СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз тили боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили тест»

Кыргыз тили

8 – класс

1 вариант

  1. Макал сөздү белгилеңиз

а) Бешиктен бели чыга элек

б) Канаттууга кактырбай

в) Көргөн билген адамдар

г) Акылдуу болгула


  1. Мимика, жаңсоо, сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп саналган стилди белгилеңиз

а) сүйлөшүү стили

б) жазуу стили

в) публицистикалык

г) илимий чыгармалар


  1. Расмий иш кагаздарын белгилеңиз

а) өмүр баян, буйрук

б) программа, устав

в) ишеним кат, түшүнүк кат

г) токтом, арыз


  1. Диалектилик сөздөрдү белгилеңиз

а) селки, макоо

б) соку, мекен

в) секин, меке

г) алдыртан, мата


  1. Грамматиканын бөлүмдөрүн белгилеңиз

а) лексикология, фразеология

б) морфология, синтаксис

в) графика, орфография

г) орфоэпия, фразеология


  1. Сөз айкашын тил илиминин ... бөлүмү үйрөтөт

а) лексикология

б) фразеология

в) сөз жасоо

г) синтаксис


  1. «Барууга алыс» сөз айкашынын багындыруучу түгөйдүн мүнөздөмөсүн белгилеңиз

а) этиштик

б) тактоочтук

в) атоочтук

г) ат атоочтук


  1. ... этиштен болсо этиштик сөз айкашы болот

а) багынычтуу түгөйү

б) эки түгөйү тең

в) багындыруучу түгөйү

г) сөздөр


  1. Маанисине, айтылыш максатына жана интонациясына карай сүйлөмдүн бөлүнүшү

а) жөнөкөй, татаал

б) жай, суроолуу, илептүү, буйрук

в) эки тутумдуу жана бир тутумдуу

г) жактуу, жаксыз


  1. Жөнөкөй сүйлөмдө канча грамматикалык негиз бар?

а) 1

б) 3

в) 2

г) 4




2 вариант


  1. Расмий эмес иш кагаздарына кирген документтерди белгилеңиз

а) мамлекеттик деңгээлдеги документтер

б) мекемелер менен жеке адамдардын ортосунда жазылуучу бардык иш кагаздары

в) программа, устав, указдар

г) мүнөздөмө, бухгалтериялык дкументтер


  1. Жоокердин анты, шамдын жарыгы сөз айкаштарынын байланышуу жолун белгилеңиз

а) ыкташуу

б) ээрчишүү

в) таандык

г) башкаруу


  1. Этиштик сөз акашын белгилеңиз

а) биринчи класс

б) калың токой

в) жумуштун жеңили

г) жылмая кароо


  1. Сүйлөмдөгү баяндоочтун түрүн белгилеңиз:Максаты-Ысык-Көлдөгү жапайы канаттууларды сактоо жана санын көбөйтүү.

а) татаал

б) этиштик

в) тутумдаш

г) атоочтук


  1. Сүйлөм болуш үчүн зарыл болгон сүйлөм мүчөлөрүн белгилеңиз.

а) баш мүчө

б) айкындооч мүчө

в) баш мүчө жана айкындооч мүчө

г) баяндооч, этиш


  1. Синтаксистин изилдеп үйрөтүү обьектисине кирген сөз айкаштарынын түрүн белгилеңиз.

а) бардык эле сөз айкаштары

б) туруктуу жана эркин сөз айкаштары

в)эркин сөз айкаштары

г) фразеологиялык сөз айкаштары


  1. Жалаң сүйлөм..... түзүлөт.

а) атама сүйлөмдөн

б) айкындооч мүчөлөрдөн

в) ээси көмүскөдө калган баяндоочтон

г) баш мүчөлөрдөн гана


  1. Сүйлөм ээсинин мүнөздөмөсүн белгилеңиз: Туулган жерим- мекеним.

а) жөнөкөй ээ

б) татаал ээ

в) сөз тизмегинен түзүлгөн ээ

г) бир өңчөй ээ


  1. Сүйлөмдөгү баяндоочтун милдетин аткарган сөздүн сөз түркүмүн белгилеңиз: Анын жашы отузда

а) зат атооч

б) сан атооч

в) этиш

г) сын атооч


  1. Туура жазылган сөз айкаштардын тизмегин белгилеңиз.

а) «Манас» эпосу, «Манастан» үзүндү

б) Манас эпосу, «Манастан»үзүндү

в) «Манас» эпосу, Манастан үзүндү

г) «Манас эпосу», «манастан» үзүндү





















































































































Кыргыз тили

11-класс

1 вариант

  1. Көп чекиттин ордуна келүүчү сөздү белгилеңиз: Биз төмөндө ...түзүп, кол коюучулар.


