СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты»




«Адам болгум келет» повести

САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:

  1. ЖАЗУУЧУНУН ӨМҮР ЖОЛУ МЕНЕН

ТААНЫШЫШАТ, ЧЫГАРМАНЫН СЮЖЕТИН БИЛИШЕТ, ИДЕЯСЫН ТАЛДАШАТ

  1. СӨЗ БАЙЛЫГЫН, ОЙ ЖУГУРТҮҮСҮН ӨСТҮРҮШӨТ

  2. АДАМГА ТИЕШЕЛҮҮ САПАТТАРГА МУНӨЗДӨМӨ БЕРИШЕТ

Сабактын этаптары:

    • 1 Уюштуруу

    • 2 Акыл чабуулу:

    • а)Адам деген ким? Адамды дагы кандай сөздөр менен айтсак болот?

    • б) Адам бол, адам болду деп эмнени тушунөбүз?

    • В) Бул чыгарма эмне үчүн адам болгум келет деп аталат? Чыгарма эмне жөнүндө болушу мумкун?

    • 3 Чыгарманы тыным-тыным менен окуп суроолого жооп беришет.

Т.Касымбековдун өмүр жолу

    • Төлөгөн аба менен баарлашып, өткөн күндөрүнүн баарын угуп отурсаң жазуучунун алтындай балалыгы ый, азап менен өткөнүнө ичиң ачышат. Анын үстүнө апааттуу согуштун күндөрүндө жакынсынган, медер туткан туугандарынын да мээримине арзыбаганы өкүнүчтүү. Сезимде баккан арзуу ойлорун турмушка ашырып, окуп, адам болом деп, Оштон Фрунзеге окууга тапшырганы жыл сайын келип, өтпөй кете берет, кийинки жылы кайра келе берет. «Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» болуп, байдын балдары окууга келсе, алар токтоосуз өтүп турушканын көрүп туруп теңсиз заманды тилдеп, бир туруп колунда жоктугунан мукактана ызаланып алат да, кайрадан келечеги жөнүндө түркүн кыялдарга батып, кантип окууну гана ойлонот. Поездге төлөгөнгө акчасы жок, эптеп шымынын куру менен поезддин түтүн чыккан жерине белин таңып шаарга жөнөйт. Жеткенден кийин кайсы бир сайга түшүп, түтүндөн өңү таанылбай капкара болуп калган денесин сууга жууп, анан бактын түбүнө жатып окуп жүрүп окууга илешкен. Ошентип окуп, 1957-жылы КУУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган.

И.Раззаковдон алтын саат белек

алган

    • Жазуучу 4-курста окуп жатканда экинчи чыгармасы «Алымканды» жазып баштаган. 1958-жылы Кыргызстанда биринчи жолу «Алымкан» тасмасы тартылып, ага ошол кездеги КТРдин директору Рабия Менсейитова жетекчилик кылат. Тасманын тартылышына удаа Төлөгөн Касымбековго «Алымканды» жазгандыгы үчүн Исхак Раззаков өз колу менен алтын саат белек кылган экен. Автордун «Алымкан» чыгармасы жогорку деңгээлде сүрөттөлүп жазылганына окурмандар биринен сала бири окуп ынанышат. Куюлушкан сөздөр, жорго тил менен Ниязалы комузчунун, Токтогулдун, Алымкандын сөздөрүөз ирээти менен жазылгандыгы чыгарманы бийик даражага көтөрүп, аны менен катар жазуучу катары Төлөгөн Касымбековдун да атын аңызга айланта баштайт.

Алгачкы чыгармасы «Адам болгум келет» повести

Алгачкы чыгармасы - «Адам болгум келет» повести чыкканда Төлөгөн агай 700 рубль гонорар алганын али күнчө унутпайт. Кудуңдап сүйүнгөн боюнча ак эмгеги менен тапкан акчасын үйүнө апасына алып барса, апасы «балам, ушундай акча тапканга жарап калдыңбы, баягы жетимим чоңойдуңбу?!» деп, кубанычтан балкып, буркурап ыйлап жиберген экен. Ошентип студент кезинен акча таап, батир акчасын төлөп, жада калса апасын багып, жан сактаганын эскерет агай. Көңүлүндөгү ойлорун, ичинде баккан ой-толгоолорун калем учу менен ак кагазга түшүрүп, бир нече чыгармаларды удааудаа жаратууга жетише алды. Ошол эле университетте окуп жатканда айылын сагынганда жазган «Туулган жер» повестин,

«Кичинекей жылкычы», «Жетим», «Талаштын башы» чыгармаларын жазып гонорарын алып жүрдү. Кийинчерээк роман жаза баштады. Баягы азап тарткан күндөрү артта калып, колунда акчасы болуп тоюнуп, кийими бүтөлдү. Ошол жылдарда утур көркөм сөз чебери катары жетилип, тарыхый «Сынган кылыч», «Келкел» романдарын жазып, айрым дүйнөлүк адабиятчылардын, тарыхчылардын көңүлүн өзүнө бура алды.

