СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили майрамынын сценарийи

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили майрамынын сценарийи»

Кыргызстандын 60 жылдыгы орто мектебинде Мамлекетттик тилдин 32 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн музыкалык композициянын сценарийи.

Ак саламым жолдонот жалпы журтка Кымбаттан кынаалашып бүткөн тилим,

Ак калпагын түшүрбөгөн кыргыз журтка Кылымдан ыйык энем күткөн тилим.

Саламыбыз кабыл алың баарың бирге Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда

Башым ийип салам берем эли сизге Жаралып жаным менен бүткөн тиилим

  1. Тил гимни.

  2. Доклад

  3. Музыкалык композиция

Кыргыз тили кыргыз элин сыйлаган,

Калк кубанса кубанып, капаланса ыйлаган.

"Манас" менен "Эр Төштүктү" таштабай,

Кылымдарды сактап келди кыйладан. Баарыңыздарды Мамлекеттик тилдин 32 жылдык мааракеси менен куттуктап, кийинки музыкалык композицияга көңүлуңуздөрдү бурабыз.

Күү чалынат. Боз үйдүн алдындагы көрүнүш.

Байыркы бир бир мезгилде хандын кызы кырк кыз нөкөрү менен сейилдеп чыгыптыр. Алар көңүл ачып,суу-ташты карап ,эң бир соонун жерлерди кыдырып айылына кайрылып келсе,айылын душман тып-тыйпыл кылып чаап кеткен болот. Дал ошол кырк кыздан эл тарап кырк кыздын тукуму-кырк кыз деп аталып акырындык менен кыргыз болуп кетиптир. Кырк кыздан тараган тентип кеткен кыргызды, Манас баатыр журт кылган. Чачлганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, душмандан эл жерин сактаган, Кулаалы багып куш кылган курама элди журт кылган Манас атабыз бирөөн алтайдан, бирөөсүн чогултуп кыргыз журтун душмандан сактап, бүгүнкү күндө кыргыз журту канатын кең жайып, өсүп турган мезгилге келип жетти.

  1. Манасчылар манас айтышат.

  2. Манас сактаган кыргыз эли Ала -Тоону мекендеп, таза аба, кең суунун астында байыр алып, ак калпагын түшурбөй, колломтосун өчүрбөй, элдик каада-салт, көөнөрбөс дастандарын бек сактап, аны тил аркылуу даңазалоо менен бүгүнкү күнгө жетип келди.

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.

Эне тилсиз тааныр белем элимди.

Эне тилсиз укмак белем «Манасты»

Эне тилсиз укмак белем санатты.

(Түмөнбай Байзаков) Кыргыз жери ( Хор ырдашат)

  1. Уламадан уккан сөз

Угуттанып чыккан сөз

Арбын жөлөк толгон сөз

23**Ат көтөргүс болгон сөз

Эрендерден алган сөз

Энчи болуп калган сөз

Карылардан алган сөз

Калк ичинде калган сөз ( Тил тууралуу куплеттер)

  1. Кыргыз эли көчмөн калк. Буга далил алардын таш бетинде калтырган саймалары, созолонткон обондору, чимирилип бий бийлеген ийкемдүү кыймылдары. Бул кызыктуу маалымат кантип жетип келди деген ойдо болсоңуз керек. Албетте ,тил аркылуу.

Тилиң тарых,тилиң күзгү дилиңе

Кимдигиңе тилиң күбө ириде

Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп

Өтүүң парз,тирүүлүктө бул дүйнөдө ( Бийчилер )

  1. Асманда балбыл жанган жылдыз тилим

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим

Арыбай кылымдарды багынта бер

Ардагым ата-мурас –кыргыз тилим. ( Жеке номер Өскүн кыргыз)

  1. Жаша тилим ,өмүр тилейм өзүңө

Өзүң кубат,өзүң дүрмөт тилиме

Өз элимден ,өз тилимден сүйкүмдүү

Касиетти көрө албаймын дүйнөдө ( Бий экинчи топ)

  1. Кыргыз тили кылымдардан куралып

Нечен катаал мезгилдерде сыналып

Бабалардан бизге калган таберик

Урпактардан урпактарга уланып (Балага ат коюу салты боюнча көрүнүш)

  1. Бата берүү салты

Бата менен эл көгөрөт

Жамгыр менен жер көгөрөт.

Сиздер берген бата менен

Мектебибизде билим өсүп өнүгөт.

  1. Асманда балбыл жанган жылдыз тилим

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим

Арыбай кылымдарды багынта бер

Ардагым ата-мурас –кыргыз тилим. (Жеке номер)

Жый: Кылымдарды кезген тилим –кыргыз тил

Кыргыз жолун арууланткан жылдыз тил!

Жерди огунда чимирилткен чындык тил,

Таазим этем бугун сага 32 жыл.

Кыргызстандын 60 жылдыгы орто мектебинин мамлекттик тилдин кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына арналган “Ар бир тил өз эли үчүн улуу”деген темадагы музыкалык кечебизге көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат. Майрамыңыздар менен!