СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Бишкек ш,21-июль 2014-жыл № 403 Кыргыз Республикасынын  жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин Баткен областынын Кадамжай районундагы №55 “Достук”  орто мектеби

.               Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому

Бишкек ш,21-июль 2014-жыл № 403

Кыргыз Республикасынын  жалпы орто билим берүүнүн

мамлекеттик билим берүү стандарты

Аткарган:           АЙНУРА САМАТОВА  МАМЫРЖАНОВНА

    Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому

Бишкек ш,21-июль 2014-жыл № 403

Кыргыз Республикасынын  жалпы орто билим берүүнүн

мамлекеттик билим берүү стандарты

1 глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары-Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) жалпы орто билим берүүнүн коомдук макулдашылган артыкчылыктары;

2) жалпы орто билим берүүнүн максаттары жана милдеттери;       

3) негизги компетенттүүлүктөрдүнтизмеси жана аларга жетишүү деңгээли;

4) билим берүү системасынын, мектептин, класстын жана өзүнчө окуучунун деңгээлинде билим берүүнүн натыйжаларын баалоонун негизгипринциптери;

5) мектептик билим берүүдөгү уюштуруучулук жана ус  улдук (технологиялык) өзгөртүүлөр.

2. Мамлекеттик стандарттөмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде бардык билим берүүчү тармактарда билдирилген максаттарды ишке ашырууну;

2) окуу жүгүн оптималдаштыруу үчүн билим берүүчү тармактарда сабактарды интеграциялоо үчүн усулдук негиздерди.

3. Мамлекеттикстандарт билим берүү системасын компетенттүү негизде түзүүнү жана мектептик билим берүүнү коомдун социалдык заказы менен макулдашууну камсыз кылуучу документтерди (же куррикулумдарды) регламенттөө системасы аркылуу жүзөгө ашырылат, алар:

1) предметтик стандарттар;

2) окуу пландары;

3) окуу-усулдуккомплекстер.   

4. Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу пландарын жана негизги жалпы билим берүүчү программаларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

5. Окуу планы 7 билим берүүчү тармактардын турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү бир предметтерди, анын ичиндеинтегрирленген предметтерди камтыйт. Билим берүүчү тармактар коом жана ар бир адам үчүн актуалдуу баалуулуктагы аныктамалардын Мамлекеттик стандартта аныкталган негизги компетенттүүлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн негизги чакырыктардан алганда түзүлөт (ушул Мамлекеттик стандартка тиркеме) .

6. Мамлекеттик стандарт белгилүү-бир билим берүү натыйжаларына жетишүү үчүн билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун – билим берүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, мектептин администрациясынын жана мугалимдеринин, окуучулардын өздөрүнүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн өзгөртүүнү бекемдейт.

Бул үчүн билим берүү башкаруу органдары билим берүү жагында саясатты иштеп чыгууда бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, ата-энелердин жана окуп жаткандардын өздөрүнүн стратегиялык, программалык документтерин жана ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууга тартышат.

7.Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку билим берүүгө чейинки Кыргыз Республикасынынбилим берүү системасын түзүүнүн бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багыттуу стандарттар системасынын бөлүгү болуп саналат.

8. Мамлекеттик стандартты кайра карап чыгуу жана жаңылоо Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде бекитилген мектеп окуучуларын стратегиялык артыкчылыктарга даярдоону иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

2 глава. Жалпы орто билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары

10. Билим берүүнүн максаты: көп түрдүү оомалуу дүйнөдө жеке жана коомдук бакубаттыкты камсыз кылуучу жарандык жана кесипкөй ишке инсандын даяр болушу.

11. Билим берүү милдеттери:

- окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык педагогикалык көнүктүрүлгөн, адамзаттын практикалыкжана илимий жетишкендиктеринин фундаменталдык ядросун өздөштүрүү;

- ийгиликтүү социализация максатында жарандык маданиятты, сабырдуулукту, өз укуктарын көздөй билүүнү калыптандыруу;

- коммуникативдиккомпетенттүүлүктү, диалог жүргүзө билүүнү, мазмундуу компромисстерди издөөнү жана табууну калыптандыруу;

- окуучуларда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү жана өзүн-өзү уюштурууга жөндөмдү, өз жүрүш-турушу жана өз турмушу үчүн өзүнө жоопкерчиликти ала билүүгө тарбиялоо;

- ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигинде багыт алуу жана иштөө, өз алдынча изденүү, окуу иши көндүмдөрүн өнүктүрүү;

- ар бир баланын билим алууга бирдей укуктарды берүү жана социалдык кошулуусун камсыз кылуу.

12. Компетенттик билим берүүдөгү билим берүү натыйжалары үчүн билим берүү процессинин белгилүү-бир этабында негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээлинде билдирилген окуучулардын билим берүү жетишкендиктеринин жыйындысы алынат. Билим берүү натыйжаларына, ошондой эле окуучулардын калыптандырылган баалуулук багыттары жана окутуунун натыйжалары т.а бүтүрүүчүнүн жеке, жарандык жана кесиптик суроо талаптарын ишке ашырууну камсыз кылган ар бир окуучу үчүн негизги жана предметтик компетенттүүлүк менен ээ болуу деңгээли кирет.

13. Мамлекеттик стандарт төмөнкү баалуулук негиздерге багытталган окуучулардын жеке мүнөздөмөлөрүнүн калыптанышын камсыз кылат:

- Атамекенди сүйүү, улуттук каада-салтка сый-урмат менен мамиле кылуу, Кыргызстандын маданий жана табигый байлыктарына аяр мамиле жасоо;

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди укуктарды жана эркиндиктерди түшүнүү жана кабыл алуу, эркиндиктин жоопкерчилик менен ажырагыс байланышынын адеп-ахлактык маани-маңызын аңдап-түшүнүү, жеке тандоону жасай билүү жана көздөгөнүнө жете билүү;

- социалдык, саясий жана маданий турмушта толеренттуу жүрүш-туруш үчүннегиз катары маданияттардын көп түрдүүлүгүн аңдап-түшүнүү жана кабыл алуу, өз өлкөсүнүн жана дүйнө элдеринин маданий, руханий баалуулуктарын бир эле маалда өздөштүрүү менен эне тилине жана маданиятына аралаштыруу;

- жеке инсандык дараметин ишке ашыруугасый-урмат жана мүмкүнчүлүк түзүү, азыркы социалдык-экономикалык шарттарда жеке бакубаттыгын камсыз кылуучу активдүү эмгектик ишке даяр болуу;

- туруктуу өнүктүрүү принциптерине, коопсуз жана сергек жашоо ыңгайынын ченемдерине таянуу, техниканы жана технологияны өнүктүрүүнүн социалдык жана экологиялык кесепеттерин алдын-алуу.

