СЫН АТООЧ
Заттын сын-сыпатын: өңү-түсүн
(кызыл, жашыл, кара, ак, көк ж.б.)
Көлөмүн (чоң, кичине)
Формасын
(тоголок, ийри, сүйрү, тегерек, жалпак)
Даамын
(ачуу, таттуу, кычкыл, кыйгыл, жыттуу)
Сапатын
(жакшы, жаман, сонун, кооз) ж.б. билдирет.
Сын атооч
Кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берет.
Кыргыз тилинде
сын атоочтун төрт даражасы бар:
жай,
салыштырма,
күчөтмө,
басаңдатма.
Жай даража М: кызыл, сары, сонун. ак, көк
Салыштырма даража 1) Морфологиялык жол -ыраак М: кызылыраак, таттуураак, сулуураак 2) Синтакситик жол -ыраак,-дан Асандан кичирээк, шаардан алысыраак
Күчөтмө даража 1. Эң,өтө, аябай, чымкый, чылк 2.кыпкызыл, сапсары 3. Жакшынын жакшысы, сулуунун сулуусу «жаман», «иттей» деген сөздөр өтмө мааниде колдонулат.
Басаңдатма даража -ыш: агыш -гыл: киргил -ылжым: көгүлжүм -ылтыр: көгүлтүр -гыч,-гылт: саргыч, саргылт -гылтым: кызгылтым -ча: акча -омук,-омтук: бозомук, бозомтук
Сын атооч маанисине карай экиге бөлүнөт.
Маанисине карай
Сапаттык
Катыштык
Заттардын сын-сыпаты,
өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын атооч деп аталат.
Мисалы: сулуу, ичке, ак, жашыл, тунук, жакшы, жаман, өтө чоң.
Башка бир заты менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөүүчү сын атоочтор катыштык сын атоочтор деп аталат.
Мисалы: токой луу жер, тоо дой толкун, жаан чыл ай, даам дуу тамак.
Грамматикалык белгилери
- Өз маанисинде, накта сын атоочтук мааниде турганда жөндөлбөйт, жакталбайт, көптүк (-лар) мүчөсү менен өзгөрбөйт.
Морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат
Морфологиялык жол
- луу: бала-балалуу
- сыз: тартипсиз, адепсиз
- дай: тоодой, алтындай
- лаш: айылдаш, санаалаш
- чыл: жаанчыл, уйкучул
- чан: тончон, жоолукчан
- кой: амалкөй, батакөй
Синтаксистик жол менен:
Алдуу-күчтүү, кызыл-тазыл, , жылуу-жумшак, бийик-бийик, ак жүздүү , кара тору, кызыл ала, көк ала, ак пейил.
Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу
Заттык мааниде
Сын атоочтук мааниде
- Жакшы кишиге (кимге?) айтсаң билет, жаман кишиге айтсаң күлөт.
- Жакшы киши (ким?) эл камын ойлойт, жаман киши өз камын ойлойт.
- Акылдуу кишинин ( кимдин?) созү кыска, айта салса нуска.
- Жакшыга (кимге) айтсаң, билет,
- Жаманга (кимге?) айтсаң, күлөт.
- Жакшы (ким?) эл камын ойлойт, жаман (ким?) өз камын ойлойт.
- Акылдуунун ( кимдин?) сөзү кыска, айта салса, нуска.
Сын атоочтун
синтаксистик жол менен жасалышы
Мындай сын атоочтор татаал сын атоочтор деп аталат. Татаал сын атоочтор кош сөздөр же кошмок сөздөр тибинде болот. Мына ошого жараша алар кош сын атоочтор жана кошмок сын атоочтор деп жалпысынан эки топко
Кош сын атоочтор бешке болүнөт:
- – луу ; аттуу-баштуу ж.б.
- Карама-каршы маанидеги кош сын атоочтор;
улуу-кичүү, арык-семиз, жакшы-жаман
- Бир сөзү маани берип, бири маани бербейт;
М: жаман-жуман, жеңил-желпи, оной-олтоң
4) Эки сөзү тең маани бербеген;
М: оргу-баргы, кобур-собур, ыпыр-сыпыр
5) Кайталанып айтылган сын атоочтор;
М: бийик-бийик, сонун-сонун
Морфлогиялык жана синтаксистик жол менен жасалган сын атоочту бөлүп жазгыла
- Атактуу, бийик-бийик, сары ала, эринчээк, өткүр, жоон-ичке, эстүү-баштуу, ак пейил, кагаздай, үйдөй, өңдүү-түстүү, илимпоз, амалкөй, эмгекчил, сонун-сонун, ак сакал, кара каш, билгич, ак ала, адепсиз