СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили 2-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили 2-класс»

Жат жазуу жаздыруу эрежелери

Жат жазуу жаздыруу эрежелери

 «Жат жазуу» деген эмне? Окуучуларга сабаттуу билим берүү, б.а., кыргыз тилинин фонетикалык системасын, анын сөздүк кору менен байлыгын, грамматикалык түзүлүшүн, орфографиялык жана орфоэпиялык нормалары менен кыргыз тилинин байлыгын оозеки жана жазуу кебинде активдүү пайдаланууга үйрөтүү мугалимдин негизги милдети болуп саналат. Сабаттуу сүйлөө оозеки кепте канчалык орчундуу ролду ойносо, жазууда туура жазуу, тыныш белгилеринин туура коюлушу ошончолук мааниге ээ. Бул максатты ишке ашырууну башталгыч мектептерден баштап жүргүзүү талапка ылайык. Жат жазуу (диктант) окуучулардын сабаттуу жазуусу менен бирге эле, эске тутуу жөндөмдүүлүгүн да калыптандырары баарыбызга белгилүү. Кыргыз тили сабагында жат жазуу окуучулардын сабаттуулугун текшерүү, жалпы класстын билим сапатын баалоо жана чейректик, жылдык жыйынтыктарды чыгаруу максатында программада белгиленген сааттын негизинде алынат. Жат жазууга атайын саат бөлүнүп, окуучулар жазган текст мугалим тарабынан анализделип, бааланат.

«Жат жазуу» деген эмне?

  • Окуучуларга сабаттуу билим берүү, б.а., кыргыз тилинин фонетикалык системасын, анын сөздүк кору менен байлыгын, грамматикалык түзүлүшүн, орфографиялык жана орфоэпиялык нормалары менен кыргыз тилинин байлыгын оозеки жана жазуу кебинде активдүү пайдаланууга үйрөтүү мугалимдин негизги милдети болуп саналат. Сабаттуу сүйлөө оозеки кепте канчалык орчундуу ролду ойносо, жазууда туура жазуу, тыныш белгилеринин туура коюлушу ошончолук мааниге ээ. Бул максатты ишке ашырууну башталгыч мектептерден баштап жүргүзүү талапка ылайык. Жат жазуу (диктант) окуучулардын сабаттуу жазуусу менен бирге эле, эске тутуу жөндөмдүүлүгүн да калыптандырары баарыбызга белгилүү. Кыргыз тили сабагында жат жазуу окуучулардын сабаттуулугун текшерүү, жалпы класстын билим сапатын баалоо жана чейректик, жылдык жыйынтыктарды чыгаруу максатында программада белгиленген сааттын негизинде алынат. Жат жазууга атайын саат бөлүнүп, окуучулар жазган текст мугалим тарабынан анализделип, бааланат.
  • Жат жазуу деген терминди түшүндүрүүдө окумуштуу-педагог С.К. Рысбаев төмөндөгүдөй пикирин айтат: «Жат жазуу термининин функционалдык маанисин тактап, дидактикалык ролун тууралап түшүнүү менен, такыр башкача мааниде чечмелөө зарылдыгы келип чыкты. Тактап айтканда, баланын жазуу ишмердүүлүгү бир нече иш-аракеттердин: угуу, көрүү, окуу, сүйлөө сыяктуу кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн өзүнө синтездеген, аны жыйынтыктаган, бир нече деңгээлдеги – тыбыш – тамга – муун – сөз – сүйлөм – текст жазуу сыяктуу иш-аракеттерине чейин камтыган жатыгууну көздөгөн өзүнчө бир системаны түшүндүрөт».
  • Мугалим жат жазуунун текстин жаздырууда ар бир сөздү ачык, так жана туура окуп берүүсү талап кылынат. Эгерде жазуу жумушунун мазмуну байланыштуу болсо, анда ал бир сыйра окулуп берилет да, андан кийин ар бир сүйлөм өз алдынча окулат.
  • Сүйлөмдүн курамында көп сөздөр болсо, аны бир жолу окуп берүү менен окуучулар жазып кетүүгө үлгүрө алышпаса, андай сүйлөмдөрдү маанисине карата бир-эки жолу кайталап окуп берүү керек. Окууда тыныгуу (пауза), басым (интонация) сакталат.
  • Жат жазууну жазып жаткан учурда класста тынчтык сакталат. Окуучулар жат жазууну жазып бүтүшкөндөн кийин, мугалим текстти жай түрдө бир сыйра окуп берет. Жазуу жумушунун көлөмүнө, анын татаалдыгына жараша өзүнчө оңдоо үчүн окуучуларга бир аз убакыт берилет. Эгер текст окуучулар үчүн жеңил болсо, убакыт берүүнүн кереги жок.
Жат жазуунун түрлөрү Жат жазуу – бул окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун текшерүүнүн негизги формасы. Тандалган текст заманбап, адабий тилдин нормаларына жооп берген, ошол класстын окуучуларына мазмуну ылайыктуу болушу керек. Ар бир жат жазууда белгилүү максат болот. Ал өтүлгөн материалдын кандайча өздөштүрүлүп жатканынан кабар берип, теориялык билимди иш жүзүндө колдоно билүүгө үйрөтөт. Педагогика илимдеринин доктору С.К. Рысбаев мектепте жазылуучу жат жазуунун төмөндөгүдөй түрлөрүн белгилейт:

Жат жазуунун түрлөрү

Жат жазуу – бул окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун текшерүүнүн негизги формасы. Тандалган текст заманбап, адабий тилдин нормаларына жооп берген, ошол класстын окуучуларына мазмуну ылайыктуу болушу керек. Ар бир жат жазууда белгилүү максат болот. Ал өтүлгөн материалдын кандайча өздөштүрүлүп жатканынан кабар берип, теориялык билимди иш жүзүндө колдоно билүүгө үйрөтөт.

Педагогика илимдеринин доктору С.К. Рысбаев мектепте жазылуучу жат жазуунун төмөндөгүдөй түрлөрүн белгилейт:

Жат жазуунун түрлөрү Сөздүк  жат жазуу Yйрөтүүчү  (машыкты- руучу) жат жазуу Чыгарма-чыл жат жазуу Эскертмелүү  жат жазуу Эркин жат жазуу Тандалмалуу Өздүк (көрүү) жат жазуу жат жазуу Текшерүү  жат  жазуусу

Жат жазуунун түрлөрү

Сөздүк

жат жазуу

Yйрөтүүчү

(машыкты- руучу) жат жазуу

Чыгарма-чыл жат жазуу

Эскертмелүү

жат жазуу

Эркин жат жазуу

Тандалмалуу

Өздүк (көрүү)

жат жазуу

жат жазуу

Текшерүү

жат жазуусу

 Сөздүк жат жазуу Окуучулар белгилүү бир тематикадагы сөздөрдү жазышат. Сөздүк жат жазууга бириккен жана татаал сөздөр киргизилсе, ал сөздөрдүн кандай жазылары (бириккен сөз бирге; кош сөздөр дефис аркылуу, кошмок сөздөр ар башка) эскертилет.  Сөздүк жат жазуудагы сөздөрдүн ченемдери, баалоо № Классы 1 Сөздөрдүн саны 5 2 6 Каталардын саны 10-20 сөз 3 7 15-25 сөз 4 Баасы   2 ката 8 5 25-30 сөз   “ 4” 6 9   30-40 сөз 10 3-4ката 40-50 сөз   7 11 “ 3” 50-60 сөз   Катасы жок     60-70 сөз Бештен көп ката “ 5”   “ 2”

Сөздүк жат жазуу

Окуучулар белгилүү бир тематикадагы сөздөрдү жазышат. Сөздүк жат жазууга бириккен жана татаал сөздөр киргизилсе, ал сөздөрдүн кандай жазылары (бириккен сөз бирге; кош сөздөр дефис аркылуу, кошмок сөздөр ар башка) эскертилет.

Сөздүк жат жазуудагы сөздөрдүн ченемдери, баалоо

Классы

1

Сөздөрдүн саны

5

2

6

Каталардын саны

10-20 сөз

3

7

15-25 сөз

4

Баасы

 

2 ката

8

5

25-30 сөз

 

“ 4”

6

9

 

30-40 сөз

10

3-4ката

40-50 сөз

 

7

11

“ 3”

50-60 сөз

 

Катасы жок

 

 

60-70 сөз

Бештен көп ката

“ 5”

 

“ 2”

Үйрөтүүчү (машыктыруучу) жат жазуу Алгач текст менен таанышышат, андан соң текстти карабай мугалимди угуп жазышат. Жазып бүтүп, текст аркылуу каталарын өздөрү оңдошот. Кийинкиде мындай ката кетирбөөгө үйрөнүшөт.

Үйрөтүүчү (машыктыруучу) жат жазуу

Алгач текст менен таанышышат, андан соң текстти карабай мугалимди угуп жазышат. Жазып бүтүп, текст аркылуу каталарын өздөрү оңдошот. Кийинкиде мындай ката кетирбөөгө үйрөнүшөт.

