СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз этнониминин экзоварианттары

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз этнониминин экзоварианттары»



Нурдин Усеев: 2.5. Кыргыз этнониминин экзоварианттары



Ар кандай жазма жана оозеки булактарда, өзгөчө чет өлкөлүк материалдарда

кыргыз этнониминин алдына ар кандай сын атоочтор коюлуп, ар түрдүү өзгөчөлүктөрү менен берилгенин көрөбүз: кара кыргыз, жапайы (дикий) кыргыз, тоолук (закаменные) кыргыз, Туран кыргызы ж.б.

Жогорудагы аталыштар башка элдер кыргыздарды коңшулаш башка калктардан, өзгөчө, жаңылыштык менен кыргыз деп аталган казактардан айырмалаш үчүн койгон ысымдар болгондуктан буларды кыргыз этнониминин экзоварианттары деп атоо керек. Белгилүү болгондой, экзоэтноним – бул бир эл башка элге берген, ал элдин чыныгы аты менен дал келбеген, ошондуктан бул ат ыйгарылган эл тарабынан колдонулбаган, кабылданбаган этноним (Козлов ж.б., 1995: 163). Бирок бул бөлүмдө карала турган кыргыз этнониминин экзоварианттары сөздүн толук маанисиндеги экзоэтнонимдер эмес. Анткени булар бурут этноними сыяктуу толугу менен кыргыз этнонимин ордун ээлеп, ага эквивалент катары колдонулбаган, кыргыз этнониминин алдына сыпаттама компонент катары гана жайгашып, аны толуктаган, кандайдыр бир өзгөчөлүк киргизген кошумча варианттар. Мисалы, чоң кыргыз (большие киргизы) экзоварианты көп сандуу, негизги деген маани берген чоң (большой) сын атоочунан жана кыргыз этнониминен куралып, көп сандуу, негизги кыргыз деген маани берет да Теңир-Тоо кыргыздарын Түштүк Сибирь кыргыздарынан айырмалап, көп сандуулугу менен бөлүп көрсөтүп турат.

Бул экзоварианттар, буга чейин айтылгандай, кыргыздардын кандайдыр бир улуттук өзгөчөлүктөрүн, башка элдерден айырмаланган сапаттарын чагылдырып турат. Мисалы, бул тууралуу орус этнографы жана тарыхчысы А.И. Левшин мындай деп жазат:

Азиатцы называют ныне народ сей кара-киргизами, то есть черными киргизами и бурутами, а русские к сим двум именам прибавили еще два: дикие киргизы, и закаменные киргизы. Дикими назвали их, как говорят, потому, что они жестокостию своею еще страшнее в грабежах купеческих караванов. Закаменными прозвали их жители сибирские, вероятно, потому, что они живут в горах, а в Сибири, по уверению путешественников, под словами в камне и за камнем разумеют вообще горы… (Левшин, 1832б: 20-21).

Күбө болгонубуздай, А.И. Левшин жапайы жана тоолук кыргыз экзоварианттарына өз түшүндүрмөсүн берип, бул аталыштарды башка элдер койгонун кошумчалайт. Кандай болгон күндө да, аталган варианттарды эмгегибизде иликтеп, кыргыздардын кандай өзгөчөлүктөрүн чагылдырганын карап чыгууну туура көрдүк. Анткени экзоэтнонимдер жана бир этнонимдин экзоварианттары бул аттарды берген элдердин аталган этнонимдер менен чагылдырылган элдерге болгон мамилесин, кандай кабыл алышканын, кандай өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурушканын, башкача айтканда, экзоэтноним менен аталган элдин кандайдыр бир тарыхый ордун, этнографиялык айырмачылыгын, географиялык турумун билдирет. Мисалы, төмөндө кеңири айтыла тургандай, Ала-Тоо кыргызы, тоолук кыргыз экзоварианттары кыргыздардын кайсы жерде жашаганын, кандай географиялык өзгөчөлүккө ээ аймакта турарын чагылдырып турат.



2.5.1. Ала-Тоо кыргызы



Экзоэтнонимдердин бир бөлүгү ал ат менен аталган элдин жашаган жерине, журттаган мекенине карай берилет. Ушул сыяктуу алгач П.И. Рычковдун 1762-жылы жана И.Э. Фишердин 1774-жылы жарыяланган эмгектеринде учураган Ала-Тоо кыргызы (Алатай киргисы, Алать-киргиз) экзоварианты кыргыздарды жашаган жерине карай сыпаттап көрсөткөн:

1. .... Багатир Контайша, желая свободится вдруг от сего тягостнаго неприятеля, в означенном 1643 году при помощи друзей своих собрал войско из пятидесять тысячь человек состоящее, и самаго начала овладел двумя провинциями или народами, Алать-Киргизским и Токманским, которых до десяти тысячь человек считалось … (Фишер, 1774: 444).

