СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк серек" аңгемеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк серек" аңгемеси

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк серек" аңгемеси»



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ



ОШ МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ



ТАРЫХ – ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ



ОШ ГУМАНИТАРДЫК – ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН “ПЕДАГОГИКАЛЫК ДЕБЮТ – 2017 - 7” КАРОО - СЫНАГЫНА КАРАТА ДАЯРДАЛГАН «ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕОВДУН КӨК СЕРЕК» АНГЕМЕСИ БОЮНЧА



АЧЫК САБАКТЫН

ИШТЕЛМЕСИ



















МУГАЛИМ: АБДЫЛСАКЫ КЫЗЫ БАРЧЫН

КААНАСЫ: 206

КЛАСС: 6



ОШ ШААРЫ – 2017

Сабактын темасы: Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк серек” аңгемеси



Сабактын максаттары:



БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

Окуучулар бул сабакта

Т. Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат алуу менен бирге анын “Көк серек” аңгемесинин тематикалык – идеялык мазмуну менен жакындан таанышышат, ошол эле учурда карышкырлар тууралуу дагы көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ боло алышат.

Аңгемеден үзүндүлөрдү окуу аркылуу текстти шар окууга, сүйлөө чеберчилигине, өз оюн тартынбай айта билүүгө, өз оюн жеткиликтүү жана так айта билүүгө, шамдагайлыкка жана алган маалыматтарын эске сактап калууга, мугалим тараптан берилген тапшырамалардын үстүндө иштөө аркылуу аракетчилдикке жана тапкычтыкка өнүгүшөт.

Бирин – бири сыйлоого, алтын эрежелерди сактоого жана жаратылышка аяр мамиле жасоого, аны коргоого, жашоонун баркын билиүүгө жана ата – энени сыйлоого, бир туугандарын сүйүүгө, жан – жаныбарларга этият мамиле жасоого тарбияланышат.

ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ,

ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ

Т. Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу берилген маалымаатарга ээ боло алса жана анын “Көк серек” аттуу аңгемесинин тематикалык – идеялык мазмунун түшүнө алышса, мугалим айтып берген маалыматтарды түшүнүп, эсине сактай алса.

Аңгемени окуй алышса, өз ойлорун жеткиликтүү жана так айта билсе, сүйлөө чеберчилиги өнүксө, мугалим берген маалыматтарды эсинде сактай алса жана берилген тапшырмаларды туура жана чыгармачылык менен аткара алышса.

Бири – бирин сыйласа, алтын эрежелерди сактаса, жаратылышка жана жан – жаныбарларга аяр мамиле жасай аылшса, ата – эне, бир туугандарын сүйө алса жана жаратылыштагы ар бир жандуу заттарга этияттык менен мамиле жасоону үйрөнүшсө.



Сабактын тиби: аралаш сабак



Сабактын формасы: топ менен иштөө



Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү



Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп, дене тарбия ж. б.



Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, ватман, маркер, проектр, окуу китептери, буклеттер, слайд, видео роликтер, ар кандай көрсөтмө куралдар.



Сабактын түзүлүшү



САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системалары менен тааныштыруу, топторго бөлүү, ысымдары менен тааныштыруу, сабакты жандандыруу максатында оюн ойнотуу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системасы менен таанышышат, мугалим тараптан берилген оюнду ойношот.

2 мүнөт

2

Үй тапшырмасын суроо

Суроолор жазылган тегерек формадагы смайликтер аркылуу окуучулардан үй тапшырмасын суроо.

Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет;

2 мүнөт

3

Жаңы темага киришүү

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга атайын сүрөттөрдү көрсөтүп, суроолорду узатат.

Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жоопторду узатышат.

2 мүнөт

4

Жаңы теманы өтүү:


Т. Сыдыкбековдун өмүрү чыгармачылыгы;



Кыскача видео ролик



«Көк серек» аңгемесинин кыскача мазмуну;




Окуучуларга

Т. Сыдыкбековдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу маалымат берүү.


Карышкырлар тууралуу кыскача видео ролик коюп берет.


Мугалим окуучулдарга «Көк серек» аңгемеси тууралуу маалымат берет.




Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;

Окуучулар видео роликти көрүшөт.



Аңгеменин кыскача мазмуну менен таанышышат.

20 мүнөт

5

Бышыктоо №1

«ООБА ЖЕ ЖОК» методу аркылуу окуучулардын аңгеменин мазмуну боюнча алган маалыматын бекемдөө.