 Эскертмелүү жана түшүндүрмөлүү  жат жазуу Мында окуучулар өз алдынча ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт. Эскертмелүү жат жазууда орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер жөнүндө түшүнүк беришет, андан кийин сүйлөмдү жазышат. Түшүндүрмөлүү жат жазууда окуучу мурда сүйлөмдү жазып, андан кийин түшүнүк берет.

Эскертмелүү жана түшүндүрмөлүү жат жазуу

Мында окуучулар өз алдынча ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт. Эскертмелүү жат жазууда орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер жөнүндө түшүнүк беришет, андан кийин сүйлөмдү жазышат. Түшүндүрмөлүү жат жазууда окуучу мурда сүйлөмдү жазып, андан кийин түшүнүк берет.

Чыгармачыл жат жазуу Дилбаянга жакын, окуучулардын эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жазуу эрежелерин өз алдынча жана туура колдоно билиши текшерилет. Окуучулардын чыгармачыл жөндөмдүүлүгү артат.

Чыгармачыл жат жазуу

Дилбаянга жакын, окуучулардын эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жазуу эрежелерин өз алдынча жана туура колдоно билиши текшерилет. Окуучулардын чыгармачыл жөндөмдүүлүгү артат.

 Тандалмалуу жат жазуу Диктанттын баары эмес, өтүлгөн материалга карата айрым сөздөр, же сөз тизмеги гана тандалып жазылат. Тандалмалуу диктантта окуучулар тексттин мазмунун эстерине сактап, орфографиялык нормалардын сакталышын билүүлөрү зарыл. Белгилүү бир тема өтүлүп, анын жазуу эрежелери бекемделиши үчүн сабактын аягында айрым гана орфограммалар жаздырылат.

Тандалмалуу жат жазуу

Диктанттын баары эмес, өтүлгөн материалга карата айрым сөздөр, же сөз тизмеги гана тандалып жазылат. Тандалмалуу диктантта окуучулар тексттин мазмунун эстерине сактап, орфографиялык нормалардын сакталышын билүүлөрү зарыл. Белгилүү бир тема өтүлүп, анын жазуу эрежелери бекемделиши үчүн сабактын аягында айрым гана орфограммалар жаздырылат.

 Эркин жат жазуу Мында окуучулар кичирээк макаланы же аңгемени бир нече ирет угуп түшүнүшөт. Текстте орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер көбүрөөк камтылышы, тыянактуу болушу зарыл. Окуучулар талап кылынган жазуу эрежелерин жана сөздөрдү эске тутуп, сөзмө-сөз жана калганын эрктүү түрдө өзгөртүп жазышат.

Эркин жат жазуу

Мында окуучулар кичирээк макаланы же аңгемени бир нече ирет угуп түшүнүшөт. Текстте орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер көбүрөөк камтылышы, тыянактуу болушу зарыл. Окуучулар талап кылынган жазуу эрежелерин жана сөздөрдү эске тутуп, сөзмө-сөз жана калганын эрктүү түрдө өзгөртүп жазышат.

Өздүк (көрүү) жат жазуу Окуучулар  жат жазуу үчүн берилген текстти окушат, эстерине сакташат, кээде талдашат (тыныш белгилеринин коюлушу, сөздөрдүн туура жазылышын түшүндүрүп беришет). Эстерине тутуулары боюнча текстти жазышат. Андан кийин жазуу ишин окуучу өзү бөлүнүп көрсөтүлгөн орфограммаларды жана тыныш белгилеринин графикалык түшүндүрмөсүн камтыган текст аркылуу текшерет, каталарын оңдойт.

Өздүк (көрүү) жат жазуу

Окуучулар жат жазуу үчүн берилген текстти окушат, эстерине сакташат, кээде талдашат (тыныш белгилеринин коюлушу, сөздөрдүн туура жазылышын түшүндүрүп беришет). Эстерине тутуулары боюнча текстти жазышат. Андан кийин жазуу ишин окуучу өзү бөлүнүп көрсөтүлгөн орфограммаларды жана тыныш белгилеринин графикалык түшүндүрмөсүн камтыган текст аркылуу текшерет, каталарын оңдойт.

 Текшерүү (жыйынтыктоочу) жат жазуусу Окуучулар  чейректик, жарым жылдык боюнча же жыл жыйынтыгын берүү үчүн жазышат. Жазуу ишинин алдында белгилүү орфография- лык эрежелерди кайталап келүү тапшырмасын аткарышат. Жат жазуу качан иштелээрин күн мурунтан билишет. Жыйынтыктоочу жат жазуу үчүн  байланыштуу текст берилет, анын мазмуну окуучуларга түшүнүктүү болуп, өтүлүп жаткан жана өтүлгөн эрежелерге ылайык материалдар болууга тийиш.  

Текшерүү (жыйынтыктоочу) жат жазуусу

Окуучулар чейректик, жарым жылдык боюнча же жыл жыйынтыгын берүү үчүн жазышат. Жазуу ишинин алдында белгилүү орфография- лык эрежелерди кайталап келүү тапшырмасын аткарышат. Жат жазуу качан иштелээрин күн мурунтан билишет. Жыйынтыктоочу жат жазуу үчүн байланыштуу текст берилет, анын мазмуну окуучуларга түшүнүктүү болуп, өтүлүп жаткан жана өтүлгөн эрежелерге ылайык материалдар болууга тийиш.

 

Текшерүү жат жазуусунун текстинин көлөмү Текшерүү жат жазуусунун текстинин көлөмү төмөнкүдөй нормаларга бөлүнөт:  1. V класс үчүн 90-100 сөз.  2. VI класс үчүн 100-110 сөз.  3. VII класс үчүн 110-120 сөз.  4. VIII класс үчүн 120-150 сөз.  5. IX класс үчүн 150-170 сөз.  6. X класс үчүн 170-190 сөз.  7. XI класс үчүн 190-210 сөз.

Текшерүү жат жазуусунун текстинин көлөмү

  • Текшерүү жат жазуусунун текстинин көлөмү төмөнкүдөй нормаларга бөлүнөт:

1. V класс үчүн 90-100 сөз.

2. VI класс үчүн 100-110 сөз.

3. VII класс үчүн 110-120 сөз.

4. VIII класс үчүн 120-150 сөз.

5. IX класс үчүн 150-170 сөз.

6. X класс үчүн 170-190 сөз.

7. XI класс үчүн 190-210 сөз.

Окутуу кыргыз тилиндеги 5-11-класстар үчүн кыргыз тилинен жазуу иштеринин нормасы № Классы 1 5 Окуу жылы ичиндеги жазуу иштеринин саны 2 3 Жазуу иштеринин түрлөрү 16 6 7 4 13 Көнүктүрүүчү (машыктыруучу) Сөздүк жат жазуу 5 14 жат жазуу 8 9 Эркин жат жазуу 15 6 Баяндама 13 10 7 Дилбаян 13 11 Жыйынтыктоочу (текшерүү) 13 жат жазуу, катанын үстүндө иштөө

Окутуу кыргыз тилиндеги 5-11-класстар үчүн кыргыз тилинен жазуу иштеринин нормасы

Классы

1

5

Окуу жылы ичиндеги жазуу иштеринин саны

2

3

Жазуу иштеринин түрлөрү

16

6

7

4

13

Көнүктүрүүчү (машыктыруучу)

Сөздүк жат жазуу

5

14

жат жазуу

8

9

Эркин жат жазуу

15

6

Баяндама

13

10

7

Дилбаян

13

11

Жыйынтыктоочу (текшерүү)

13

жат жазуу, катанын үстүндө иштөө

Каталар үстүндө иштөө Жат жазуунун каталары төмөндөгүдөй учурларда эсептелбейт: -өтүлө элек эрежелерден кеткен каталар; -сөздүн жазылышын билип туруп, тамгаларды байкабай (механикалык түрдө) алмаштырып же айрым тыбыштар түшүп калган учурларда (мисалы, “кызмат” дегендин ордуна “кызма”, “түшүм” дегендин ордуна “түшм” болуп жазылса); -Орфографиялык эрежелери такталбай эки түрдүү жазылып келе жаткан сөздөр же эки түрүн тең колдонууга мүмкүн болгон сөздөр (мисалы, “дубана” – “думана”, “насыят” – “насаат”); -бир сөз же сөздүн бир мүчөсү түшүрүлүп жазылып же алмаштырылып, ошол сүйлөм ой жагынан, стилдик байланышы жагынан бузулбаса (мисалы, “айылдык кишилер” – “айыл кишилери”, “атчан кишилер” – “атчандар” – “атчан адамдар” ж.б.).

