СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Жалил Садыковдун "Энелердин жүрөгү" поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

БУЛ САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ЖАЛИЛ САДЫКОВДУН "ЭНЕЛЕРДИН ЖҮРӨГҮ" ПОЭМАСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ!

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. Жалил Садыковдун "Энелердин жүрөгү" поэмасы»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 5Б – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ ЖАЛИЛ САДЫКОВДУН «ЭНЕЛЕРДИН ЖҮРӨНҮ» АТТУУ ЧЫГАРМАСЫ ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ

ИШТЕЛМЕСИ


МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ


КААНАСЫ: 310


КЛАСС: 5Б




ОШ ШААРЫ – 2017

Сабактын темасы: Жалил Садыков. «Энелердин жүрөгү». Уламыштагы нравалык тема. Гуманизм маселеси, улуттук колорит жана эненин образындагы көп түрдүүлүк. Уламыштын тарбиялык, таалим берүүчүлүк мааниси. Адабий жомок жөнүндө түшүнүк.


Сабактын максаттары:


БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

1. Жалил Садыковдун кыскача өмүрү жана чыгармачылыгы;

2. Уламыштын темасы жана идеясы, андагы козголгон маселелер;

3. Адабий жомок тууралуу маалымат ала алышат;

1. Текстти көркөм окууга;

2. Эне тууралуу макал – лакаптарды туура чечмелей алууга;

3. Берилген тапшырмалардын ө иштөө менен тапкычтыкка жана аракетчилдикке өнүгүшөт.

1. Жомоктун мазмунуна ылайык жакшы - жаман сапаттарды айырмалай алышат;

2. Окуучулар жашоодо бирин – бири сыйлоого жана мугалимди кунт коюп угууга тарбияланышат;

3. Энени урматтоого жана кадырлоого, ата – энеге туура мамиле жасоого, тарыхка болгон мамилени бекемдөөгө тарбияланышат.

ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ,

ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ

1. Эгерде окуучу Ж. Садыковдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу берилген суроолорго жооп бере алышса;

2. «Энелердин жүрөгү» тууралуу өз түшүнүктөрүн беш – алты сүйлөм менен айтып бере алышса;

3. Адабий жомок тууралуу алган маалыматтарын кайра түшүндүрүп беришсе;

1. Текстти көркөм окуунун эрежелерин сактаган абалда текстти туура окуй алышса;

2. Эне тууралуу макал – лакаптардын маанилерин туура чечмелешсе;

3. Берилген тапшырмалардын шамдагайлык менен иштей билишсе;

1. Эгерде окуучу аңгеменин мазмунундагы жакшы – жаман окуялардан өзүнө керектүү чечим чыгара алышса;

2. Бирин – бири сыйлашып, мугалимди кунт коюп угушса;

3. Энени –з учурунда урматтап, аларга болгон жылуу мамилени жасай алышса;


Сабактын тиби: аралаш сабак


Сабактын формасы: топ менен иштөө


Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү


Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп, математика ж.б.


Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.





Сабактын түзүлүшү


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат.

3 мүнөт

2

Үй тапшырмасын суроо

Үй тапшырмасын суроо аркылуу мугалим ар бир топтон бирден окуучуну чакырып алат да, аларга таяк тартыш оюну аркылуу суроолорду узатат.

Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет.

3 мүнөт

3

Жаңы темага киришүү

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу видео ролик коюп берип, ар түркүн суроолрду узатуу.

Ар бир командадан бирден окуучу мугалим тараптан берилген суроолорго өз ойлорун айтышат жана видео роликти көрүшөт

3 мүнөт

4

Жаңы теманы өтүү:

Ж. Садыков тууралуу учкай маалымат.



«Энелердин жүрөгү» поэмасынын темасы жана мазмуну


Адабий жомок тууралуу түшүнүк.





Окуучуларга слайд аркылуу маалымат берилет.




Окуучуларга поэманын үзүндүлөрү таркатылоып берилет




Мугалим слайд аркылуу адабий жомоктор боюнча айтып берет




Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;


Окуучулар поэманын мазмунун көрөкм жана тыным менен окуп, өз ойлорун айтышат



Окуучулар мугалимдин айтып берген сөздөрүн кунт коюп угушат жана эстеринде сактап, дептерлерине жазып алышат

18 мүнөт

5

Бышыктоо №1

Мугалим төрт топтун ар бирине түрдүү тапшырмаларды ыйгарат. 1 – топко эне тууралуу макал – лакаптарды чечмелөө;

2 – топко эне тууралуу ыр саптарынан жазып беришет беришет;

3 – топко эне тууралуу обондуу ырлардан бир куплет аткарып беришет;

4 – энеге тиешелүү болгон мүнөздөмөлөрдү берип чыгышат.

Окуучулар мугалим тараптан берилген тапшырмаларды аткарышат.

9 мүнөт

6

Бышыктоо №2

Окуучуларга мугалим атайын даярдалган класстерлерди таркатып берет.

