СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз республикасынын мектеп билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын мазмуну. Предметтик стандарттар: окутуунун методдоруна жана натыйжаларына коюлган талаптардын өзгөрүүсү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз республикасынын мектеп билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын мазмуну. Предметтик стандарттар: окутуунун методдоруна жана натыйжаларына коюлган талаптардын өзгөрүүсү»

2. ТЕМА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН МАЗМУНУ. ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР: ОКУТУУНУН МЕТОДДАРЫНА ЖАНА НАТЫЙЖАЛАРЫНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАРДЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ



2.1. тапшырма. Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген мектептик билим берүүнүн максаттары жана милдеттери менен таанышыңыз. Мурдагы мамлекеттик билим берүү стандартына салыштырмалуу бул ченемдик актта пайда болгон жаңы талаптарды белгилеңиз. Эскертүү:Жаңы талаптар асты сызылды.

(2014-жылкы МББС) Билим берүүнүн максаты: улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандын жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы.

(жаңы МББС)Мектепте билим берүүнүн максаты: окуучулардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү, компетенцияларды алууга даярдыгы үчүн сапаттуу билим берүү жана бардык адамдар үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу.



(2014-жылкы МББС) Билим берүүнүн милдеттери:

- окуучунун курактык өзгөчөлүгүнө ылайык педагогикалык жактан жатыккан адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин негизги өзөгүн өздөштүрүү;

- ийгиликтүү социалдашуу максатында жарандык маданиятты, толеранттуулукту, өз укуктарын коргой билүүнү калыптандыруу;

-коммуникативдик компетенттүүлүгүн, маек кура билүүнү, маңыздуу компромисстерди издеп жана табууну калыптандыруу;

- окуучуларда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү жана өзүн тыкан алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн, өз жосундары жана өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти ала билүүнү тарбиялоо;

- ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигинде, өз алдынча издөө, окуу ишмердигинде багыт алып жана иштей билүү жөндөмүн өнүктүрүү;

- ар бир бала үчүн анын коомго аралашуусун камсыз кылуу жана билим алуусуна бирдей укуктарды берүү.

(жаңы МББС)Билим берүүнүн милдеттери:

- бардык балдар үчүн, анын ичинде инклюзивдик жана гендердик теӊчилик принциптеринде билим алууга бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- коопсуз жана өнүгүүгө өбөлгө түзгөн окуу чөйрөсүн түзүү;

- окуучулардын ар биринин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо жана өнүктүрүү, физикалык, психикалык, социалдык, рухий жана адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү;

- окуучулардын адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылуу;

- негизги жана предметтик компетенттүүлүктү калыптандыруу;

- бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымынын негиздерин калыптандыруу;

- инсандын өзүн-өзү тарбиялоо, өзүн-өзү таануу жана өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча өз алдынча издөөнү жана окуу-практикалык иш-чараларды уюштуруу;

- окуучуларды глобалдык көйгөйлөргө жана аларды чечүүгө активдүү катышууга, ошондой эле тынчтык, толеранттуу, инклюзивдүү жана коопсуз дүйнөнү курууга даярдоо;

- окуучулардын заманбап экологиялык көйгөйлөр, климаттын өзгөрүшү, жоопкерчиликтүү керектөөлөрдү жана жаратылышка аяр мамиле, жашыл экономика маселелерин түшүнүүсүн камсыз кылуу;

- санариптик жана медиа маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү;

- каржылык жана укук маданиятын калыптандыруу;

- билим берүү жана эмгек шыктандырууну, жигердүү турмуштук позицияны жана өзгөрүп жаткан дүйнөдө өзгөчө кырдаалдарга көнүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу;

- окуучулардын ар түрдүүлүк жана теңдик, адам укуктары, басмырлоосуздук, социалдык инклюзия жана айырмачылыктарды урматтоо баалуулуктарын калыптандыруу;

- ар түрдүүлүк, пикирлердин жана көз караштардын плюрализми инсандын, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн баалуу ресурсу катары кабыл алынган билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу.



