Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты. М.Гапаров»
Сабактын темасы:М.Гапаров. «Байчечек» чыгармасы
7-класс
Бишкек шаары Свердлов району №89 орто мектеби Мугалим:Шамшыкадырова Шааркан
«Адамдын ким экенин,анын кызыккан китебинен байкоого болот».С.Смайлс .
Сабактын максаты:
Мурза Гапаров жөнүндө маалымат алышат
1
2
Чыгармаларын окушат жана алар боюнча ой жүгүртө алышат
3
Адептүүлүккө,ыймандуулукка жана каада-салтты унутпоого тарбияланышат
Мурза Гапаров (1936-2002)
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер,прозаик,драматург,жазуучу жана кинодраматург Мурза Гапаров Ош облусунун Ноокат аймагындагы колхозчунун үй-бүлөөсүндө 1936-жылдын 22- мартында жарык дүйнөгө келген.
1953-жылы Ноокаттагы Федров атындагы орто мектебин аяктап,1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Чыгармалары 1950-жылдын ортосунан баштап басылып, анын ысымы кыргыз адабиятына 1960-жылдары белгилүү боло баштаган.
Чыгармалары:
«Сырдуу окуя» (1956)
«Биздин үйдүн Карлсону» (1983)
«Турналар жазда келишет» (1962)
«Эки ирет гүлдөөчү алмалар» (1963)
«Дарыялардын шоокуму» (1979)
«Кыштакча» (1973).ж.б.
Жарык көргөн китептери:
- Мейман:Повесть.-Ф.:Кыргызокуупедмамбас, 1963.-63 б.
- Бир шиңгил жүзүм.-Ф.:Мектеп,1966.- 20 б.
- Дарыялардын шоокуму:Повесттер.-Ф.:Мектеп,1979.-136 б.
- Кызыл беде:Повесттер жана аңгемелер.-Ф.:Кыргызстан,1980.-168 б.
- Жаңгак токойдун жомогу:Повесттер жана аңгемелер-Ф.:Кыргызстан,1987.-460 б.ж.б
«Байчечек»
- Мурза Гапаров 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
- 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курсунун угуучусу болгон.
- Эмгек жолун колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1957-жылы геологиялык чалгындоо партиясында жумушчу;
- 1962-жылы мугалим;
- 1963-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинин редактору;
- 1968-жылы «Кыргызтелефильмдин» редактору;
- 1970-жылы Кинематографисттер союзунун кеңешчиси;
- 1974-жылдан Ош шаарындагы Кыргыз драмтеатрында адабий бөлүмдүн башчысы;
- 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси;
- 1987-жылдан «Кыргызфильмдеги» сценардык мастерскойдун мүчөсү болгон.
- Чыгармалары 1950-жылдары жарыялана баштаган.
- 1963-жылы «Мейман» аттуу повести өзүнчө жарык көргөн.
- 1971-жылдан СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
- Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу.
- Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
Үйгө тапшырма: М.Гапаровдун өмүр жолун окуу жана «Байчечек» чыгармасынын негизинде баяндама жазуу