СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө 100жыл)

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

ККАОнун ТҮПТӨЛҮШҮНӨ САЛЫМ КОШКОН АТАЛАР ТУУРАЛУУ САБАКТАН ТЫШКАРКЫ "МЕНИН ОЮНУМ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШТЫН ИШТЕЛМЕСИ

Просмотр содержимого документа
«КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө 100жыл)»




ПАНФИЛОВ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

№3 ЧАЛДЫБАР ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ

Бекитемин:

_______________________

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине карата өтүлүүчү интеллектуалдык акыл-таймашынын иштелмеси











Темасы:





КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР”















9-класс







Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.



2024-жыл

Сбактын темасы: “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар”

Сабактын максаты:

Максаты:

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түпөлүшү жана түзүлүшү тууралуу билимдерин тереңдете алса;

Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшү тууралуу тарыхын биле алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар алган билимдерин жашоодо колдонууга үйрөнө алса;

Берилген суроолорго шамдагайлык менен оңой эле жооп бере алышат.

Тарбия берүүчүлүк:

Окуулар оюндун шартын толук түшүнө алса, өз элинин тарыхын сүйүүгө (патриоттуулукка) үйрөнө алса;

Окуучулар тартипти сактай алышат, өз кезегин күтүп жооп бере алышат, патриот атуулдукка тарбиялана алышат, компетенттүү боло алышат.



Сабактын тиби: Аралаш, оюн сабак, мелдеш сабак;

Сабактын ыкмасы: Өз алдынча иштөө ыкмасы;

Сабактын формасы: Оюн жана мелдеш сабак;

Сабактын жабдылышы: ТСО, трибуна.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Мугалим: Саламатсыздарбы?! Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт- демекчи. Акыл миң күндүк, ал эми кийим бир күндүк экенин аныктаган 3 окуучу биздин алдыбызда. Анда эмесе, биз бүгүнкү оюндун катышуучуларын алдыбызга чакырып, алар менен таанышсак:

1._______________________________________________

2. ______________________________________________

3.________________________________________________





Үч нерсе акылга күч окшот экен: Илимдүүлөр менен маектешүү, тажрыйба жыйындысы, туруктуу мүнөз. Мына, булардын баары биздин катышуучуларыбызда бар. Анда эмесе, кимиси эң акылдуу экенин билгиңиздер келсе, алдыңкы мүнөттөрдө биз менен бирге болуңуздар.

Ал эми люндун шартын түшүгдүрүп кете турган болсом, быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп отурат, мамлекттүүлүк өзү эле пайда болгон жок, аны түптөгөн инсандар бар, мына ошол мамлект болушуна зор салымын кошкон инсандар боюнча, башкача айтканда категориялар бар жана ал категорияларга тийиштүү упайдагы суроолор бар, эгер сиз тандаган категориядагы суроого жооп бере алсаңыз, капчыгыңызга ошол номиналдагы упайды саласыз, ал эми жооп бере албай калсаңыз, тескерисинче топтогон упайларыңыздан ошол номинал кемийт. Эгер дайын болсоңор, анда ар бириңерге ийгилик каалоо менен интеллектуалдык оюнубузду баштайлы...



Бышыктоо:

Ишеналы Арабаев” категориясы:

  1. Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ишеналы Арабаев качан жана кайда туулган? (Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкордун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген).

  2. Эки доордун куугунтугуна кабылган агартуучу ким? (И.Арабаев)

  3. И.Арабаев жергиликтүү мектепти кайсы жылдары аяктаган? (1900-жылдары жергиликтүү мектепти аяктаган)

  4. Орусиянын Оренбург шаарындагы «КУСАНИЯ» медресесинде кайсы жылдан баштап окуй баштаган? (Орусиянын Оренбург шаарындагы «КУСАНИЯ» медресесинде 1910- жылдан баштап окуй баштаган).