Каталар үстүндө иштөө

Жат жазуунун каталары төмөндөгүдөй учурларда эсептелбейт:

-өтүлө элек эрежелерден кеткен каталар;

-сөздүн жазылышын билип туруп, тамгаларды байкабай (механикалык түрдө) алмаштырып же айрым тыбыштар түшүп калган учурларда (мисалы, “кызмат” дегендин ордуна “кызма”, “түшүм” дегендин ордуна “түшм” болуп жазылса);

-Орфографиялык эрежелери такталбай эки түрдүү жазылып келе жаткан сөздөр же эки түрүн тең колдонууга мүмкүн болгон сөздөр (мисалы, “дубана” – “думана”, “насыят” – “насаат”);

-бир сөз же сөздүн бир мүчөсү түшүрүлүп жазылып же алмаштырылып, ошол сүйлөм ой жагынан, стилдик байланышы жагынан бузулбаса (мисалы, “айылдык кишилер” – “айыл кишилери”, “атчан кишилер” – “атчандар” – “атчан адамдар” ж.б.).

Баа коюуда мугалим катанын одоно же одоно эместигине карата мамиле кылат. Одоно эмес ката окуучунун сабатын текшерүүдө чечүүчү мааниге ээ болбойт. Ошондуктан андай каталардын эки-үчөөнү бир ката катары эске алуу керек. Одоно эмес каталарга төмөнкүлөрдү кошууга болот: ташымалдоодо сөз туура ташымалданып, ташымал белгисинин (дефис) коюлбай же белгинин эки жакка тең коюлушу; интонацияга байланыштуу тыныш белгинин алмаштырылып коюлушу (мисалы, сүйлөмдүн башындагы сырдык сөздөн кийин үтүрдүн ордуна илеп белгинин коюлуп калышы ж.б.); окуучу жазылышын билип туруп, бир сөздү бирде туура, бирде ката жазса; бир эле сөздөн ар кайсы жерде бирдей ката кетирсе, бир ката деп эсептелет. Жазуу жумушунун тазалык деңгээлине, оңдоолордун көп-аздыгына карата мугалимге бир бааны төмөндөтүп коюуга мүмкүндүк берилет. Айрыкча, булганыч жазылган жана үчтөн ашык оңдоосу бар иштерге “5” деген бааны ыйгарууга болбойт.

Баа коюуда мугалим катанын одоно же одоно эместигине карата мамиле кылат. Одоно эмес ката окуучунун сабатын текшерүүдө чечүүчү мааниге ээ болбойт. Ошондуктан андай каталардын эки-үчөөнү бир ката катары эске алуу керек. Одоно эмес каталарга төмөнкүлөрдү кошууга болот:

ташымалдоодо сөз туура ташымалданып, ташымал белгисинин (дефис) коюлбай же белгинин эки жакка тең коюлушу;

интонацияга байланыштуу тыныш белгинин алмаштырылып коюлушу (мисалы, сүйлөмдүн башындагы сырдык сөздөн кийин үтүрдүн ордуна илеп белгинин коюлуп калышы ж.б.);

окуучу жазылышын билип туруп, бир сөздү бирде туура, бирде ката жазса;

бир эле сөздөн ар кайсы жерде бирдей ката кетирсе, бир ката деп эсептелет.

Жазуу жумушунун тазалык деңгээлине, оңдоолордун көп-аздыгына карата мугалимге бир бааны төмөндөтүп коюуга мүмкүндүк берилет. Айрыкча, булганыч жазылган жана үчтөн ашык оңдоосу бар иштерге “5” деген бааны ыйгарууга болбойт.

 Каталар үстүндө иштөө текшерүү (жыйынтыктоочу) жат жазуусунан кийин өткөрүлөт. Жат жазуу иштерин жыйнап алган соң, мугалим бардыгын текшерип, кийинки сабакта каталар үстүндө иштөөнү жүргүзөт. Окуучулар менен бирге кетирилген каталар талданат жана орфографиялык, пунктуациялык эрежелердин негизинде оңдолот.  Каталардын жалпы типтери төмөндөгүчө мүнөздөлөт:  1. Орфографиялык каталар  2. Пунктуациялык каталар болуп  3. Стилдик каталар

  • Каталар үстүндө иштөө текшерүү (жыйынтыктоочу) жат жазуусунан кийин өткөрүлөт. Жат жазуу иштерин жыйнап алган соң, мугалим бардыгын текшерип, кийинки сабакта каталар үстүндө иштөөнү жүргүзөт. Окуучулар менен бирге кетирилген каталар талданат жана орфографиялык, пунктуациялык эрежелердин негизинде оңдолот.

