СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз генофондуна залал келтирyyчy факторлор

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз генофонуна залал келтире турган ичкилик маселесине токтолдук.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз генофондуна залал келтирyyчy факторлор»

Өскөналиев Нарынбек Абылович

КЫРГЫЗ ГЕНОФОНДУНА ЗАЛАЛ КЕЛТИРYYЧY

ФАКТОРЛОР

Генофонд деген эмне? Ген – грек тилинин «genos» тукум, пайда болуу деген сөзү. Демек, Генофонд тукумкуучулук фактор жыйындысы катары каралат. Улутту өсүп жаткан дарак катары эсептесек, анын азыктандыруучу тамырын генофонд деп түшүнсөк болот. Эгер ал тамыр кургаса же чирисе, дарак кулайт. Анда улуттун келечегинин кесилгени - ошол.

«Бүгүнкү күндө ошол кыргыз улутунун генофондуна балта чаап жаткан факторлор барбы, болсо алар кайсылар?» деген жүйөөлүү суроо туулат.

Ооба, бар ал факторлор. Биринчи кезекте, алкоголизм, анан наркомания жана башкалар.

Аракты чоң-кичине, эркек-ургаачы дебей ичип калдык. Кыргыз журтчулугундагы 2,5 млн кыргыздын болжолдуу 85%ы алкогол ичимдигин аздыр-көптүр иче тургандыгы аныкталды. Алардын 15%ы – алкоголиктер. Алкоголик десе эле, сакал-муруту өскөн, чачы саксайган, кир-шалтак, таштанды чогулткан, жатар жерижок (бомуж) селсаякты түшүнөбүз. Жок, андайлар 3 эле пайызды түзөт. Калган 12% - жумушчу-кызматчы, интеллигент – галстукчан алкоголиктер (моюнга алгылары келбесе да).

Мурдагыдан коркунучтуусу – азыр аялзаты жана жаштар да кошо жарыша ичип жаткандыгы.

Ичкиликтин башталыш башатын карап көрсөк:

* Кызыгуу иретинде эл катары ууртап-татуу;

* Дос-теңтуш, жакындардын (алтүгүл касыңдын да) кыйнап-кыстоосунан улам;

* Кудада, ар кандай отуруш, тойлордо көңүл алуу максатында;

* Кайгырганда, кыйналганда, ачууланганда жана башка учурларда баарын унутуп, көңүл көтөрүү иретинде;

* Чөйрөгө аралашуу негизинде ж.б.

Ошентип ичилип баштап, бара-бара кадыресе көрүнүшкө айланат. Эл сыяктуу эле ичип жаткан сыяктанасың. Бирок, балчыкка бата баштаганыңды сезбейсиң. Ичкилик кызыктырат, улам өзүнө тартат. Азыр ичсең, андан ары улап, анан да ичесиң. Бүгүн ичсең, эртең да ичкиң келет. Мына ушинтип өнөкөт оору башталат.

Уктап турсаң, башың челек, ооруйт. Себеби, каның коюулап, айланышы оорлойт. Жүрөгүң лакылдап, көзүң караңгылап, кузгуң келип, жаның кейийт. Каның катып, тамакка да, эч нерсеге көңүлүң жок, табың тайып, кабагыңдан кар жаайт. «Кыйналгыча, кан суюлсун»,- деп 100 грамм согуп аласың. Жайдаңдап, киши өңдөнүп каласың. Ошентип баш жазасың. Эртең да ошол эле көрүнүш, баш жазасың. Оюңда күндө ичип жаткан жоксуң, Мидикем айтмакчы «бир эле күн ичтиң, калганы баш жазуу».

«Арканы жок, жиби жок байлап алат жинди суу,

Жылаңайлак-жылаңбаш айдап алат жинди суу» (Райкан).

«Иче электе коёнсуң, ууртап алсаң ноёнсуң.

Көтөрө чуркап таякты, талкалап казан-аякты,

Жумшактан үйдө күл калат, катуудан калат казаны», - деп Райкан айтмакчы, үй-бүлөдө жек көрүндү болуп, дос-туугандан алыстайсың, кызматыңдан ажырайсың.

