СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Сагынбадымбы?" аттуу аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Сагынбадымбы?" аттуу аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Сагынбадымбы?" аттуу аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYYЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 5 – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «САГЫНБАДЫМБЫ?» АТТУУ АҢГЕМЕСИ БОЮНЧА

САБАКТЫН

ИШТЕЛМЕСИ


МУГАЛИМ: ИЛГИЗ ШАМЫРЗАЕВ

КААНАСЫ: 209

КЛАСС:5



ОШ ШААРЫ – 2020


Сабактын темасы: Түгөлбай Сыдыкбеков «Сагынбадымбы?»


САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:


БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

Аңгеменин мазмуну, андагы башкы каармандын жана эненин образдары, аңгемедеги оор мезгилдер жана ага удаалаш чыгармалар менен таанышышат.

Жомоктун мазмунундагы жазуучунун чыгармачылыгына баа берүү аркылуу андагы кээ бир предметтерди сүрөттөгөн сөздөрдү табуу аркылуу ой жүгүртүүлөрү, тапкычтыктары өнүгөт.

Ата-эненин, ага-инини сыйлоого, алардын кадырын билүүгө, айлана-чөйрөдөгү инсандарга өз убагында туура мамиле жасап, жылуу сөздөрдү арноого тарбияланышат.


Сабактын тиби: аралаш сабак


Сабактынформасы: топ менен, жуп менен иштөө


Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү


Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп ж.б.


Сабактын жабдылышы: таркатмаматериалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат.

3 мүнөт

2

Жаңы темага киришүү

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу суроолрду узатуу.

Ар бир командадан бирден окуучу мугалим тараптан берилген суроолорго өз ойлорун айтышат.

3 мүнөт

3

Жаңы теманы өтүү:


Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу



«Сагынбадымбы?» аңгемесинин мазмуну менен таанышуу




Окуучуларга слайд аркылуу жазуучу жөнүндө маалымат берет.



Окуучуларга тыным аркылуу окутуу ыкмасын колдонгон абалда аңгеменин мазмунун жеткирет




Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;


Аңгемени окуп, өз ойлорун билдирип, аңгеменин алдыдагы окуяларын божомолдошот...




21 мүнөт

4

Бышыктоо№1

Мугалим топторго чыгарманын ичинен жазуучу сүрөттөгөн предметтерди таап, ага аңгеменин текстинен мисалдарды таптырат

Аңгеменин мазмунунан жазуучу сүрөттөгөн предметтерди табышат.

9 мүнөт

5

Бышыктоо №2

Мугалим окуучуларга таркатма материал аркылуу түрдүү суроолорду узатат

Окуучулар суроолорго жооп беришет.


5 мүнөт

6

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

2 мүнөт

7

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт


Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелерменен таанышып алалы.


Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Дептерлерибизге жазабыз;

  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!

  • Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.


Урматтуу окуучулар, бүгүн мен силердин билимиңерди чүкөлөр аркылуу баалап отурамын. Кызыл чүкөлөр – «5», жашыл чүкөлөр – «4», көк чүкөлөр – «3» деген упайга ээ болот. Сабактын жыйынтыгында топтор топтогон упайлары аркылуу жеңүүчү топ аныкталмакчы.


Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: - Урматтуу окуучулар, аңгеменин аталышына байкоо салып айткылачы, аңгемеде эмнелер тууралуу сөз болушу, же кандай окуялар болушу мүмкүн? Окуучулар өз ойлорун айтышат.

ПЛАН №1. Түгөлбай Сыдыкбеков жана анын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу слайд коюп берет.


ПЛАН №2. “Сагынбадымбы?” аңгемесинин мазмуну менен таанышышат.


Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Азыр болсо аңгеменин мазмунуна көз чаптырып, андан жазуучу сүрөттөгөн предметтерди табууга аракеттенгиле.


Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Урматтуу окуучулар, төмөнкү таркатма материалдарды алып, андагы суроолорго жооп бергиле. Суроолордун тизмеси:

  • Килемге согулган арстан кандайча сүрөттөлгөн?

  • Эне эмне үчүн баласын соорото албай койду?

  • Бала эмне үчүн «Сагынбадымбы?» деп ыйлап жатты? Кимди сагынды?

  • Баланын байкеси кайда кетиптир?


Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Мугалим чүкөлөрдүн түсүнө карап, топтордун упайларын жарыя кылат. Мындан сырткары ар бир топтон бирден окуучу туруп, башка топтун жигердүү катышкан окуучуларын белгилеп өтөт.


Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: Аңгеменин жаккан учурунан сүрөт тартып, ага тиешелүү болгон комментарий жазып келүү.


Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!



















































Илгиз Шамырзаев

Ош шаары - 2020













Ош шаары - 2018