2. По имеющимся же в Оренбург известиям, кроме здешних в Российском подданств состаящих, есть еще сильной и многолюдной народ Киргисцы за Ташкентом около городов Ходжанта, Наймачина и Мадталана (Наманган жана Маргалаң. - авт), которые кочуют там в каменистых и неудобоприступных горах называемых Алатау, от коих гор и называются они Алатай Киргисы. Их несколько состаять под Зюнгорским владением, а большая часть ни от кого не зависит. С Зюнгарцами имеют они частыя войны, и хотя их на войну збирается не более как около тридцати тысячь человек, но по ситуации жилишь их Зюнгарцы и никто из тамошних владетелей преодолеть их не могут (Рычков, 1762: 133).

Биринчи текст И.Е Фишердин Сибирь тарыхы боюнча эмгегиндеги Жунгар хандыгын түптөгөн Батур Коңтайчынын (Эрдене Батур) 1643-жылы кыргыздар менен казактарга жасаган жортуулу баяндалган бөлүмдө орун алган. Бул текстте Батур Коңтайчы элүү миң аскерден куралган кол менен келип, эки аймакты, Ала-Тоо кыргыздарын каратып алганы жазылган.

Экинчи текст П.И. Рычковдун Оренбург губерниясы жана ага коңшулаш Орто Азия тууралуу эмгегиндеги Киргиз-кайсак деген ат менен берилген казактар тууралуу бөлүмдөн алынган. Бул текстте аты аталган окумуштуу орус бийлигинин астындагы кыргыздардан (казактардан. авт) башка Ташкенттин түштүгүндө, Ходжент, Наманган жана Маргалаң шаарларынын жанындагы Ала-Тоо деген тоолордо көчүп жүргөн күчтүү жана көп сандуу кыргыз эли бар экендигин белгилеген. Ала-Тоо кыргыздары деп атаган бул кыргыздардын бир бөлүгү жунгарлардын бийлиги астында болсо да, басымдуу бөлүгү эч кимге көз каранды болбой эркин жашарын кошумчалаган.

Д. Сапаралиев окумуштуулардын көпчүлүгү Ала-Тоо жана Токмок топонимдеринен улам жогорудагы биринчи тексттеги Алать киргиз сөз айкашы менен Чүй өрөөнүндөгү кыргыздар көрсөтүлгөн деген ойдо болгонун белгилейт (Сапаралиев, 2017: 21-22). Ал эми П. И. Рычков түздөн-түз Ала-Тоону белгилеп, ушул тоодо жашаганы үчүн кыргыздарды Ала-Тоо кыргыздары (Алатай Киргисы) дешкенин жазган. Демек Ала-Тоо кыргызы экзоварианты кыргыздар Ала-Тоодо жашаган калк экендигин көрсөткөн топонимдик этноним.

П.И. Рычковдун уулу Н.П. Рычков казактарга жасаган саякаты тууралуу күндөлүгүндө Казакстандагы Улуу-Тоону сүрөттөп жатып, түшүндүрмө катары төмөнкү комментарийди киргизген:

Улы-Тау и Ала-Тау суть две различныя горы, лежащия в Киргис-Кайсацкой степи. Первая значит великую, вторая пеструю гору: но обе они, по уверению Киргисцов, соединяются с Алтайскими хребтами. Ала-Тау почитается границею между Зюнгериею и Киргис-Кайсацкими владением. Сия гора достойна примечания многими горячими источниками из под подошвы ея текущими. Высота ея, по уверению Киргисцов, есть превосходнейщая из всех гор; ибо облака во многих местах не касаются поверхности гор, и снег на них лежащий не разтаеваеть в самое жарчайшее лето. В средини сих гор ростет множество сосноваго, березоваго и ивоваго лесу. В оных горах обитают коренные Киргисцы (Рычков, 1772: 73-74).

Күбө болгонубуздай, бул текстте Н.П. Рычков Ала-Тоо тууралуу казактардан укканын: бийик тоо экендигин, чокусундагы кар жайында да эрибей турганын жана токойго бай экендигин айтып келип, Ала-Тоодо чыныгы, негизги кыргыздар жашай турганын белгилеген.