14. Окутуунун натыйжасы катары, Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун тизмесин жана деңгээлдерин аныктайт.

15. Негизги компетенттүүлүк конкреттүү предметтердин мазмунуна түзүлгөн жана ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына таянган билим берүү натыйжасы болуп саналат.

16. Билим берүү процессинде негизгикомпетентүүлүктөргө окуучулартөмөнкү шарттарда ээ болушат:

- окуу процесси өз алдынчалуулукту өнүктүрүү жана окуучунун өз ишин уюштурууга жана натыйжасына жоопкерчиликке багытталган;

- окуучулар жалпы билим берүү уюмунда окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн ишке ашырууга жана сабактан тышкары жана сабактан, класстан тышкары иште долбоорлук, изилдөөчүлүк, социалдык ишти өткөрүүгө тартылган;

- окуучуларга максаттарды коюу жана ага жетүү тажрыйбасына ээ болуу үчүн кырдаалдар түзүлгөн;

- баа берүүнүн негизинде окуучунун билим берүү траекториясын туруктуу түзөтүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган;

- мектептин педагогдору билим берүү жана тарбия берүү ишинде компетенттүүлүк мамилени көрсөтүп келишет.

17. Адамдын жеке жана кесиптик чөйрөсүндө колдонгон ресурстардын      категориясына ылайык (маалыматтык ресурстар, башка адамдар жана адамдардын топтору, адамдын жеке сапаттары жана жеке мүмкүнчүлүгү) төмөнкү компетентүүлүктөр негизги болуп саналат:

 1. Маалыматтык – өз ишин пландаштыруу жана ишке ашыруу, жүйөлүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматты пайдаланууга даяр болушу. Маалымат менен иштөө көндүмүн болжолдойт: жетишпеген маалыматты максатка багыттуу издөө,   айрым үзүндүлөрдү салыштыруу, жалпылоочу талдоону жана болжолдой билүү көндүмдөрүнө ээ болуу. Адамга сындуу аңдап түшүнүлгөн маалыматын негизинде аң сезимдүү чечимдерди кабыл алуу;

2.Социалдык коммуникативдик  – өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен шайкеш келтирүүгө даяр болуу, көз караштардын ар түрдүүлүгүн таануу менен башка адамдардын  баалуулуктарын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) сый-урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу өз пикиринде туруу. Диалогдо зарыл маалыматты алууга даяр болуу жана жеке, социалдык жана кесиптик көйгөйлөрдү чечүүдө аны жазуу жүзүндө жана оозеки түрдө бере билүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык    институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет;

3) " Озун озу уюштуруу жана  койгойлорду    чечүү" компетенттүүлүгү- маалыматтагы, окуу жана турмуштук кырдаалдагы карама-каршылыктарды табууга даяр болуусу жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен, өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенип чечүү, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алуу .

18. Компетенттүүлүктү калыптандыруунун деңгээлдерин аныктоо үчүн негиз болуп окуучунун өз алдынчалуулук деңгээли жана милдеттерди чечүүдө пайдаланылган иштин түрлөрүнүн татаалдыгы саналат.

19. Калыптанган негизги компетенттүүлүктүн үч деңгээлин бөлүшөт:

1) биринчи деңгээл (репродуктивдик) окуучулардын үлгү боюнча иштей билүү көндүмү (тапшырылган аракеттерди аткаруу алгоритми);

2) экинчи деңгээл (продуктивдүү) курамы боюнча жөнөкөй ишти аткарууга, башка кырдаалда иштин өздөштүргөн алгоритмин колдонууга жөндөмү менен мүнөздөлөт;

3) үчүнчү деңгээл (креативдүү) курамы татаалишти аны өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен ишке ашырууну билдирет.

20. Окутуунун ар бир баскычында окуучулар алардын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана билим берүү шарттарын эске алуу менен бардык деңгээлдеги компетентүүлүккө ээ болушат.

21. Маалыматтык компетенттүүлүк.

Аспект

1-деңгээл

2-деңгээл

3-деңгээл

Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө

- издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу;

- берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат;

- берилген ишмердик милдеттерине ылайык (анын жүрүшүндө изделген маалыматты пайдалануу зарыл) маалыматты издөө пландаштырылат;

- тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт;

- алдыга коюлган милдетти чечүү үчүн кандай маалымат бар экендигин, кайсынысы кем экендигин аныктайт;

- сунуш кылынган ашкере маалыматтардан милдеттерди чечүүдө зарыл болгон маалыматты бөлүп көрсөтөт

- ишмердиктин милдетине таянуу менен тигил же бул типтеги маалыматтарды пайдаланууну негиздейт;

- милдетти чечүү үчүн жеткиликтүүлүк жана ылайыктуулук көз карашынан алынган маалыматка баа берет;

- маалыматтык издөөнүн аяктагандыгы жөнүндө өз алдынча жана жүйөлүү чечим кабыл алат;

- аныктамаларды, энциклопедия-ларды пайдаланат, китепте мазмуну, ал эми сайтта шилтемелер боюнча багыт алат.

- карточкалык жана электрондук каталогдордон, Интернеттин издөө тутумдарынан пайдаланат;

- библиография-лык басылмалардан, мезгилдүү басылмалардын макалаларынын тизмелеринен пайдаланат

- берилген маалыматты кайсы типтеги булагынан издөө керектигин көрсөтөт же маалыматтык издөө милдетине ылайык булакка мүнөздөмө берет;

Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү

- бир же бир нече булактардан (анын ичинде оозеки сөздөн) бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана анын алкагында берилген түзүмдү тутумга салат

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык (анын ичинде оозеки сөздөн) негиздер боюнча маалымат алып чыгат жана анда берилген түзүмдүн алкагында тутумга салат, суроо берүү менен диалогдо кошумча маалымат алат, бир тема боюнча маалыматтарды баштапкы тутумга салуу үчүн жөнөкөй түзүмдү өз алдынча берет; 

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык негиздер боюнча маалыматты алып чыгат жана маалыматтык издөө милдетине ылайык өз алдынча аныкталган түзүмдө аны тутумга салат;

- негизги ойду аныктоо менен монологдо, диалогдо, дискуссияларда (топтордо) иш жүзүндөгү баа берүүчүлүк маалыматтын негизги мазмунун, себептик-натыйжанын байланышын, сүйлөп жаткан адамдын окуяларга жана аракеттеги адамдарга мамилесин кабылдайт

- статистикалык булактан, тарыхый булактан, көркөм адабияттан берилген суроо боюнча маалыматты алып чыгат;

- статистикалык булактан, тарыхый булактан маалыматты алып чыгууну өз алдынча алып чыгат жана жүзөгө ашырат;

- графика жана символдор менен берилген жөнөкөй маалыматтарды ачып көрсөтөт

- графикада берилген жөнөкөй (бир курамдык) же формалдашты-рылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот 

- графикада берилген курамы боюнча татаал (көп аспекттүү) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот

Маалымат-тарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу

-маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет; 

- маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган ыкмасын жүзөгө ашырат; 

- текшерүүгө муктаж болгон маалыматты өз алдынча көрсөтөт, жана маалыматтын аныктыгын текшерүү ыкмасын колдонот; 

- маалымат булагынан белгилүү тыянактарды негиздеген аргументтерди бөлүп көрсөтөт

- берилген критерийлер боюнча алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, конкреттүү шарттарда жалпы мыйзам ченемдүүлүктөр-дү колдонуу жөнүндө тыянак жасайт.

- алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, тандалган эмпириялык маалыматтардын негизинде жалпылоону жасайт;

Маалымат-тарды берүү

- алынган маалыматтарды так баяндайт

- алынган маалыматты чечилүүчү милдеттин контекстинде баяндайт;

- маалымат берүүнүн стратегиясын өз алдынча иштеп чыгат жана аны берилген милдетти, аудиторияны ж.б. эске алуу менен сунуш кылат;

- бир формада алынган маалыматты башка форматта сунуш кылат

- оозеки чыгып сүйлөө жана жазуу жүзүндөгү продукта берилген жанрда маалыматты сунуш кылат; 

- оозеки бетачарды түшүнүүнү жеңилдеткен жазуу жүзүндөгү продукту даярдайт

22. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Аспект

1-деңгээл

2-деңгээл

3-деңгээл

Коммуникациялык кырдаалды талдоо

- стандарттуу коммуникация-лык кырдаалда өз ролун жана өнөктөрдүн позицияларын аныктайт (мен киммин, кандай максаттар бар, катышуучулар ким, алар жөнүндө эмне билем)

- өз позициясын жана коммуникация-лык кырдаалдын катышуучуларынын позицияларын, алардын социалдык ролун жана ниеттерин сырттан берилген коммуникациялык максаттар менен салыштырат, алардын мүмкүн болуучу позицияларын ролдорун, сүйлөө амплуасын жана ниеттерин аныктайт

- коммуникациянын жагдайын жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча баалайт жана божомолдойт

Коммуникациялык ишти пландаштыруу жана даярдоо

- стандарттуу планга ылайык өзүнүн жүрүм-турумун жана коммуникация-лык милдеттерин аныктайт

 - берилген максаттын негизинде сүйлөнүүчү сөздүн планын, максаттуу аудиторияны жана чыгып сүйлөө жанрын даярдайт 

- стандарттуу кырдаалда өзүнүн коммуникация-лык жүрүм-турумунун планын түзөт;

- коммуникация-лык милдетке ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү тексттин (максат – аудитория) мазмунун түзөт жана түзүмүн аныктайт

- коммуникациялык жагдайдын өнүгүшүнө божомолго негизденүү менен маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө баяндоо ыкмасын тандайт;

- коммуникациялык жагдайга негизденүү менен коммуникациялык милдетти (максат-роль-аудитория) өз алдынча жүзөгө ашырат;

Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу

- алдыга коюлган коммуникация-лык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптан-дырат;

- берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти түзөт;

- берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

- оозеки жана жазуу жүзүндө башкаларга (башкалар) берилген маалыматтарды кабылдайт;

- мугалим берген коммуникация-лык форматта өнөк (өнөктөр) менен өз ара аракеттенүүнү колдоого алат

- берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт жана алдыга коюлган коммуникациялык милдетке ылайык социалдык ролду тандайт;

- өз позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет;

- коммуникация-нын алдыга коюлган максатына жана адресатына ылайык белгилүү жанрдын жана түзүмдүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү формасындагы (белгилүү формаларынын ичинен) стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

- башкалар (башкаларга) берилген маалыматты кабылдайт, тандалган формада (оозеки же жазуу жүзүндө) маалыматтын мазмунун берет;

- коммуникация-лардын бир нече форматтарын билет жана сапаттуу кайра чагылдырат

- социалдык ролду жана коммуникациялык милдетти (жагдайга жараша) өз алдынча аныктоо менен берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт

- талкуулоо үчүн сунуш кылынган позицияларга “жактап” жана “каршы” жүйөлөрдү тизмектейт, өз позициясына негиздеме берет;

- коммуникациялык жагдайга ылайык коммуникациянын максатын, дарегин жана жанрын өз алдынча аныктоо менен иштетилген маалыматты оозеки жана жазуу жүзүндө тариздейт;

- башкаларга (башкалар) берилген маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө адекваттуу интерпретациялайт;

- коммуникациянын ар кандай форматтарына ээ болот, коммуникациялык жагдайга ылайык аларды өз алдынча тандай билет;

Коммуникациянын ийгиликтерине баа берүү

(рефлексия)

