Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Эл Баатырлары»
Кыргыз Эл Баатырлары
Жогорку даражадагы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы Кыргызстандын 24 жаранына ыйгарылган. Бул маалыматты парламенттин 20-февралдагы отурумунда Президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева билдирди.
Бул наам кыргыз элинин коомдук, маданий, саясий турмушуна чоң салым кошкон, дүйнөлүк аренада таанытууда орду бар, ар тармактагы эмгеги сиңген инсандарга
берилет.
Жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов улуттук маданиятка, кыргыз элинин рухий баалуулуктарын дүйнөгө таанытууга кошкон салымы жана коомдук активдүү ишмердүүлүгү үчүн ээ болгон. Жарлык 1997-жылдын 4-февралында чыккан.
Скульптор Тургунбай Садыков тууралуу жарлык 1997-жылдын 7-февралында чыккан.
Кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу жарлык 1997-жылдын 4-февралында чыккан.
Учкуч-космонавт Салижан Шарипов тууралуу жарлык 1998-жылдын 3-февралында чыккан.
Кыргыз ССРинин партиялык жана мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиев тууралуу жарлык 1999-жылдын 14-октябрында чыккан.
Кино жана театр артисти Сабира Күмүшалиева тууралуу жарлык 2000-жылдын 22-августунда чыккан.
«Нарын гидроэнерго курулуш» АКтын темир-бетон конструкциясын монтаждоочу Курманбек Арыков тууралуу жарлык 2002-жылдын 22-августунда чыккан.
Нарын каскад ГЭСин курууга кошкон салымы үчүн куруучулардын бригадири Акбаралы Кабаев тууралуу жарлык 2002-жылдын 22-августунда чыккан.
Композитор Асанхан Жумакматов тууралуу жарлык 2003-жылдын 26-январында чыккан.
Хирург жана коомдук ишмер Мамбет Мамакеев тууралуу жарлык 2004-жылдын 24-ноябрында чыккан.
Кыргыз ССРинин партиялык жана коомдук ишмери Абсамат Масалиев тууралуу жарлык 2005-жылдын 25-июнунда чыккан.
Акын Сүйүнбай Эралиев тууралуу жарлык 2006-жылдын 31-октябрында чыккан.
Акын Сооронбай Жусуев тууралуу жарлык 2007-жылдын 16-февралында чыккан.
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков тууралуу жарлык 2007-жылдын 16-
февралында чыккан.
Хирург жана коомдук ишмер Эрнст Акрамов тууралуу жарлык 2009-жылдын 20-ноябрында чыккан.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлийпа Кондучалова тууралуу жарлык 2010-жылдын 18-сентябрында чыккан.
Кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев тууралуу жарлык 2010-жылдын 27-октябрында чыккан.
Кыргыз ССРинин көрүнүктүү партиялык жана коомдук ишмери Исхак Раззаков тууралуу жарлык 2010-жылдын 29-декабрында чыккан.
Жаштар иштери боюнча мурунку министр Алиясбек Алымкулов тууралуу жарлык 2011-жылдын 28-августунда чыккан.
Драматург Бексултан Жакиев тууралуу жарлык 2011-жылдын 28-августунда чыккан.
Нейрохирург Миталип Мамытов тууралуу жарлык 2011-жылдын 28-августунда чыккан.
Коомдук ишмер, фермер Таштанбек Акматов тууралуу жарлык 2013-жылдын 12-мартында чыккан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы Жусуп Мамай тууралуу жарлык 2014-жылдын 30-майында чыккан.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тууралуу жарлык 2017-жылдын 27-ноябрында чыккан.