(2014-жылкы МББС) Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй баалуулук максаттарга багытталган окуучунун жеке мүнөздөмөсүнүн калыптанышын камсыз кылат:

- Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий жана табигый байлыктарына сарамжалдуу мамиле кылуу;

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды, эркиндиктерди түшүнүү, кабыл алуу, эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажыралгыс байланышта түшүнүү, жеке тандоо жасап жана аны коргой билүү;

- социалдык, саясий, маданий турмушта толеранттуу жүрүш-туруш, өз өлкөсүнүн жана дүйнөнүн элдеринин маданий, руханий дөөлөттөрүн өздөштүрүү менен бир учурда эне тилге жана маданиятка аралашуу үчүн негиз катары маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн баалуулугун аңдап-түшүнүү жана кабыл алуу;

- өзүн-өзү урматтоого жана инсандык потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, заманбап социалдык-экономикалык шартта жеке жыргалчылыкты камсыз кылган жигердүү эмгектик ишке даяр болуу;

- туруктуу өнүгүү принциптерин жолдоо, коопсуз жана дени сак жашоо ыңгайынын ченемдерин кармануу, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн социалдык жана экологиялык кесепеттеринин алдын-алуу.


(жаңы МББС)Билим берүүнүн милдеттери:

Мамлекеттик стандарт окуучулардын төмөнкү баалуулуктарга багытталган инсандык сапаттарын калыптандырууну камсыз кылат:

- Мекенди сүйүү, улуттук каада-салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий мурастарын жана жаратылыш байлыктарын урматтоо; глобалдык өз ара байланыштарды түшүнүү;

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди түшүнүү жана кабыл алуу, жоопкерчилик менен тыгыз байланышта эркиндиктин моралдык маанисин аңдоо;

- коомдук, саясий жана маданий турмушта толеранттуу жүрүм-турумдун негизи катары маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн баалуулуктарын билүү жана кабыл алуу, өлкө элдеринин жана дүйнөнүн маданий жана руханий баалуулуктарын өздөштүрүү менен эне тили жана маданияты менен таанышуу;

- өзүн-өзү сыйлоо жана жеке потенциалды ишке ашыруу, башкаларды сыйлоо, чыр-чатактарды болтурбоо жана өз ара жардамдашуу.



(2014-жылкы МББС) 16. Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүккө окуучулар төмөнкү шарттарда ээ болушат:

- окуу процесси окуучунун өз ишинин уюштурулушу жана натыйжасы үчүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

- окуучулар жалпы билим берүүнү уюштурууда жана сабактан тышкары жана класстан тышкары иштерде долбоордук, изилдөө, социалдык иштерди жүргүзүүдө окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө кошулган;

- окуучулардын максаттарды алдыга коюп жана ага жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн жагдайлар түзүлгөн;

- баа берүүнүн негизинде окуучунун жекече билим берүү траекториясын туруктуу түзөтүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган;

- мектептердин педагогдору билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүү мамилени көрсөткөн.

(жаңы МББС)Билим берүүнүн милдеттери:

Окуу процессинде окуучулар негизги компетенцияларга төмөнкү шарттарда ээ болушат:

- окуу процесси окуучунун өз алдынчалыгын жана өз ишмердүүлүгүн уюштуруу жана натыйжалары үчүн жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

- окуучулар жалпы билим берүү уюмунда окуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн ишке ашырууга жана класстан тышкаркы жана сабактан тышкаркы иштерде долбоордук, илимий-изилдөө, коомдук иштерди жүргүзүүгө тартылат;

- окуучулардын тажрыйба коюу жана максатка жетүү көндүмүн өнүктүрүү жагдайлар түзүлгөн;

- мектеп мугалимдери билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүүлүккө негизделген мамилени көрсөтүүдө.



2.2. тапшырма. МББСда билим берүүнүн максаттарынын жана милдеттеринин өзгөрүшүнө байланыштуу методдорго жана окутуунун натыйжаларына талаптар кандай өзгөрүүдө, кесиптештер менен талкуулаңыз.

