КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ
ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ
АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 7г – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНАН ӨТКӨРҮЛГӨН «СЫРДЫК СӨЗДӨРДҮН ЖАЗЫЛЫШЫ ЖАНА АНЫН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ» ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ
АЧЫК САБАКТЫН
ИШТЕЛМЕСИ
МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ
КААНАСЫ: 209
КЛАСС: 7Г
ОШ ШААРЫ – 2018
Сабактын темасы: Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери
Сабактын максаттары:
БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ |
Окуучулар бул сабакта сырдык сөздүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу толук маалымат ала алышат жана орфография, орфоэпия, пунктуация жөнүндө мурунку алган билимдерин эске салышат; | Окуучулар сабакта алтын эрежелерди сактоого, бирин – бири сыйлоого, ата – эненин кадыр - баркын билүүгө жана адептүү; ыймандуу болууга тарбияланышат. | Шамдагайлыкка жана аракетчилдикке; өз оюн тартынбай айтууга, ошол эле учурда топ мүчөлөрүнүн жеңип чыгуусу үчүн колунан келген аракетин жасоого, туура жана так сүйлөөгө, кыска жана мазмундуу сүйлөөгө тарбияланышат. |
ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ |
Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу алган маалыматтарын практика жүзүндө көрсөтө алышса, жазуу жумуштарында алган маалыматтарын такай эстен чыгарбай туура жазууну үйрөнүшсө; | Окуучулар топто бири – бирин сыйлап,оюн уга алышса; Сабакта ар бир окуучу өзүн эркин сезип, айтайын деген оюн толук, так жеткире алса; Сабактагы алтын эрежелерди сактай билишсе; Мугалимдин берген суроолоруна кол көтөрүп жооп бере алышса; | Өз ойлорун толук жеткире алышса; мугалим тараптан берилген суроолорго туура жоопту узата алышса жана теманы бышыктоодо колдонулган машыгуу иштерине активдүү катышышса |
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабактын формасы: топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз адабияты, саясат, искусство, адеп ж.б.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео роликтер, ар кандай көрсөтмө куралдар.
Сабактын түзүлүшү
№ | САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ | МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ | ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ | УБАГЫ |
1 | Уюштуруу | Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо акчалары менен тааныштыруу, топторго бөлүү; | Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо акчалары тууралуу билишет, топторго бөлүнүшөт; | 3 мүнөт |
2 | Үй тапшырмасын суроо | Суроолор жазылган тегерек формадагы ак кагаздар (аяз атанын бөлүктөрү) топторго таркатылып берилет; | Окуучулар мугалим тараптан берилген тегерекчелердеги суроолорго жооп беришет жана аяз аталарын жасашат; | 4 мүнөт |
3 | Жаңы темага киришүү | Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга 2016 – жыл эмне үчүн «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялангандыгы тууралуу суроолорду узатуу, кыскача тарбиялык аңгеме айтып берүү; | Ар бир командадан бирден окуучу өз оюн айтышат, мугалим айтып берген тарбиялык аңгемеге кулак төшөшөт; | 3 мүнөт |
4 | Жаңы теманы өтүү: Окуучуларга сырдык сөздүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу слайд көрсөтүү; Сырдык сөздөргө кирүүчү сөздөр тууралуу маалмат берүү; Орфография, орфоэпия, пунктуация тууралуу учкай маалымат; | Окуучуларга Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу түшүндүрүп берүү; Мугалим окуучулдарга кайсыл сөздөр сырдык сөздөр болоору тууралуу маалымат берет; Орфография, орфоэпия жана пунктуация тууралуу окуучуларга учкай маалымат берет; | Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат; Сырдык сөздөргө кирүүчү сөздөр тууралуу маалымат алышат; Окуучулар мугалимдин айтып берген сөздөрүн кунт коюп угушат; | 15 мүнөт |