Окуучулар мугалим тараптан берилген класстерлерди толтуруп, коргоп беришет.

5 мүнөт

7

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

2 мүнөт

8

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт


Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелер менен таанышып алалы. (Cабактын максаттары менен тааныштырылат).


Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Тынчтыкты сактап отурабыз;

  • Бири – бирибизге тоскоолдук жаратпайбыз

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Топ менен жигердүү иштешебиз;


Азыр болсо мен силерди бүгүнкү сабактын баалоо эрежелери менен тааныштырып койсом. Силер мында “БИЗДИН КИТЕПКАНА” деген жазууну көрүп турасыңар. Бүгүнкү сабактын жүрүшүндө мен ар бир туура жооп жана тайпанын ишин эсепке алган абалда силерге кыргыз элинин улуу жазуучуларынын китептеринен белекке беремин. Сабактын жыйынтыгында кайсыл тайпанын китепканасына көп китеп топтолсо ошол команда жеңүүчү болуп саналат.


Үй тапшырмасын суроо 3 мүнөт: - Урматтуу окуучулар, айткылачы, бул кыргыздын кайсыл оюну? Азыр болсо ар бир тайпадан бирден окуучу чыгып атаандаштар менен биргеликте таяк тартышабыз. Менин колумдагы таркатма кагаздарда биз мурунку сабакта өткөн Темиркул Үмөталиевдин «Күч бирдикте» аттуу жомогунун негизинде түзүлгөн суроолор жазылган. Суроолорго туура жооп берген окуучулар бирден менин колумдагы китептерге ээ болушат.


Жаңы темага киришүү 3 мүнөт: - Балдар, мен бүгүнкү сабакты баштаардан алдын паравоз оюнун ойноп, андан кийин баштап алсак. Азыр болсо мен силерге бир видео ролик коюп берейин... (эне тууралуу видео ролик көрсөтүлөт)

...Мен энемди көрбөй калсам сагынам,

Миң эркелеп чыккым келбейт жанынан.

Оо, адамдар, энелерди сыйлайлы,

Эне ыйык, эне кымбат баарынан.

Төрөгөнчө өз перзентин жашоого,

Тогуз айлап онтолоп курсагында көтөргөн.

Төрөлгөндө басып ал деп,

Жок дегенде он беш жылы кучагында көтөргөн.

Тарбиялап баласын,

Төмөн кылбай бөтөндөн,

Кубанса кошо кубанып,

Ооруса кошо жөтөлгөн.

Балдарынын эгерде ооруй түшсө билеги,

Энелердин ооруйт экен жүрөгү.

Бактыбызга бар болуп,

Жарыктыкта эч качан,

Соолубасын энелердин гүлөңү!


Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан Жалил Садыковдун «Энелердин жүрөгү» аттуу поэмасы менен таанышабыз. Андыктан кыргыз адабияты дептерлерибизге бүгүнкү датаны жана теманы жазып алабыз. Бүгүн күнгө бейшемби, жетинин айынын жыйырма экиси.

ПЛАН №1. Жалил Садыковдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу учкай маалымат;


ПЛАН №2. “Энелердин жүрөгү” аттуу поэманын мазмуну жана идеясы;

- Балдар, мен азыр силерге бирден колумда турган кагаздардан таркатып бермекчимин. Бул кагаздарда атайын сандар жазылган болуп, ошол катар сан боюнча текстти көркөм окуп беребиз.

1 Жоо менен ай талаада кырчылдашып,

Сугарып жерди канга чылпылдатып.

Биздин эл кайра сүрүп баратканда,

Кылычтап туш келгенин бырчылдатып.


2 Кырылып өлгөндөрдөн калбай кемип,

Кайрадан кол куралат жоого келип.

Кайрадан калкандарга тийген жебе,

Кадимки мөндүргө окшойт себеленип.


3 Келген жоо келе берип бүтөөр эмес,

Жоокерлер буга чыдап түтөөр эмес.

Аңгыча, калгандарга дароо тарайт:

- Чепке кир, коргонгула! – деген кеңеш.


4 Жоокерлер аргасыздан чепке кирет,

Чеп бийик, куш өтпөгөн темир тирек!

Жабылат жоону тосуп дарбазалар –

Жасалган күмүш ширеп, болот ширеп.


5 Душмандар чепти айланта курчап алып,

Жол таппайт ары барып, бери барып.

Илинче чыксак дешет аркан салып,

Ыргытса кулач жетпейт колдор талып.


6 Ошондо арасынан келген жоонун,

Бир адам жарып чыгып турган тобун:

- Чеп бийик, бул аракет текке кетет,

Табам, - дейт, - дарбазанын ачар жолун.


7 Бир кезде ушул чепти салышкамын,

Далай жыл жондон терди агызгамын.

Акыры качып чыккам, бирок билем,

Жашыруун суу жиберчү алыштарын.