  5. Орусиядан келген соң 1913-16-ж.ж. кайда мектеп ачып иштей баштаган? (Нарын жана Көл аймактарында)

  6. Оренбург шаарынан кийин И.Арабаев билимин кайда уланткан? (Уфа шаарындагы «Галия» медресесинде)

  7. Агартуучу 1917-жылы Үркүндөн кайтып келгенден кийин Кытайда калган мекендештерин кайтаруу үчүн кимге кат жазган? (В.И.Лениндин өзүнө)

  8. Арифметика, табият таануу жана география сыяктуу илимди камтыган бир катар окуу китептерин кайсы жылы жарыкка чыгарган? (1924-ж.)

  9. И.Арабаев качан жалган жалаа менен камакка алынып дүйнөдөн кайткан? (1933-жылы 11-майда камакка алынып, ошол эле жылдын 7-июнунда дүйнөдөн кайткан)

  10. 1911-жылы Казань шаарында кайсы акындын чыгырмасын кыргызча китеп кылып басмадан чыгарган? (Молдо Кылыч акындын «Кысса зилзала» чыгармасын)

Абдыкадыр Орозбеков” категориясы

  1. Абдыкадыр Орозбеков 1918-1920-ж.ж. кайда кызмат өтөгөн? (Кызыл Армияда)

  2. Жаңы кыргыз алфавитин иштеп чыгуу боюнча борбордук комиссиянын жана кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Ленин атындагы фондун кайсы жылдары жетектеген? (1930-31-ж.ж. )

  3. Абдыкадыр Орозбеков 1924-жылы кайсыл сыйлыкты алган? (Туркестан Республикасынын «Алтын белгиси» менен сыйланган)

  4. Ош облусунун эмгек Кеңешинин Агрардык бөлүмүнүн башчысы болуп кайсы жылдары эмгектенген? (1924-1925-ж.ж.)

  5. Кыргыз Республикасынын биринчи башчысы болуп кайсы жылга чейин эмгектенген? (1937-жылга чейин)

  6. Азыркы Кыргызстандын түптөөчүлөрүнүн бири болгон А.Орозбеков
    канча жашында каза болгон? (49 жашында каза болгон)

  7. Абдыкадыр Орозбеков качан жана кайда туулган? (1889-жылы
    Фергана облусунун Маргалаң уездиндеги Охна айылында туулган)

  8. Кайсы жылдан баштап жаңы курулган өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна баш-оту менен киришкен? (1920- жылдан баштап)

  9. Кайсы жылы Кара-Кыргыз автномиялуу облусунун төрагалыгына шайланган?( 1925-жылы)

  10. А.Орозбековдун жетекчилиги астында эмнелер(кайсы имараттар) курулган? (орус драм театры, бир катар жогорку окуу жайлар, мамлекеттик филармония курулган)

Жусуп Абдырахманов” категориясы

  1. Жусуп Абдырахманов кандай үй -бүлөдө, качан туулган? (манаптын үй -бүлөсүндө, 1901-жылы 28-декабрда туулган)

  2. 3-класска чейин кайсыл мектепте окуган? (Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуган)

  3. Жусуп Абдырахманов канча бир тууган болгон? (7 бир тууган болгон)

  4. Анын аракети менен Кыргызстан кандай республика болгон? (Адегенде автономиялуу облус, анан автономиялуу республика болгон)

  5. 26 жашында кандай жумушта иштеген? (1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болгон)

  6. 1933-жылы кандай жалаа жабылган? (“Компартияга каршы аракеттенген”)

  7. 1937-жылы эмне себептен камакка алынган? (Антисоветтик террорист, Социал-туран саясий партиясынын түзүүчүсү)

  8. Качан, кантип дүйнөдөн кайткан? (1938-жылы 5-ноябрда репрессияга кабылган)

  9. Ал канча балалуу болгон? (5 балалуу болгон)

  10. Анын ысымын эмнеге ыйгаруу сунушталган? (Бишкек шаарындагы бир ЖОЖго)

Касым Тыныстанов” категориясы

  1. Алгачкы билимин канча жашында, кимден алган? (8 жашында айылдагы молдодон)

  2. Кара-Кол шаарындагы жергиликтүү орус-тузем мектебине кайсы жылы кабыл алынат? (1914- жылы )

