СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили тестик суроолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили тестик суроолор»

Модуль-1 20 суроо(жеӊил)


1. Кыргыз тили Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили болуп качан кабыл алынган?

1) 1995-жылы 2) 1994-жылы 3) 1981-жылы 4) 1989-жылы

2. Мимика,жансоо, сырдык сөздөр өзгөчө каражаты болуп саналган стилди белгиле.

3. Тил дегенибиз эмне?

1) сүйлөмдүн жыйындысы 2) радио, теле берүүлөрдөгу уктуруулар

3) пикир алмашуунун байланыш куралы 4) создорду, ал аркылуу сүйлөмдөрдү жасоо

4.Адамдын эмгек, коомдук, ишмердигин баалаган анын өзүнө тиешелүү болгон оӊ жана терс сапаттарын чагылдырган документ кайсы?

1) тушунук кат 2) жарыя 3) мүнөздөмө 4) кулактандыруу

5. Кайсы стиль эстетикалык , нравалуулук, көркөм рухту калыптандыруучу максатты көздөйт?

1) иш кагаздарынын стили 2) илимий стили 3) публицистикалык стили 4) көркөм стили

6. Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазыш учун иштелип чыккан эрежелердин

системасы эмне деп аталат?

1) орфография 2) графика 3) стилистика 4) орфоэпия

7. Алфавит деп эмнени айтабыз?

1) тыбыштардын тобу 2) тамгалардын катары 3) тилдеги тыбыштардын иреттуу

жайгашуусу 4) тыбыштардын ыргактуу айтылышы

8. Тыбыштар жөнүндөгү илим эмне деп аталат?

1) морфология 2) синтаксис 3) лексикология 4) фонетика

9. Тамга деп эмнени айтабыз?

1) тилдеги тыбыштарды белгилөө үчүн алынган шартуу белги

2) тыбыштардын ордуна колдонулуучу сөз 3) сөздөгү айрым үндөр 4) тилдик термин

10. Кыргыз тилинде канча тамга, канча тыбыш бар?

1)26-36 2) 36-33 3) 36-39 4)32-36

11. "Ак кеме" повестиндеги башкы каармандын бири Момундун мунозу кандай ?

1) эч кимден корпогон,эр журок 2) эч кимге зыяны жок,ак конул, элпек адам

3) ичи таар, кара мутоз адам 4) ачык, шайыр адам

12. өпкөдөн чыккан аба ооз көңдөйүндө эч кандай тоскоолдукка учурабай эркин чыгышынан пайда болгон тыбыштарды белгиле?

1) жарылма 2) үндүү 3) уян 4)үнсүз

13. Тилде . . . жок. Макалды толукта

1) чек 2) канн 3) тамыр 4)сөөк

14. Тыбыштын пайда болушу

1) шыбыштан, сүйлөмдөн 2) сүйлөө органдарынын катышында 3) үндүн негизинде

4) тамгадан, сөздөн

15. Тамга эмес графикалык белгилерди белгиле.

1) ь,ъ 2) аа,ээ,оо,өө,уу, үү 3) х,ң,ч 4) ф,ё,ю

16. Лексика. Сөз даяр матириал катары колдонулабы?

1) чыгарма жазууда 2) колдонулбайт 3) сүйлөгөндө,жазганда сөздөрдү сүйлөмдүн маанисине жараша тандайбыз, ошондуктан сөздөр кайрадан түзүлөт

4) сөз тыбыштык түзүлүшкө мааниге ээ болгондуктан, сүйлөө речибизде даяр материал катары колдонулат

17. Макал сөздү белгиле

1) Бешиктен бели чыга элек 2)Акылдуу болгула! 3)Ышкырыгы таш жарат

4) Көргөн билген адамдар

18. “Курч жигит” деген сөздүн синонимдик тобун белгиле

1) жакшы жигит, түзүк жигит, мыкты жигит 2) амалкөй жигит, куудул жигит, ырчы жигит

3) өткүр жигит, тайманбас жигит, жалтанбас жигит 4) калыс жигит, эпчил жигит, өнөрлүү жигит

19. Орфоэпия. Оозеки тил

1) үн туроо теориясы 2) пикир алышууга, өз ара адамдардын айбандардан айрымасы 3)сүйлөө органы 4) адамдардын айбандардан айрымасы адамдардын айбандардан айрымасы

20.Туура ташмалданган создун катарын тапкыла.