5 | Бышыктоо №1 | Мугалим үч топтун окуучуларына атайын сүрөттөр бар таркатма материалдарды таркатып берет. ; | Окуучулар мугалим тараптан берилген таркатма материалдар үстүндө иштешет; | 6 мүнөт |
6 | Бышыктоо № 2 | Окуучуларга атайын алдын ала даярдалып, ар бир топко бирден суроо жашырылган отургучтар бекитилет. Кимде ким ошол отургучтун үстүндө отурган болсо, доскага чыгып ошол сүйлөмдү туура жана так тыныш белгилери менен жазып берет; Калган окуучулар проектордон көрсөтүлгөн суроолорду дептерлерине тууралап көчүрүшөт; | Окуучулар суроолорду таап, аны доскада иштеп көрсөтүшөт; Калган окуучулар экрандан көргөн эки сүйлөмдү туура жана так кылып өз дептерлерине жазып алышат. | 5 мүнөт |
7 | Бышыктоо № 3 | Детектив оюну! Ар бир топ мүчөлөрүнө экрандан сүйлөмдөр көрсөтүлөт жана окуучулар ал сүйлөмдөн катачылыкты таап оозеки түрдө көрсөтүшөт; | Окуучулар ката жазылган сырдык сөздөрдү же болбосо сүйлөмдөрдү таап, оозеки түрдө айтышат; | 3 мүнөт |
8 | Баалоо жана кайтарым байланыш | Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу; | Окуучулар бири – бирин баалашат; | 3 мүнөт |
9 | Үй тапшырмасын берүү | Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү; | Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет; | 2 мүнөт |
Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын сабактагы алтын эрежелер тууралуу таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Азыр болсо мен силерди сабактын башында эле үч топко бөлүп алгым келип турат. Демек, 1 – топко мен «Орфография» деген аталышты, 2 - топко «Орфоэпия» деген аталышты, 3 – топко «Пунктуация» деген аталышты ыйгаргым келип турат. Бүгүнкү сабакта мына ушул үч топтун мүчөлөрү жарыш сыяктуу сабагыбызды баштайбыз, башкача айтканда, бүгүнкү биздин урааныбыз «БИРӨӨ БААРЫ ҮЧҮН, БААРЫ БИРӨӨ ҮЧҮН!»
Үй тапшырмасын суроо 4 мүнөт: - Азыр кайсыл мезгил балдар? Силер экранда эмнени көрүп турасыңра? Албетте, аяз атаны! Менин колумда болсо мына ушул аяз атанын бөлүктөрү бар. Кызыгы, мен бул ар бир тегерекчеге бирден суроо жазып койгонмун. Азыр мен үч командага ушул бөлүктөрдү таркатып беремин, эгерде кайсыл команда канча суроого жооп берсе бул жакка чыгып ошол тегерекчелерди доскага чаптоого мүмкүнчүлүк алат да жыйынтыгында кимдин аяз атасы толук бүтүп, кимдики бүтпөй калат, жыйынтык ошого жараша чыгарылат.
1 – командага (ОРФОГРАФИЯ) суроолор:
Сырдык сөз маанисине карай канчага бөлүнөт?
«Ассалоому алейкум» деген сөз маанисине карай кайсыл топто колдонулуучу сөздөргө кирет?
Төмөнкү сүйлөмдүн ичинен сырдык сөздү таап бер: Так – так – так! Жаныбарым, Гүлсары!
2 – командага (ОРФОЭПИЯ) суроолор:
«Кайыр» деген сөз жашообузда кандай мааниде колдонулат?
Адам баласынын жаныбарларга кыжыры келип, аларды карогоо иретинде айтылган сырдык сөздөргө мисал келтир?
Төмөнкү сөздөрдүн ичинен чочуп кеткенде айтылуучу сырдык сөздү тап: ырахмат, тообо, кокуй!
3 – командага (ПУНКТУАЦИЯ) суроолор:
Бах, туулган жердин топурагы алтын деген ушул тура! Мында «бах» деген сөз кандай мааниде колдонулду?
Ботом, таң заардан туруп сен кайда? Сырдык сөз кайсыл?
Үй жаныбарларынан уйду жана койду айдоо үчүн колдонулган сырдык сөздөрдү атап бер?
Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Үйдүн куту апакеси балаңдын – деп кыргыз адабиятында өзүнүн опол тоодой орду бар, улуу акыныбыз Байдылда Сарногоев жазып кеткендей биз суроолорго жооп берүүнү кыздардан баштайбыз.
Жаңы темага киришүү 3 мүнөт: - Балдар, 2016 – жыл Мамлекетибизде кандай жыл деп жарыяланды? Азаматсыңар, «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп. Айтайын дегеним, мен азыр силерге бир жакшы аңгеме айтып берүү менен бүгүнкү сабакты баштагым келип турат.
А
ТАҢА ОКШОБО, УУЛУМ!
