СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз энчилүү атынын......

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз энчилүү атынын......»

7.1. Кыргыз энчилүү атынын тарыхый тексттердеги варианттарынын тизме-көрсөткүчү



Гиртис – этноним. Кыргыз этнониминин Байыркы тибетче P.T. 1283 кол жазмасындагы (XIII к.) эмгегиндеги бир варианты.



Гыргыз – этноним. Кыргыз этнониминин Кара-Балгасун I жазма эстелигинин (822-ж.) согдуча бөлүгүндө учураган варианты.



Кергекис – этноним. Манжурча кол жазмадагы (1761-ж.) бурут деген жалпы ат менен берилген кыргыздардын бир бөлүгүнүн аты.



Кергис – топоним. Иоанн де Плано Карпининин “Биз татар деген монголдордун тарыхы (Historia Mongalorum quos nos Tartaros appellamus)” аттуу эмгегиндеги (XIII к.) жер аты.



Керкис – этноним. Кыргыз этнониминин Гильом де Рубруктун “Чыгыш өлкөлөрүнө саякат Historia Mongalorum quos nos Tartaros appellamus” аттуу эмгегиндеги (XIII к.) бир варианты.



Киргисут – этноним. Кыргыз этнониминин Байыркы монголчо “Монголдордун купуя тарыхындагы (XIII к.)” эмгегиндеги бир варианты.



Кыргыз – антропоним. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” жана “Шежере-и теракиме” аттуу чыгармаларында түрк элдеринин легендарлуу атасы Огуз хандын небересинин аты катары көрсөтүлгөн энчилүү ат: Огуз ханның Кыргыз атлы бир небиреси бар эрди, аның несли турурлар (Огуз хандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, (бул эл) анын тукуму) (Ölmez, 2021: 61).



Кыргыз – этноним. Кыргыз этнониминин Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” жана “Шежере-и теракиме” аттуу чыгармаларында, Сейфи Челебинин “Таварих” деген эмгегинде учурган варианты: Чингиз хан Алтай бирлен Төремишни элчи кылып кыргызга йиберди маңа бакынсун теп (Чыңгыз хан Бөре дегенди элчи кылып, “Мага карашсын” деп кыргыз элине жиберди) (Шежере-и түрк, 3, 6).



Кыркуз – этноним. Кыргыз этнониминин “Чжоу Шу (Чжоу династиясынын тарыхы)” (б.з. 636-ж.), “Тун Дянь (Мамлекеттик башкаруу жол-жоболорунун жалпы жыйнагы)” (б.з. IX к.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Кыркун – этноним. Кыргыз этнониминин “Ши Цзи” (б.з.ч. 109-91-жж), “Цянь Хань Шу (Эртеги Хань сулалесинин тарыхы)” (б.з.ч. 117 - б.з.ч. 36-жж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Кыркур – этноним. Кыргыз этнониминин “Цянь Хань Шу (Эртеги Хань сулалесинин тарыхы)” (б.з.ч. 117 - б.з.ч. 36-жж.), “Чжоу Шу (Чжоу династиясынын тарыхы)” (б.з. 636-ж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Кыркут – этноним. Кыргыз этнониминин “Чжоу Шу (Чжоу династиясынын тарыхы)” (б.з. 636-ж.), “Тун Дянь (Мамлекеттик башкаруу жол-жоболорунун жалпы жыйнагы)” (б.з. IX к.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Кыркыз – антропоним. Тарыхый Чыгыш Түркстанда, азыркы Кытай Эл Республикасынын Синцзян Уйгур автономиялуу облусунда X-XV кылымдар аралыгында өкүм сүргөн Турфан, Уйгур бектиктери учурунда жазылган байыркы уйгурча тексттерде орун алган энчилүү ат.