Повесттин негизги идеясы, көркөм образдар

Сабактын этаптары:

  • 1 Уюштуруу (жагымдуу жагдай түзүү)

  • 2 Уй тапшырмасын текшеруу

  • 3 Чыгарманын сюжетин тушунуусун текшерүү учун тесттик суроолор -20м

  • 4 Образдарга мунөздөмө беруу

  • 5 Чыгарма жыйынтыктоо учун берилген суроолорго боюнча талкуу жургузуу

  • 6 Жыйынтыктоо: Эгер мен Асылбектин ордунда болсом... (андан ары эмне кылмаксың)

  • 7 Адабий терминдер тушундурүү

  • 8 Чыгарманын тилдик каражаттары б-ча кепти өстуруу

  • 9 Сабакты жыйынтыктоо: 1)Бугунку сабакта эң сонун эсте калды... 2) Айрым жерлеринен чаташкан суроолорум бар...

  • 3) Мен учун тушунуксүз боюдон калды...

  • 10 Баалоо жургузүү:

  • 11 Уйгө тапшырма: Т.Кожомбердиев «Апа»

Баалоо ченемдери:

  • 1 Чыгарманын сюжеттин толук тушунсө;

  • 2 Тесттик суроолордон 13-15 упайга ээ болсо;

  • 3 Уй тапшырмасын толук аткарып келсе;

  • 4 Образдарга мунөздөмө берсе;

  • 5 Чыгармадан тилдик каражаттарды таба алышса

  • 6 Сабакка активдуу катышса

Тесттик суроолор:

  • 1 Чыгарма ... башталат

  • А) Асылбектин чоң окуу жайга өтпөй өз айылына келишин сурөттөө менен

  • Б) Атасынын райфого сомкесин алын жөнөөсу менен

  • В)Атасынын адам болсун деп жиберген баласынын сот окуусуна өтпөй «кулап калган» уулун өкунуч менен тосуп алуусунан

  • 2 Асылбектин апасы баласынын окууга өтпөй калганына эмне учун атасы сыяктуу өкунбөйт?

  • А) энеси абдан мээримдүү баласынын «чымындай жанынын аман болгону» ал учун зор байлык

  • Б) энеси Асылбектин абалын сезип андан ары баласын кайгыра бербесин дегенсип, энелик мээрими менен жубатты

  • В) окууга барбай эле ар дайым жанында журүүсун каалагандыктан 3 Асылбекти атасы райфого эмне учун алып барды?

  • А) баласын райфонун начальник менен тааныштыруу учун

  • Б) Өзу бошоп калган жумуш ордуна Асылбекке берсеңер деп сурануу учун

  • В) Колхозго жумушка киргизүү максатында

  • 4 Асылбектин атасынын талабын начальник эмне себептен аткарган жок?

  • А) Атасы чала сабат болгондуктан

  • Б) Асылбек чоң окуу жайга өтпөй калгандыктан

  • В) Ал ишке билими бар киши турду, а Асылбек мектепти гана буткөн

  • 5 Биринчи планы ишке ашпай калганда атасы экинчи жолу кандай ой ойлоду?

  • А) Жолдош Бердикени буту сынган улагын союп сыйлап, анын колдоосу менен баласын сельсоветке секретарлык кызматка койдурмак болду

  • Б) Чотур-мотурга окшогондордон алыс болуп, Бердикенин

Мыктысы менен жакын болууну пландады

  • В) Шамалды-Сайдагы ГЭСке барып иштеп, «адам болуунун» жолун изде деген оюн айтты

  • 6 Эмне үчүн атасы баласынын колхозго барып жумушчу болуп иштөөсүн каалабайт?

  • А) Себеби атасынын ою б-ча «адам болуу» учун чоң кызматта гана иштеш керек

  • Б) Колхоздо жумушчу болуп иштөө учун диплом болуш керек деп ойлойт

  • В) Колхоздо балаңызга «жумуш жок» деп начальник айткандыктан

  • 7 Атасынын мыктылык, жолдошчулук тандоо боюнча тушунугү кандай?

  • 8 Асылбек эмне учун атасынын сөзүнөн чыга албайт, өзү каалабаса да атасы айткан кесипке ээ болууга макул болот?

  • 9 Асылбек Базылдан эмнени уйрөндү?

  • А) Кукук кушка өз куйутун айткан Чынар кыздын арманын, эркиндикти суйүүнү

  • Б) Кайгылуу куунун сырын,дыйканчылыкты, эмгекчил болууну

  • В) дени соо адам болуп туруп, коомго андан көп пайда алып келген адам болууну уйрөндү

  • 10 Алмадан алма, алчадан алча... Эмне ушул чынбы? ... демек мен андан ашып кете албаймынбы? Ыя, кантсем да адам болушум керек го... Асылбектин сөзүнөн кандай чечим чыгарууга болот?