Каталардын жалпы типтери төмөндөгүчө мүнөздөлөт:

1. Орфографиялык каталар

2. Пунктуациялык каталар болуп

3. Стилдик каталар

Орфографиялык каталар

Катанын бул тибине төмөндөгүлөр кирет:

Фонетиканын объектисине кирген кыска жана созулма үндүүлөрдү, жумшак жана каткалаң үнсүздөрдү, дублет тыбыштарды, йоттошкон жана тыбышсыз тамгаларды сингормонизм мыйзамын туура сактабай, орус тилинен кирген тамгаларды, аталышы жана жазылышы түрдүү болгон сөздөрдү, баш жана кичине тамгаларды туура эмес жазуу;

Лексиканын объектисине кирген архаизм, неологизм, диалектизм сөздөрүн, кесиптик сөздөрдү, татаал сөздөрдүн түрлөрүн, т.а., кош, кошмок жана бириккен сөздөрдү ж.б. жазууда кетирилген каталар;Морфологиянын объектисине кирген уңгу, мүчөнү ажыратууда, куранды, уланды, жак, чак, мүчөлөрдү жазууда, сөз түркүмдөрүнүн жасалыш шарттары туура өздөштүрүлбөгөн учурларда, энчилүү жана жалпы аттарды жазууда, сөздөрдү ташымалдоодо кетирилген каталар;

Синтаксистин объектисине кирген сөз айкаштарды туура эмес ажыратууда, жөнөкөй, татаал, жалаң, жайылма, бир тутумдуу сүйлөмдөрдү туура эмес курууда, бир өңчөй мүчө жана жалпылагыч сөздөрдү туура эмес жазууда, өз орду, маанисине жараша сүйлөм түзүүдө, өзгөчө, чыгармачыл жат жазууларда кетирилген каталар.

 Пунктуациялык каталар    жай, суроолуу, буйрук жана илептүү сүйлөмдөргө коюлуучу тыныш белгилерден;  бир өңчөй мүчөлөрдү, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү ажыратуучу тыныш белгиден; сүйлөм ичиндеги каратма сөздү, киринди, модаль, сырдык сөздөрдү ажыратып белгилөөдө коюлуучу тыныш белгилерден;  төл жана бөтөн сөздөрдү жазууда коюлуучу тыныш белгилерден;  бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздөрдү жазуудагы белгилерден кетирилген каталар болуп эсептелет.

Пунктуациялык каталар

  • жай, суроолуу, буйрук жана илептүү сүйлөмдөргө коюлуучу тыныш белгилерден;
  • бир өңчөй мүчөлөрдү, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү ажыратуучу тыныш белгиден;
  • сүйлөм ичиндеги каратма сөздү, киринди, модаль, сырдык сөздөрдү ажыратып белгилөөдө коюлуучу тыныш белгилерден;
  • төл жана бөтөн сөздөрдү жазууда коюлуучу тыныш белгилерден;
  • бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздөрдү жазуудагы белгилерден кетирилген каталар болуп эсептелет.
 Стилдик каталар Көпчүлүк убакта окуучулардын дилбаяндарын (сочинение),  баяндамаларын (изложение) жана чыгармачыл жат жазууларын, өз  алдынча түзгөн сүйлөмдөрүн, тексттерин баалоодо орфографиялык жана пунктуациялык каталардан тышкары кетирилген каталар, жалпы жонунан эле, «стилдик каталар» деп белгиленип жүрөт. Алардын мүнөздүү белгилери кеп продуктусу болгон текст түзүүдө жана сүйлөм түзүүдө:  айтылган ойдун тематикасына жараша сөздүн орундуу тандалышынан жана колдонулушунан;  эне тилинде ойду таза жана так айтуудан;  сүйлөмдө ойдун логикалуу, ырааттуу берилишинен;  сөз каражаттарынын орундуу жана орунсуз кайталанган учурларынан;  тарыхый жана документалдык фактылардын туура, так берилишинен;  синоним сөздөрүнүн туура тандалып алынышынан;  ойдун көрктүү баяндалышынан; -иш кагаздарын өз стили боюнча түзүүдөн;  фразеологизм сөздөрүнүн орундуу, туура колдонулушунан;  терминдерди туура, өз орду менен билип пайдалануудан ж.б. кетирилген каталар болуп саналат.