- жүзөгө ашырылган коммуникация-лардын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

- коммуника-циянын айрым жактарына тиешелүү жеке тыянактарды калыптанды-рат;

- жүзөгө ашырылган коммуникация-ларга эмоционалдык деңгээлде баа берет (“жакты” – “жаккан жок”) мисалдарды келтирет

- коммуникация-лардын натыйжаларын талдайт жана катышуучулар-дын позицияларынын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

- коммуника-циялар боюнча жалпы тыянак чыгарат, аларды жарым-жартылай максаттар менен салыштырат;

- коммуникация-лардын айрым аспекттерине баа берет жана негиздейт

- катышуучулардын позицияларынын күчтүү жана чабал жактарын жана аларга өзүнүн катышуусун белгилөө менен коммуникациянын натыйжаларын талдайт;

- жалпысынан жүзөгө ашырылган ишмердик боюнча жүйөлүү тыянак чыгарат жана аларды коммуникациянын максаттары менен салыштырат;

- жүзөгө ашырылган коммуникациянын маанисинин даражасына, натыйжалуулугуна өзү үчүн баа берет:

- эмнени билдим

- эмнени түшүндүм

- эмнени үйрөндүм

23. “Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү” компетенттүүлүгү

Компетент-түүлүк аспекттери

I деңгээл

II деңгээл

III деңгээл

Көйгөйдү аныктоо

- мугалим берген параметрлерге ылайык сунуш кылынган кырдаалга талдоо жасайт;

- маалыматта же кырдаалда карама-каршылыктар-ды табат (белгилейт);

- алар эмне менен айырмалана тургандыгын көрсөтүү менен реалдуу жана каалагандай кырдаалды сыпаттайт

- каалаган кырдаалды негиздейт, чыныгы кырдаалды талдайт жана каалаган жана чыныгы кырдаалдын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктайт;

- көйгөйдүн пайда болуусунун мүмкүн болуучу айрым себептерин көрсөтөт;

- мугалим берген логикалык схемалардын негизинде чыныгы жана каалаган кырдаалга талдоо жасайт; 

- кырдаалга өз алдынча талдоо жасоонун негизинде маселени аныктайт жана баяндайт;

- маселеге талдоо жасайт (анын себептерин жана анын жашап турушунун кесепеттерин көрсөтөт);

- маселени чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун баяндайт жана негиздейт

Максаттарды коюу жана пландашты-руу

- берилген максаттын шартында милдеттерди коёт;

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт;

- милдеттерди чечүү боюнча кадамдардын ырааттуулугун түзөт

- берилген маселеге адекваттуу максат коёт;

- милдеттерди, адекваттуу максаттарды коёт;

- ага баа берүүнүн берилген критерийлеринин негизинде (мүнөздөмөлөрдү сыпаттоо менен) өз ишинин продуктусу өз алдынча пландаштырат 

- маселени чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын талдоонун негизинде алдыга максат коёт;

- максатка жетишүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана тоскоолдуктарды көрсөтөт жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү негиздейт

Технология-ларды колдонуу

 - оозеки жана жазуу жүзүндөгү нускамалар боюнча технология- ларды туура көрсөтөт (аракеттердин ырааттуулугу)

- мурда белгилүүлөрдүн ичинен (милдеттерди чечүү ыкмасы) ишмердиктин технологияларын тандайт же конкреттүү милдетти чечүү үчүн белгилүү алгоритмдин бир бөлүгүн бөлүп көрсөтөт жана ишмердиктин планын түзөт

- продуктуларга карата параметрлер / талаптар өзгөргөндө белгилүү болгон же нускамада сыпатталган технологияларды колдонот;

- колдо бар алгоритмдердин комбинацияларынын негизинде кадамдардын жаңыча ырааттуулугун пландайт

Пландаштыруу жана (ички жана тышкы) ресурстарды уюштуруу

- белгилүү ишмердикти аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды атайт

- алдыга коюлган милдеттерди (убактылуу, маалыматтык, материалдык ж.б.) чечүү үчүн зарыл болгон ички жана сырткы ресурстарды пландаштырат

- ар түрдүү ресурстарды талдайт жана милдеттерди чечүү үчүн тигил же бул ресурсту пайдалануунун натыйжалуулугун негиздейт

Ишмердик-тин жана продуктунун натыйжала-рына баа берүү

- сырттан берилген алгоритм боюнча өз ишмердигине контролдук кылат;

- берилген критерийлер, берилген ыкма боюнча өз ишмердигинин үзүрүнө баа берет;

- үлгүлөрдүн мүнөздөмө-лөрүн жана алынган продуктуну салыштырат жана алардын шайкештиги-нин деңгээли жөнүндө тыянак чыгарат 

- иш планына ылайык өз ишмердигин өз алдынча контролдойт;

- ишмердиктин максатына ылайык критерийлер менен өз алдынча аныкталган өз ишмердигинин продуктусуна баа берет

- максатка жетишүүнүн көрсөткүчтөрүн аныктайт жана негиздейт

- учурдагы контролдун натыйжалары боюнча өз ишмердигине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздүү сунуш кылат (четке кагат)

Рефлексия (өзүнө-өзү баа берүү)

- өз ишинин күчтүү жана чабал жактарын көрсөтөт;

- өз аракеттеринин жүйөлөрүн көрсөтөт.

- ишиндеги ийгиликтердин жана иши жүрбөй калуунун себептерин көрсөтөт;

- милдеттерди чечүүдө туш болгон кыйынчылыктар-ды атайт жана аларды жоюунун / андан аркы ишмердикте алардан оолак болуунун жолдорун сунуш кылат;

- чечимдерди кабыл алууда өз жүйөлөрүн жана тышкы кырдаалды талдайт.

- башка милдеттерди чечүүдө алган билимин, жөндөмүн, тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жүйөлөштүрөт

3 глава. Структурага жана окутуу процессине талаптар

24. Билим берүү максаттарынын жана мазмунунун өзгөрүшүнө, окутуунун технологиясына байланыштуу, ошондой эле окуучуларда дүйнө жөнүндө жалпылоочу түшүнүктү түзүү үчүн , окуу сабактары билим берүү тармактарына топтоштурулган.

