Кыргыз тили-көөнөрбөс, өчпөс мурасым!
Сабактын темасы: Заттын формасын, көлөмүн, даамын билдирген сын атоочтор.
Сабактын тиби: Аралаш.
Сабактын формасы: Семинар сабак.
Предмет аралык байланыш: Адабий окуу, мекен таануу, сүрөт.
Усулдар: жекече, топто, кластер, тест.
Колдонулуучу каражаттар: Кыргыз тили китеби, макеттер, телевизор, телефон, сүрөттөр, карточкалар.
Сабактын максаты: | Күтүлүүчү натыйжа |
а) Сын атооч боюнча кеӊири түшүнүк алып, сын атоочтун эрежесин билет. б) Сын атоочко карата берилген көнүгүүлөдү оозеки жана жазуу түрүндө аткарат. в) Бири-бирине кайрымдуу,сабырдуу болууга тарбияланат. Жекече, топто иштөөгө машыгат. | Сын атооч боюнча түшүнүгү артат, эрежелерди пайдалануу менен көнүүгүлөрдү аткара алышат, жооптордун тууралыгын талдай алышат. Топто, жекече иштөөдө бири-бирине көмөктөш болот, бири-биринин оюн уга билишет. |
Негизги компетенттүүлүк | Предметтик компетенттүүлүк |
1. Маалыматтык: Берилген тест, карточка, табышмактар, тапшырмалар боюнча иштөө. 2. Социалдык-комуникативдик:Топто жана жупта баарлашуунун, пикирлешүүнүн жөнөкөй нормаларын билүү. Топтун арасында пикир алышууга катышуу менен өз оюн эркин айтат. 3. Көӊүл коюп угуу байкоо, окуу, окутуу объектилерин таанып билүү жана айырмалоо. Кыргыз тили илимине карата умтулуусун, активдүүлүгүн,фантазиясын жана түшүнүгүн интуициясын чыгармачылыгын көрсөтүү. | К1-Сүйлөм, текст менен иштей алуу. К2-Окуй алуу. К3-Сөз байлык менен иштей алуу. К4-сүйлөм ичиндеги сын атооч сөз түркүмүнө тиешелүү сөздөрдү талдай билүү К5-Аӊ сезимдүү өз алдынча көнүгүүлөрдү түзүү жана иштей алуу. |
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламдашуу: Ар дайым ачык кабагым,
Дайым даяр сабагым.
Ачык маанай каалаймын,
Саламатсыӊарбы балдарым.
Окуучулар: Саламатсызбы эжеке.
Мугалим: Бар болгула ар дайым ,
Эми мен сабагымды баштайын.
Алтын эреже: С-сабакта болуп активдуу
ы-ызы чууну сүйбөйбүз
н-намысты бекем колго алып
а-ар дайым көӊүл бөлөбуз
т-топто иштөө маалында
о-ортого коюп иштейбиз
о-орундуу сөздөн сүйлөйбүз
ч-чоогуу чаран олтуруп.
Жагымдуу маанай: Маскарапоз жагымдуу маанай тартуулайт.
Топторго бөлүү: 1.Ак терек тобу
2.Көк терек тобу
3.Билим керек тобу.
Окуучулар менен бирдикте баалоо критерийлерин иштеп чыгуу.
«5» деген баа: эрежени билишсе,көнүгүүлөрдү аткарып,талдай алса,суроолорго толук жооп берип активдүүлүгүн көрсөтсө.
«4» деген баа: эрежени билет,көнүгүүлөрдү аткарса,суроолорго кыскача жооп берсе.
«3» деген баа: көнүгүүнү толук өздөштүрө албай, бирок аракет кылып, берилген тапшырманы толук аткара алса.
б) Үй тапшырма: 5-көнүгүү: боекторду пайдаланып, кандай өндөр чыгаарын аныктагыла.
в) Үй тапшырмасын жыйынтыктоо
г) Жаӊы материалды жарыялабай:
Старттык эксперимент ыкмасы менен баштайбыз.Старттык эксперимент ыкмасын колдонуу окуучулардын активдүүлүгүн ар тараптан арттырат.
1-кадам: Башталгыч эксперимент.
1.Чон жана кичине топту көрсөтүү.
2.Узун, кыска тасмаларды көрсөтүү.
3.Алманы жана лимонду таратып берүү.
2-кадам: Байкоолор
Бул кадамда окуучулар экспериментте көргөн байкоолорун жазышат.
1-байкоо: 1.Топту көрдүм.
2.Узун, кыска тасмаларды көрдүм.
3. Алма, лимонду көрдүм.
3-кадам: Божомолдор. Ар бир окуучу кайрадан өзүнүн божомолун билдиришет. 1.Топ тоголок болот го. 2.Тасмалар узун кыска болот го. 3. Алма менен лимондун даамын айырмалай билиш үчүн го.
4-кадам: Тандалган байкоолор. Байкоолордун ичинен дагы байкоолорду талдайбыз. 1. Топ тоголок болот. 2.Тасмалар узун анан кыска болуп айырмаланат. 3.Алма менен лимон даамынан айырмаланат.
4-кадам: Суроолор
Тандалган байкоолордун негизинде суроолор түзүлөт. 1.Топтун көлөмү кандай? 2.Тасмалар узун, кыска болобу? 3.Алманын, лимондун даамы кандай?
6-кадам: Эмне изилденет. 1.Заттын формасын билдирген сөздөрдү аныктадык. 2.Заттын көлөмүн билдирген сөздөрдү аныктадык. 3.Заттын даамын билдирген сөздөрдү аныктадык.
7-кадам: Жыйынтыктоо. Мугалим жыйынтык чыгарат. -Демек балдар сын атоочтор заттын формасын, көлөмүн, даамын билдирип, оюбузду аныктап, тактап, кандай? деген суроого жооп берет
8-кадам: Жаӊы билим. Доскага сабактын темасы жазылат.
Жаӊы тема: Заттын формасын,көлөмүн,даамын билдирген сын атоочтор.
Сын атоочтор заттын формасын, көлөмүн, даамын билдирип, оюбузду аныктап, тактап турат.
Кана балдар, биз бүгүн жыл мезгилдерине саякатка чыгалы. - Кайсы мезгилдерди билесиӊер? - Жыл мезгилдеринде аба ырайы кандай өзгөрөт?
2-көнүгүү.
Окуучулар карточкалардагы табышмактарды көчүрүп жазып, жандырмактарын жыл мезгилдеринен табышат. - Биз азыр төрт мезгилде табышмактар катылган, жандырмагын мезгилдерден табууга аракет кыласынар.
Бутакта өсөм жай бою
Жакшы көрөт бүт мени (алма жай мезгилинен табылат).
Топ жырткычтын күчтүүсү.
Тышка чыкпапйт кышында,
Уктап жатат күн-түнү. (аюу кыш мезгилинен табылат)
Карчык канаттуу, шумкар буттуу, жылан боор, кылыч куйруктуу (чаян жаз мезгилинен табылат) Табышмактарды туура тапкан топтор упайга ээ болушат.
4-көнүгүү.
Сын атоочторго тиешелүү зат атоочторду таап, кластерди андан ары улантышат.
даам
форма
көлөм
Бышыктоо: Андан соӊ топтор тесттерди телефондон иштешет. Кайсыл топ тестти туура тез тапса, ошол топ көбүрөөк упай алат.
Жыйынтыктоо.
Үй тапшырма: 5-көнүгүү
Окшоштуктар менен айырмачылыктарды таап келгиле.
Билимин баалоо: Топтордун ишин баалоо. Жекече баалоо.