  • А) Атасынын жолун жолдоп, алмадан алыс кете албайт

  • Б) Атасына окшоп куу чирен, чала сабат актив болууну каалайт

  • В) Атасынын жолун жолдобой, турмушта өз жолун тапкан адам болууга жол издеп жатат

  • 11 Баласынын санаага батып, ооруп калдыбы деп кабатырланган апасы эркелеткенде Асылбектин ыйлагысы келди. «Бирок мен анте албайм» дейт эмне учун?

  • А) Кечетен бери жүрөк өйүгөндун баарын төгуп, жардам сурагысы келгендиктен

  • Б) Ыйлагандан башканы билбеген чарасыз наристедей сездирип жибергендиктен

  • В) Асылбек азыр кичинекей наристе эмес, апасын санаа тартышын каалаган жок, көздөгөн максатын айтса, алыска кетүүгө каршы болорун тушунгөндуктөн

  • 12 Эки өтүктүн кончунун жоголушу анын оюн кандай өзгөртү?

  • а) атасынын ууру экенин тушунду, эки кончтун төлөй албагандыктан, иштен бошонууну чечти

  • б) атасынын адам болуу тууралуу тандаган жолу туура эмес деген оюн өзгөрттү

  • В) адам болуунун туура жолун таппай жургөн бала чыныгы адил жолун тандап алып, атасы менен күрөшкө чыкты 13 Чыгармада сомке-буюм эмненин символу?

  • А) билимдин, ийгиликтин

  • Б) жасакерликтин, чоң кызматтын

  • В) атасынын боор этинин

  • 14 Чыгарманын аягында Асылбек атасын берген сумканы сууга ыргытып жиберет, эмне деп ой жугуртуугө болот?

  • 15 Чыгармадан эмнени уйрөндүң, кандай ойлор жаралды?

  • 7 Мыкты адам чоң кызматта иштеген адам, байлыгы, бийлиги бар адамдардан гана дос кутүү керек

  • 8 Асылбек жаш жаңы гана мектепти аяктады, турмуштун ак карасын тааный элек, жаман, жакшыны, туура,туура эмести тушунбөгөндүктөн атасынын айтканын чыга албайт, атасы баласына эч качан жамандык каалабай тургандыгын билет

  • 14 Өз ою жок, жетелеме жаш жигит повесттин соңунда, адамдын чыныгы тубөлүктүү адилет жолун тандап алууга кудурети жетип, атасы менен кадыресе курөшкө чыкты. Бул курөш ыйман жанын тазартып, аны эски тушунуктөн, көз караштан арылтты

Адабий терминдерге тушунук
  • Параллелизм (грамматикалык жактан – жанаша айтылуучу) – эки же андан артык предметти, көрүнүштү катар коюу менен поэтикалык мазмунду ачып берүү жолу. Мында форма менен предмет конкреттештирилет, автордун ой жүгүртүүсү жандуу жана эркин болот. Параллелизм ыкмасы оозеки чыгармаларда жана төкмө акындардын ырларында да көп кездешет. Мисалы :

Кар эрисе суу болот.

Карыса сакал куу болот.

Кудай алган жамандар

Шүүдүрүм албай суу болот. (Элдик ыр)

Риторикалык кайрылуу — жазуучу көркөм сүрөттөөдө кээде зарылдыгына карай окурмандарга, чыгарманын

каармандарына, же турмуш көрүнүштөрүнө кайрылат. Мындай поэтикалык каражат риторикалык кайрылуу деп аталат.

  • Риторикалык суроо (грекче phetop — оратор, чечен) — эпикалык чыгармачылыкта көбүнчө каармандын жеке кайрылуусунда, эмоциялуу суроо жана кекетүү түрүндөгү кайрылуу аркылуу түзүлгөн поэтикалык стилистикалык фигуралардын бири. Бул учурда аныктама суроо түрүндө айтылат да, ага жооп берүү талап кылынбайт. Мисалы, Алмамбеттин жол талашкан Чубакка айткан сөзүндө:

Кан кылгын дедим кимиңди.

  • Кааладым келдим диниңди.

  • Каардансам шу жерде

  • Калабалуу Чубагым

  • Кагайынбы жиниңди? Кезегиң келди бу күндө Кесейинби тилиңди?

  • Инверсия (лингвистика) (лат. inversio – которуштуруу, орун алмаштыруу)

  • 1) кеңири маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн көнүмүш орун тартибинин бузулушу, өзгөрүшү;

  • 2) тар маанисинде: сүйлөм мүчөлөрүнүн орун тартибинин синтаксистик байланыштардын өзгөрүүсүнө жана сүйлөмдү актуалдуу жиктеш-тирүүгө байланышпаган өзгөрүүсү.

  • Инверсия кеңири маанисинде да жана тар маанисинде да сөздү (сөздөрдү) маанилик жана эмоционалдык жактан бөлүп көрсөтүүнү шарттайт, б.а., Инверсия -сөздөрдүн стилистикалык жактан нейтралдуу (бейтарап) орун тартибинин бузулушу.

  • Мында рема темадан мурда келип калат: Кандай сонун жаз жамгыры. Инверсия поэтикалык кепте, өзгөчө, ырларда муун өлчөмүн, уйкаштыкты, камсыз кылуу үчүн кеңири колдонулат: