СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили "Карагул ботом" 8-класс

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили "Карагул ботом" 8-класс»

Класс: 8-класс

Предмет: Кыргыз адабияты

Тема: Калык Акиев «Карагул ботом»

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү, окуп үйрөнүү

Сабактын усулу: талкуулоо, суроо-жооп, аңгемелешүү, баяндап берүү ж.б

Сабактын жабдылышы: кырдаалга байланыштуу сүрөттөр, окуу китеби ж.б:

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөрү:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар Калык Акиевдин “Карагул ботом” чыгармасы менен таанышып, анын негизги идеясы жөнүндө маалымат алышат.

- Калык Акиевдин “Карагул ботом” чыгармасынын негизги идеясын жөнүндө маалымат алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, сүйлөө кеби өнүгөт, өз оюн туура айтууга калыптанат.

- логикалык ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, сүйлөө кеби өнүксө; өз оюн туура айтууга калыптанышса

Тарбия берүүчүлүк: Адептүү, кайрымдуу болууга, жаратылышты коргоого, жаныбарларга аяр мамиле кылууга көнүктүрүп, акындын чыгармаларын кызыгып окууга багыт алышат.

- адептүү, кайрымдуу болууга, жаратылышты коргоого, жаныбарларга аяр мамилекылууга көнүгүшсө;

-акындын чыгармаларын кызыгып окууга багыт алышса.


Негизги компетенттүүлүк

НК 1

Маалыматтык компетенттүүлүк; абадиятта алган маалыматтарын кабылдап, башка адамдарга ырааттуу айта билисүү, айтылып жаткан кепти уга билүүсү, сабаттуу жазуу алуусу, көркөм адабий тексттерди туура окуп-түшүнүсү, жалпысынан пикирлешүүсү;

НК 2

Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк; сөз маанилерин тандоо менен өз оюн жагымдуу жеткирүү, адабият теориясын пайдаланып,

тексттерди колдонуп, адабий билимин социалдык чөйрөдө колдоно билүү жөндөмдүүлүгү;

НК 3

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү; Турмуштук кырдаалдагы, окуган материалдардагы карама-каршылыктарды таба билүү, талдоо, өз алдынча аларды чече алуу жана бир пикирге келүү;


Предметтик компетенттүүлүк

ПК 1

Окурмандык компетенттүүлүк; көркөм чыгарма жөнүндө теориялык жалпы түшүнүктөргө: чыгарманын идеясы, темасы, проблематикасы, сюжети жана

композициясы, чыгармада сүрөттөлүп жаткан шарт менен каармандардын карым-катнашы, байланышы, каарманды сүрөттөөдөгү ыкмалар,

тилинин өзгөчөлүгүнө ээ болушат;

ПК 2

Баалуулук-дүйнө таанымдык; чыгарманын тили, ыр түзүлүшү, жазуучунун стили, колдонулган көркөм сөз каражаттары, образдык-эмоционалдык функциясы жөнүндө билимдери тереңдейт;

ПК 3

Адабий чыгармачылык; чыгармадагы каармандын ички дүйнөсүн, түшүнүк-сезимин, кайгы-касиретин, интеллектуалдык деңгээлин, мүнөзүн чагылдырган тил байлыгы, лексикасы жөнүндө түшүнүк алышат;


Сабактын этаптары

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруучулук

Мугалимдин ишмердүүлүгү: Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү, мотвация берүү:

Саламатсыңарбы балдар! Биз бүгүн сабакта бири-бирибизди көрүп, кызматташып жатканыбызга кубанычтамын. Ал эми бүгүнкү сабактын ураны:

1-топ. Биздин колубуздан баары келет!

2-топ. Биз баардык тапшырманы аткара алабыз!

3-топ. Биз мыкты балдарбыз!

Окуу процессине даярданышып, маанайларын көтөрүп, мотивация алышат.

2. Өтүлгөн темаларды кайталоо

Өтүлгөн тема боюнча суроо-жооп уюштуруп аңгеме жүргүзүлөт.

К. Акиев деген ким?

Ал эмнелерди жазган?

Эмне жөнүндө жазган?

Анын чыгармалары эмнеге үйрөтөт?


Калык Акиев

ырчы, акын, дастанчы, обончу


ыр дастан обончу комузчу


эмгек адамдар турмуштук көз караш мекен


адамгерчилик, боорукерлик,

атуулдук сезимди ойготууга,

мекенди сүйүүгө үйрөтөт


Окуучулар өтүлгөн теманы кайталап суроолорго жооп берип, кластер түзүшөт

3. Актуалдуу маселелер.

