СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили Фразеологизмдин турлору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили Фразеологизмдин турлору»

Предмети: кыргыз тили

Сабактын темасы: Фразеологизмдер жана алардын түрлөрү

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын усулу: Айтып берүү жана көнүгүү, изилдөө методдору

Колдонулуучу каражаттар: Таблицалар, карточкалар, проектор, ноутбук

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучулар фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери, алардын өз ара бөлүнүшү, сүйлөмдө аткарган синтаксистик милдети тууралуу кеңири түшүнүк алышат;
Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын табышат;

-фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин үйрөнүшөт;

-өз ара бөлүнүшүн билишет;

-синтаксистик талдоону терең үйрөнүшөт;

-фразеологизмдердин макал-лакаптар менен окшоштуктарын жана айырма-чылыктарын айырмалай билүүгө көнүгүшөт;

Өнүктүрүүчүлүк: Фразеологизм сөздөр-дүн маанилерин чечмелешет, аларды өз кептеринде, жазуу иштеринде колдонушат;

Фразеологизм сөздөрдү катыштырып, сүйлөмдөрдү түзүшөт;

Жазуу жана оозеки көндүмдөрүн өнүктү-рүшөт, эне тили аркылуу улуттук жана дүйнөлүк акыл-ой мурастарын өздөштүрүшөт;



- фразеологизм сөздөрдү катыштырып оозеки жана жазуу түрүндө сүйлөм түзө алышат;

Тарбия берүүчүлүк: кыргыз тилинин бай казынасы менен окуучулар тил байлыгын арттырышат, тилдик каражаттарды колдонуп сүйлөп, сүйлөө маданиятына көнүгүшөт;

-жолдоштору менен биримдикте иштей алышат, ар бир ой баалуу экендигин сезишет, бирин-бири сыйлап, уга алышат;




Сабактын жүрүшү

Түшүндүрмөлөр

Уюштуруу иши.

Саламдашуу, класстын, окуучулар-дын сабакка даярдыгын кароо

Окутууну ийгиликтүү ишке ашырууга шарт түзүлөт

Өтүлгөн темаларды кайталоо: түзүлгөн суроо – жооптор менен

Өтүлгөн материалдар боюнча билимдери тереңдейт жана бышыкталат. Өздөрүнүн канчалык деңгээлде материалдарды өздөштүргөнүн баамдап билишет.




Фразеология жөнүндө жалпы маалымат

Биздин кебибиз сүйлөмдөрдөн турат. Сөз, сөз айкаштары – анын курулуш материалдары. Ошол каражаттар менен түзүлгөн сүйлөмдөр аркылуу оюбузду башка бирөөлөргө туюндуруп, толук пикир алышууга жетишебиз. Оюбузду түшүндүрүү, адатта, сүйлөмдөргө камтылган сөздөрдүн, сөз айкаштарынын лексикалык тике мааниси аркылуу ишке ашат.

Мисалы: кол, таш, жылдыз. Бул сөздөр затты туюндурууда. Ал эми колу узун, катуу таш, жарык жылдыз десек, заттын сын-сыпаты жөнүндө маалымат алабыз. Кээде кебибизде колу чүруш, таш боор, жылдызы жарык, жүрөгү алкымына капталды, жүргөн жерине чөп чыкпайт, сиркеси суу көтөрбөө д.у.с. сөз айкаштары жолугат. Эгерде булардын тике маанисин көңүлдүн борборуна тутсак, сөзүбүз чындыкка коошпой калат. Анткени мындай сөз айкаштары алгачкы маанилеринен алыстап, айтайын дегенибизди элестүү кылып, оюбузду өзгөчө туюндурат. Алар бир нече сөздөрдүн түрмөгүнөн турса да, бир мааниге ширелешип, өзүнчө бирдикти түзүп, тилибизде көркөм каражат катары кызмат аткарат.

Кепте дайыма даяр материал катары колдонулуп, эки же андан ашык компоненттерден турган, маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланган, образдуу сапатка ээ туруктуу сөз тизмектерин фразеологизмдер деп атайбыз. Мисалы: ат тезегин кургатпай, жылдызы жерге түшүү, колу туткак, мурдун тарта албаган, тил эмизүү.

Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери

Тилдин башка бирдиктериндей эле, фразеологизмдердин да өзүнө мүнөздүү белгилери бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:

а) Кепте даяр материал катары колдонулушу;

б) Компоненттүүлүгү;

в) Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

г) Образдуулугу;

д) Туруктуулугу;

е) Синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы;

Кепте даяр материал катары колдонулушу- фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан, илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган.

Мисалы: Ээ, Кенжеш, агаларыңа керээз айтсам укпады. Укпаган соң, күйбөгөн жерим күл болду. Алардын келечегин ойлоп кабыргам кайышты. Биз силерди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүргөн элек. Эми минтип бир аягыбыз төрдө, бир аягыбыз көрдө болуп турганда, силерге айтар керээзибиз, өтүнүчүбүз бар эле, аны агаларыңа айтсак, моюндарын толгошту.

Жогорудагы сүйлөмдөрдөгү фразеологизмдер дээрлик ушул калыбында учурап, кепте даяр материал катары колдонулат. Алар башка сүйлөмдөрдө да ушул формасын бузбайт.

Компоненттүүлүгү - фразеологизмдер эки же андан ашык компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент – компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак таңдай, алдына түшүү – 2 компоненттен, ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо – 3 компоненттен, жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу – 4 компоненттен, ары карап ыйлап, бери карап күлүү, көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн ж.б. фразеологизмдер 6-8 компоненттерден турушат. Жогорудагы келтирилген мисалдар фразеологизмдердин эки же андан ашык компоненттерден тургандыгын, тактап айтканда, алардын компонеттүүлүгүн ырастап турат.

Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы-жогоруда айтылгандай, фразеологизмдердин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай ажырашып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык – сүйкүмдүү, арасынан кыл өтпөгөн – ынтымактуу, төбөсү көккө жетүү - кубануу, ат тезегин кургатпай – тез-тез, тарс эсинен чыгуу – унутуу ж.б. Бирок бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр, же сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу, кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу, тилинен бал тамуу, түндүктөн түшкөн ууру (фразеологиялык сөздүк боюнча берген маанилери айтылат).

Образдуулугу-фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Маселен эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын; адилеттикти бардыгына тең караган калыстыкты, таамай жана таасирдүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти; камырдан кыл суруугандай, кара суудан каймак алуу деген сыяктуу көрө албастык, ичи тардык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды; ичине кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр чыгаруу; кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо деген фразеологизмдер аркылуу туюндурсак, же болбосо “Берекелүү күз айы” дебестен, “Ак төөнүн карды жарылган күй айы”, “Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел” дебестен “Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел” деп, кебибизде фразеологизмдерди ыктуу колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары образдуу болору да байкалат. Образдуулук дайыма эле ачык боло бербейт, бирок аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары колдонулушун шарттайт.

Туруктуулугу-фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн тутумундагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологиялык жалпы мааниси чыкпай калат. Бирок бардык жерде эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби ажырагыс деп айтуу туура эмес. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлар да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат.

Синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы – фразеологизмдер бир гана маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албайт. Мисалы: Ташчайнар менен Акбара башы оогон тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип, сүйлөм мүчөсү боюнча бышыктоочтун милдетин аткарышты.

Фразеологизмдердин өз ара бөлүнүшү

Кыргыз тилинде фразеологизмдер өз ара үчкө бөлүнөт. Алар фразеологиялык ширешме, фразеологиялык бирдик, фразеологиялык тизмек (айкаш). Мындайча бөлүштүрүү алардын тутумундагы компоненттердин жеке тургандагы тике мааниси менен жалпы фразеологиялык маанинин ортосундагы жакындыгына, бири-бирине болгон маанилик байланышынын даражасына ылайык аныкталат.

Фразеологиялык ширешме

Мааниси тутумундагы компоненттердин алгачкы лексикалык маанилери менен таптакыр байланышы жоктой сезилген фразеологизмдерди фразеологиялык ширешме дейбиз. Мисалы: Мурдун балта кеспөө, беш өрдөгүн учуруу, котур ташы койнунда, ала жипти аттабоо, сиркеси суу көтөрбөө д.у.с. Булардын фразеологиялык мааниси тутмундагы компоненттердин өз алдынча тургандагы тике маанилери менен байланышы жок. Албетте, качандыр бир учурда байланышы болгондур, бирок азыр байкалбайт.

