Үй тапшыр маны суроо | 5-көнүгүү. Сен,сиз деген ат атооч сөздөгө жөндөмө мүчөлөрүн улап, сүйлөмдөрдү түзгүлөт. Окуучулар түзгөн сүйлөмдөрүн окутат. Ат атооч сөздөр кайсы жөндөмөдө экенин айттырат. | Уй тапшырмаларын текшертишет. Окуп, ат атооч сөздөр кайсы жөндөмөдү экенин айтып беришет. | НК1 НК2 НК3 | ПК3 ПК2 |
Жаңы тема Бышыктоо Эс алуу көнүгүүсү | 1-көнүгүү. Суроолорго жооп бергиле: 1.Жомокто канча таш бака катышкан деп ойлойсуңар? 2.Эмне себептен таш бака биринчи маарага жетти? 3. Сен бугунун же таш баканын ордуна болсоң эмне кылат элең? 4.Сен да айла-амал менен жеңишке жеткен күнүң болду беле? 5.Ушу сыяктуу дагы кандай жомок билесиң? Ат атоочтор жекелик жана көптүк түргө бөлүнөт деп айтканбыз. Коптүк түрү кандай болот деп ойлойсуңар? Биз, силер , сиздер, алар деген сөздөр ат атоочтун көптүк түрүн билдирет. I жак. Биз бийледик II жак. Силер бийледиңер. Сиздер бийледиңиздер. II жак. Алар бийледи. 2-көнүгүү. Текстте кездешкен ат атоочтордун баарын көптүк түргө өзгөрткүлө. Сөздөрдө канча тамга жана канча тыбыш бар? Үлгү: Сенден-силерден. Манжа көнүгүүсүн аткартат. 3-көнүгүү.Силер, сиздер деген ат атоочторду жөндөгүлө. 4-көнүгүү.Текстти ролдоштуруп окутат. Одоно айтылган сөздөрдү сылык сөздөр менен алмаштырып окутат. Жомоктун аягы кандайча бүтмөк ? Топторго тапшырма: 1-топ . окудум деген сөздү ат атоочтун жекелик түрүндө жазгыла. 2-топ. Жаздым деген сөздү ат атоочтун көптүк түрүндө жазгыла. 3-топ. Биз деген сөздү жөндөгүлөт Суроолор берилет. Ат атоочтун канча жагы бар? Ат атооч канчага түргө бөлүнөт? Кандай болуп? Ат атоочтун көптук түрүн атап бер. 1-жакта көптүк түрүндө кандай болот? Жекеликтечи? Алар кайсы жак жана кайсы түрү? | С уроолорго жооп беришет. Угушат , түшүнүшөт. Сен –силер. Мен –биз. Менден –бизден. Мени – бизди. Мага – бизге. Сени –силерди. Сага – силерге. Манжаларын күрөштүрөт А. Силер, сиздер И. Силердан, сиздердин Б. Силерге, сиздерге Т. Силерди, сиздерди Ж. Силерде, сиздерде Ч. Силерден, сиздерден. Тапшырмаларды аткарып, окушат. Ойлорун айтышат. Тапшырмаларды топто аткарышат. Суроолорго жооп беришет, мисал келтиришет. | НК1 НК3 НК2 НК3 НК2 НК3 НК2 | ПК3 ПК1 ПК3 ПК2 ПК3 |