Математиканы окуу процессинин натыйжалуулугу окутуунун усулдары менен ыкмаларын, уюштуруу формалары менен каражаттарын окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тандап алуудан, окуучулардын математикалык даярдыгынан деңгээлинен, жалпы

окуу билгичтиктери менен көндүмдөрүнүн калыптангандыгынан көз каранды. Көрсөтүлгөн факторлорго жараша мугалим окутуунун салттуу жана жаңы усулдарын тең салмактап айкалыштыруусу, түшүндүрмө-иллюстрациялык жана эвристикалык усулдарды, интерактивдүү окутуунун ыкмаларын колдонууну оптималдаштыруусу зарыл. Теориялык материалдарды окуп-үйрөнүүдө да, маселелерди чыгарууда да окуу процесси оозеки,жазуу жана практикалык иштерди рационалдуу айкалыштырууга багытталышы керек.

Мугалим окуучулардын кебинин өнүгүүсүнө– тактык, үнөмдүүлүк жана маалыматтуулукка; аларда ой жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн ыкмалары жана алган билимдерин ишмердүүлүктө, турмушта колдоно билүүсүнүн калыптанышына көңүл бурууга тийиш.

Предметти окутуунун концепциясы жалпы билим берүчүлүк мүнөздөгү жана мектептин жогорку баскычында окутууну профилдештирүүнү эске алган (профилдик программалар) программаларды, окуу китептери менен окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. 5-9-класстарда математика курсун окууда окуучулар табият таануу, технология, ж.б. предметтерде алган билимдерин колдонушат. Турмуш менен байланышы, окуп-үйрөнүп жаткан математикалык билимдер менен көндүмдөр системасынын практикалык мааниси сандык көптүктөр жана чоңдуктар менен байланышкан материалды бейформалдуу түрдөөздөштүрүүгө шарт түзөт. Геометрияны окуп-үйрөнүүдө элдик чыгармачылыктагы, колдонмо чыгармачылыктагы, табияттаануудагы ж.б. конкреттүү геометриялык фактыларды колдонуу зарыл. 5-9-класстардын окуучуларынын математикалык билимдери менен предметтик компетенттүүлүктөрү физика, химия, географии,

технология, информатика ж.б. предметтерди окуп-үйрөнүүнүн негизин түзөт.

Билимдерди турмушта жана практикада колдонуу максатында, геометриянын реал-дуу турмуш менен байланышын көрсөтүүүчүн окуу процессинин түрдүү предметтери-нин билимдерин пайдалануу талап кылынат. Атап айтканда, үч буртуктардын барабар-дыгын окуп-үйрөнүүдө, үч бурчтуктар менен байланышкан маселелерди чыгарууда жер тилкелеринин сүрөтүн тартуу максатка ылайыктуу. Ал эми фигуралардын окшоштугун окуп-үйрөнүүдө масштабдар түшүнүгүн (география VI-кл) колдонуу керек. «Векторлордун координаталарын» окуп-үйрөнүүдөм VII-класстын Физика курсунун күч; VI-класстын География курсунун географиялык координаталар; V-класстын Табият таануусунун айлана, тегерек, сфера, шар, жер жана асман телолору; VI-кл География курсунун глобус жана карта; Технологиянын айлананы бирдей бөлүктөргө бөлүү түшүнүктөрүнө таянабыз.

Билим берүүчүлүк натыйжалар: 1. Маселелерди чечүү үчүн колдонула турган жана сандык топтому билимге ээ.

2. Алгебралык туюнтмаларды эсептөө жана сан системасын боюнча иш-чараларды ишке ашырууга жардам бере алат.

3. Барабарсыздыктар жана алардын системаларын чечүү үчүн ыкмаларды колдонот.

4. Геометриялык чоңдуктар менен маселелерди чыгарат жана геометриялык объектилер менен иш жүргүзөт.

5. Функциялардын касиеттерин анализдейт жана алардын түзө алат, пайдаланат.