25. Мамлекеттик стандарт төмөнкү билим берүү тармактарына бөлүнгөн, алардын ар бири базистик окуу планында бекитилген бир катар сабактардан турат:

1) тил;

2) социалдык;

3) математика;

4) табигый-илимий;

5) технологиялык;

6) искусство;

7) ден-соолук маданияты.

26. Окутуунун жогорку баскычында, ар бир билим берүү тармагында же бир нече билим берүү тармагында, окуучу кесиптик багытты тандоо мүмкүнчүлүгүн алат.

27. "Тил" билим берүү тармагы речтик ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнө ээ болуунун негизинде окуучунун речтик, тилдик жана социалдык маданий компетенттүүлүгүн (аудирлөө, шар оку, айтып берүү, жазуу, кат жазуу) өнүктүрүүгө багытталган."Тилдик" билим берүү тармагына эне тилди окуп-үйрөнүү кирет (кыргыз, орус, тажик, өзбек), кыргыз жана/же орус тили, ошондой эле чет тилдердин бири). Эне тилине окутуунун натыйжаларына талаптар биринчи тил үчүн предметтик стандарт менен аныкталат. Башка тилдерге окутуучу мектептерде мамлекеттик/расмий тилдерге окутуунун стандарттарыэкинчи тилдер үчүн предметтик стандартта, чет тилдер үчүн – тиешелүү түрдө чет тилдер үчүн предметтик стандартта аныкталат.

28. "Социалдык" билим берүүчү тармак жеке, жарандык, социалдык компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган жана окуучулар коомдо социалдык ролдорду аткаруу үчүн жетиштүү социализациялоо тажрыйбасын ала турган адекваттуу окутуучу чөйрөнү түзүүнү камсыз кылат.

29. "Математика" билим берүүчү тармак математика тили жана логикалык операцияларга ээ болууну, сан жана форма, маалыматты иштетүүнүн жана берүүнүн так ыкмалары менен билдирилген структуралар жана өз ара мамилелер менен иштөө процедураларын камсыз кылат. Издөө, өлчөө, талкуулоо, классификациялоо жана жалпылоо негизинде милдеттерди чечүү көндүмдөрүнө ээ болуу окуучуларга күнүмдүк турмушта да, ошондой эле жаратылыш процесстерин изилдөө жана сыпаттоо, жаратылыш жана социалдык көрүнүштөрдүн өз ара байланышын кароо үчүн практикалык шаймандарды берет.

30. "Табигый-илимий" б

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому Бишкек ш,21-июль 2014-жыл № 403 Кыргыз Республикасынын  жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты»

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин Баткен областынын Кадамжай районундагы №55 “Достук” орто мектебинин

Кыргыз тили мугалими

. Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому

Бишкек ш,21-июль 2014-жыл № 403

Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн

мамлекеттик билим берүү стандарты

Аткарган: Мурза Акимова Гулмира

30. "Табигый-илимий" билим берүүчү тармак төмөнкүкомпетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган: илимий маселелерди таануу жана коюу, көрүнүштөрдү илимий түшүндүрүү, илимий далилдерди пайдалануу. Табигый-илимий билим берүүчү тармактын айрым предметтери жанаинтегрирленген курстарыжандуу жана жансыз жаратылыштын бирдиктүүлүгүн жана көп түрдүүлүгүн түшүнүүнү,организмде, табигый жамаатташтыкта, курчап турган чөйрөдө болуп жаткан мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнүүнү, туруктуу өнүктүрүү принциптерине багыт алууга, ресурстарды үнөмдөөчү жүрүш-турушту ишке ашырууга, жаратылыш пайдалануунун терс кесепеттеринин тобокелдиктерин аңдап-түшүнүүгө жардам берет.

31. "Технология" билим берүүчү тармак эмгектик,долбоорлук көндүмдөрдү жана маалымат менен иштөө көндүмүн, анын ичинде жаңы маалыматтык технологияларды колдоно билүү көндүмдөрүн калыптандырат. Маалыматтык- коммуникативдик технологиялар (МКТ) өз идеяларын иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн, маалыматты топтоо, структуралаштыруу жана проблемаларды чечүү үчүн колдонулат.

32. "Искусство" эмоционалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана окуучуларды улуттук жана жалпы адамзаттык маданияттын чыгармаларында берилген курчап турган чөйрөнү көркөмдүү-образдуу кабылдашына, чыгармачылык өзүн билдирүүгө жана көркөмдүк иштин ар кандай ыкмаларына ээ болууга багытталган. Улуттук жана дүйнөлүк маданиятты окуп-үйрөнүүнүн жүрүшүндө ээ болгон искусство чыгармаларын талдоо көндүмдөрү окуучуларда маданий айырмачылыктарды билүүгө, көп түрдүүлүктүн баалуулугун таанууга жана өздүк маданий окшоштукту түшүнүүсүн калыптандырууну шарттайт.

33. "Ден-соолук маданияты" билим берүүчү тармактын мазмуну адамдын дене күч, эмоционалдуу жана социалдык ден соолугун камсыз кылат, өзүнүн ден-соолугуна, ошондой эле башка адамдардын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөтөт. Бул тармакка кирген предметтер ден соолукту сактоо жана жакшыртуу, жашоо турмуш коопсуздугу көндүмдөрүнө ээ болууга багытталган.

34. Бардык билим берүүчү тармактар жана билим берүүнүн бардык басыкчтары үчүн Мамлекеттик стандарттын жана окуу планынын негизинде иштелип чыгуучу предметтик стандарттар аныкталат, алардын структурасы төмөнкүдөй:

1) Жалпы жоболор.

- документтин статусу жанаструктурасы;

- жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтердин системасы;

- негизги түшүнүктөр жанатерминдер;

2) предметтин концепциясы:

- окутуунун максаттары жана милдеттери;

-предметти түзүү методологиясы;

- предметтик компетенттүүлүк;

- негизги жана предметтик компетентүүлүктөрдүн байланышы;

- мазмундуу линиялар. Мазмундуу линиялар жана класстар боюнча окуу материалдарын бөлүштүрүү;

- предметтер аралык байланыштар. Өтмө тематикалык линиялар;

3) билим берүүнүн натыйжалары жана баалоо:

- окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (баскычтар жана класстар боюнча);

- окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары;

4) билим берүү процессин уюштурууга талаптар:

- ресурстук камсыздоого талаптар;

- жүйөөлүү окутуу чөйрөсүн түзүү.

