Кыргыз тили сабагы
Б илим сага акыл, ой, кубат берет, Ы рыс алды ынтымак. Ш ылдыңга калуудан корк. Ы дыратпа жок сөздү. К итептин көп акылы. Т ерең болсон-көлдөй бол. О йноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө. О йноп өскөн айылын кымбат, Ч ыкпайт ко такыр эсиңден.
Бирдин айынын жыйырма жетиси Шаршемби
Бала жөрөлгөсү: Сүйүнчүлөө, азан чакыруу, көрүндүк берүү, жээнтек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, энчи бөлүп берүү.
1.Орун бышыктоочтор кыймыл-аракеттин ________________________________________ көрсөтүп,_____________________________________________________________ деген суроолорго жооп берет.
2.___________________________________________________________________________________көрсөтүп, качан? качанга чейин? кайсы убакта? качантан бери? качантан тартып?деген суроолорго жооп берет.
3.Себеп бышыктоочтор сүйлөмдүн кыймыл- аракеттин себебин көрсөтүп,_____________________________
_______________________________________ деген суроолорго жооп берет.
- Орун бышыктоочтор кыймыл-аракеттин ордун багытын көрсөтүп, кайда? кайдан?
каерде? деген суроолорго жооп берет.
2.Мезгил бышыктооч кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп, качан? качанга чейин? кайсы убакта? качантан бери? качантан тартып? деген суроолорго жооп берет.
3.Себеп бышыктоочтор сүйлөмдүн кыймыл- аракеттин себебин көрсөтүп, эмне үчүн? эмне себептен?деген суроолорго жооп берет.
4.Сыпат бышыктоочтор ___________________
_____________________________ көрсөтүп,
кандай? кантип? деген суроолорго жооп берет.
5.Максат бышыктоочтор кыймыл –аракеттин ________________________көрсөтүп,________
____________________________________деген суроолорго жооп берет
6.Өлчөм бышыктооч ______________________________ билгизип,качан? нече? канчанчы? неченчи?канча жолу? нече жолу?деген суроолорго жооп берет.
4.Сыпат бышыктоочтор кыймыл-аракеттин сыпатын болгон мүнөзүн көрсөтүп,кандай? кантип? деген суроолорго жооп берет.
5.Максат бышыктоочтор кыймыл-аракеттин максатын көрсөтүп, эмне үчүн? эмнеге? деген суроолорго жооп берет.
6.Өлчөм бышыктооч кыймыл-аракеттин санын, өлчөмүн билгизип,качан? нече? канчанчы? неченчи? канча жолу? нече жолу? деген суроолорго жооп берет.
Азан айтуу салты.
Азан чакыруу-бала төрөлгөндө ат коюу аземи башталат. Баланын чон атасы же айылдын аксакалы кыбыланы карап азан айтат. Коноктор жаны төрөлгөн баланы көрүүгө үйгө келишет. Биз наристеге _________ деген ысым беребиз.
Дал келтирүү
Орун бышыктооч Мен кичинемден эрке чонойдум.
Сын-сыпат бышыктооч Жети өлчөп, бир кес.
Сан-өлчөм бышыктооч Жигит үйдө төрөлөт,жоодо өлөт.
1.Мезгил бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.
а) Эржан шаарда жашайт. б) Талант жакшы комузчу экен.
в) Эжекем кечкисин иштебейт. г) Алар мектептен бирге келет.
2.Суйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн белгилеңиз.
а) баш мүчөлөр в) ээ,баяндооч
б) ээ,бышыктооч г) толуктооч,бышыктооч,аныктооч
3. Кыймыл-аракеттин ар турдуу кырдаалын,белгисин билдирген сүйлөм мүчөсүн белгилеңиз.
а) аныктооч в) бышыктооч
б) баяндооч г) этиш
4. Сан-өлчөм бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.
а) Биз Бишкек шаарына окууга келдик.
б) Тамак үчун асмандагы куш торго түшүптүр.
в) Ю.Гагарин космоско биринчи жол салган.
г) Биздин айылдаштар кечээ марафон өткөрүштү.
5. Сабакка кечигип келгендиктен уялып отурам.
а) себеп бышыктооч б) орун бышыктооч
в) максат бышыктооч г) мезгил бышыктооч
Топторго тапшырма: Азан айтуу, бешик той, тушоо тойго байланыштырып, бышыктоочторду катыштырып татаал сүйлөм түзгүлө.
Бата
Көтөргүлө колуңарды,
Кудай ачсын жолуңарды.
Тегирменде буудай агылсын,
Баланын бактысын кудай ашырсын.
Береке берсин ашына,
Бейпилдик берсин башына.
Узун өмүр жаш берсин,
Абийир берсин, ыйман берсин.
Оомийин !
Үйгө тапшырма:
Бир сап бата жаттап келүү.
Билимин баалоо:
Баалоо баракчасы
аркылуу
Көңүл бурганыңарга
чоң рахмат!