куса-ык тоол-уу ка-тыш-кан-дар ок-уучу-лард-ын





Модуль-1 20 суроо (орто)


1. Кептин формалары:

1)көркөм, публицистикалык, оозеки, жазуу 2) сүйлөшүү жана жазуу

3) орундуу, орунсуз 4) баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө


2. Кептин түрлөрү:

1) орундуу, орунсуз 2) сүйлөшүү жана жазуу 3) баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө

4) көркөм, публицистикалык, оозеки, жазуу


3. Кептин стили ...

1) сөз каражаттары ар түрдүү болгон стилдер 2)көркөм жана илимий адабияттардын тили

3). максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонуш өзгөчөлүгү

4) тилдин колдонуш өзгөчөлүгү


4. Көркөм стиль менен илимий стилди жакындаштырган белгилер:

1) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү 2) маалыматтардын тактыгы 3) автордун фантазиясы

4) баяндоолордун жыштыгы


5. Тексттеги ойдун башталышына мисал:

1) Эртеси Бекташ шаарга жөнөдү 2) Сен мунун эмнесине түшүнбөй турасың?

3) Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур 4)Ошол күнү таң азанда Асанкул телефон чалды.


6. Тексттеги абзац деп ... аталат.

1) жаңы ойдун башталышы 2) чекит белгисинен кийин башталган сүйлөм

3) тексттеги жаңы сүйлөмдөр 4) тексттин планы


7. Мыйзам, Программа, кулактандыруу, Устав, токтом, акт, чакыруу кат: Иш кагазынын түрү

1) илимий стиль катышкан расмий и кагаздары 2) официалдуу жана расмий иш кагаздары

3) расмий жана өздүк иш кагазыдары 4) расмий иш кагаздары


8. Фонетика ... изилдейт.

1) тыбыштарды тамгалар боюнча туура жазууну 2) тилдин тыбыштык түзүлүшүн жана

анын өзгөчөлүктөрүн 3) сөздөрдүн өзгөрүш жана жасалыш жолдорун, сөз түркүмдөрүн

4) туура сүйлөө, сөздөрдү туура айтууну


9. Тыбыш ...

1) сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр 2) тамгаларды белгилөө үчүн алынган

шарттуу белги 3) үндүн созулуп жана тыбыш менен айтылышы

4) үндүн белгилүү өлчөмдө созулуп айтылышы


10. Үндөшүү мыйзамы ...

1) үндүүлөрдүн тилдин, эриндин катышына карай ээрчишип окшошуусу

2) үндүүлөрдүн жана үнсүздөрдүн алга, артка карай өзгөрүүсү

3) үндүү тыбыштардын бөлүнүп айтылышы

4) үндүү тыбыштардын окшошуусу жана окшошпоосу


11. Орфография адабий тилдин ... формасына мүнөздүү түшүнүк

1) поэтикалык 2) жазуу 3) диалектилик 4) оозеки


12. Айтылышы менен жазылышы бирдей боло бербеген сөздөрдүн туура айтылышына ылайык келген эреже

1) орфография 2)морфология 3)орфоэпия 4) фонетика


13. Мен антип-мынтип арабаны кайрыганча карасам, Жамийла нары жакта иштеп жаткан

келиндерге жүгүрүп кетипатыры. Ч.Айтматовдун "Жамийла" повестиндеги кайсыл каармандын сөзү?

1) Садыктын 2) Даниярдын 3) Осмондун 4) Сейиттин

14. Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин жалпы системасы:

1) фонографика 2) орфоэпия 3) графика 4) орфография


15. Лексиколог ...

1) бир нече тилди билүүчү адам 2) белгилүү бир элдин калыптанган тилин изилдейт

3) тил илими боюнча адис-окумуштуу 4) сөздүк түзүүчү адис-тилчи


16. Султанмурат азыр кызды дагы бир карады да, аны абдан аяп кетти.

Бул сүйлөм кимдин, кайсы чыгармасынан алынган?

1) К.Акматов "Мубия" 2) Ч.Айтматов "Эрте келген турналар" 3) Ш.Дуйшеев "Агындылар"

4) С.Раев " Чан жол"


17. Лексикалык талдоо:

1) тыбыш жана тамга боюнча талдоо 2) сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо

3) сөздүн жеке маанилерине карата жүргүзүлгөн талдоо 4) жалпы, толук талдоо


18. Биз өзүнүн өкүмдарлиги, каардуулугу менен гана эмес,пакизалиги менен да беркилерден

айырмаланып турду. Бул сүйлөмдөн архаизм сөзүн таап, белгиле.

1) каардуулугу, өкүмдарлиги 2) пакизалиги, беркилерден

3) өкүмдарлиги, пакизалиги 4) өкүмдарлиги, өзүнүн


19. Сөздүн өтмө маанисинин пайда болушу

1) сөздүн тике мааниси сөздүн башка маанисине өтүүсүнөн келип чыгат

2) көп маанилүү сөздөрдөн келип чыгат 3)сөздөрдүн айкашынан келип чыгат

4) синоним сөздөрдөн келип чыгат


20. Кырчаңгы, арык, ачка, эшек кейпи,

Кыбырап, сылтый басып боз да келди.

Кубанып, Толубай ыргып тура калып:

«Падышам , анык тулпар ушул! » - деди. Бул ыр саптарындагы "кыбырап" деген сөздүн синонимин тапкыла

1) акырын, секин, аста, жай баракат 2) бачым, тез, акырын 3) аста, шашып, жай

4) жай баракат, тездик


Модуль-1 20 суроо (оор)


1. “Манас”деген этноним жөнүндө ар кандай далил,божомолдор аз эмес.Айрым чыгыш өлкөлөрүндө

Манас ысымына уйкаш жерлердин,шаарлардын аталыштары бар.Ал эми байыркы индиялыктардын философиясында “Манас”деген сөз терең,айкөл,бийик деген маанини түшүндүрөт экен.Демек,Манасты жаратуучулар затына аты төп келген ысымды кокусунан таап коюшкан эмес. Ушундай болгондон кийин,баатырдын ысымынын мааниси анын образы менен төп келиши,кандайдыр бир деңгээлде негиздүү,чындыкка жакын тургандай.

Текстти окуп,стилдин кайсы түрүнө таандык экенин аныктагыла.

1) иш казаздарынын стили 2) илимий стил 3) көркөм стил 4) публицистикалык стил


2. “Айымдын дагы эле бир билгени бар окшойт?Ак тилегинин белгиси кылып,ак боз ат чегилген араба менен келди го? Көңүлү да тынч окшойт.Кабатыр кейпи көрүнбөйт.

Же төрө көзүнө мүңкүрөбөйүн,сыр алдырбайын дегениби?...”-деп турушту кай бири ичинен.

Текст кайсы стилдин негизинде жазылган?

1) илимий стил 2) иш казаздарынын стили 3) публицистикалык стил 4) көркөм стил


3. Илимий стилге мүнөздүү тил каражаттарды кайсылар?

1) тапшырылсын,жактырылсын, суранам 2) эгерде, андай болсо,болуп саналат

3) буйрук кылам,токтом чыгарылат 4) айланайын,ойлонсоң боло


4. Публицистикалык стилге мүнөздүү сүйлөмдү белгилегиле.