35. Предмет боюнча стандарт Мамлекеттик стандарттын бөлүгү болуп саналатжана предмет боюнча анын талаптарын жана жобосунмектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык тактайт. Окуучулар окуп-үйрөнүүчү мазмундуу материал башка билим берүүчү тармактардын материалы менен кооординацияланышы керек жана өз билим берүү тармагынын ичинде жолун жолдоочулук жана ырааттуулук болушу керек.

36. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделин калыптандыруунун негизи болуп саналат.

37.Окуучулардын класстар боюнча окуу жүгүнүн чеги алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана ишмердиктин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча төмөнкүдөн ашпаган көлөмдө (1-класс – беш күндүк окуу жумасында, калган класстар – 6 күндүк окуу жумасында) бекемделет:

Класстар

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Окуу жүгүнүн чеги

20

23

25

26

30

31

33

34

35

32

33

Бир жумалык окуу жүгүнүн чеги

20

22

24

25

26

29

30

30

32

29

30

 38. Окуу планы билим берүү чөйрөлөрүнүн тизмесинен жана жалпы билим берүүчү фундаменталдык даярдыкты, окуучунун инсандыгын калыптандыруу жана өнүктүрүү максатында жалпы адамзаттык жана улуттук дөөлөттөргө ээ болууну камсыз кылган предметтерден турат.

39. Окуу планы инварианттык – мамлекеттик жана варианттык – мектептик компоненттерди жана тандоо боюнча предметтерди бөлүштүрүүнүн негизинде мектептик билим берүүнүн мазмунун калыптандырууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктайт.

40. Максималдуу жүктүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:

Класстар

Мамлекеттик компонент (%)

Мектептик компонент (%)

Тандоо боюнча предметтер (%)

1-7-класстар

90

10

8-9-класстар

80

20

10-11-класстар

70

20

10

 41. Мамлекеттик компонент окутуунун бардык баскычында бардык окуучуларга окутуунун бүткүл мезгилинде ар бир билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү предметтерди камтыган тең салмактуу окуу планына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

42. Мамлекеттик компонент окуу планынын базалык бөлүгүн түзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү мектептик билим берүү мейкиндигин камсыз кылат.

43. Окуу планынын мектептик (региондук) компоненти билим берүү жагында региондук муктаждыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен жалпы билим берүү уюмунун өзгөчөлүктөрүн (багыттарын) чагылдырат жана окуп жаткандардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдашылган кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билдирет.

44. Окуу планынын мектептик (региондук) компоненти жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

45. Мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) компоненттердин убактыларын ийкемдүү пайдалануу окуучулардын жана алардын ата-энелеринин керектөөлөрүнө, артыкчылыктуу өнүктүрүү жана ар бир конкреттүү мектептин жана жергиликтүү билим берүү органынын мүмкүнчүлүктөрүнө негизделет.

46. Окуу планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт.

47. Мектеп окуучуларынын муктаждыктарын кыйла толук эсепке алуу жана тең салмактуу окуу планын түзүү үчүн окуу планынын түзүмүн бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугуна туруктуу мониторинг жүргүзүп турат.

48. Стандарттардын негизине коюлган максаттарга жетишүү үчүн окуу процессин уюштуруу жагында стандарттарды жүзөгө ашыруунун шарттарына коюлуучу талаптар белгиленет.

49. Натыйжаны көздөгөн жана окуучуларда жеке компетенттүүлүктүн топтомун өнүктүрүүгө багытталган окуу процесси өз окуусуна карата окуучулардын жигердүү позициясын калыптандыруу боюнча ишмердиктин ар кандай формаларын пайдаланууну талап кылат. Окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү камтыган механизмдери болуп окутуу технологиялары саналат.

50. Окутууга болгон технологиялык мамиле окуучуну бир катар өз ара аракеттенүүгө тартат, алардын арасында – окуучулардын мугалим менен өз ара аракеттенүүлөрү (жупташып же топтошуп); конструктивдүү өз ара аракеттенүүлөрү (жеке же топтошуп); ар кандай типтеги маалыматтар менен өз алдынча иштөө.

51. Окутуу технологиялары окутууда жана өз окуусунун натыйжалары үчүн алардын жоопкерчиликтерин жогорулатууда окуучулардын өз алдынчалуулугун арттырууну камсыз кылат. Мугалим максаттарга жетишүү үчүн консультант катары иштин катышуучусу болуп калат.

52. Усулдук мамиледен технологиялык мамилеге өтүүдө окутуу максаттарын коюу ыкмалары өзгөрөт. Окутуу максаттары окуучулардын негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн белгилүү деңгээлине ээ болушунан байкалган окутуу натыйжалары аркылуу баяндалат, аны мугалим жазбай тааный жана баа бере алат.

53. Компетенттик мамилеге негизделген стандарттарды өздөштүрүү үчүн окутууну уюштуруу формалары өзгөрөт. Салттуу сабактар менен катар топтордо иштөөнү, мээге күч келтирүүнү, дебаттардын ар кандай түрлөрүн, долбоордук жана изилдөө иштерин камтыган окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологиялары колдонулат.

54. Долбоордук иштер окуучулар, мектеп, жамаат үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүдө пайдаланылат жана окуучулардын өз алдынча ишмердигине багытталган, ал жеке, жупташкан, топтошкон формада белгилүү убакыт ичинде жүзөгө ашырылат. Долбоорду жүзөгө ашырууга ар кандай курактагы топтор катыша алат. Долбоор окуучуларга ар кандай түрдөгү маалыматтарды пайдалануу менен билимин өз алдынча конструкциялоого мүмкүнчүлүк берет, когнитивдик жөндөмдүүлүктү жана социалдык компетенттүүлүктү өнүктүрөт.