Окуучулар мугалим тараптан берилген тапшырмаларды аткарышат жана ал суроолорго ооба же жок деп белги коюшат жана түшүндүрүп беришет.

3 мүнөт

6

Бышыктоо № 2

Үч топко сабактын үч түрү боюнча тапшырмалар берилет.

1 топко: аңгемеден сахналаштыруу;

2 топко: Коллаж.

3 топко: Вендин диаграммасы.

Мугалим берген тапшырмалардын үстүндө иштшет.

8 мүнөт

7

Теманы толуктоочу кошумча маалымат

Мугалим окуучуларга дидактикалык материлдарда даярдалган карышкырлар тууралуу кызыктуу маалыматтарды берип өтөт.

Окуучулар мугалимди кунт коюп угушат жана керектүү маалыматтарды дептерлерине жазып алышат.

3 мүнөт

8

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

3 мүнөт

9

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт



Уюштуруу 2 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын сабактагы алтын эрежелер тууралуу таанышып алалы.


Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Дептерлерибизге жазабыз;

  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!


Мындан сырткары мен ар бир топко 2017 – жыл мамлекетибизде “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу аталыштарды ыйгарганмын. Алар: “Ыймандуулар” тобу, “Адептүүлөр тобу, “Маданияттуулар” тобу. Ал эми мен силерге бүгүн кыргыз элинин тарыхындагы улуу инсандардай улуу инсандар болсун деп атайын билимдүүлүктүн таажыларын кийгизип койдум.

Азыр болсо силер менен биргеликте “Биздин эске тутумубуз кандай?” деген оюн ойнойбуз. Ал үчүн силер менин кылган кыймыл – аракетиме эмес, айткан сөзүмө көбүрөөк көңүл бурууңар керек болот.


Үй тапшырмасын суроо 2 мүнөт.

Балрдар, азыр болсо мен силерге атайын “Биз жылмайсак дүйнө кошо жылмаят” аттуу баракчаларды даярдап келгенмин. Көрүп турганыңардай бул жердеги кыз менен бала ыйлап жатат. Силер бул кыз менен балага жардам берүүңөр керек. Кантип? Үй тапшырмасына даярданып келген болсок, суроолорго жооп берүү аркылуу. Өткөн сабагыбызда биз Чыңгыз Айтматовдун “Бетме - Бет” повести менен таанышканбыз. Мен ар бир топ мүчөлөрүн быйтыкча аркылуу суроо түзүп келгенмин. Эгерде силер бул суроолорго жооп бере алсаңар, анда бул кыз менен балага жардам бере аласыңар, түшүнүктүүбү?

Окуучуларга берилүүчү атайын суроолор:


Ыймандуулар” тобуна берилүүчү суроолор:

  • “Бетме - Бет” поестинде кайсы учур сүрөттөлөт? (Согуш)

  • Чыгармада Ысмайыл ким? (Согуштан качып келген качкын)


Адептүүлөр” тобуна берилүүчү суроолор:

  • Ысмайыл кайсыл жерде жашынып жүрдү? (Үңкүрдө)

  • Тотойдун уюн ким уурдады? (Ысмайыл)


Маданияттуулар” тобуна берилүүчү суроолор:

  • Тотойдун балдарынын кайсыл үмүтү аткарылбай калды? (Уюбуз тууса, сүт ичебиз деген)

  • Сейде отун тергени эмне үчүн жалгыз барып жүрдү? (Ысмайылга тамак – аш алып барып, ага жолугуп келүү үчүн жана аны эч ким билип калбоосу үчүн).


Жаңы темага киришүү 2 мүнөт: - Балдар, азыр мен силерге атайын ар түрдүү жан – жаныбарлардын балдарынын сүрөттөрүн көрсөтмөкчүмүн. Силер болсо алар кандай аталаарын таап бересиңер?

Балдарга көрсөтүлүүчү сүрөттөр жана алардын туура жооптору:

  1. Иттин баласы – күчүк;

  2. Төөнүн баласы – бото;

  3. Коендун баласы – бөжөк;

  4. Карышкырдын баласы – бөлтүрүк.

Жаңы темага киришүү 20 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү чыгармачылыгы жана анын “Көк серек” аңгемеси тууралуу кызык бир тема менен таанышабыз. Дептерлерибизге бүгүнкү дата менен биргеликте теманы жазып алабыз.


ПЛАН №1. Окуучуларга Т. Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалымат берилет.

  • Түгөлбай Сыдыкбеков 1912 – жылы Ысык – Көл өрөөнүндөгү Кең – Суу деген жерде туулган.