Атасы жаңыдан гана алты жашка толгон уулунун берилип сүрөт тартып жаткандыгын көрүп, анын жанына барды:
Уулум, эмненин сүрөтүн тартып жатасың?
Сизди, апамды жана өзүмдү – деп уулу атасын жылмаюу менен карады.
Атасы уулунун тартып жаткан сүрөтүнө маани берип караса, эмнегедир уулу атасы экөөсүнүн көкүрөгүнө жүрөкчө тартып, аны кара менен боеп койгон болчу.
Уулум, жүрөк кызыл түстө болот. Сен бул түс калем менен боешуң керек болчу.
Муну билемин!
Анда эмне үчүн кара түскө баедуң?
Бала атасынын жүзүнө күнөөлүүдөй бир карап алып, андан кийин сөзүн улантты:
Чоң энемдин айткан сөздөрүнө караганда башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен... Сиз бүгүн апамды ыйлаттыңыз го?
Уулунун бул сөздөрүнө таасирленип кеткен атасы эмнегедир сөз айтууга буулугуп, аялына жасаган ачуу мамилесине уялып кетти. А бирок уулунун алдында сездирбөөгө аракет жасап, ага тамаша түрүндө суроо узатты:
- Анда сенин жүрөгүң эмне үчүн кара? Же болбосо сен да кошуна кызды ыйлаттыңбы?
- Жок, мен эч кимди ыйлатканым жок. А бирок сиз ар дайым мага “сен атаңа окшош болушуң керек” деп айтасыз го? – деп жооп берди баласы.
Өзү билип – билбей атасына чоң сабак берип койгон баласын атасы көпкө кучактап турду. Көкүрөгүндөгү эт жүрөктү эмнегедир калтырак басып, уулуна бир гана сөздү айтканга араң күчү жетти: АТАҢА ОКШОБО, УУЛУМ!
Жаңы темага киришүү 15 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз тили сабагынан дагы бир кызыктуу тема менен таанышабыз. Ал темабыз: Сырдык сөздөрдүн жазылышы жана анын тыныш белгилери деп аталат. Дептерлерибизге бүгүнкү дата менен биргеликте теманы жазып алабыз.
ПЛАН №1. Окуучуларга сырдык сөздүн жазылышы жана анын тыныш белгилери тууралуу слайд көрсөтүлөт;
ПЛАН №2. Сырдык сөздөргө кирүүчү сөздөр тууралуу маалымат берүү;
ПЛАН №3. Орфография, орфоэпия жана пунктуация тууралуу учкай маалымат.
(Жогорудагы 3 пландын баары тууралуу слайддан маалымат көрсөтүлөт)
Бышыктоо (№1) 6 мүнөт. Азыр болсо мен силерди эки топко бөлүп, бириңерге кыргыздын улуу баатырлары болгон Манастын, экинчиңерге Курманбектин ысымын ыйгармакчымын! Боз үйдү тааныштыруу! Биз кыргыз адабиятында ырдайбыз, бийлейбиз, ырларды көркөм окуйбуз, образга киребиз. Кыскасы, баардык турмуштук таланттарды үйрөнөбүз. Азыр болсо эки топтун мүчөлөрү аталган поэмадан өзүңөргө жаккан жеринен үзүндүнү драма аркылуу сахналаштырып бересиңер. Бул тапшырманы аткаруу үчүн мен силерге 6 мүнөт беремин!
Бышыктоо (№2) 6 мүнөт. Эми болсо мен силерге кураштырып чечмелөө үчүн даярдалган тапшырманы бермекчимин. Колумда турган бул кыркылган макал – лакаптарды силер бул ак ватмандагы орундукка желим менен чаптайсыңар да, аны чечмелеп бересиңер!
Бышыктоо (№3) 3 мүнөт. Баатырлар тууралуу макал – лакап айтышып жарышышат! Жеңген топко 3 боз үй, жеңилген топко 2 боз үй тигүү мүмкүнчүлүгү берилет!
Баалоо жана кайтарым баалоо 3 мүнөт: Мугалим боз үйлөрдү эсептеп, сабакка активдүү катышкан окуучуларды белгилеп көрсөтөт. Эки топтон 3 төн окуучуларга өзүнүн белектерин тапшырат.
Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: “Жаңыл Мырза – баатыр кыз” деген темада дилбаян жазып келүү!
Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!
Шамырзаев Илгиз Каныбекович