8 Алышты жан байкабайт, үстү жабык,

Ал келет, тээтиги тоодон агып.

Жүргүлө, чептин элин куруталы,

Башынан башка жакка бура салып.


9 Сөздү угуп, курчап жаткан жоонун ханы:

- Калайык, тыңшагыла! – деди дагы,

- Чын бекен? Чындык болсо бул жигитти,

Өзүмө вазир кылам мындан ары.


10 Кеткендей чептин ичин сыйпап жылан,

Ачылса, эр бүлөсүн кырып тынам.

Баргыла, чындык болсо бул жигитти,

Сөз берем, ушул чепке хан да кылам!..


11 Буйрукту угар менен салдай сабап,

Кетишти жоонун теңи тоону тарап.

Калганы чепти курчап жата берди,

Оюнда талоон түшчү күндү самап.



12 Кеткендер тоого барып, көөнү тынып,

Кайтышты башка жакка сууну жыгып.

Хан жатты камырабай, чептегилер,

«Келет, - деп, - суусуз калып, өзү чыгып».


13 А бирок күндөр өттү, айга кетти...

Ашынып хандын каары чекке жетти!

Сыягы, суусуз жатып өлсө дагы,

Бир адам ачып берээр эмес чепти.


14 Бул кезде сактап алган суулар бүтүп,

Акыркы тамчыларды тең бөлүшүп.

Жатышты чептегилер айла таппай,

Жашоодон биротоло үмүт үзүп.


15 Хан сыртта өз алдынча ойго келди:

«Минткенде ала албаймын чептеги элди.

А көрөк бир амалын табайын» - деп,

Жарчыга мына мындай буйрук берди.


16 - Угузгун, буйругумду кылгын маалым,

Кирсем да чептегинин кырбайм баарын.

Аялдар чепти таштап сыртка чыксын,

Көтөрүп ала кетсин каалаганын.


17 Өлүм жок аялдарга! Айткын барып,

- Дегенде, жарчы кетти, айгай салып.

Чептеги эл, кары дебей, жашы дебей,

Дүрбөдү хан жарлыгын угуп алып...


18 Эртеси, бүт аялдар таңга жакын,

Ачышты бийик чептин дарбазасын.

Бул кызык! Чептегинин бири калбайт,

Ким калат, кимдер менен кармашасың?


19 Арчындап күйөөлөрүн таңып жонго,

Балдарын ороп – чулгап алып колго.

Элейип карап турган хандан оолак,

Энелер чубап барат оңго – солго.


20 Хан тиктеп кыжырлана эки жагын,

Акыры: «Жаңылдым!» - деп чапты санын.

«Сөз бирөө! Бекер айткан экенмин ээ,

Көтөрүп ала кет деп каалаганын!»


21 Сөз бирөө! Хан буйругу болбойт эки,

Хан үчүн сөзүн бузуу болор чеки.

Чубаган энелерди карап туруп,

Тултуйду чыдай албай эки бети.


22 Анткени өзү келди уруш баштап,

Кыргынга өзү күбө, өзү каскак.

Ойлонсо өзүн дагы эне тууган,

Энелер кетип барат чебин таштап...



23 Көргөндө энелердин аккан жашын,

Чыдабай бура тартты аттын башын.

Энелер адам таппас акыл менен,

Ушинтип кайтарыптыр келген касын.


24 Бул өзү бир уламыш... өзүң кара,

Энелер жанын берет дале сага.

Дагы эле эрдин жүгү аялдарга,

Дагы эле колдон түшпөйт бардык бала...


ПЛАН №3. Адабий жомоктор тууралуу түшүнүк.

(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)


Окуучулар дептерлерине жазып алуулары керек болгон сөздөр:

Поэма – бул ыр түрүндө жазылган чыгарма;

Ыраак – алыс деген мааниде;

Балапан – канаттуулардын балдарынын жалпы аталышы;


Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Азыр болсо мен ар бир тайпанын мүчөлөрүнө бирден темага байланыштуу атайын тапшырмаларды беремин.

  • 1 – топко: эне тууралуу эки макал – лакап жазып, алардын маанилерин чечмелеп беришет;

  • 2 – топко: эне тууралуу ыр саптарынан жазып беришет;

  • 3 – топко: эне тууралуу обондуу ырлардан аткарып беришет;

  • 4 – топко: энеге тиешелүү болгон мүнөздөмөлөрдү беришет;


Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Окуучулар менен биргеликте кыскача талкуу жүргүзүү.


Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Мугалим «КИТЕПКАНАДАГЫ» китептердин санын эсептеп чынып, жыйынтыкты чыгарат жана топтогу окуучулар бири – бирин баалашат.


Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: “Энелердин жүрөгү” аттуу поэмадан үзүндү жаттап келүү!


Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!
















Шамырзаев Илгизбек Каныбекович

Мыкты мугалим” кароо – сынагу үчүн даярдалган ачык сабактын иштелмеси





Ош шаары - 2017