СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз эли-жаратман калк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз эли-жаратман калк»

КЫРГЫЗ ЭЛИ – ЖАРАТМАН КАЛК

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин жаратмандыгы, “Манас” эпосу жөнүндө маалымат алат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кылымдарды карыткан кыргыз эли канчалаган оош-кыйыш замандарды башынан ѳткѳрдү. Бүлүндү, талоонго учурады сайда саны, кумда изи калбай жок болуу коркунучунда да турду. Бирок ошентсе да ѳзүнүн улуулугун, нарк-насилин, салт-санаасын, үрп-адатын жоготкон жок. Бар байлыгын тилинде сактап муундан муунга мурас кылып калтырып келди.

Жѳѳ жомоктору, макал-лакаптары, учкул сѳздѳрү, кенже эпостору, кошоктору, сезим козгогон ырлары ѳзүнүн кунун, сынын жоготпой биздин муунга жетти. Башкасын коюп “Манасты” айт дейт элибиз. Миллиондогон сап “Манас” эпосун эч жазуусу жок акыл эсинде туюнуп, оозеки айтып, сактап келишти. Бул касиет кыргыз улутунун улуулугун айгинелеп турат.

Биз жаш муундар элибиздин ушул касиети менен сыймыктансак болот. ЮНЕСКО нун маалыматына караганда кыргыз эли оозеки чыгармачылыктын үлгүлѳрүнѳ ѳтѳ бай элдердин бири экендиги айтылат.Турмуш чындыгын кѳркѳм чагылдырган макалдарын байкап кѳрѳлүчү. “Жакшылыктын жарыгы ѳчпѳйт”, “алтын чирибейт, акыл азбайт”, “Ар ким ѳз пейилинен табат” ж.б. акылман айтылмалары эмне деген улуу философия.

Ал эми “Манас” эпосуна тең келээр дүйнѳдѳ бир да эпос жок. Бул эпос манасчылык ѳнѳрдүн дарамети мененулам кѳркѳмдѳлүп, байып, толукталып бизге жетип олтурат. Бул уникалдуу ѳнѳрдү аркалаган чоң манасчыларга Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков ж.б. кошууга болот. Ѳнѳрдүн таасирдүүлүгүнѳн үч күн, үч түн тынымсыз “Манас” айткан күндѳрү да болгон экен манасчылардын.

Манас эпосунда кыргыз элинин бүтүндѳй турмушу, салт-санаасы, элдик медицинасы, астрономиясы, адеп-ахлагы чагылдырылган. Кыргыз элинин энциклопедиясы десек да жаңылышпайбыз.

Манасчылардын ал ѳнѳргѳ киришип калуусунун да ѳзүнчѳ сыры бар экендигиэл арасында аңыз болуп айтылып жүрѳт.



Залкар манасчы

Таланттуу манасчы Сагымбай Орозбаков чалкыган Ысыккѳлүбүздүн күңгѳйүндѳ туулган. Ал бала кезинен эле ырга шыктуу болгон. Тамаша ырларды чыгарып жүргѳн.

13 жашка келгенде, бир күнү таңга жуук түш кѳрѳт. Түшүндѳ Сагымбай талаада жѳѳ келе жаткан болот. Алдыда турган чоңдугу тоодой боз үйлѳрдүн бирине баш багып “Манас” айтып жаткан кишилерди кѳрѳт. Алардын бири Манастын туулушун, бири Кѳкѳтѳйдүн ашын, бири Чоңказатты айтып жаткан болот. 25 жаштардагы карасур жигит Сагымбайды: “Сен да Манас айтасың, айтпасаң айбалта менен чабам”, - деп коркутат. Караса ал жигит Семетей болуп чыгат. Ушул түштѳн кийин Сагымбай “Манас” айта баштайт.

Сагымбай “Манастын” үч бѳлүмүн, ал гана эмес “Семетейди” ѳзгѳчѳ берилип, зор берилүү менен эң кѳркѳм айткан. Сагымбай Манаска ат коюуну тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптары менен айткан:

“Карыганда бир перзент,

Бай Жакып бала кѳрүптүр,

Ат коюучу кези бар”…

“…Бай Жакып баланы алыптыр,

Этегине салыптыр,Элүү дилде –кызыл пулКолуна кармап салыптыр.

“Ат коюңар!” - деп, айтып,Аксакал Жакып кеп айтып,Кѳптүн келди кашына.

“Ат асмандан дечү эле,

Жакшы ат коер бекен” –деп,Кѳзүн салып Бай ЖакыпАяк менен башына.



Суроолор:

  1. “Манас” эпосу канча бѳлүмдѳн турат?

  2. Кыргыздын кайсы эпосунан жатка үзүндү айта аласың?

  3. Сагымбай Орозбаков кандайча Манас айтып калган?

  4. Манасчылардан дагы кимдерди билесиң?

2-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.



Залкар ойлор

Кепке кемтик болгончо, кеп билгенди ала жүр.



Кеп чынынан бузулбайт.



Калкыма нарк болсун, уулума барк болсун.



Балалуу ѳрдѳк кѳлүнѳн кетпейт,Баласы жакшы элинен кетпейт.

Элден



Үйгө тапшырмалар:

  1. Элдик жѳѳ жомокторду таап окуп, маанисин айтып бергиле.

  2. “Манас” эпосунан үзүндү жаттагыла.

  3. Залкар ойлорду окуп талкуулагыла.

  4. Эл оозунда айтылып жүргѳн макал-лакаптарды жыйнагыла.