  • Өз өмүрүндө кургак учук менен ооруп калып, а бирок андан сакайып кеткен.

  • Алгачкы билимин өзү төрөрлүп өскөн айылындагы мектептен алган.

  • Кыргыз адабиятында өлбөс – өчпөс орду бар бир нече чыгармаларды жараткан.

  • Жазуучу 1997 – жылы 19 – июлда 85 жашында дүйнөдөн кайткан.


ПЛАН №2. Карышкырлар тууралуу кыскача видео ролик көрсөтүлөт.

ПЛАН №3. Көк серек” аңгемесинин тематикалык – идеялык мазмунуна токтолот.


(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)


АҢГЕМЕНИН КЫСКАЧА МАЗМУНУ

(Тыным менен окуу)

***I***

Көк канчык уктап жатып түш көрдү. Түшүндө анын Көк сереги мүйүзү каркайган бир бугун сүйрөп келе жатыптыр. “Мантаңбайлар! Балпаңбайлар! Сереңбайлар! Мулуңбайлар! Атаңар силерди тойсун деп бугу алып келе жатат” – деп кыйкырып жиберсе түшү экен. Ал түшүндө дагы бир бөлтүрүгү Кынжыгыйды чакыра албай калгандыгына өкүндү.

***II***

Көк канчык ордунан турса, бөлтүрүктөрү ойноп жүрүптүр. Ал бөлтүрүктөрүн ээрчитип алып, чогуу аңчылыкка чыгышты. Тээ кыраңда чаарчыгын ээрчитип жүргөн эликти көрдү да, ошол тарапка карай жөнөдү. – Балпагай, сен алдыда зымыра, сени көрүп Сереңбай, Кынжыгыйлар чыйралсын – деди Көк канчык. Ал аңгыча ал эликке кол салып, аны артынан кууп жөнөдү. Ал эми анын бөлтүрүктөрү адашып калган чаарчыктын артынан түшүтү. Көк канчык эликке жетпеген соң, кайрадан кайтып келсе, бөлтүрүктөрү чаарчыкты кармап алышып, аны ары – бери талашып, тарткылап жатышыптыр. Кынжыгый болсо энеси ойлогондой эле бир четте кынжыйып, аларды карап туруптур.

***III***

-Энеке, тигилер эликтин байкуш баласын тиштегилеп жатышпайбы? – деп сөз баштады Кынжыгый.

-Бөрү баласы сендей болот деген эмнеси? – деп, Көк канчык аны бир четке тиштегилеп, ыргытып жиберди.

***IV***

Көк канчык өз бөлтүрүктөрүнө ыраазы болгончо: “Силер эми мага жардамчы болосуңар” – деди чаарчыктын кемирчегин чайнап жатып. Мына ошондон кийин алар чын эле чоң – чоң азуулуу карышкырлар болуп чыга келишти. Чоң – чоң жандыктарга кол салышты. Ары – бери басып төөлөрдүн ботолорун азгырышты. Кары төөлөрдүн: “Карышкырлар азуулуу, алар силерди жарып салат” деген сөздөрүнө жаштары макул блободу. Жаш деген жаш экен да. Карышкырлар куйруктарын ары – бери шыйпаңдатышып, биз сени менен ойногубуз келет деп азгырышып, жеп жатышты.

***V***

Бир жолу жайлоодо кара нөшөр куюп турган түнү бир койчу чырым этпей короону айлана “тарс - тарс” аткылап, айкырып – кыйкырып тургандыгына карабастан короодогу койлорду удургутушту. Элүүдөйүн бөлүп – жарып төмөнкү чаңга карай кубалап кетишти.

Эртеси күнү койчу ар жерден койлорунун канга аралашкан жүндөрүн жана тарптарын көрдү.

***VI***

Дагы бир жолу кар калың түшкөн кышта те бөксөдөгү чоң короого тийишти. Мында да алар башта кылган ишин кайталашты. Иттер болсо үрүп – үрүп кайра арттарына кайтып жатышты. Эң коркунучтуусу койчунун жанына жакын Байдөбөтү жок. Койчу Байдөбөтүн издеп жүрүп анын өзүн эмес, карга сайылып калган куйругун гана тапты. Бу эң жырткыч бөрүнүн анты.

***VII***

Ушул окуялардан кийин эми мергенчилер Көк канчыктын изине түшүштү. А бирок кызык дечи. Адам баласы карышкырды аңдыса, алар да адамдарды аңдыйт экен. Көк канчык мергенчилердин койгон капкандарынан буйтап – буйтап өтүп жүрүп, аларга дагы да жакын барып сырларын биле баштады.

