8-класстар үчүн олимпиадалык тапшырмалар
1.Ээнин милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрү кайсылар? Ар бирине сүйлөм түзүп,белгилеп көрсөт.
2.Баяндоочтун кандай түрлөрү бар? Төмөнкү сүйлөмдөрдөн баяндоочтун түрлөрүнө карай бөлүп жазгыла.
А)Акыл-тозбочу тон,илим-түгөнбөгөн кен.
Б)И.Арабаев атындагы илимий-коомдук сыйлык уюштурулган.
В)Акылдуунун сөзү-кыска,айта салса-нуска.
Г)Саякатчылар Түндүк уюлга жетүүгө аракет кылышкан.
Д)Келе жаткандар-бешөө.
Е)Кыргыздын ак карлуу Ала-Тоосу-ушул.
Баяндоочтун түрлөрү: -------------------------------------------
-------------------------------------------
3.Сүйлөм мүчөлөрүнүн катышына карай бөлүп көрсөткүлө
А)Берекелүү күз мезгили келди. Б)Кыш келди.В)Айлананы ак кар каптады.Г)Күн жылыды.Д)Мен 8-класста окуйм.Е)Торгой сайрады.
4.Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү суроолору менен жаз.
5.Тике толуктоочтор кайсы жөндөмөдө турат?Кыйыр толукточтор кайсы жөндөмөдө туруп,кандай суроолорго жооп берет?
6.Морфологиялык талдоо жүргүз.
Классташтарымдын бардыгы жакшы окушат.
7.Тыныш белгилердин туура коюлушун белгилегиле.
А)Бах,көп иш кылган экенсиңер.
Б)Бах көп иш кылган экенсиңер.
В)Бах!Көп иш кылган экенсиңер!
Г)Бах-көп иш кылган экенсиңер.
8.Төмөнкү сөздөрдөн кайсылары туура,кайсылары туура эмес жазылганын аныктап,оңдобостон тийиштүү мамычага жайгаштыргыла.
Буйурса,көбүрөөк,бетмебет,тарыхчы,жыңалач,Апазовтун,суулу,тууралу,күлкүмүштүү,күмбою,садага,садат,чойт чойт,калдыр кулдур,сыйагы,себеби,кечөө,Ыссык Көл,Алатоо,келтат,Курманжан Датка,кату.
Туура жазылган сөздөр | Туура эмес жазылган сөздөр |
| |
9Синтаксистик талдоо жүргүзгүлө
Кош дөбөгө жеткенде аны күн кууп өттү.
10.Текст менен иштөө
Жаздын алгачкы мөлтүр тамчысына бетимди,кош алаканымды тостум,даамын таттым. Чыт курсак бала кезде тоо кыдырып сабалаган жамгырдын алдында жыңайлак,жылаңбаш,тепеңдеп чуркаганды,жылаңач турганды өнөр көрчүбүз.
Шатыраган жаздын жамгыры,кадимки тааныш үнү менен сабалап жаап кирди.Тамдын үстүнөн суу шыпырылып агып жатты.
Биринчи жамгырдын кадимки тамчысынын адамга берген демин,жыргалын бала кездегидей эми сезе алабызбы?
Табияттын бирөө этибар албаган майда көрүнүшүнөн ,кубулушунан үзбөй кубаныч таба алган,андай ырахатты узарткан,дайыма сүйүнүп жүргөн адам кандай бактылуу!
Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы берилген тексттин негизги максатын так аныктайт?
А)Адамдардын кубанычын корсөтүү
Б)Балалык мезгилди айтып берүү
В)Табияттын сулуулугун баяндоо
Г)Жазгы жамгырды сүрөттөө
11.”Кожожаш”эпосунда адам баласы менен эмненин байланышы сурөттөлөт?
А) адам баласы менен космостун
Б)адам баласы менен табияттын
В)адам баласы менен робот
Г)адам баласы менен жырткычтардын