55. Компетенттик билим берүүгө өтүүдө мугалимдин ролун жана функцияларын өзгөртүү педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу стандарттарын жана программаларын жана алардын кесиптик өнүгүшүнүн треакториясын өзгөртүүнү талап кылат.

4 глава. Баалоо системасы

56. Билим берүүнүн сапатын баалоо билим берүү уюмдарында окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин, билим берүүчү программалардын, билим берүү процессинин касиеттеринин жана анын ресурстук камсыз кылынышын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана башка талаптарга ченемдик укуктук актыларында белгиленген билим берүү сапаттарына ылайыктуулук даражасын аныктоо максатында жүргүзүлөт.

57. Билим берүүнүн сапатын контролдоо жана баалоо жол-жобосунун регламенти, анын ичинде билим берүүнүн сапаты жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу жанаинтерпретациялоо, ошондой эле иштин аткаруучуларын жана маалыматты берүү формаларын аныктоо билим берүү системасында колдонуудагы ченемдик-укуктук актылар менен белгиленет.

58. Мектептик билим берүүнүн сапатын аныктоо системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) окуучулардын жеке натыйжаларын коррекциялоо, окутуунун, аттестациялоонун (билим берүүнүн белгилүү деңгээлине жетүүсүн тастыктоо) кийинки баскычына өтүү үчүн окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин баалоо;

2) сабак берүү жана окутуу процессин өркүндөтүү үчүн мектептин билим берүү жетишкендиктерин баалоо (мугалимдердин же мектептин ишин баалоо);

3) билим берүү системасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

59. Билим берүү системасын баалоо ар кандай билим берүү тармактары боюнча баштапкы жана негизги мектептин деңгээлинде окуучулардын билим алуу жетишкендиктерине стандарттуу жетишкендиктердин тесттерин колдонуу менен улуттук изилдөөлөрдү туруктуу жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Билим берүү системасынын абалынамониторинг жүргүзүү үчүн, ошондой эле негизги жана жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтык аттестациялоонун натыйжалары колдонулат.

60. Билим берүү уюмун баалоо системасы тышкы жана ички мониторинг жана контролду айкалыштырууга таянат. Мектептик билим берүүнүн сапатына мониторинг жана контроль түздөн-түз билим берүү уюмунда (өзүн-өзү баалоо, ички мониторинг) же билим берүү уюмуна карата тышкы баалоочу ишмердүүлүк аркылуу жүзөгө ашырылат.

61. Окуучулардын жеке билим берүү жетишкендиктерин баалоо системасы төмөнкү принциптерге таянат:

1) баалоо системасын киргизгенге чейин билим берүү натыйжаларын жана аларга жетишүү деңгээлдерин аныктоо;

2) окутууну жана окутуу процессин өркүндөтүүгө багыт;

3) окуучулардын даярдануу деңгээлине, шаймандарга, баалоо жол-жоболоруна бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу;

4) Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда белгиленген окутуунун натыйжаларына окуучулардынжетишкендиктерин баалоо шаймандарына ылайыктуулугу;

5)мугалимдердин баалоо системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруупроцессине тартуу;

6) баалоо критерийлеринин жана жол-жобосунун ачыктыгын, билим берүү процессинин бардык субьекттери үчүн натыйжалардын түшүнүктүүлүгүн камсыз кылуу;

7) баалоо системасынын туруктуу өркүндөтүү.

62. Окуучулардын жеке билим алуу жетишкендиктерин жана окуучулардын прогрессин өлчөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, форматтык жана суммативдүү.

63. Диагностикалык баалоо окуучунун прогрессин баалоо үчүн колдонулат – окуу жылынын ичинде мугалимокуучунун калыптанган компетенттүүлүгүнүн баштапкы деңгээлин жетишилген натыйжалар менен салыштырууну жүргүзөт. Диагностикалык баалоонун натыйжалары сыпаттоо түрүндө катталат, алар жалпыланат жана мугалим үчүн милдеттерди коюу жана окуучу үчүн окуу милдеттерин коюу жолу менен окутуу процессине түзөтүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп кызмат кылат.

64. Формативдик баалоо материалдарды өздөштүрүүнүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмасы) жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуучунун прогрессин аныктоо, ошондой эле ийгиликке жетишүү үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында колдонулат. Окуучунун прогресси билим берүү тармактарынын алкагында окутуу максатында белгиленген окуучу аткарган конкреттүү иштин негизинде белгилүү-бир натыйжаларга жетишүү катары аныкталат.

65. Суммативдик баалоо окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү деңгээлин аныктоо үчүн кызмат кылат жана учурдагы, аралык жана жыйынтык баалоодон турат.

66. Жеке аткарылган тапшырмаларды учурдагы баалоо аларды баалоо ченемдеринен (туура чечимдердин саны, кетирилген каталардын саны, тариздөө эрежелерин кармануу) жана мугалим тапшырган жана/же окуучулар өздөрү аткарган өзүнчө ишти аткаруу критерийлерге жараша жүргүзүлөт. Мугалим окуу материалын өздөштүрүүдө окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша учурдагы баалоо жүргүзөт.

67. Аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган иштин түрлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт: жазуу иштери/булак менен иштөө; оозеки жооп/бет ачар; долбоор, изилдөөчүлүк иш, иштин атайын түрлөрү; портфолио (жетишкендиктер папкасы) жана башкалар. Иштин бардык түрлөрү баалоо критерийлеринин негизинде бааланат, милдеттүү болуп саналат жана баалоо планын иштеп чыгууда мугалим алдын-ала пландаштырат.

68. Жыйынтык баалоо мектеп календарына ылайык жүргүзүлөт (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы) жана колдонуудагы ченемдерге жана иштелип чыккан баалоо критерийлерине ылайык аткарылат. Милдеттүү иштин түрлөрүнүн саны жана жыйынтык баалоодогу алардын салыштырмалуу жүктөөсү окутуу баскычтарын жана предметтердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат. Иштин түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат.