а) программма

б) акт

в) арыз

г) буйрук


  1. « Алфавит,алиппе, азбука»деген сөздөрдүн маанилерин белгилеңиз.


а) ар башка

б) алфавит, азбука эки башка мааниде

в) алфавит, аалиппе бир мааниде,азбука бөлөк мааниде

г) бир эле мааниде колдонулат


  1. Орфоэпиялык нормада берилген сөзү бар сүйлөмдү белгилеңиз.


а) Май оозуңа, эң жакшы болуптур, балам.

б) Күгөй,тескейинин тоолорунун чокусу асман тиреп турат.

в) Оозмо-ооз сүйлөшпөгөн болсо кантет.

г) Үч сүйлөмдө тең колдонулду


4. Берилген сөздүн маанисин белгилеңиз: «ТИЛМЕЧ»


а) ортомчу, котормочу

б) далдалчы, ортомчу

в) арачы, котормочу

г) котормочу, дипломат


5.Кыргыз тилине көп сөздөрү кирген тилдер


а) казак, өзбек, алтай, кара калпак

б) монгол, араб, иран, орус

в) орус,иран, араб, кытай

г) түрк,англис,немис,орус


6.Берилген сөздүн маанисин белгилеңиз: «гимн»


а) ырдоо

б) хор менен ырдоо

в) даңктоо ыры

г) ыр


7. Кыргыз тилине соңку мезгилде кирген неологизмдерди белгилеңиз.


а) телеграмм, скейт,офис

б) жетекчи, кеңеш, катчы

в) аранжировка, фонограмма, файл

г) туризм, агенттик, визажист


8. Атоочтук катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.


а) Эмгек менен өлкөнү гүлдөтөлү.

б) Окугандын көзү- төртөө.

в) Он отузга берди, отуз Жалманбетке берди.

г) Токсон эки тойгобарса, толбойт менин чөнтөгүм.


9. Жалаң сүйлөмдү белгилеңиз.


а) Ден соолук-байлык.

б) Балага Эне-кут.

в) Эненин тилеги-ак.

г) Бала - ата-эненин мөмөсү.


10.Сүйлөмдүн түрү: Ата-эненин бактысы – алардын балдары.


а) эки тутумдуу жөнөкөй толук сүйлөм

б) бир тутумдуу жөнөкөй толук сүйлөм

в) эки тутумдуу жөнөкөй кемтик сүйлөм

г) бир тутумдуу жөнөкөй кемтик сүйлөм


  1. Фразеологизмдин маанисин белгилеңиз:»Жөө туман»


а) акырын жылып жүрүп,иштин баарын былгыткан бузуку,арамза

б) тоодогу туман

в) аба ырайынын көрүнүшү

г) начар


  1. «Жарды» деген түшүнүктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилеңиз.


а) жаагын айруу

б) ичкен ашын жерге койгон

в) кабыргасы менен кеңешүү

г) үрүп чыгар ити жок


  1. фразеологиялык айкаштын түрлөрү форма жана мазмуну жагынан өзгөрүп, бири- бирине...


а) өтөт

б) өтпөйт



14. Орус тилинен сөздөр кире баштаган мезгил:

а) XIX кылым

б) октябрь революциясынан кийин

в) коллективдештирүү мезгили

г) XIX кылымдын экинчи жарымы



15. Эл аралык сөздөр:

а) телевизор, автомобиль, телефон, спорт

б) галстук, бухгалтер, гроссмейстер, китеп

в) киоск, сезон, костюм, илимпоз

г) декан, драма, кола, орден, окуучу


16. атооч сүйлөмдүн ...

а) ээси атооч сөз түркүмүнөн болот

б) ээси атоочтуктан болот

в) баяндоочу атооч сөз түркүмүнөн болот

г) ээси, баяндоочу да атоочтуктан болот



17. Баш мүчөлөрдөн гана түзүлгөн сүйлөмдөр ... сүйлөм деп аталат.

а) атама

б) жөнөкөй

в) жалаң

г) баш


18. толук сүйлөм деп ... сүйлөмдү айтабыз.


а) баш мүчөлөрү толук катышып турган

б) баш жана айкындооч мүчөлөрү катышкан

в) айкындооч мүчөлөрдөн турган

г) сүйлөмдү уюштурууга, ойду билдирүүгө зарыл болгон гана сүйлөм мүчөлөрү



19. Толук сүйлөм:

а) милиционер болуу ардак бирок

б) ал келгени менен

в) курсанттар катарга турушту

г) Эр жүрөктөр турбайбы



20. Макал – лакаптардын негизги касиети жана мааниси:

а) сүйлөмдүк туруктуу түзүлүшкө ээ

б) фразеологизмдер кээде сүйлөм, кээде сөз айкашы түрүндө учурайт

в) макалдар эл тумушунан алынып, дидактикалык мүнөзгө, сүйлөмдүк түзүлүшкө ээ

г) Фразеологизмдер көркөм каражат катары гана колдонулат






































































11 класс

2 вариант

  1. Тексттин мүнөздүү белгилери



а) тематикалык жактан биримдүүлүгү

б) стилдик биримдүүлүгү

в) логикалык бүтүндүгү

г) тематикалык, стилдик биримдүүлүгү, логикалык бүтүндүгү



  1. Кеп деген ...