Балдар, бүгүн биз сабакта калкына кара жаак, жез таңдай атыккан төкмө жана жазгыч акын, айтылуу дастанчы, обончу, комузчу, эл артисти Калык Акиевдин

“Карагул ботом” чыгармасы жөнүндө сөз кылабыз.

Сабактын максаты кандай болот?

Окуучулар суроолорго жооп берип, сабактын темасы менен таанышып, сабактын максатын айтышат

4. Жаңы теманы түшүндүрүү

"Карагул ботом" адам менен жаныбарлардын табияттагы мыйзам ченемдүү өз ара алака-катышынын трагедиялуу жагдайын чагылдырган турмушта болгон окуя. Чыгарма элге таасирдүүлүгү, өзөктү өрттөгөн оор жоготууну элестүү сөздөр менен кошокко айландырган ыры, муун-жүндү бошоткон кайгылуу обону аркылуу ого бетер артылган.

Дастандын 5 варианты бар.

  • Калык Акиев

  • Асылбек Эшмамбет

  • Ашыралы Айталиев

  • Сарыкунан Дыйанбаев

  • Ыбырай Бейшекеев

Биз бүгүн К. Акиевдин варианты менен таанышып көрөбүз.

Дастандын мазмуну. Чыгармада бир чалдын беш уулу болот. Экөө атышып жоодо, экөө доодо өлөт. Жалгыз Карагул аттуу уулу калат. Күндөрдүн биринде чал жолу болбой, күүгүмдө үйүнө кайтып келе жатса, балтыркандын түбү кыймылдайт. Энесине таарынган кичинекей уулу Карагул атасынын артынан ээрчип барып, чарчап уктап калган болот. "Эликтин баласы" деп атып жиберсе, атасынын жолун тосуп чыгып, уктап калган чаарчык тончон өз баласы болуп чыгат.

Ошентип, "Карагул ботом" кайберендин каргышына калып, жалгыз баласынан ажыраган мергенчинин муң-зары, оор күйүтү катарында эл арасына тараган.

Окуучулар “Карагул ботом” дастаны менен таанышып, маалымат алышат.

5. Жаңы теманы бышыктоо. Кайтарым байланыш

Топто иштөө. Ар бир топ берилген тапшырмаларды аткаргыла.

1-тапшырма: Өз алдынча текстти окугула.

Окуучулар окуу китебиндеги текстти окушат

2 - тапшырма: Өзүӊөргө бөлүнгөн тапшырмаларды аткаргыла

1-топ. Чыгарма боюнча сүрөт тартуу. Сүрөт боюнча өз оюн айтуу.








2-топ. Дастандан айтып берүү

3-топ. Мергенчи чалдын баласын аткан жерин ролдоштуруп аткарып берүү.

Топто берилген тапшырмаларды аткарышат

3-тапшырма: Төмөнкү сүйлөмдөрдү окугула, «ооба» же «жок» деген жообуӊарды негиздеп бергиле

Сүйлөмдөр

Ооба

Жок

1

Мергенчи өз уулун атып алганы чынбы?



2

Мергенчи он миңдеген кийиктерди кырганбы?



3

Мергенчинин беш уулу болгонбу?



4

«Карагул ботом” поэмасында балдыркан, ак бараң, как баш деген сөздөр кездештиби?



5

Карагулдун эжеси барбы?



Берилген 5 сүйлөмдү окуп, пикирлерин айтышат.

5 - тапшырма: Чыгарманын окуясынан алган таасирлериӊердин негизинде өзүӊөргө 2 эреже чыгаргыла.

1-топ. 1-эреже. Жан-жаныбарлардын каргышына калбоо.

2-эреже. Бирөөгө оор казсаң, өзүң түшөсүн.

2-топ. 1-эреже. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.

2-эреже. Бала, баланын иши чала.

3-топ. 1-эреже. Жыландын куйругун баспа

2-эреже. Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.

Ар бир топ 2 эреже жазат. Эрежелерин айтышат.

6. Сабакты жыйынтыктоо

Бүгүнкү сабакта К. Акиевдин “Карагул ботом” дастаны силерди кызыктырып жана жаратылышка, жаныбарларга аяр мамиле кылууга жана коргоого силерди шыктандырат деп ишенем. Балдар, көбүрөөк окугула жана китепсиз күн жоголгон күн экенин унутпагыла!

7. Баалоо Сабакка активдүү катышкан окуучулардын жалпы билимдерин баалап, күндөлүккө баа коюп берүү.

8. Үй тапшырма Тексттен 8 сап үзүндү жаттоо





Скачать

© 2024, 96 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!