Кыргыз батасы
Бата-бата дың-дың,
Малды берсин миң-миң.
Тогуз төөң ботолосун,
Тогуз келин жетелесин,
От жакалай баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Желелеген бээ берсин,
Желини карыш уй берсин.
Короо-короо кой берсин,
Коңшуларың той берсин.
Баланы берсин эгиздеп,
Малды берсин сегиздеп,
Бак карысын, Кыдыр даарысын,
Кудай кут кылсын ушунун баарысын!
Оомийин!!!
***
Оо, адамдар!
Өмүр – сапар,
Жол жүрөсүңөр:
Жолуңар шыдыр,
Жолдошуңар Кыдыр болсун.
Тилек ак, ниет таза ишиңерди
Кудай оңдосун.
Өрүшүңөр – малга,
Кырманыңар – данга,
Дасторконуңар – нанга,
Оозуңар - майга толсун.
Жакшы адамды Теңир
Жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон эр азаматтардын
Башынан сыймык кетпесин.
Карылар – дөөлөттүү,
Жаштар – мээнеттүү
Келиндер – келбеттүү,
Жигиттер – алибеттүү болсун.
Барчылык болуп, токчулук келип
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жагып ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун!
Ата-баба арбагы жылоолоп,
Теңир колдосун!..
Оомийин!..
Ай жаңыргандагы бата
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жетимге жеңиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого – мээнет,
Жалгызга – эрмек,
Иштерманга – кут,
Сараңга - жут,
Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туу,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгөчө
Өсүп-өнүп тололу.
Бакалга – тар,
Букарга – бай Ай бол!
Оомийин!..
Баш кошкон жубайларга
Алтындан болсун жакаң,
Күмүштөн болсун такаң.
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап, келиштүү болгула.
Толгон айдай өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула.
Эң алды берекечил болгула.
Чамгарагыңар бийик болсун,
Босогоңор берик болсун.
Боо-бакчаларың
Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым,
Кулпунган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүңдө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун.
Оомийин...
***
Баш алган буудайдай ыргалгыла
Кошулган талдай чырмалгыла,
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Оомийин!...
***
Кудаң жолдошуңдай болсун,
Кудагыйың сырдашыңдай болсун.
Ата-баба жолунан ким ашсын.
Кудалык миң жылга улашсын.
Эки жаштын бактысын берсин,
Эки жак тең кызыгын көрсүн!
Оомийин...
***
Бакай атанын батасы
Айтылуу шумкар көздөй бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Байсалдуу артың үзүлбөс,
Бак баштаган көчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол,
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кешик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алпы бол,
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйын күн башта болбосун.
Ыйык тут ата ордосун,
Омийин, кудай колдосун!
***
Баш болсун,
Мал болсун,
Узун өмүр жаш болсун,
Берекелүү аш болсун,
«Ихи» деген оору болбосун,
«Келе» деген доочу болбосун,
Баккан балээ болбосун.
Калк ордунда болсун,
Хан тактысында болсун,
Хандын калабынан сактасын,
Карачачынын дооматынан сактасын
Ашуусу бийик тоодон сактасын,
Айкырып тийген жоодон сактасын,
Агыны катуу суудан сактасын,
Адам өлгөн чуудан сактасын
Теңирим өзү жалгасын,
Бак карасын,
Кыдыр даарысын,
Эл ичи тынч болсун,
Эмгек кайнап турсун,
Береке жайнап турсун,
Карыларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз берекелүү болсун.
Уулдарыбыз ыймандуу болсун!
Очок жанып, ордо толсун,
Эл тынч, журт аман болсун!
Жаңы тигилген өргөөгө бата
Жаңы өргөөнүн
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун,
Түндүгү\ түнөрбөсүн,
Кемегең кемибесин,
Уугуң учтуу болсун,
Керегең кептүү болсун,
Келиниң эптүү болсун!
Эр жигитке бата
Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун,
Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанып,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун.
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн баласы бол!
Бир элдин атасы болбо.
Миң элдин атасы бол!
Бир тонго жака болбо,
Көп көлдүн агасы бол!
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса өзөн боюн жала,
Башыңа иш түшсө көпчүлүктү сагала.
Белге таңуу кемер бол,
Өзүңө-өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Элиңе адил бол!
Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата
Оомийин, олуя колдо,
Кызыр жөлө!
Өлбөс өмүр берсин!
Кетпес кең дөөлөт берсин!
Пайгамбар батасын берсин!
Бак-дөөлөтүн берсин!
Шыбагалуу баш берсин!
Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын,
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун!
Ынтымак берсин, ырыс берсин!
Кудай куру калтырбасын,
Теңирим өзү жалгасын!
Оомийин!
***
Жакшы келсин кашыңа
Нур жаасын башыңа.
Айылыңар малдуу болсун.
Жылкыңар жалдуу болсун.
Жигиттериң эмгек этип,
Агайындын алды болсун.
Катуулуктан алыс бол,
Таттуулукка ынак бол.
Күйөө - жүз жылдык,
Куда - миң жылдык.
Кудай кошкон куда болот.
Пайгамбар кошкон дос болот.
Көңүл төтөгөлүү,
Өмүр өтөлгөлүү болсун.
Таңың азандуу,
Очогуң казандуу болсун.
Түндүгүңдөн кут куюлсун,
Дасторконуңа бүт жыйылсын!
Оомийин!..
***
Сөзүң аталуу,
Дасторконуң баталуу,
Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу,
Көзүң тумандуу,
Козуң туумдуу,
Төөң ботолуу болсун.
Келиниң аягы,
Койчуң таягы менен жаксын.
Көңүлүң дилдүү,
Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыйбалуу
Келиниң ыймандуу
Уулуң уяттуу болсун.
Оомийин...
***
Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга.
Дөөлөтүңдү ашырсын
Душманың сынып басынсын.
Менин берген бул батам
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам.
Оомийин!
***
Күрүлдөгөнү көчкүдөй,
Күүлөнгөнү борошодой,
Төрөнүн дөңгүтүнөн сакта.
Жабууланган жалаадан сакта,
Күңгүрөнүп чыккандан сакта,
Сасык арамзанын ушагынан
Эшек арамзанын тузагынан сакта.
Колго суу куйган уул балага берилчү бата
Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол
Жакшыга өнөк бол,
Жаман көздөн калыс бол,
Каптап кирсе калың жоо,
Каш кайтарар сеси бол
Акыл-ойдун кени бол.
Арстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол,
Чалкыган узак өмүрлүү бол,
Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил
Адамдын адалын бил,
Достун адилин бил
Жарыңдың көңүлүн бил,
Эне сүтүн актай бил,
Кудайдын амирин бил,
Оомийин!
Колго суу куйган кыз балага берилчү бата
Колума суу куйган кызым,
Жүзүң суудай тунук болсун,
Тамчыдай тазарсын ниетиң,
Сапарың суудай узун болсун,
Олоңдой кара чачыңа,
Оролсун дөөлөт башыңа.
Максатыңа жетип
Бактылуу бол айланайын.
Жигиттин сымбатына ээ бол.
Карылардын урматына ээ бол
Уяң көздүү бол,
Узун өмүр, жаштуу бол!
Оомийин!