Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча презентация Тема: Муун жана ташымал»
Сабактын темасы:
Муун жана ташымал.
Текст: Чыңгыз Айтматов
Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар муун жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүктөрү толукталат,Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимдерин кеңейтишет.
2.Өнүктүрүүчүлүк: Сөздөрдү муунга туура ажырата алы- шат,муундун түрлөрүн аныктай алышат,муунга карай сөз- дөрдү туура ташымалдоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт,
текстти окуп изилдей алышат.
3.Тарбия берүүчүлүк: Улуу адамдардан өрнөк алууга, алардын эмгектерин баалоого тарбияланышат.
Мисалы:
Т а л а с Б и л и мд үү
А ңг е м е Б а л а л ы к
Муундун түрлөрү
1. Ачык муун. Жалаң гана үндүү тыбыштан же үнсүз менен башталып үндүү менен аяктайт.
Мисалы: а -п а , а -т а , э -ж е
2. Жабык муун. Үндүү менен башталып,үнсүз тыбыш менен аяктайт.
Мисалы: а т, о т, э т
3. Туюк муун. Үнсүз менен башталып,үнсүз менен аяктайт.
Мисалы: м е к-т е п, б а л-д а р
Чыңгыз Айтматов-залкар жазуучу
Чыңгыз Айтматов
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн.
Атасы Төрөкул Айтматов, апасы Нагима Хамзаева өз кезинин эң билимдүү адамдарынан болушкан.
Чыңгыз Айтматовдун балалык чагы Улуу Ата Мекендик согуш учуруна туш келип , ал 14 жашында айылдык кеңештин катчысы болуп иштеген.
Анын «Газетчи Дзюйо» аттуу эң биринчи аңгемеси 1952-жылы жарык көргөн. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Гүлсарат» жана башка чыгарма- лары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган.
1. «Ак жаан»
2. «Асма көпүрө»
3. «Делбирим»
4. «Кызыл алма»
5. «Бетме-бет»
6. «Саманчынын жолу»
7. «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт»
8. «Тоолор кулаганда»
9. «Кассандра тамгасы»
10 «Фудзиямадагы кадыр түн»
1-көнүгүү. Акыркы сүйлөмүн муунга бөлүп жазгыла
Айт-ма-тов-дун «Би-рин-чи му-га-лим», «Жа-мий-ла», «Ак ке-ме», «Эр-те кел-ген тур-на-лар», «Гүл-са-рат» жана баш-ка чы-гар-ма-ла-ры дүй-нө эл-де-ри-нин көп-тө-гөн тил-де-ри-не ко-то-рул-ган.
4-көнүгүү. Тексттин 4-сүйлөмүндөгү сөздөрдү муунга ажыраткыла.Муундун түрүн аныктагыла.
А-нын «Га-зет-чи Дзю-йо» ат-туу эң
би-рин-чи аң-ге-ме-си 1952- жы-лы
жа-рык көр-гөн.
Туура эмес муунга ажыратылган сөздөрдү тапкыла.
«Мек-ен де-ген а-лп сөз-дүн кут түш-көн о-чо-гу сы-як-туу а-ла-кан-дай бор-бор-у бо-лот э-мес-пи. Ме-нин ме-ке-ним- Ше-кер ай-ы-лы».
Туура эмес муунга ажыратылган сөздөрдү тапкыла.
« Ме-кен де-ген алп сөз-дүн кут түш-көн о-чо-гу сы-як-туу а-ла-кан-дай бор-бо-ру бо-лот э-мес-пи. Ме-нин ме-ке-ним- Ше-кер а-йы-лы ».