СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары. 11-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары. 11-класс

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары. 11-класс»



Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык саясаттынын негизги багыттары

Мамлекеттин макроэкономикалык саясаты –өлкөнүн экономикасына таандык ири кубулуштарды жана процесстерди изилдеп, улуттук чарбаны колдоо максатында экономиканы жөнгө салуу боюнча жүргүзгөн мамлекеттин иш-аракеттери. Макроэкономика терминин алгач 1934-жылы Р. Фишер тарабынан сунушталган. Ал эми макроэкономикалык жаңы багыттын негиздөөчүсү англиялык экономист Ж. М. Кейнс (1936-жылы жарык көргөн «Иш менен камсыз болуу, акча жана проценттин жалпы теориясы» эмгегинен кийин) болгон.

Макроэкономика өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн факторлорун жана жыйынтыктарын, чектелген ресурс шартында экономикалык өсүүнүн тенденцияларын изилдейт. Макроэкономика объектиси катары жыйынтыкталып жалпыланган экономикалык көрсөткүчтөр (улуттук жана ички дүң продукциялар, улуттук киреше, мамлекеттик жана жеке суммалык инвестициялары, жүгүртүүдөгү жалпы акча көлөмү) эсептелинет. Макроэкономикалык саясаттык негизги беш тармагы бар. Алар: 1) монетардык;

2) фискалдык;

3) элдин кирешеси (социалдык);

4) инновациялык-инвестиция;

5) тышкы экономикалык саясат. башкача айтканда кайсы экономикалык циклде болсо, ошого жараша иш алып барат, о. э өлкөдөгү орточо экономикалык көрсөткүчтөрдү (орточо киреше, орточо эмгек акы, инфляция деңгээли, жумушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгектин өндүрүмдүүлүгү, экономикалык өсүүнүн темпи жана түзүлүш пропорциялары) да изилдейт. Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев жагдайды мындайча чечмеледи.

Насирдин Шамшиев.

- 2019-жылы макроэкономикалык туруктуулукту сактап калдык. Биз бул жылы өсүү 4% болот деп болжолдогонбуз, 11 айдын жыйынтыгы менен жалпы көрсөткүч 4,9% болду. Ал эми «Кумтөр» кенин эске албаганда өсүү темпи 3,5% болду. Жалпы көрсөткүчтө 4,9% өсүш камсыздалганына «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көбөйүшү себеп болду. Былтыркы жылы анда 17,2 тонна болсо, быйылкы жылдын аягына чейин 18,2 тоннага чейин алтын өндүрүлөт деп жатышат.

Мамлекеттин макроэкономикалык саясатынын максаты экономиканы турукташтыруу, өнүктүрүү болуп саналат. Макроэкономикалык саясаттын негизги тармактарына токтолобуз:

  1. Монетардык саясат-рыноктогу тең салмактуулукту жана инфляцияны азайтып, экономиканын иштешине жана өнүгүшүнө таасир берүүчү акча-кредит системасын жөнгө салуучу экомикалык саясат. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк статусун алган, 1991-жылы 27-июнунда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкы жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде КРнын Мамлекеттик банкы түзүлгөн.1993-жылы 5-майынан баштап КРнын Улуттук банкы деп аталат.

Кыргызстандагы рефмалардын негизги мааниси мамлекеттик банк монополиясынан баш тартууда, жаңы эки деңгээлдеги банк системасын түзүүдө.

  1. Мамлекеттик ( улуттук) банк;

  2. Коммерциялык банктар;

Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербейт. Улуттук банк мамлекеттик көз карандысыз органдардын бири. Улуттук банк экономикадагы акчалардын санын банктарга бериле турган кредиттерди көбөйтүү же чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жолу менен түздөн-түз көбөйтөт. Ушул операциялардын бирин колдонуу менен борбордук банк өзүнүн активдерин (кредиттерди, баалуу кагаздарды, чет өлкөлүк валюталык резервдерин) көбөйтөт жана ошого жараша өзүнүн банкнот (коммерциялык банктарга, казыналыкка жана баалуу кагаздар менен чет өлкөлүк валюталарды сатуучуларга) түрүндөгү пассивдерин көбөйтөт.

2. Фискалдык саясат-бул мамлекеттин салык-бюджет саясаты. Фискал ( fickal)- казына дегенди түшүндүрөт. Бул мамлекеттик кирешелер жана чыгашалардын саясаты. Бул маселелерди финансы министрлиги чечет. Анын төмөнкүдөй функциялары бар:

  • кирешени жана байлыкты кайра бөлүштүрүү,

  • улуттук продуктунун структурасын өзгөртүү максатында ресурстардын бөлүштүрүлүшүнө түзөтүү киргизүү,

  • экономиканы турукташтыруу, б.а., рыноктук коньюнктуранын термелишинен пайда болгон иш менен камсыз кылуунун жана инфляциянын деңгээлине көзөмөлдүк кылуу, о. э. экономикалык өсүштү стимулдаштыруу. «Бул функцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет акчаларды кайдан алат?» - деген суроо келип чыгат.

Акчалар үч булактан түшөт:

  • а) Салыктар.

  • б) Процент алып келүүчү казыналык милдеттенмелер түрүндөгү карыздар.

  • с) Өзүлөрүнүн кармап туруучуларына процент алып келбеген кагаз акчалардын жана тыйындардын эмиссиясы.