«Ит каппайт сени адам деп, кыз сүйбөйт сени жаман деп.

Суу кечкен теке кейиптентип, плащчан коёт кышында» (Райкан).

Ошентип, «жиндиликке машыгасың» (Пифагор). «Мастык – кырсык үчүн ачыла турган эшик» деп бекер айтпайт, эмне кылганын билип-билбей, бирөөнү майып кылган, өзү майып болгон кырсыктар канча, уугуп (отравление) өлгөндөр канча. Арак бардык органдарыңа терс таасирин тийгизип, бир мүчөң соо болбой, ден соолугуңдан ажырайсың. «Ак болгону менен арак канчалаган кишини кызыл тумшук, кара бет кылды» (А.П.Чехов). Биз эле билген зыңгыраган канча адамды жолдон чыгарып, жакындарыбызды колдон жулду. Жүзү курусун ушул арактын!

Гезиттен төмөнкүдөй бир макала окуп, авторуна абдан ыраазы болдум. Алкоголизмге кадам шилтегендерге, же сазына баткандарга сабак болор. Алардын да адамдык эрки козголор:

«Меникине окшогон тагдырларга сабак болор. Убагында мен да окуу жайын бүтүп, үйлөнүп, бала-чакалуу болуп эле жашадым. …Алгач ууртап-татып жүрүп, аракка кантип берилип кеткенимди билбей да калдым. Жети бала теңтуш элек, үчөө арактын айынан тиги дүйнөгө аттанышты. Калганыбыз культурный алкашка айландык. Ата-эне, бир тууган, келинчегимди укпай, өчөшүп, башка жактан арак табылбайт бекен деп күчөп, күркүрөтө иче баштадым. Көзүмө арактан башка эч нерсе көрүнбөй, көңүлүмө арактан башка эч нерсе жакпай калды. Кошуна комокторго жазыла баштадым. Кошуп да жаза башташыптыр. Карыз дептерде: «Арак, аксуу, курут – 1 ай - 1700», «Арак, аксуу, семичке – 3 ай - 2500»ж.б. уланат. Акыры карызга бербей да калышты.

Өзүм башым ооруп араң турганда биринен сала бири карызын доолап келишет. Жашоодон аша кечип деле калат экенсиң. Таштап эле койбойбу деп ичпегендер жактырбайт. Анте албайсың.

Бул арак шүмшүктү алдаш керек экен. Биринчиден, эрк керек экен. Кандай балакеттүү орго түшүп кеткениңди акылың менен түшүнүшүң керек тура. Мурунку ичпей жүргөн кезимди эстеп, арактан ирип-чирип бүткөн өпкө-боорумду элестетип, ушунчалык жийиркенүү менен ичип жүрдүм. Колго стакан тийгенде, жок демей жок, бирок ушундан кудай куткарса экен деп тилей берчүмүн. Өзүмдү жек көрүп, арактын алдында алсыздыгыма, жеңүүгө күчүм жетпегенине ызам келип, ыйлаган күндөрүм да болду. Аябай кыйналдым. Акыркы эки жылдын ичинде организм өзү ошол балакетти сурагандан айныды. Эч кандай врач, дарылануусуз арактан айрылууга күчүм жетти.

Эми кудайга шүгүр, баягы сатып жиберем деген тамдын жанына дагы бир там салып, келинчегим менен жараштым. Арак ичип жүргөн кезимди эстесем, ошондо канча ажалдан калдым экен деп жүрөгүм селт этет. Бирок канткен менен ички дүйнөнү оңдош кыйын экен. Арактан өзүң эле эмес, аң-сезимиң кошо бузулат турбайбы. Бөлөк дүйнөдөн келгенсип, же ичкен кишилерге кошулбай, же ичпеген кишилер менен боло албай, үйрүнөн адашкан карышкырдай болуп, ээн жерге барып улуп-уңшуп алгың келет, чиркин. Эң коркунучтуу дарт ушу турбайбы. Рак экенсиң дешсе, кой кокуй, дарыланайын деп жанталашасың. Алкашсың десе, жаман арыңда арданып, такыр моюнг алгың келбейт да.

