СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты боюнча "Акыл Ордо" интеллектуалдык билим таймашы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча окуучуларга даярдалган суроолор

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты боюнча "Акыл Ордо" интеллектуалдык билим таймашы»

Адабият сабагы боюнча Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата “Чыңгызым менин сыймыгым” аттуу 9-класстар аралык

өткөрүлгөн “Акыл Ордо” таймашы

Саламатсыздарбы, урматтуу агай-эжейлер, окуучулар жана бүгүнкү “Акыл Ордо” конкурсунун катышуучулары! Мына бүгүн адабият сабагы боюнча Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата “Чыңгызым менин сыймыгым” аттуу 9-класстар аралык өткөрүлгөн “Акыл Ордо” таймашында кезигишип отурабыз. Жазуучунун чыгармалары, өз жери үчүн жасаган эмгектери элдин эсинде түбөлүк сакталат. Кыргыз деген сөз менен Чынгыз деген ысым ажырагыс бир бүтүндүккө айланды. Алдын-ала заманды көрө билген залкар жазуучубуз, дүйнөгө аты чыгып, кыргыз элин кылымдын кыйырына тааныткан, кара сөздүн чебери Чыңгыз агабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 91 жашка толмок. Бирок таш боор ажал аны арабыздан алып кеткенине быйыл 11 жыл болду. Чыгармалары аркылуу кыргыз элин дүйнөгө таанытып, чыгармалары аркылуу өлбөстүккө сапар алган улуу инсаныбызды ордубуздан туруп 1 минута эскерип койсок.

Айтматовго арналган таймашты мен “Кыргыздан Чынгыз кетти” аттуу ыр менен ачып алсам.

Кыргыздан Чыңгыз кетти”

Ким кетти?

Өңгөгө катардагы кыргыз кетти,

Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз кетти.

Ааламга кыргыз деп нурун чачкан,

Асмандан орду толгус Чыңгыз кетти.



Кыргыздын маңдайынан жарык кетти,

Жазылбай дагы далай тарых кетти.

Жазганга үлгүрө албай жанган жылдыз,

Көп нерсе жарык көрбөй карып кетти.



Көөнөрбөс көңүлүнөн алып жазды,

Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.

Көп чыгарма көгөрткөн калем сабын,

Кыргыздын тарыхына малып жазды.



Көп чыгарма жазылбай ыйлап калды,

Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.

Учурап орду толгус жоготууга,

Кыргыздын боору ачышып сыздап калды,-

деп айтылгандай Чынгыз атабыз көзү тирүү болгондо дагы көп-көп чыгармаларды жаратмак.

Бүгүнкү таймашта билимдүүнүн билимдүүсүн, акылдуунун акылдуусун тандап алабыз. Анда эмесе, катышуучулардын баарына ийгилик, ак жол каалайбыз! Катышуучуларды тааныштыра кетейин:

  1. ___________________________________

  2. ___________________________________

  3. ___________________________________

  4. ___________________________________

  5. ____________________________________

  6. _____________________________________

  7. _____________________________________

  8. _____________________________________

Ал эми ушул окуучуларыбыздын билим деңгээлин текшерүү үчүн даярдалган калыстар тобу менен таанышып алалы:

  1. Сейдакматова Аида – комиссиянын төрайымы;

  2. Чоргоева Айзада – комиссиянын мүчөсү;

  3. Искендерова Гүлзина – комиссиянын мүчөсү;

“Акыл Ордо” конкурсу үч тур менен өтөт. Таймашка катышкан жалпы окуучулардын саны - 8 окуучу. 1-турда билим деңгээлдери тест аркылуу текшерилет. Эң аз упай алган 2 окуучу таймаштан четтетилет. 2-турга 6 окуучу өтөт. Бул окуучулар бирден категория тандайт. Категория менен тесттин упайы кошулгандан кийин эң төмөн упай алган 3 окуучу таймаштан четтетилет. 3-турда 3 окуучу дагы бирден категория тандайт. Тест, категория тандоодогу упайлардын саны кошулуп, булардан эң жогорку упай алган эки окуучу финалга жолдомо алат. Финалдагы суроолорго так, туура жооп берген окуучу жеңүүчү деп табылат.

Эмесе баарыңарга ийгилик, ак жол каалайбыз!

