слайд: Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.
Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күүлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган.
Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы комузчу, Сары Ырчылар бар.
1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан.
1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.
Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон.
Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет. Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат…
1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат.
Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган.
Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес, оркестрге салынып аткарылып жүрөт.
Токтогул 1933-жылы 69 жаш курагында өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерге коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, кыргыз филармониясынын артисти болгон.
Жаңы теманы бышыктоочу тапшырмалар:
1-тапшырма:
1) Токтогул акын жөнүндө дагы кандай өзгөчө маалыматтарды билесиңер?
2) Акындын акын болуп калыптанышына таасир эткен шарттар кайсылар?
3) Акын канча жашынан баштап ырдай баштаган?
4) Токтогул эмне үчүн Сибирге айдалды?
5) Сибирден кайтканда акынды кандай окуялар күтүп турат болчу?
6) Биринчи китеби канчанчы жылы жарык көргөн?
2-тапшырма: Төмөнкү сөздөрдүн синоним, антонимдерин тапкыла;
Обон –
Белек –
Алдуу –
Зордук –
Өңдүү –
Улуу –
Куткар –
Жаш -
3-тапшырма: Кластер түзүү
4-тапшырма: Токтогулдун ырларынан көркөм окуу
"Замана"
Далайларды кор кылып,
Зарланткансың, замана,
Кедейлерди байларга
Карматкансың, замана
Ажыдаардай залимге
Арбаткансың замана
Желмогуздай байларга
Жалматкансың замана.
ЖАШТАРГА
Жакшы болсоң, азамат,
Болбос ишке тырчыгып,
Жаман сөзгө барышпа.
Андан көрө жадырап,
Жакшы сөз менен арышта.
Жакшы кийсең, жаш балдар,
Көйрөңдөнүп элирбе.
Жаш кезиңден кызмат кыл,
Баркыңды билген элиңе.
Өзүңө керек болбосо,
Бирөөнүн жолун торгобо.
ЖЫРГАЛЫ СЕНДИК ДҮЙНӨНҮН
Жайлоого чыккан гүлкайыр,
Жарашыктуу кыз шайыр.
Биле жүргүн, жигиттер,
Жайдары сулуу кыз жайын.
Акактай аппак алкымы,
Адамдын жайын бүт билген
Адамдан артык акылы.
Көйкөлгөн шибер саз менен,
Кошулушуп сүйлөшсөң,
Көркөм сулуу кыз менен.
Айдың жарык түн менен,
Айкалышып сүйлөшсөң,
Айнектей сулуу кыз менен.
Булбул, тоту үн менен.
Мугалим:
-Токтогул демократ акын, төкмө акын, куудул ж.б. Токтогулдун атын укпаган кыргыз жоктур арабызда. Токтогул ким? Токтогулду билген барбы? Анткени ал бүт өмүрүн азап менен үмүттө, жоготууда, ачуу менен таттууда, күлкү менен күйүттө өткөрүп, эски менен жаңыдан талыкпай изденип, көзү өткөнгө чейин өнөрүн коргоп, тарыхта өчпөс болгон Токтогул деген атын чыгарды. Дагы эмнелерди билесиңер, кезек каалоочуларда.
Тоо булбулу – Токтогулдун ырлары ар дайым санат-насыят болуп элибиздин, келерки муундун, силердин жүрөгүңөрдө сакталсын. Муундан-муунга, укумдан-тукумга айта жүрөлү.
Үйгө тапшырма: Т.Сатылганов баюнча 10 кызыктуу факт билип келүү