Кыркыз – этноним. Кыргыз этнониминин Орхон жазма эстеликтери (724-735-жж.), Кыргыз кагандыгы (VII-X кк.), Өтүкен уйгур кагандыгы жазма эстеликтери, байыркы уйгурча тексттер жана “Дивану лугат’ит-түрк” өңдүү тарыхый түрк тилдериндеги тексттерде жана кытайча “Юань Ши (Юань сулалесинин тарыхы)” (б.з. 1369-ж.) аттуу эмгекте учурган варианты: Өзи анча кергек болмыш. Йогчы, сыгытчы өңре күн тогсыкда Бөкли чөллиг эл, табгач, түпүт, апар, пурум, кыркыз, үч курыкан, отуз татар, кытанй, татабы бунча бодун келипен, сыгтамыш, йогламыш. Антаг күлүг каган эрмиш (Өзү ошентип каза болуптур. Жоктоочулар, (ыйлап) сыктоочулар, чыгыштан, күн чыгыштан Бөкли чөлдүк эл (корейлер), кытайлар, тибеттиктер, апарлар (аварлар), пурум (византиялыктар), кыргыздар, үч курыкандар, отуз татарлар, кара кытайлар, татабылар мынча эл келип, ыйлап-сыкташыптыр, жоктошуптур. Ушундай атактуу каган экен) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 3-4-саптар).



Херхир – этноним. Кыргыз этнониминин Менандр Протектордун байыркы грекче “Хисториа (б.з. 582-602-жж.)” эмгегиндеги бир варианты.



Хиркис – этноним. Кыргыз этнониминин Байыркы тибетче P.T. 1283 кол жазмасындагы (XIII к) эмгегиндеги бир варианты.



Хиртис – этноним. Кыргыз этнониминин Байыркы тибетче P.T. 1283 кол жазмасындагы (XIII к) эмгегиндеги бир варианты.



Хыркиз/гыркыз – этноним. Кыргыз этнониминин “Ли Вэй-Гун Хуйчан Ипинь Цзи (Хуйчан бийлиги тушундагы (841-846-жж.) Ли Вэйгун эмгектеринин жыйнагы)” (б.з. 841-846-жж.), “Синь Тан Шу (Тан сулалесинин жаңы тарыхы)” (б.з. 1060-ж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Хыркис/гыркыс – этноним. этноним. Кыргыз этнониминин “Ли Вэй-Гун Хуйчан Ипинь Цзи (Хуйчан бийлиги тушундагы (841-846-жж.) Ли Вэйгун эмгектеринин жыйнагы)” (б.з. 841-846-жж.), “Синь Тан Шу (Тан сулалесинин жаңы тарыхы)” (б.з. 1060-ж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Хыркуз/гыркуз – этноним. Кыргыз этнониминин “Тан хуйяо (Тан сулалесинин таржымалы)” (б.з. 961-ж.), “Цэ фу юань гуй (нускалуу акыл-эс кенчи)” (б.з. 1005-1013-жж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Хыркус/гыркус – этноним. Кыргыз этнониминин “Тан хуйяо (Тан сулалесинин таржымалы)” (б.з. 961-ж.), “Цэ фу юань гуй (нускалуу акыл-эс кенчи)” (б.з. 1005-1013-жж.) өңдүү кытайча тарыхый булактарда колдонулган варианты.



Хырхыз – топоним. Рашид ад-Диндин “Джами” ат-таварих” аттуу эмгегинде кыргыздар жашаган аймакты, кыргыздардын өлкөсүн, тагыраак айтканда, азыркы Түштүк Сибирь аймагын чагылдырган сөз.



Хырхыз – этноним. Кыргыз этнониминин “Китаб ал-масалик ва-л-мамалик” (Ибн Хордадбех), “Китаб масалик ал-мамалик” (Ал-Истахри) ж.б.у.с. арапча жана фарсча булактардагы варианты.



Хырхыр – топоним. аш-Шариф аль-Идрисинин “Нузхат аль-муштак фи-хтирак аль-афак” аттуу арапча эмгегинде кыргыздарга таандык деп көрсөтүлгөн эки шаардын аты.



Хырхыр – этноним. Кыргыз этнониминин аш-Шариф аль-Идрисинин “Нузхат аль-муштак фи-хтирак аль-афак” аттуу арапча эмгегинде учураган варианты.