***VIII***

Көк канчык кубактай тартты карыгансып. Күндөрдүн биринде ойдо жок жерден оң колун капканга чаптырып алды. Ошондо да ал бөрүчө тиштенди да, тигилерге карап: - Турган – турган жериңерде тим болгула. Мен азыр колумду капкандан бошотоюн деди да капкандагы колун “карс - карс” кемирип алып чыгып кетти.

***IX***

Мына ошондон кийин ал бир үңкүргө жетип барды да, бөлтүрүктөрүнө кайрылып:

- Энеңер эми картайды. Эми силер бөрүнүн тукумун улай бергиле. А мен болсо чычкан басып жеп болсо да өз күнүмдү көрө беремин – деди. Бир учурда Көк канчык эмненидир унутканчып чочуп кетти да: “Кынжыгый кайда? Ал силерчилеп өз оокатын да өзү таап жей албайт. Ошону менин көз алдымча талап – булап жеп алгылачы” – деди. Алар Кынжыгыйды бир заматта жеп салышты. Ошондо гана Көк канчык тумшугун асманга карай созуп уулуду да: “Эми өз күнүңөрдү көргүлө, Кеткиле тарап! Азыр кишилер бизди эч аябас таш боор болушту. Сактангыла!” – деди.

***X***

Арадан жыл өттү, жай өттү. Көк канчыктын карды ачып араң гана сыртка чыкты. Бир маалда карп – курп баскан үн угулуп, анын алдынан киши чыга калды. Мергенчи артындагы мылтыгын алып, карышкырды карай мээледи. “Мына эми, мылтык тарс этет да мен үлбүрөп жерге жабышам” – деп ойлоду канчык. Мылтык тарс эткен жок. Мергенчи мылтыгын кайра артына өңөрдү да: “А-ай, кургур...сыңар аяк болуп өзү да куруп, зыянсыз болуптур” – деп атына камчы басты. Көк канчыктын акылы бул ишке жете бербей, уктап бараткансып боорун жерге төшөп жатып калды.


Бышыктоо (№1) 3 мүнөт. “ООБА ЖЕ ЖОК” методу. Мында ар бир топтон экиден окуучулар чыгып, бирден суроолорго жооп беришет.


СУРОО

ООБА

ЖОК

1

Аңгемеде карышкырлар өз бир тууганы Сереңбайды жеп коюштубу?



2

Мантаңбай, Сереңбай, Мулуңбай, Балпаңбайлар эликтин баласын кармаштыбы?


3

Койчунун итинин аты Байдөбөтпү?



4

Койчу Байдөбөттү таба алдыбы?



5

Кынжыгый боорукерби?



6

Мергенчи Көк канчыкты атып салдыбы?




Бышыктоо (№2) 8 мүнөт.

Ыймандуулар” тобуна: Сахна сабак.

Сахналаштырууга аңгемеден сценарий:

Көк канчыктын бөлтүрүктөрү эликтин баласын талап жеп жатышат. Четте бир гана Кынжыгый аны аяп, бир четте ыйлап отурат. Аңгыча энеси келип:

  • Ырр – ррр! Сен эмне отурасың?

  • Энеке, тигилер эликтин баласын жеп жатышпайбы?

Көк канчык аны желкеден алып, бир четке ыргытып жиберет. Шордуум, сен минтип кынжыя берсең өзүбүзгө жем болосуң!..








Теманы толуктоочу кошумча маалымат 3 мүнөт.

Окуучуларга буклеттердеги карышкырлар тууралуу берилген кызыктуу маалыматтар менен таанышытырп өтөт.



Адептүүлөр тобуна: Коллаж Маданияттуулар”тобуна: Вендин диаграммасы








КАРЫШКЫРЛАР ТУУРАЛУУ КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР:


  • Карышкырлар «токой санитарлары» деп аталышат. Себеби алар токойдо кесел болуп калган жаныбарларды жеп, аларды тазалап турушат;

  • Беш карышкыр жүз элүү койду жөн гана өлтүрүп кетүүсү мүмкүн;

  • Карышкырлардын мээси иттердин мээсине караганда 30 % жакшы иштейт;

  • Карышкырлар көп нерсени эсинде сактап калышат. Байыркы мезгилдерде индеецтер карышкырларды эч качан өлтүрүшкөн эмес. Себеби аларда бир күн келип карышкыр албетте өч алып кетет деген түшүнүк болгон.