Стилдик каталар

Көпчүлүк убакта окуучулардын дилбаяндарын (сочинение), баяндамаларын (изложение) жана чыгармачыл жат жазууларын, өз алдынча түзгөн сүйлөмдөрүн, тексттерин баалоодо орфографиялык жана пунктуациялык каталардан тышкары кетирилген каталар, жалпы жонунан эле, «стилдик каталар» деп белгиленип жүрөт. Алардын мүнөздүү белгилери кеп продуктусу болгон текст түзүүдө жана сүйлөм түзүүдө:

  • айтылган ойдун тематикасына жараша сөздүн орундуу тандалышынан жана колдонулушунан;
  • эне тилинде ойду таза жана так айтуудан;
  • сүйлөмдө ойдун логикалуу, ырааттуу берилишинен;
  • сөз каражаттарынын орундуу жана орунсуз кайталанган учурларынан;
  • тарыхый жана документалдык фактылардын туура, так берилишинен;
  • синоним сөздөрүнүн туура тандалып алынышынан;
  • ойдун көрктүү баяндалышынан;
  • -иш кагаздарын өз стили боюнча түзүүдөн;
  • фразеологизм сөздөрүнүн орундуу, туура колдонулушунан;
  • терминдерди туура, өз орду менен билип пайдалануудан ж.б. кетирилген каталар болуп саналат.

Катанын үстүндө иштөөнүн болжолдуу үлгүсү

Орфограмманын аталышы

1

2

Эсиңе тут!

Баш тамганын жазылышы

Катаны оңдоо

1.Жаңы сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат.

3

Тыныш белгилеринин коюлушу

Тамганын калтырылып кетиши

1.Сүйлөмдүн айтылыш макса- тына карай аягына тиешелүү тыныш белги (чекит, суроо, илеп) коюлат.

2. Энчилүү аттар (адам аттары, астрономиялык, географиялык, мамлекет аталыштарынын бар- дык сөзү) баш тамга менен, көркөм чыгарма, гезит-журнал- дардын аттары тырмакчага

Сүйлөмдү туура көчүрүп жаз. Ага улай дагы бир сүйлөмдү жазып, баш тамгаларынын алдын сыз.

Мисал

Энчилүү ат катышкан сүйлөмдү туура көчүрүп жаз. Энчилүү аттын башка түрү менен сүйлөм түзүп жазып, баш тамгаларынын алдын сыз.

алынып) баш тамга менен жазылат.

2.Бир өңчөй мүчөлөр, каратма, киринди жана сырдык сөздөр, татаал сүйлөмдүн курамында- гы жөнөкөй сүйлөмдөр үтүр менен ажыратылат.

Сүйлөмдү туура көчүрүп жаз. Ушундай тыныш белги коюлган башка сүйлөмдү жазып, тыныш белгинин алдын сыз.

Э гер силер да өз багыңарга чымчыктарды үйүр алдыргыңар келсе, долоно отургузгула. Ч ымчыктар ага сөзсүз уя салып, балапан басып чыгарышат.

-

Ч олпонбай Т үлөбердиев 1941-жылы декабр- да фронтко келген, 1942-жылы 6-августта каармандык менен курман болду.

 

3.Ээ менен баяндоочтун орто- суна, обочолонгон түшүндүр- мө мүчөдө, диалогдо сызыкча коюлат. Дефис кош жана кош- мок сөздөрдө коюлат. 

Татаал сүйлөмдү жазып, андагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү үтүр менен ажырат. Бир өңчөй мүчөлөргө үтүр белгисин кой.

Табышмактын жандырмагын тапканды жакшы көрөсүңбү ?

Сөздү жаз. Андагы калтырылган тамганын алдын сыз.

Жалб ы рак, кыйынчылыкта р ды.

Сызыкча катышкан сүйлөмдү туура көчүр, сызыкчанын коюлушуна башка мисал келтир.

  Жаңылмачты ким тезирээк окуйт ?

Алма алча өрүк сатып алдык.

Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. Менин мекеним – Шекер айылы. Алыкул – акын.

 