1) Биз өз өлкөбүздүн патриоту болууга тийишпиз 2) Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат 3) Эртең,15-майда класстык чогулуш болот

4) Айда аба жок,ошондуктан, анда тиричилик жок


5. Жалал-Абад областы республикабыздын түштүк регионундагы эң көп пахта эгүүчү аймак болуп саналат. Өлкөбүздө өндүрүлгөн пахтанын 70 пайызы Жалал-Абад областына туура келип,пахта өндүрүү боюнча областтын экономикасындагы негизги орунду ээлеп,айыл чарбасынын экспорттук негизин түзөт. Тилекке каршы,областтын аймагында үрөнчүлүк чарбалардын жер аянттары айыл өкмөттөрү тарабынан жыл өткөн сайын кыскартылып жатат. Бул үрөн маселесине,анын сапатына түздөн-түз терс таасирин тийгизет.

Публицистикалык стилге тиешелүү белгилерди атагыла.

1) макала 2) очерк 3) интервью 4) доклад


6. Берилген темага дил баян жазууда кептин кайсы түрү колдонулат?

“Жайлоодогу эстен кеткис күндөр”.

1) ой жүгүртүү 2) сүрөттөө 3) баяндоо 4) ой толгоо


7. Цитата кайсы стилге мүнөздүү ?

1) көркөм адабий чыгармаларга 2) илимий эмгектерге 3) оозеки кепке 4) иш кагаздарына


8. Кайсы катардагылар публицистикалык стилге мүнөздүү?

1) интервью,репортаж,очерк 2) устав,диссертация,цитата 3) цитата,конспект,реферат

4) устав,интервью,репортаж


9. Иш кагаздарына.............мүнөздүү.

1) эмоционалдуулук 2) тактык 3) эмоционалдуулук 4) көркөмдүүлүк


10. Орфография адабий тилдин ... формасына мүнөздүү түшүнүк.

1) поэтикалык 2) жазуу 3) оозеки 4) диалектилик


11. Орфографиялык сөздүктүн автору

1) К. К. Юдахин 2) Ж. М. Мукамбаев 3) К. Х. Карасаев 4) Ш. Шүкүров


12. Лексикалык маанини билдирбеген сөздөр

1) үй, китеп, эмгек, кызыл,эле 2) жана, гана, өтө, сайын,да 3) окуучу, менен, космонавт, сымак 4) келди, иштеди, эгерде,окуду, барды


13. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Макалдагы үндөштүк мыйзамдын сакталышы

1) үндөштүк мыйзамы бузулду 2) тил жана эрин күүсү сакталды

3) эрин күүсү сакталды 4) тил күүсү сакталды

14. Сөздүн грамматикалык мааниси деген ...

1) сүйлөм ичинде жана айкындооч мүчөнүн милдетин аткарышы

2) сөздүн өзүнө тиешелүү жеке мааниси 3) сүйлөм ичинде грам-к жактан аткарган

милдетине карата алган мааниси 4) сөздөрдүн сүйлөм ичинде грамматикалык жактан мүчө боло албастыгы

15. Лексикалык талдоо

1)сөздүн жеке маанилерине карата жүргүзүлгөн талдоо 2) сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо

3) тыбыш жана тамга боюнча талдоо 4) жалпы, толук талдоо

16. Көп маанилүү сөздөрдүн пайда болушу.

1) антоним менен 2) коомдун өнүгүшүнө байланыштуу сөздүн маанисинин кеңейиши менен

3) синоним менен 4) өтмө маани аркылуу

17. Колдонуудан чыгып, эскирген сөздөр.

1) диалектилик сөздөр 2) говорлор жана жаргон сөздөр 3) историзмдер, архаизмдер

4) историзмдер, архаизмдер

18. Архаизм колдонулган сүйлөм.

1) Кызыл кырман башында күн-түн болом 2) Саргара жортсоң – кызара бөртөсүң.

3) Бир дубан элге даңкы чыккан киши эле 4) Түн бою кирпик какпай таң атырды

19. Коомдо жаңы пайда болгон түшүнүктөрдүн атын атап берүү үчүн колдонулган термин

1) жаргондор 2) неологизм 3) калька 4)архаизм

20. Неологизм сөздөр

1) колхоз, совхоз, союз, СССР, лесхоз 2) телефон, комбайн, трактор, лопатка, кружка

3) фристайл, дисплей, шейпинг, холдинг, дискет 4) медикамент, космос, ракета, тушь, тюнель