Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили сабагы 7-класс»
1.Түгөлбай Сыдыкбековдун «Акылман куудул» повестиндеги Куйручуктун азан чакырып коюлган ысымы ким жана эмне үчүн Куйручук аталып кетти? 2. «Семетей» – «Манас» үчилтигинин ............бөлүмү. 3. Төмөндө акын жазуучулар тунгуч чыгармалары менен берилди. Кайсы жооп ката? А) А.Токомбаев “Октябрдын келген кези” б) А.Осмонов “Кызыл жүк” в)Т.Сыдыкбеков “Булар кимдер” г) Ч.Айтматов “Ак жаан”
- 4. “....Ак жуткуч байды алдаптыр, барды алдаптыр, жокту алдаптыр. Баары бир “алдооч баштыгы” толбоптур. Ошондо не баласы жок, не малы жок, эки көзү көрбөс сокур кемпирден бир сары улак алыптыр да, ага жалгыз чарык жип бериптир....”
- “ Акылман куудул” повестинен келтирилген үзүндү дө ким жөнүндө кеп болууда?
- А) Куйручук
- Б)Сорунду
- В) Борукчу
- Г)Алакөз
- “ Жараланган жүрөк” повестинде Бектурганга кайсы сапат мүнөздүү эмес?
- 1.тагдырдын оор кыйыштарына туруштук бере албай мүңгүрөп калуу
- 2.турмуштун кандай кырдаалы болбосун адам бойдон калуу
- 3.өзүнүн баатырлыгына менменсинген текебер, чыр-чатакка жакын
- 4. бай-манаптардан дайыма жалтактап туруу, бийлик адамдарынын даражасына баш ийүү
- А) 3гана б) 3,4 гана в) 1,2,3 Г) 4 гана
- 6. “Манастын уулу Семетей” пьесасы кандай окуяны сүрөттөө менен башталат?
- 7. “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Абыке, Көбөштөр кимдер жана алар кандай иш жасашат?
- 8. “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Семетей Ысмайылдын баласы эмес, Манастын баласы экендигин, Каныкей эжеси эмес, энеси экендигин ага ким айтат?
- 9. Кетсе,
- Кеткен катын азбы!..
- Андан көрө көзүм көрбөй,
- Алысыраак жүргөнү жакшы! - Чыгармадагы кимдин сөзү?
10. «Атанын тагдыры» драмасын жазууга киришкенде автордун колунда кандай турмуштук материалдар бар эле?
11. Эмне үчүн Жеңишбек тентек эрке болуп кетти? Мисалдар менен далилдегиле. Жеңишбектин өзүнүн жолдошторуна жана коомдук иштерге мамилеси.
13. Бурул менен Жеңишбектин сүйлөшүүсү окуяны башка жакка буруп кетти. Анын себеби эмнеде?
14. Акылбек кызы Майрашты эмне үчүн урушту?
15. Экинчи көшөгөдөгү окуядан кандай карама-каршалыктарды байкадыңар? Ал келишпестик кимдердин ортосунда жүрөт?
16. Акылбек, Болотбек, Жеңишбек деген энчилүү аттардын маанисин чечмелегиле.
17. Драма эмне үчүн “Атанын тагдыры” деп аталат?
18. Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси менен “Атанын тагдыры” драмасынын окшоштуктары, айырмачылыктары эмнеде?
19. “Атанын тагдыры” сахнада эң көп коюлган спектакль экендигинин сыры эмнеде?
20. Драмалык диалог деген эмне?
Дил баян жазуу үчүн болжолдуу темалар
а) Согуш жана адам тагдыры
б) Акылбектин жашоосу-үзүлбөгөн үмүт
в) Жеңишбек- Болотбектин уландысы
г) Оңолкан адамгерчиликтин душманы