1. “Атадан калган туяк” аңгемеси

  1. Ч. Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси алгач кайсы журналга, канчанчы жылы басылып чыккан? 1968-жылы “Советтик Кыргызстан” журналына басылган.

  2. “Атадан калган туяк” аңгемесиндеги Авалбектин апасынын аты ким? Жээнкүл

  3. “Атадан калган туяк” аңгемесиндеги Авалбекти эмне үчүн “Атанын уулу деп ушуну айт” – дешет аксакалдар? Атасын көрбөсө да, Токтосундун баласы экендигин айта жүргөндүгү үчүн.

  4. “Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу...” Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасынан? “Атадан калган туяк” чыгармасынан

  5. “Атадан калган туяк” аңгемесинде коюлган кино эмне жөнүндө эле? Согуш

  6. Эмне себептен апасы Авалбекке тиги сенин атаң деп айтты? Согушта мерт болгон теңин эстеп, ошого кайра күйуп, кайра саанркап, оозунан кокус чыгып кеттиби же анчейин эле кайдыгер сүйлөп койдубу белгисиз. Же атасы аскерге кеткенде боюнда калып, төрөлгөнү ата дегенди билбеген, укпаган чунак бала кинодон көрүп болсо да элестетип жүрсүн дегениби?

  7. Авалбектин апасы Жээнкүлдүн иштеген ишин айтып бер. Совхоздун почта бөлүмүнүн телефонисткасы

  8. Кинодогу Авалбектин атасы кино бүткөндө эмне болду? Танканын пулемет атар оозунан шалактаган октор төгүлүп Авалбектин атасы кыйган теректей сулады.

  9. Кинодогу замбирекчилер канча адам эле? 7-8

  10. Авалбек атасынын согушканын туурап берип: Ал менин атам, силер көргөн жоксуңарбы, ошол менин атам болчу! Аны пулемёт менен атпадыбы, ал өлбөдүбү, ал өлбөдүбү! -деп жатты. Анын сөзүн угуп отурган ошол жердеги улуу адамдар эмнеге эч бир сөз айта алышкан жок?Алар атасыз баланын жасап алган ачуу да, таттуу да кыялын бүлдүргүсү келбей, жок ал сенин атаң эмес башка дегенге ооздору барбады.

2. “Бетме-бет” повести

  1. “Бетме-бет” повести канчанчы жылы, кайсы журналга басылып чыккан? 1957-жылы, Ала-Тоо журналына басылып чыккан.

  2. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестиндеги согуштан качып келген каарман ким? Ысмайыл

  3. Ысмайылдын апасынын аты ким? Бексаат эне

  4. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестиндеги Ысмайылдын негизги турмуштук принциби кайсы? Өзү жөнүндө гана ойлоо, өз кара жанын гана калкалоо.

  5. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинде Сейденин Ысмайылга карата көз карашынын өзгөрүшүнүн акыркы чекити кайсы болду? Ысмайылдын Тотойдун уюн уурдашы.

  6. Тотойдун күйөөсүнүн аты ким жана ал кайсы жерде, кандайча каза болгон? Байдалы, Сталинградда курман болгон. Биздин аскерлер чабуул коюп баратып, душмандын мина орнотуп тосуп койгон тикенектүү зым торунан өтө албайт, Волганын жээгине камалып калат. Ошондо Байдалы жүгүрүп барып зымдын үстүнө боюн таштайт.

  7. Ысмайыл кыш чыккандан соң каякка кетебиз дейт? Кыш чыгып, ашуу ачылса, Чаткалга кетебиз дейт.

  8. Чаткалдагы Ысмайылдын таякелеринин аты ким? Үсөнкул, Аргын

  9. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинде кат ташыган почточу адам бар. Ал кишинин аты ким? Почточу – Курман.

  10. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинде Сейде чыгарманын аягында Ысмайылга кандай мамиле жасайт? Солдаттарды ээрчитип, Ысмайыл жашынган жерге барып, аны менен бетме-бет чыгат.

3. “Эрте келген турналар”

  1. “Эрте келген турналар” повести кыргыз тилинде канчанчы жылы, кайсы журналга жарыяланган? 1978-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган.

  2. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде Ак-Сайга кош айдоо үчүн эрте жазда жөнөп жатышкан балдардын тобу повестте эмне деген ат менен берилет? “Ак-Сай десанты”

  3. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” деген белгилүү повестинде кайсы учурдагы окуялар сүрөттөлөт? Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы окуялар сүрөттөлөт.

