СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз элинин улуттук аспабы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз элинин улуттук аспабы»

Сабактын темасы: Комуз Сабактын максаты:Билим берүүчүлүк : Комуз менен таанышышат. Өнүктүрүүчүлүк:Комуз кыргыз элинин улуттук аспабы экендигин билишет. Суроолорго жооп бере алышат.Жаңы сөздөр менен таанышышат. Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин сыйлашууга үйрөнүшөт.

Сабактын темасы: Комуз

Сабактын максаты:Билим берүүчүлүк : Комуз менен таанышышат.

Өнүктүрүүчүлүк:Комуз кыргыз элинин улуттук аспабы экендигин билишет.

Суроолорго жооп бере алышат.Жаңы сөздөр менен таанышышат.

Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин сыйлашууга үйрөнүшөт.

 Комуз

Комуз

 9-сентябрь «Комуз күнү»

9-сентябрь «Комуз күнү»

Мындан кийин Кыргызстанда 9-сентябрда «Комуз күнү» белгиленет. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет.

Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес, — деп белгиленген маалыматта.

Ошондой эле, комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл деп айтылган.

Аталган багытта иш алып баруу өкмөткө тапшырылып, ага ылайык облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштурушат. Ал эми жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлгөн.