Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили ( Түндүккө сапар)»
Түндүккө сапар
Аттарын алгыла. – Конокту аттан түшүрөт, атын алып байлайт.
туугандар – кыргыздар бири-бирине ушинтип кайрылат.
Кел, иним, төргө өт. Алыс жолдо кыйналбай, аман-эсен келип алдыңарбы? Бала-бакыра, мал-жан, эл-журтуңар эсенби? – Алыстан келген адамдын ал-жайын ушинтип сурайт.
Келген жөнүмдү айтайын. – Эмне үчүн келген себебин айтат.
Көздөн учкан туугандар – “көрсөм”,- деп каалаган туугандар
Чериңди жазып кет – көңүл ачып, сүйлөшүп отурса, сагынычы кетет.
Черди той жазат. – тойдо көңүл ачылат, чер жазылат.
Сөз түйүнүн чечербиз – көпкө сүйлөшүп отуруп, баарын чечет.
Бүткүл Анжыяндык кыргыздар – Алымбек датка түндүккө түштүк элинин атынан кайрылган. (1876-жылы Түркестандын Фергана областы катары Россиянын курамына кошулган. Ага чейин кыргыздар Кокон кандыгына баш ийишкен.)
Ынтымак-тилеги жазылган – кыргыздар өз каалоосун билдирген
Убада, шерти ушунда – эл биригүү үчүн Жантай канына ишенип, сөз берген
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгар- – ынтымактуу болуу
Жалпы журтту чогулт- – элди чогултуу
Улуу жыйын куралы деп – жыйналып, Курултай өткөрүү
Милдет – иш, тапшырма
Мойнубузга милдет алдык – биз өзүбүз башыбыз менен жооп беребиз
Калган милдет сенде – биздин ишибизди улант, бизден кийин сен жооп бересиң.
Каратма сөз
- Арыбаңыз, аксакал .
- Бар болуңуз, бегим .
- Арыбаңыз, кан ага !
- Бар бол, даткам .
Сабактын максаттары:
- Фильмден үзүндү көр-.
- Жаңы сөздөрдү үйрөн-.
- Уккан тексттеги каратма сөздөрдү туура колдон-.
- Көркөм фильмдин текстинин маанисин түшүн-.
- Суроолорго жооп бер-. Аңгемелеше-.
- Адамдарга кайрылып сүйлөөгө, улууларды сыйлоого үйрөн-. Кепте макалды колдон-.
......... атын ал-..., ...
Алыс жолдо кыйналбай, аман-эсен келип алдыңбы?
Кел, төргө өт. Алыс жолдо кыйналбай, аман-эсен келип алдыңарбы? Бала-бакыра, мал-жан, эл-журтуңар эсенби?
Сөз түйүнүн чеч- ...
туугандар
Көздөн учкан тууган
Көздөн учкан туугандар
Бир жакадан баш, бир жеңден кол
Сабактын максаттары аткарылдыбы?
- Максаттардын ишке ашышын кандай баалайсың?
- Бүгүн эмнеге үйрөндүң?
- Эмнелерди билдиң?
- Сабакта сага эмне / эмнелер кызык болду?
Үй тапшырмасы
- “ Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгар ”,- деген темада текст түзүп келгиле.
Текст сегиз – он сүйлөмдөн болсун.
Бүгүнкү сабактагы сөздөрдү катыштыргыла.