а) тилдеги бардык сөз

б) сөздүн мааниси

в) сөздүк состав

г) тил каражаттарынын турмушта колдонулушу



  1. Тексттин эң кичине бирдиги:



а) сүйлөм

б) абзац

в) микротема

г) сөз



  1. «Аяк» деген сөздөгү тыбыш,тамганын саны:



а) 3 тамга, 3 тыбыш

б)3 тамга, 4 тыбыш

в) 2 тамга, 3 тыбыш

г) 4 тамга, 4 тыбыш



  1. Кыргыз тилинин төл сөздөрүнө колдонулбаган тамгалар:



а) Ф, Х, Ч

б) Ц, Щ, Е, Ш

в) Ъ, Ь

г) Р, В, Д



  1. Эринчил үндүүлөр:



а) О, Ө, У, Ү

б) О, Ө, У, Э

в) У, Ү, Ы, И

г) А, О, Ү, Э



  1. Басым деп ... аталат.



а) сүйлөп жаткандагы тыным

б) сөздөрдүн созулуп айтылышы

в) күчтүү сезим менен айтылган ой

г) сөздөгү бир муундун көтөрүңкү үн менен айтылышы



  1. Кыргыз тилиндеги басымдын сөздөгү орду



а) башкы муунда

б) ортоңку муунда

в) аяккы муунда

г) түшпөйт



  1. Ой жүгүртүү текстинин негизги белгилери



а) баяндап айтып берүү

б) сүрөттөп айтып берүү

в) жеке оюн айтып далилдеп көрсөтүү

г) белгилерди санап көрсөтүү



  1. Диалектилик тилде айтылган сөздөр



а) кавар, жалвырак, довуш

б) жүрөт, турат, агарот, герб

в) жүрү, туру, алың

г) цирк, щетка, склат



  1. Терминология илими ... изилдейт.



а) кабыл алынган сөдөрдүн маанисин

б) интернационалдык сөздөрдү

в) ар кайсы илим, техниканын тармактары боюнча сөздүктүг) белгилүү бир түшүнүктү атоодо колдонулган сөз тизмектерин



  1. Котормо сөздүктүн колдонулушу



а) сөздүн маанисин ачууда

б) жергиликтүү тил өзгөчөлүгүн түшүнүүдө

в) сөздөрдүн айырмасын билүүдө

г) тил үйрөнүүдө



  1. Менин эжем финансылык техникумда окуйт. Сүйлөмдөгү катыштык сын:



а) менин эжем

б) техникумда окуйт

в) финансылык техникум

г) эжем окуйт



  1. Сын атоочтун даражаларынынбөлүнүшү



а) 2ге

б) 6га

в) 5ке

г) 4кө

  1. – ын (жуун) мүчөсүнүн сөз түркүмү



а) этиштин өздүк мамилесинин мүчөсү

б) тактооч

в) ат атоочтун жакталышы

г) зат атоочтун жөндөлүшү



  1. Жамийла Даниярдан бирдемелерди сурамакчы болду. Сүйлөмдөгү этиш сөздүн ыңгайы, жагы:



а) баяндагыч ыңгай, I жакта

б) ниет ыңгай, III жакта

в) буйрук ыңгай, II жакта

г) шартуу ыңгай, III жакта



  1. Орфографиялык сөздүктүн автору:



а) К. К. Юдахин

б) Ш. Шүкүров

в) К. Х. Карасаев

г) Ж. М. Мукамбаев



  1. Кыргыз тилинин орфоргафиясынын негизги прнциптери:



а) фонетикалык жана тарыхый

б) атоо, символикалык

в) морфологиялык жана этимологиялык

г) фонетикалык жана морфологиялык



  1. Татаал сөздөрдүн негизги топтору:



а) кош, кошмок, кыскартылган, бириккен сөздөр

б) кош, бириккен сөздөр

в) эки – үч сөздөн турган сөздөр

г) атоочтук, чакчыл түрмөктөр



  1. Тууранды сөздөрдүн сүйлөмдөгү милдети:



а) ээлик гана

б) баяндоочтук

в) баш жана айкындоочтук

г) аныктоочтук гана















































































Кыргыз тили



8 – класс





1 вариант

2 вариант

1

А

Б

2

А

В

3

Б

Г

4

В

Г

5

Б

А

6

Г

В

7

Б

Г

8

В

Б

9

Б

Б

10

А

А