6. Бул статикалык маселелерди чечүү үчүн маалыматтарды колдоно алат.

7. Математикалык билимдерди башка предметтердин закондорун, модулдарын пайдаланат, мисалдарды колдонот.

8. Күнүмдүк турмушта математикалык аппараттарды колдонот.

9. Тригонометриялык функцияларды түшүнөт жана тригонометриялык мисалдарды ыкмалар менен чыгарат.

10. Математикалык мисалдарды жана физикалык ар түрдүү маселелерди вектордун касиеттерин боюнча колдонот.

11. Маселелерди чыгарууда ыктымалдуулуктун сандык мааниси боюнча ыктымалдуулугун колдонот.

12. Салыштыруунун негизинде корутундулайт жана өз алдынча математикалык көрүнүштү анализдей алат.

13. Долбоордун контекстинде ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө (милдеттери) математикалык маалыматты чечмелейт.

14. Турмуштук ситуацияда логикалык жана математикалык ыкмаларды өз алдынча колдонот.

15. Математиканын предмети боюнча билим берүү жетишкендиктерине өзүнчө сын баа берүүнү жүргүзөт.

16. Сандык жана сапаттык баалоону жакындатып жүргүзө алат.

17. Математикалык тилдеги жана математикалык объектидеги көрүнүштү көргөзө алат.

18. Маалыматтык ресурстарды жана техникалык каражаттарды колдоно алат

Математика боюнча сабактарды жогорку билимдүү, базалык математикалык билими жана математика мугалиминин квалификациясы, «математиканын бакалавры» жана

«математиканын магистри» академиялык даражалары бар адис өткөрүүгө тийиш.



2. 3. тапшырма. Окуучулардын 21-кылым көндүмдөрүн калыптандыруу менен заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык ишке ашыруу жаңы окуу натыйжаларына алып келе турган пункттарды белгилеп, математика предметтеринин стандартынын мазмуну менен таанышып чыгыңыз. Таблица түрүндө тариздесеңиз болот:

математика боюнча предметтик стандарттан алынган пункт

Окуучуларда калыптана турган көндүм

Айлана-чѳйрѳдѳгү жашоодо кубулуштардын жараянынын функцияларынын жардамы менен изилдѳѳ жана баяндоо, аларды график түрүндө көрсөтүү;

Көндүм же көндүмдөр:

айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды талдоо ,изилдөө жана баяндоо, кубулуштарды илимдин негизинде түшүндүрүү жөндөмдүүлүгү

Статистикалык мүнөздөгү маалыматтардын талдоосу, график, диаграмма, түрүндөгү реалдуу сандык көрсөткүчтөрдү талдоо;

Көндүм же көндүмдөр:

статистикалык мүнөздөгү маалыматтарды талдоо, график, диаграмма, түрүндөгү реалдуу сандык көрсөткүчтөрдү талдай алуу көндүмдөрүнө ээ болушат. жыйынтык чыгаруу жөндөмдүүлүгү

Геометриялык, физикалык, экономикалык жана башка колдонмо (прикладдык)маселелерди ошондой эле математикалык талдоонун аппараттарын колдонуу менен, эң чоң жана эң кичине маанилерди табууга маселелерди чыгаруу;

Колдонмо маселелерди математикалык талдоонун аппараты менен чыгаруу көндүмдөрү калыптанат. Кубулуштарды илимдин негизинде түшүндүрүү жөндөмдүүлүгү




2. 4. тапшырма. Окуучуларыңыз 21-кылымдын көндүмдөрүн сиздин предметиңиз боюнча класста калыптандыруу үчүн практикаңызда эмнени өзгөртүү керектиги жөнүндө ойлонуп көрүңүз? Бир нече сүйлөмдү жазыңыз


Сабактарымда окуучулардин окуу жана жазуу, эсептөө жөндөмдүүлүгүн калыптануусуна , илимий, маалымат-коммуникациялык технологиялык , финансылык , маданий,жарандык сабаттулугун өнүгүсүнө маани берем. Маселени чечүүдө критикалык ой жүгүртүүгө, ар түрдүү долбоорлор менен иштөөдө чыгармачылык жөндөмдөрүн калыптануусуна, топтордо классташтары менен мамиле кылуу, кызматташуу жана жеке сапаттарын онүктүрүүгө жардам берем.