 Катанын үстүндө иштөөнүн болжолдуу үлгүсү    4 Йоттошкон тамгалардын жазылышы 5 Е,ё,ю,я-йоттошкон тамгалар. Муун 6 Ташымал Бул тамгалар эки тыбышты билдирет, жазууда бир тамга менен жазылат. Сүйлөмдү туура көчүрүп жаз. Йоттошкон тамгалар катышкан сөэдөрдөн мисал келтир, ал тамганын алдын сыз. 7 Сөздө канча үндүү тамга (тыбыш) болсо, ошончо муун болот Созулма үндүүлөрдү жазуу Сөздөр муунга ажыратылып ташымалданат. Бир тамга саптын аягына калтырыл- байт жана батпай калса, бир тамганы жаңы сапка жазып коюуга болбойт. Сөздү муунга ажырат. Yндүү тамгаларды белгиле. А ю у токойдо жана тоодо жашайт. М у /г а /л и м – 3 муун Туура эмес ташымалданган сөздү муунга ажыратып көчүрүп жаз. Өзүң каалаган башка сөздү да ташымалдап жазып көр. Ко ю у, у ю м, та я ке, ту я к, бо ё к, ко ё н, но ё н ж.б. Кыргыз тилинде алты созулма үндүү бар: аа, оо, өө, уу, үү, ээ. Алар катар келген эки тамга менен жазылат. Сур коён кыш мез-ги-лин-де айылга жакын турду. Созулма үндүү катышкан сүйлөмдү туура көчүрүп жазып, созулма үндүүлөрдү белгиле. Ал аа ры ошол бал челектен экенин ошол сакчы аа рылар кантип билет ?

Катанын үстүндө иштөөнүн болжолдуу үлгүсү

4

Йоттошкон тамгалардын жазылышы

5

Е,ё,ю,я-йоттошкон тамгалар.

Муун

6

Ташымал

Бул тамгалар эки тыбышты билдирет, жазууда бир тамга менен жазылат.

Сүйлөмдү туура көчүрүп жаз. Йоттошкон тамгалар катышкан сөэдөрдөн мисал келтир, ал тамганын алдын сыз.

7

Сөздө канча үндүү тамга (тыбыш) болсо, ошончо муун болот

Созулма үндүүлөрдү жазуу

Сөздөр муунга ажыратылып ташымалданат. Бир тамга саптын аягына калтырыл- байт жана батпай калса, бир тамганы жаңы сапка жазып коюуга болбойт.

Сөздү муунга ажырат. Yндүү тамгаларды белгиле.

А ю у токойдо жана тоодо жашайт.

М у а и м – 3 муун

Туура эмес ташымалданган сөздү муунга ажыратып көчүрүп жаз. Өзүң каалаган башка сөздү да ташымалдап жазып көр.

Ко ю у, у ю м, та я ке, ту я к, бо ё к, ко ё н, но ё н ж.б.

Кыргыз тилинде алты созулма үндүү бар: аа, оо, өө, уу, үү, ээ. Алар катар келген эки тамга менен жазылат.

Сур коён кыш мез-ги-лин-де айылга жакын турду.

Созулма үндүү катышкан сүйлөмдү туура көчүрүп жазып, созулма үндүүлөрдү белгиле.

Ал аа ры ошол бал челектен экенин ошол сакчы аа рылар кантип билет ?

Жат жазууну баалоо    Баалар Көрсөткүчтөрү  Тексттин сабаттуу жана таза жазылышы “ 5” деген баа Иш таза жазылып, орфографиялык жана пунктуациялык катасы жок болгон, кол жазмасы сулуу жазылган жазуу ишине коюлат.   Таза жазылып, 2 орфографиялык, 2 пунктуациялык же “ 4” деген баа  4 орфографиялык, 4 пунктуациялык же 3 орфографиялык,  3 пунктуациялык ката кетирилсе коюлат. “ 3” деген баа 5 пунктуациялык катасы бар жат жазуу үчүн коюлат, же болбосо кетирилген катанын өзгөчөлүгүнө карай “ 2” деген баа Жат жазуу булганыч аткарылып, орфографиялык – пунктуациялык жактан 8 ден ашык ката кетирилсе коюлат. 5 орфографиялык жана 2 пунктуациялык катасы бар жат жазууга да коюуга болот.  

Жат жазууну баалоо  

Баалар

Көрсөткүчтөрү

Тексттин сабаттуу жана таза жазылышы

5” деген баа

Иш таза жазылып, орфографиялык жана пунктуациялык катасы жок болгон, кол жазмасы сулуу жазылган жазуу ишине коюлат.

Таза жазылып, 2 орфографиялык, 2 пунктуациялык же

4” деген баа

4 орфографиялык, 4 пунктуациялык же 3 орфографиялык,

3 пунктуациялык ката кетирилсе коюлат.

3” деген баа

5 пунктуациялык катасы бар жат жазуу үчүн коюлат, же болбосо кетирилген катанын өзгөчөлүгүнө карай

2” деген баа

Жат жазуу булганыч аткарылып, орфографиялык – пунктуациялык жактан 8 ден ашык ката кетирилсе коюлат.

5 орфографиялык жана 2 пунктуациялык катасы бар жат жазууга да коюуга болот.