  4. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде “Ак-Сай десанты” болуп, кош айдоого келишкен беш бала кимдер эле? Султанмурат, Анатай, Эргеш, Кубаткул, Эркинбек

  5. Сабак учурунда Инкамал апай эмнелер жөнүндө айтты? Өсүмдүгү мол, жай артынан жай келген Цейлон аралы жөнүндө айтып жатты.

  6. “Ак – Сай” десанттарынын минген аттарын атап бер? Султанмураттын аты – Чабдар, Анатайдыкы – Октору, Эркинбектики – Акбайпак, Эргештики – Алтынтуяк, Кубаткулдуку – Жибекжал.

  7. Султанмурттын атасынын аты ким? Бекбай

  8. Жаш балдар оорукта Улуу Жеңишке кандай салымдарын кошушту? Алар согуштун айынан окууларын таштоого аргасыз болушкан. Айылдагы ишке жарактуу балдар болгондуктан, алыскы Ак-Сай жергесине барып жер айдашкан.

  9. Мырзагүл берген жүз аарчынын айынан Анатай менен Султанмураттын ортосунда кандай тиреш болуп өттү? Султанмурат Мырзагүл берген жүз аарчыны төш чөнтөгүнө салып жүрдү. Аны улам-улам карап көзү тойбой жатканда, колунан бирөө жулуп кетти. Кайрылып караса, Анатай.

-“Ии жүз аарчы сайышып берише баштаган экенсиңер го”,- деп Анатай шылдыңдап, жүз аарчыны бер дегенине карабастан, чөнтөгүнө салып алды. Султанмурат ачуусуна уугуп, Анатайды бет талаштыра коюп калды. Экөө жан аябай койгулашып мушташып жатышты. Султанмурат да аянар чектен өтүп калган эле, колуна тийген айры менен Анатайды качырып сала берди. Анатайдын бир жагы дубал болуп, бир тарабы чөп болуп, качар жери жок туякка кептелип калды. Балдар чуркурап туш-туштан кыйкырып жиберишти. Ошондо гана: “Ой мечи, тамашаны билбеген ит экенсиң”,- деп жүз аарчыны Султанмуратка берди.

  1. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинин эң соңу кандай окуя менен бүтөт? Аттарды уурдагандарды кууп баратканда Султанмураттын Чабдарына ок тийип, карышкыр экөөнүн бетме-бет турушу менен.

4. Сыйлыктары

  1. Ч. Айтматов кайсы чыгармалар жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкты алган? “Тоолор жана талаалар”

  2. Ч. Айтматовдун кайсы чыгармасы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка арзыган? “Эрте келген турналар”

  3. “Гүлсарат” повести үчүн Ч. Айтматов кайсы сыйлыкка татыктуу болгон? СССРдин мамлекеттик сыйлыгына

  4. Ч. Айтматов Ленин ордени менен качан сыйланган?

1978-жылы

  1. “Ак кеме” повести үчүн качан, кандай сыйлык ыйгарылган? 1977-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

  2. Канчанчы жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамга татыктуу болгон? 1978-жылы

  3. “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Эрте келген турналар” чыгармалары үчүн кайсы сыйлыкка татыктуу болгон?

1980-жылы бул чыгармалар үчүн Италиянын “Этрурия” сыйлыгына татыктуу болгон.

  1. Кайсы жылы “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” деген наамга татыктуу болгон? 1968-жылы

  2. “Манас атанын ак кар, көк музу” очерки үчүн кандай сыйлыкка татыктуу болгон? Бул очерки үчүн 1975-жылы “Огонек” журналынын сыйлыгы ыйгарылган.

  3. Канчанчы жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү болгон? 1974-жылы

5. “Биринчи мугалим”

  1. “Биринчи мугалим” чыгармасы качан жазылган? 1961-жылы жарык көргөн.

  2. Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасында мугалим Дүйшөн кимдин уулу эле? Таштанбектин уулу

  3. Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн балдарга сабак берип жүргөндө айылда кимдин үйүндө жашачу? Картаңбай абышка менен Сайкал кемпирдикинде

  4. Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинде кайсы мезгил сүрөттөөгө алынат? Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги агартуу иштеринин кыйынчылыктары.