  3. Үркүндө кайсы жылдары Кытайда жашаган? (1916-1918-ж.ж. Кытайда жашаган)

  4. Эмгек жолун эмнеден баштаган? (1920-жылы “Жаңа өрис” гезитине бөлүм башчы болуп эмгек жолун баштаган)

  5. Ташкенттеги Агартуу институтун кайсы жылы аяктаган? (1924-жылы)

  6. Кайсы жылы доцент болгон? (1932-жылы)

  7. “Касым ырларынын жыйнагы” качан, кайсыл жерден басылып чыккан? (1925-жылы Москвадан)

  8. “Эл душманы” деген жалган жалаа жабылышына эмне себепчи болгон?( “Академиялык кечелер” спектакли)

  9. Тунгуч көркөм котормочу катары кимдин чыгармасын которгон? (И.А. Крыловдун тамсилдерин)

  10. Канча жашында дүйнөдөн кайтат? (37 жашында)

Иманалы Айдарбеков” категориясы:

  1. Иманалы Айдарбеков качан, кайсыл жерде туулган? (Азыркы Сокулук районундагы Жал айылында 1894-жылы туулган)

  2. 1909-жылы кайсы окуу жайды бүтүргөн? (Бишкектеги айыл-чарба техникумун бүтүргөн)

  3. 1920-21-ж.ж. кайсы уезддик ревкомунун мүчөсү болгон? (1920-21-ж.ж.
    Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү болгон)

  4. Кайсы жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы болгон? (1924-жылы)

  5. 1927-29-ж.ж. кайда жана ким болуп иштеген? (Кыргыз АССРнин
    жеңил өнөр-жай жана соода эл комиссары болуп иштеген)

  6. Мурдагы ТИМ Чыңгыз Айдарбеков Иманалы Айдарбековдун кимиси болот? (Чөбөрө-жээни болот)

  7. Качан көз жумган? (1938-жылы 5-ноябрда каза тапкан)

  8. «Атабейит» көрүстөнүнө сөөгү качан (канчанчы жылы) кайра коюлган? (1991-жылы)

  9. Жубайынын аты ким болгон? (Жубайынын аты Кичкен Айдарбекова болгон)

  10. Канча баласы болгон? (2 кызы болгон: Токтобүбү жана Рапия)

Абдыкерим Сыдыков” категориясы:

  1. Түркстан автоном республикасынын карамагында Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү идеясын кайсы жылы көтөрүп чыккан? (1922-жылы Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү идеясын көтөрүп чыккан)

  2. 1911-жылы кайсы окууну бүтүргөн? (Верныйдагы эркек балдар гимназиясын бүтүргөн)

  3. 1912-1917-ж.ж. Пишпек уезддик башкармасында ким болуп иштеген? (катчы жана тилмеч)

  4. Кайсы жылы большевиктер партиясынын катарына өткөн? (1918-жылы октябрда)

  5. Кайсы жылы Жети-Суу облустук Мусулман бюросунун төрагасы болгон? (1922-жылы)

  6. Ташкенде Орто Азия мамлекттик университетинде илимий кызматкер болуп кайсы жылдары иштеген? (1926-1932-ж.ж.)

  7. Кайсы жылы Кара АССР Мампландын төрагасынын орун басары болуп иштеген? (1932-жылы)

  8. Кайсы жылы эмне себептен эркинен ажыратылган? (1933-жылы камакка алынып, «контрреволюциячыл» деп эркинен 10 жылга ажыратылган)

  9. Качан дүйнөдөн кайткан? (1938-жылы «Социал-Турак партиясын» уюштуруучу деген жалган жалаа менен өлүм жазасына тартылган)

  10. Кыргыздын чыгаан коомдук жана мамлекеттик ишмери, окумуштуу, тарыхчы А.Сыдыков качан жана кайда туулган? (1889-жылы Чүй олусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында туулган)



Жыйынтыктоо: Катышуучулар мактоо баракчасы жана жеңүүчү диплом жана статуэтка мене сыйланат.