69. 1-2-класстарда натыйжаларга жетишүүнүн ийгиликтүүлүгүн баалоо баа коюлбастан, баалоонун сапаттык жана сыпаттама ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлөт. Бааларды бара-бара киргизүү экинчи класстын экинчи жарымынан тартып башталат. 3-4-класстарда баалоо үчүн баалар да, сапаттык жана сыпаттама ыкмалар да колдонулат.

70. Баалоо максаттарына жетишүү үчүн баштапкы класстардын мугалими:

1)позитивдүү кайтарым байланышты берет( окуучунун ишин комментарийлеген жазуу жана оозеки отчеттор ) окуучуга анын азыркы натыйжаларын жана мурдагы этаптагы натыйжалары менен салыштырууга жардам берет, үйрөнүү процессине, жүйөөсүнө, окуу натыйжалары катары компеттенттүүлүктөрүнүн өнүгүшүнө сүйлөп баа бере берет;

2) окуучунун натыйжаларга жетишүүсү жана жеке өнүгүүсү боюнча прогресске көз салат жана ар бир окуу жылынын аягында сыпаттама баа берет;

3) баалоонун ар кандай ыкмаларын жана формаларын, анын ичинде өзүн-өзү баалоо, сапаттык баалоо шаймандарын (окуучунун портфолиосу, өнүгүү картасы) колдонот;

4) окуучунун прогресси, окутуу процессинде кыйынчылыктар тууралуу проблемаларды бирдиктечечүү үчүн ата-энелерге маалымат берет;

5) жыл сайын, экинчи класстан тартып ар бир окуучунун жетишкендик табелин баалары менен жана коштомо сыпаттама формасын даярдайт.

71. 5-11-класстарда баа берүү окуучунун ички туюмуна дем берүү, өзүнө-өзү баа берүү, өзүнө-өзү талдоо жана өз ара баа берүү, өз ишине жана башка окуучулардын ишине сын көз менен баа берүү жөндөмүн калыптандырууга багытталган. Ушул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

72. Баа берүү максаттарына жетишүү үчүн негизги жана жогорку мектептин мугалими:

1) бааны окутуунун натыйжасына жетишүү даражасынын көрсөткүчү катары карайт;

2) натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүшүнө тиешелүү окуучунун прогрессине көз салат;

3) сапаттык жана сандык баа берүүнүн (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, тесттер, контролдук иштер ж.б.) ар кандай формаларын (жеке жана топтук, оозеки жана жазуу жүзүндө ж.б.), усулдарды, ыкмаларды жана аспаптарды пайдаланат;

4) маселени биргелешип чечүү үчүн окуучунун прогресси жана окутуу процессиндеги кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымдайт;

5) ким, качан жана кайда, ага баа бергендигине карабастан окуучуларга коюлган талаптардын биримдигин камсыз кылат.

73. Негизги жана орто мектептин курсун аяктоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүрүүчүлөрдүн Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы, анын ичинде мектепке карата сырткы агенттик өткөргөн жетишкендиктердин стандартташтырылган тест формасында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасында
жалпы орто билимдин
мамлекеттик билим берүү
стандартына тиркеме

Билим берүү чөйрөлөрүн калыптандыруунун принциптери жана негиздери

Коомдун экономика-лык жана саясый системасынын өзгөрүшү

Тез өзгөрүп жаткан (глобалдык) дүйнө, ал чакырыктарга жоопторду, тез арада ыңгайлашты-рууну жана маселелерди чечүүнү талап кылат

Маалыматтык коомдун жана маалыматтарды берүүнүн техника-лык каражат-тарынын өнүгүшү

Курчап турган чөйрөнүн чакырыктары. Ресурстарды үнөмдөөчү (энергия-суу ж.б.) технологиялар-га өтүү зарылчылыгы

Өлкөнүн, регион-дун, дүйнө-нүн маданий көп түрдүү-лүгү

Кыргызстандын экономикасы-нын атаандашууга жөндөмдүүлү-гүн жогорулатуу зарылчылыгы. Жаңы технологиялар-ды өздөштүрүү, технологиялык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү

Ар кандай таламдык топтордун керектөөлөрүн эске алуу жана билим берүү системасы үчүн макулдашылган социалдык тапшырыгын иштеп чыгуу зарылчылыгы

Өмүр бою сапаттуу, анын ичинде инклюзивдик билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк-төрдү камсыз кылуу зарылчылы-гы

Баалуулуктар

Өз Ата Мекенин – Кыргызстанды урматтоо жана сүйүү

Демократиялык жана жарандык укуктар, эркиндиктер жана социалдык жоопкерчилик

Көп түрдүүлүк баалуулуктарды таануу

Өзүн-өзү урматтоо жана жеке потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү

Ден соолук жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу

Максат

Инсандын улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук бакубаттуулукту камсыз кылган жарандык жана кесиптик ишке даяр болуу

Негизги компетенттүүлүк

Маалыматтык

Социалдык коммуникациялык

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү

Өз ишин пландаштыруу жана жүргүзүү үчүн маалыматтарды пайдаланууга, жүйөлүү тыянактарды жасоого даярдык. Ал адамга маалыматтын тегерегинде критикалык ой жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет

Өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар түрдүүлүгүнүн негизинде өз көз карашын негиздүү коргоо жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этностук, кесиптик, инсандык ж.б.) урматтоо менен мамиле кылууга даярдык.

Маектешүүдө зарыл маалымат алууга жана аны жеке, социалдык, кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки түрдө жана жазуу жүзүндө берүүгө даярдык. Ал милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет

Маалыматта, окууда жана/же турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен өз алдынча же башкалар менен өз ара аракетте аларды чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга даярдык

Билим берүү чөйрөлөрү жана предметтер

Тилдик

(эне тил, кыргыз, орус жана чет тилдер)

Социалдык(тарых, «Адам жана коом» (укук таануу)

Математикалык(математика, алгебра, геометрия)

Табигый илимдер (химия, биология, физика, география, астрономия)

Технологиялык (технология, чийме жана дизайн, компьютердик сабаттуулук)

Ден соолук маданияты

(дене тарбия, турмуш-тиричилигинин коопсуздугунун негиздери)

Искусство (адабият, музыка, көркөм сүрөт чыгармачылыгы. дүйнөлүк көркөм маданият

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!