  5. “Биринчи мугалим” повестинде Дүйшөн айылдагы катуу каршылыктарга карабай балдарды окутууга киришет. Эмне үчүн? Балдардын келечегине кам көргөн, жаш муундун сабаттуу болушу үчүн күрөшкөн.

  6. Дүйшөн айылга келип бала окутам деген жыл канчанчы жыл эле? 1924-жыл

  7. Дүйшөн эки жаш терекчени эмне максат менен отургузду? Теректерди Дүйшөн Алтынайга арнап алып келет. Ал Алтынайга карап минтип айтат: “Ушулар жетилип чоңойгондо, сен дагы жетилип, жакшы киши болуп, көктөп бүрдөйсүң. Менин баамында сен окумуштуу адам болосуң. Айтты- айтпады дээрсиң, сенин таалайыңа жазылып турат, жайнаган көзүңдөн айланайыным, тал чыбыктай солкулдак кезиң, зээниң бар, акылың тунук. Ушул тилекке багыштап алып келдим элем, кел эми өз колубуз менен тигип коелу. Багың окуудан ачылсын!”

  8. Алтынайдын жеңесин сүрөттөп бер. Аңкылдаган, эч нерсени жактырбаган, Алтынайга күн көрсөтпөгөн, начар адам эле.

  9. Алтынай Дүйшөндүн мектебинен кеткенден кийин кайдан билим алды? Адегенде Ташкент шарына барып жумушчулар факультетин бүтүргөндөн кийин, ал жактан Москвага марксизм-ленинизм институтуна жиберилет.

  10. Алтынай биринчи диссертациясын каяктан коргогон? Москвадан коргогон.

6. “Ак кеме” повести

  1. “Ак кемеповестинде Ч. Айтматов элдик кайсы легендага кайрылган? “Бугу - Эне”

  2. Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Орозкул кандай адам? Кара мүртөз, таш боор адам

  3. Баланын таштарынын да аттары бар. Ал таштарына кандай аттарды койгон? “Ээр- Таш”, “Таңке - Таш”, “Кашабаң”

  4. “Ак кеме” повестиндеги каармандарды атап бер. Момун чал, Орозкул, Бекей, Нургазы, Сейдакмат, Гүлжамал, баланын таенеси

  5. Дайыма Бугулукпуз, Мүйүздүү Бугу-Эненин тукумунанбыз деп сыймыктануу менен айтып жүрчү Момун эмне себептен өз колу менен бугуну атты? Анын мындай кадамга барышына эмне түрткү болду? Орозкулдан коркконунан, ушундай кадамга барды. Мылтыкты колуна алып жатып дагы касиетиңден айланайын, Бугу-Эне, кечире көр, деп жалынып жатып атат.

  6. Баланын таенеси кандай адам эле? Баланын таенеси аябай каардуу, оозунан уруштун сөзү көп чыккан, Момун чалга жана балага дайыма начар мамиле жасаган адам эле.

  7. Мүйүздүү Бугу-Эне атылгандан кийин, бала ооруп жатканда, бала өз кыялы менен Бугу-Энени аткандарды кантип жазалады? Бала кыялында Кулубекти чакырды, арманын ошого айтмак болду. Орозкулга ошол Кулубек байкесинин гана алы жетет эле. Баланын чакырганына Кулубек машинесин айдап бат эле жетип келет. Ал келгенде жөн эле келбестен колуна автоматын кармай келет. Бугу-Эненин этин жеп, жыргап отургандардын үстүнөн чыгып, Орозкулга барып автоматын чыкыйына такайт. Өлтүрө көрбө, жан соога эле жан соога , артымда калар туягым жок деп Орозкул Кулубекке жалынып жатты. “Мүйүздүү Бугу-Энени атып өлтүргөн айыбыңа, бешик илип келчү мүйүзүн омура чаап салган айыбыңа сен өлүм жазасына тартыласың. Сен эч качан бала көрбөйсүң. Сен элге батпайсың, сен фашистсиң, жогол түбөлүккө, жогол”,-деп Кулубек Орозкулга айтканда, ал артын карабай качып, караңгы түнгө сиңип кетет. Баланын бул ою кыял болсо дагы, адилеттик орноп бала жеңилдеп калат.