  • Карышкырлардын үйүр башчысы ар дайым үйүрдүн алдында куйругун көтөрүп жүрөт. Алардын мыйзамына көрө үйүр башчысы күчтүү жана чоң болуусу маанилүү эмес. Алар үчүн акылдуу жана күчтүү мүнөзгө ээ болгон карышкырлар гана үйүр башчысы болууга татыктуу;

  • Карышкырлардын калың жүнү аларды сууктан жана жамгырлуу, ызгаардуу учурлардан сактайт;

  • Карышкырлар эч качан сасыган эт менен тамактанышпайт;

  • Карышкырлар өздөрүнүн үй – бүлөсүнө аябагандай камкор болушуп, алардын түгөйлөрүн бир гана өлүм экиге бөлүүсү мүмкүн.

  • Карышкырлар эки айда балалайт;

  • Карышкырлардын бөлтүрүктөрү көзү жумулган абалда жарык дүйнөгө келип, эки аптада көздөрү ачылат;

  • Ургаачы карышкырлар үчтөн он төрткө дейре бөлтүрүктөрүн туушат;

  • Карышкырлардын бөлтүрүктөрү туулгандан кийин үч аптага дейре сүт менен, андан кийин дароо эт менен тамактана башташат;

  • Жаш карышкырлардын тарбиясы менен бир эле учурда анын ата – энеси бирге аракеттенишет;

  • Карышкырлардын эркектери ургаачыларына карата аябагандай камкор келишип, жадакалса ургаачысы уктап жаткан учурда тик турган абалда алардын коопсуздугун камсыздашат;

  • Карышкырлар ар дайым эркиндикте жашашкандыктан алар эркиндикти аябагандай сүйүшөт. Мына ошондуктан да капканга түшүп калган учурларында алар өз буттарын кемирип, качып кеткен учурлары көп кездешет;

  • Карышкырлар токойдогу 9 км аралыктагы добуштарды кеңири гана уга алышат экен, ал эми ачык жерлерде алардын угуу аралыгы 16 км ге жетет;

  • Карышкырлардын мурду 200 000 000 жытты бири – биринен ажырата алышат экен, ал эми адамдардыкык болсо бар болгону 5 000 000 жытты;

  • Карышкырлардын көзү аябагандай өткүн болгондуктан түн ичи да күндүздөгүдөй көрүү касиетине ээ;

  • Токойдо жүргөн адамдар өздөрүнүн айланасында карышкырлардын үйүрү жүргөндүгүн байкабай калуулары да мүмкүн, себеби алар арбак сыяктуу аракеттенишет;

  • Карышкырлар өз олжосунун жытыт 1,5 км ден сезүүлөрү мүмкүн;

  • Карышкырлар өз олжосун тиштегенде 300 км дык басым менен тиштейт экен;

  • Бир карышкыр бир койду кеңири жеп кое алышат;

  • Карышкырлар жүгүргөндө саатына 56 км тездикте жүгүрүшөт экен;

  • Эң чоң карышкырдын салмагы 90 кг га чейин болот;

  • Карышкырлар бир эле түндө 80 км ге чейин тамак издеп жөө жүрүшү мүмкүн;

  • Карышкырлар кайсыл жерде көп болсо, ошол жерде каргалар да көп болушат экен. Себеби алар карышкырлардан калган тамак – аштын калдыктары менен тамактанышат;

  • Дүйнө жүзүндө бир жылда 6000 ден 7000 ге чейин карышкырлардын терилери сатылат жана алар негизинен Монголия, Россия, Кытай мамлекеттери тарабынан сатылат;

  • Бүгүнкү күндө 50 000 карышкыр Канадада, 6500 карышкыр Аляскада жана 70 000 карышкыр Россия мамлекетинде өмүр сүрүшөт;

  • Россияда карышкырларга аңчылык жасоого уруксат берилген. Ар бир аңчы карышкырларды каалаганча атып алууга болот;


Баалоо жана кайтарым баалоо 3 мүнөт: Мугалим сабакка активдүү катышкан окуучуларды белгилеп көрсөтөт. Үч топтон бирден окуучулар башка топтордун активдүү окуучуларын көрсөтүшөт, топтор бирин – бири баалайт.


Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: “Адам менен карышкырдын өз баласына болгон мамилеси” деген темада эссе жазып келүү.

Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип да жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!











































Ош Мамлекеттик Социалдык университети

Тарых – Филология факультети

Шамырзаев Илгиз Каныбекович