2.5. тапшырма. Стандарт менен иштөө боюнча нускама1

2.5.1. тапшырма

а) Сиз окутуп жаткан предмет боюнча предметтик стандарттагы негизги компетенттүүлүктүн бирин тандаңыз;

б) Бул компетенттүүлүктү кантип өрчүтүүгө аракет кылаарыңыз жөнүндө ойлонуп, тиешелүү жээктерди толтуруңуз;

в) Бул көнүгүүнүн аягында маалымат берүүгө даяр болуңуз.

г). Бир негизги компетенттүүлүктү тандаңыз:

∙ Маалыматтык

∙ Социалдык жана коммуникациялык

∙ Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү ⌵

д). Окуу жылын тандаңыз: _2023-2024______

е). Бул компетенцияларды өнүктүрүүгө аракет кыла турган сабакты же сабактын бирдигин сүрөттөп бериңиз


Асановтордун үй-бүлөсү 6 электр лампалары жана муздаткыч , телевизор ж.б электр жабдууларын колдонушат. Алар электр энергиясын унөмдөө үчүн колдонуп жаткан 100 ваттык лампаларын 25 ваттык акыркы моделдеги лампаларга алмаштырды.Алар лампаларды суткасына 6 сааттан жагат.Эми Асановтордун үй-бүлөсү май айында электр энергиясынан канча сом унөмдөйт?Электр энергиясы үчүн тариф 0,77сом/квт. Маселени чыгаруу үчүн окуучуларга өз алдынча иштөө талап кылынат.Кээ бир окуучулар лампалардын кубаттулугу мурункунун 25% ын түзөт ., ошондуктан мурунку төлөп жүргөн акчанын 75 % үнөмдөлөт дейишет.Аларда койгой пайда болот.

Туура жол: 1 лампадан 1 саатта 100-25=75ватт, 6 саатта 1 лампадан 6*75=450 ватт,6 лампадан 6*450=2700 ватт, май айы 31 күн болгондуктан 31*2700ватт=83700 ватт=83,7 квт, демек 83,7*0,77 сом=64,45 сом унөмдөйт

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


      1. Бул компетенцияны өнүктүрүү үчүн бул сабактын/бөлүгүнүн жүрүшүндө окуучулар эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

_Бул компотенцияны өнүктүрүү үчүн сабактын бул бөлүгүнүн жүрүшүндө окуучулар окуп түшүнүү, эсептөө жөндөмдүүлүгүнө , финансылык , математикалык сапаттуулукка ээ болушу керек. Чыгармачылык жөндөмдөрүн калыптануусуна , топтордо классташтары менен мамиле кылуу жөндөмдөрүнө ээ болушу керек.

      1. Негизги компетенцияларды өнүктүрүү боюнча максатка жетүү процессинде кандай кыйынчылыктар пайда болот жана мугалим бул оор кырдаалды кантип чече алат?

Окуучулардын окуп түшүнүсү начарак болсо окуучулар бул койгойду чечуу жолдорун таба албайт.Маселени өз алдынча чечүүнү сунуштоо зарыл.Эгерде окуучулар кырдалдан чыга албаса мугалим компас болуу менен багыттап баруусу керек.

2.6. тапшырма. Сиз белгилеген компетенцияны өнүктүрүү боюнча максатка жетүү процессинде кандай кыйынчылык пайда болот жана мугалим бул оор кырдаалды кантип жеӊе алат?

Белгиленген компотенцияны өнүктүрүү боюнча максатка жетүү процессинде окуучулардын математикалык сабаттулугу , финансылык сабаттулугу, эсептөө көндүмдөрү жакшы калыптанбаган болушу мүмкүн.Бул учурда мугалим баскычма-баскыч суроолор менен багыттап баруусу зарыл.



1


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!