  8. Бала кайсы оокаттары менен сүйлөшчү эле?Дүрбүсү, портфели

  9. Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестинин аягында бала эмне үчүн сууга сүзүп кетти? Орозкулдун кара мүртөздүгүнөн улам, дегеле ак нерсени карага айландырган кайгы, муңдуу бул дүйнөдөн балык болуп сүзүп кеткиси келди.

  10. Чыгарманын негизинде кандай кино тасма жаралган? 1975-жылы режиссер Болот Шамшиев “Ак кеме”аттуу кино тасма тарткан.

7. Ч. Айтматов жөнүндө

  1. Ч. Айтматов канчанчы жылы, кайсы жерде туулуп, канчанчы жылы, кайсы жерде көз жумган? 1928-жылы 12-декабрда Талас областынын Кара-Буура районунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюньберг шаарында көз жумган.

  2. Канчанчы жыл Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган? 2008-жыл

  3. Ч. Айтматовдун эжесинин аты ким? Карагыз

  4. Ч. Айтматовдун балдарынын аттарын атап бер. Аскар, Санжар, Ширин, Элдар

  5. Ч. Айтматовдун дээрлик чыгармаларынын көбүн которгон адабиятчы ким? Ашым Жакыпбеков

  6. Ч. Айтматовдун чыгармаларынан онду санап бер.

  7. Ч.Айтматовдун алган билимдерин айтып бер? Алгач Жамбылдагы зооветеринардык техникумда, андан соң Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окуган, андан кийин Москвадагы Жогорку адабий курсунун угуучусу болгон.

  8. Ч. Айтматовдун калемине таандык жалгыз ырынын аталышы кандай? Ысык-Көлдү сагынуу

  9. Ч. Айтматовдун Калтай Мухаммеджанов менен бирдикте жазган драмасынын аталышын айтып бер. “Фудзиямада кадыр түн”

  10. Айтматовдун 4 романы бар. Алар кайсылар ? “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда”



  1. Моюнкум трагедиясы

  1. Моюнкум трагедиясында Акбара менен Ташчайнар канча бөлтүрүгүнөн ажырайт? 3

  2. Алардын аттарын атап бер. Чоңбаш, Желтаман, Сүйгүнчүк

  3. Моюнкум трагедиясы бөлүмүндө көтөрүлгөн негизги проблема кайсы? Экология, жаратылышты коргоо

  4. Моюнкумдагы бөкөндөрдү атуу идеясы эмнеден улам келип чыккан? Эт төгүү планы аткарылбай калгандыктан.

  5. Атылган бөкөндөрдү эмне машиналарга салып жүрүштү? Уазик

  6. Бул кандуу кыргында бөлтүрүктөрдүн кайсынысы биринчи жоголду? Сүйгүнчүк биринчи жоголду

  7. Эмне себептен Моюнкумда акыр кыямат болуп жатты? Анткени аткычтар астынан атып жатса, артынан кишилер бөкөндөрдү зоруктура кубалап жатышты.

  8. Бул бөлүмдө ачыла элек резервдер деп эмнени айтышат? Бөкөндөрдүн жоон тобун

  9. Кийимдери башынан аягына кан болгон бу кишилердин кейпи курусун, түрлөрү суук... Бул сүйлөмдүн маанисин чечмелер бер.

  10. Моюнкумдагы трагедиясы башталарда асманда канча вертолет байкоо салып учуп жүрдү? эки































Финалга чыккан окуучулар үчун суроолор

  1. Жазуучунун чыгармаларындагы жаныбарлар темасы. Кайсы чыгармасында, кандай жаныбарлардын образы чагылдырылат? “Эрте келген турналар” повестинде турналар, Чабдар, Чоңтору, “Ак кеме” повестинде Бугу –Эне, “Гүлсарат” повестинде Гүлсарат жорго, “Кыямат” романында Акбара менен Ташчайнар, “Кылым карытар бир күн” романында Каранардын образдары чагылдырылат.

  2. Ч. Айтматовдун атасынын жана апасынын аты-жөндөрү ким? Атасы – Төрөкул Айтматов, апасы – Нагима Хамзаевна.

  3. Россияда биринчи орунда, Ирландияда экинчи орунда, Кыргызстанда үчүнчү орунда турат. Эмне жөнүндө сөз болуп жатат?

  4. Айтматовдун эң алгачкы чыгармасы кайсы жана ал канчанчы жылы жарык көргөн? “Газетчи Дзюйо” жана ал 1952-жылы жарык көргөн.



8



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!