Фразеологиялык бирдик

Фразеологиялык жалпы маани фразеологизмдин тутумундагы компоненттердин жеке тургандагы маанилерине аздыр-көптүр жакындыгы бардай болуп, жалпы маани ошол компоненттер аркылуу келип чыккандай сезилген туюнтмалар фразеологиялык бирдик деп аталат. Мисалы: көз ачып-жумганча, көздүн карегиндей сактоо, үрүп чыгаар ити жок, күлү додо болбогон, чоң муштум, түп тамырынан бери, көчүк айланбаган, ийне-жибине чейин д.у.с. Келтирилген фразеологимдер аркылуу туюндурулган тез, бачым, кастарлап сактоо, кедей, көчмөн (туруктуу жашабаган), зөөкүр, бүт (калтырбай), тар деген маанилер ошол фразеологизмдердин тутумундагы компоненттердин өз алдынча тургандагы маанилери менен үндөшүп, жалпы маани ошолордун маанилери аркылуу келип чыккандай сезилип турат. Демек, бул туюнтманын фразеологиялык маанилери турмуштагы чындыкты түз, бирок образдуу чагылдыруудан улам пайда болгондугу көрүнүп турат.

Фразеологиялык айкаштар

Фразеологизмдердин бул тобу көпчүлүк учурда фразеологиялык тизмектер деп да аталып жүрөт. Кебибизде эркин, өз маанисинде кеңири колдонулбастан, белгилүү бир гана сөздөрдө колдонулуп, фразеологиялык маанини пайда кылган туруктуу сөз айкаштарын фразеологиялык тизмектер дейбиз. Мисалы: кымча бел, кыямат күн, аскар тоо, чарк айлануу, жылас болуу (кылуу) д.у.с. Келтирилген мисалдардагы кымча, кыямат, аскар, чарк, жылас деген компоненттер дээрлик ушул сөздөр менен гана айкашып колдонулат да, келбеттүү, алаамат, медер (таяныч), далалаттануу (өтө ылдам), таптакыр жоголуу маанилерин туюндурат. Аталган компоненттер белгилүү гана сөздөр менен чектелген түрдө айкалышат.




Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын окшоштуктары

жана айырмачылыктары

Фразеологизмдердин макал-лакаптарга бир топ окшош жактары бар. Алар:

  1. Кепте даяр материал катары колдонулушу

  2. Тутумунун туруктуулугу

  3. Образдуулугу

Фразеологизмдер

Макал-лакаптар

Бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Тутумундагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча сүйлөм мүчөсү болот

Бир түшүнүктү элестүү атайт, туюндурат.

Эл турмушунун тажрыйбасынан корутундуланган түшүнүктү билдирет.

Дидактикалык мүнөзгө ээ эмес.

Дидактикалык мүнөзгө ээ.

Тилде көркөм каражат болот.

Тилде сүйлөм катары колдонулат.

Ал эми айырмачылыктары төмөнкүлөр:




Төмөнкү фразеологизмдерди катыштырып сүйлөм түзүп, маанилерин чечмелейбиз.

  • Ажыдаардын куйругун басып алуу;

  • Акка моюн сунуу;

  • Аягы сай таппоо;

  • Башына чөп сындыруу;

  • Бир буту төрдө, бир буту көрдө;

  • Бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан алуу;

  • Көзүнүн агы менен тең айлануу;

  • Ата-жотосуна жетүү;

  • Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок;

  • Бөрк ал десе баш алган;

  • Бери карап күлүп, ары карап ыйлап;

  • Эки тоонун чөбүн эңсөө;

  • Тумшугуна суу жетүү;

  • Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу;

Сабакты бышыктоо: суроо-жооптор менен

Окуучулардын билимдерине баа берүү жана баалоо:

-теориялык маалыматтуулугунун деңгээлин байкоо;

-үйрөнгөндөрүн практикада колдоно алуусун баалоо;

-өз алдынча чыгармачылык менен иштөөсүн баалоо;

-активдүү аракетин, демилге менен иштөөсүн, акыл эмгегинин маданиятын баалоо;

Үйгө тапшырма: 39-көнүгүү