Мамлекет милдеттенмелерине жараша кыйла даражада салыктарга, карыздарга таяна өзүнүн чыгашаларын жана алынуучу салыктарын көбөйтө же азайта алат жана алардын салыштырмалуу салмагын өзгөртө алат. Бул өзгөрүүлөр экономисттер атап жүрүшкөндөй «фискалдык саясаттын» бир бөлүгүн, б. а., салык салуу жана чыгашалар жагынан жалпы иш-чараларды, о. э. ушул чыгашаларды финансылоо методдорун түзөт. Салыктар өкмөттүн колуна экономикага таасир тийгизүүчү экинчи аспап берет.

Фискалдык саясат негизинен мамлекеттик бюджет аркылуу жүргүзүлөт.

3. Элдин кирешеси ( социалдык).

Мамлекеттин социалдык киреше саясатында негизги фактор демографиялык кырдаал болуп эсептелет. Социалдык үй-бүлөлүк планда көп балалуу үй-бүлөдөн орто жана аз балалуу үй-бүлөлөргө өтүү байкалууда. Жаштардын никеге туруу курагы жа жогорулап (25-27 жаш), тун жана кийинки балдардын ортосундагы аралык да алыстады. Эки балалуу үй-бүлөлөрдүн үлүшү бара-бара көбөйүүдө.

 Кыргызстандагы демографиялык саясаттын негизги багыттарына – миграция, эмгек ресурстарынын курамы жана түзүлүшү, эмгекке орноштуруу, калктын иш менен камсыз болушу ж.б. кирет.

Кыргызстандын калкынын 35%тен ашыгы жакырчылыктын чегинен төмөн турат. Бул өлкөдөгү курч проблемалардын бири. Жакырчылык социалдык жана саясий туруктуулукту бузуучу фактор болуп эсептелет. Ошондууктан 2020-жылдарга чейин жакырчылыктын деңгээли 26% ке чейин төмөндөөгө тийиш.

4. Инновациялык-инвестициялык саясат. Бул саясаттын негизги максаты экономиканы өнүктүрүү үчүн инвестициялык кырдаалды жакшыртуу жана жаңы инновациялык ойлоп табууларды, жаңы же жаңыртылган технологияларды, продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тартуу болуп эсептелет.

Бул багыт боюнча Европа биримдигинде 1968-жылы атайын Генералдык директорат, 1975-жылы Европалык фонд, 1982-жылы АКШнын Конгресси инновациялык ишмердикти мамлекеттик колдоо боюнча атайын мыйзам кабыл алган.

Бүгүнкү күндө инновацияга таянып, товарлардын сапатын дүйнөлүк деңгээлге жеткирген ишкерлер өлкөбүздө аз. 2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда 585 өнөр мекемелеринин ичинен 8,2 % гана инновациялык иш жүргүзүшкөнү белгилүү болду. Азыркы мезгилде алардын саны өсүүдө.

Мамлекеттин инвестициялык саясаты.

Инвестициялар - капиталдын жеке сектору жана мамлекет тарабынан өлкөнүн ичинде, чет өлкөлөрдө экономиканын ар кыл тармактарына берилүүчү узак мөөнөттүү салымдар жана баалуу кагаздар.

Инвестициялар өндүрүш каражаттарын көбөйтүүгө, салымдарды калктын акцияларды сатып алууга сарптоолорун көбөйтүүгө кеткен сарптоолордон куралат.

5. Тышкы экономикалык саясат-салыктар, субсидиялар жана импорт жана экспортко түз чектөөлөр аркылуу экономикага таасирин тийгизе турган мамлекеттик саясат. Демек, мамлекеттин ички экономикасын өнүктүрүү үчүн тышкы керектүү экономикалык шарттарды түзүү керек. Бул саясатта тышкы соода чоң роль ойнойт.

Тышкы соода-бир өлкөнүн башка өлкөлөр менен соода жүргүзүүсү, товарды алып келүүдөн (импорт) жана сырткыы чыгаруудан (экспорт) турат. Тышкы сооданын негизги принциптери-өлкөлөрдүн тең укуктуулугу жана эки тарапка тең пайдалуулугу.

Республикада экспорттун эң маанилүү жана тез өсүп бараткан товары –алтын. Экспорттун чийки зат багыты да сакталууда. Өнөр жай товарларынын жана жарым фабрикаттардын бир бөлүгү гана экспорттоого жетишилди.



Экспорттун негизги статьялары болуп асыл металлдар, тамеки жана пахта буласы, кездеме буюмдары, даяр тамак-аш азыктары саналат. Ал эми экспортто-даяр тамак-аш азыктары, кездеме буюмдары, жабдуулар жана механизмдер калууда.

Импорттун структурасында да өзгөрүүлөр болду. Республика машиналарды, механизмдерди, мунай заттарды, жаңы технологияларды сатып алууга көбүрөөк таламдаш болсо да, керектөө товарларынын импортунун агымынын өсүшү байкалууда. .

Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматтарына ылайык, тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь-октябрында 5,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 2,1 пайызга төмөндөдү. Мунун ичинен импорт 7,2 пайызга кыскарып, экспорт 14,1 пайызга көбөйдү.

Ошентип, Кыргызстан аралаш ( конвергенттик) экономикалык системаны курууда, мамлекеттин макроэкономикалык саясатынын беш багыты аныкталды. Макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын өдөштүрүүдө Кыргызстан бир кыйла ийгиликтерге жетишти.



Колдонулган адабияттар:

Ш. М. Мусакожоев.Экономика. Б., 2012-ж., 18-128б.



Түзгөн: Ажыбаева Н. Э.



3