Азыр тамекиден кутулуунун амалындамын. Бу дагы эркти талап кылат экен. Кадимкидей жытын сагынып, эңсейт экенсиң, кургурдуку. Бирок мен өзүмдү биринчи сыноодон өттүм деп эсептейм. Демек, бул илдеттен да кутулууга эрким, күчүм жетет».

(«Аракечтик аң-сезимди да жеңди». «Агым», 11.04 08)

Наркологиялык борбордун кызматкери врач-нарколог Ш.А.Өмүралиевдин эң кызыктуу, аргументтүү дарсын окуучу-жаштарга угузуу менен, тасмага жаздырып алдым, окуучу-студентпи, кыз-эркекпи, жаш-карыбы дайыма угузуп турууну көздөөдөмүн.

Төмөнкүдөй көрсөтмөлүүлүктү да сунуш кылар элем:

«МАСТЫК – КЫРСЫК YЧYН АЧЫЛА ТУРГАН ЭШИК»

(ЧЫГЫШ ЭЛДЕРИНЕН)

«АРАК АДАМДЫ АЙБАНГА ТЕҢЕП САЛАТ»

(Ф.ДОСТОЕВСКИЙ)

«АРАК АК БОЛГОНУ МЕНЕН АДАМДЫ КЫЗЫЛ ТУМШУК, КАРА БЕТ КЫЛАТ.»

(А.П.ЧЕХОВ)

«МАС БОЛУУ – ЖИНДИЛИККЕ МАШЫГУУ»

(ПИФАГОР)

ИЧЕ ЭЛЕКТЕ КОЁНСУҢ,

УУРТАП АЛСАҢ НОЁНСУҢ.

КӨТӨРӨ ЧУРКАП ТАЯКТЫ,

ТАЛКАЛАП КАЗАН-АЯКТЫ.

ЖУМШАКТАН YЙДӨ КYЛ КАЛАТ,

КАТУУДАН КАЛАТ КАЗАНЫ.

(РАЙКАН)

ИТ КАППАЙТ СЕНИ АДАМ ДЕП,

КЫЗ СYЙБӨЙТ СЕНИ ЖАМАН ДЕП.

СУУ КЕЧКЕН ТЕКЕ КЕЙИПТЕНТИП,

ПЛАЩЧАН КОЁТ КЫШЫНДА.

(РАЙКАН)

АРКАНЫ ЖОК, ЖИБИ ЖОК,

БАЙЛАП АЛАТ ЖИНДИ СУУ.

ЖЫЛАҢАЙЛАК-ЖЫЛАҢБАШ

АЙДАП АЛАТ ЖИНДИ СУУ.

КАЛТЫРАТАТ КОЛУҢДУ,

ИЙРИ КЫЛАТ ЖОЛУҢДУ.

ЖАЙДЫН КYНY КИЙГИЗЕТ

КЫШЫНДАГЫ ТОНУҢДУ.

(РАЙКАН)


«АЛКОГОЛИЗМ YЧ КЫРСЫКТЫ: АЧАРЧЫЛЫК, ТУМОО ЖАНА СОГУШТУ БИРИКТИРИП АЛГАНГА КАРАГАНДА ЗЫЯНДУУ КЕЛЕТ.»

(В.ГЛАДСТОН)

«АДАМ БОЛУУ АСТА-АСТА, АЙБАН БОЛУУ БИРПАСТА.»

«АДАМЧА ТУУЛУП, АЙБАНЧА ЖАШАБА.»

(эл макалдары)

«ЭЛИБИЗДИ ТУКУМ КУРУТ КЫЛА ТУРГАН НЕРСЕ - СОГУШ ЭМЕС, АРАК. АЛ ИЧТЕН ЖЕГЕН КУРТТАЙ, ӨЗYҢДY ЖЕП, АНАН УКУМ-ТУКУМУҢА ӨТYП КЕТЕТ.»

(гезиттен)

«ИЧПЕЧИ, АПА!» «ИЧПЕЧИ, АТА!»

(жалооруган бала үнү)