СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жат жазуунун түрлөрү

 

1. Машыктыруучу же көнүктүрүүчү жат жазуулары.

а)  Үйрөтүүчү же көрүү жат жазуу жумушун жүргүзүүдө

текстти  мугалим тактага жазып берет, же таратылган даяр текстти 

балдар окуп – таанышып чыгышат. Кайсы сөз кайсы грамматикалык форма кандай жазыларын (айрыкча, жазылышы татаал сөздөр), кайсы учурда кандай тыныш белгиси коюларын, коюлуу себебин түшүндүрөт. Андан соң тактадагы текст жабылып коюлуп, же таратылып берилген тексттер алынып коюлат. Мындан кийин, мугалим текстти окуучуларга окуп берет. Текст окулуп бүткөндөн кийин, мугалим кайрадан тактадагы же даяр текст менен өзүлөрүнүн жазганын салыштырып, каталарын текшертет. Окуучулар бул учурда өз каталарын өзүлүрү оңдоо менен кандай мүнөздөгү катаны кайсы учурда кетиргенин, кандай сөздөрдү туура эмес жазарын аныктай алышат.

б) Сөздүк жат жазуусу, өзү эле айтып тургандай, эне

тилин окуп үйрөнүүнүн алгачкы кездеринде, башкача айтканда 1класста окуу жылынын 2-жарым жылдыгында жүргүзүлөт да, фонетикалык жана лексикалык минимумдун чегинде активдүү сөздөрдү туура жазууга машыктырууну көздөйт.  II - III  класстарда созулма үндүүлөрдө түгөйлөш үнсүздөрдү, III –IV класстарда сөз түркүмдөрүн (зат, сын, сан, ат атооч, этиш, тактооч) өткөн мезгилде дал ушул тилдик материалдардан айрым сөздөрдө жат жазуу иретинде жаздыруу зарыл. Сөздөрдүн саны окуучулардын окуган классына, кыргыз тилинен  алган билимине, окуу жылынын чейректерине карата аныкталат. Болжол менен алганда II  класста 8-10 сөз, III класста 10-12  сөз, IV класста 12-15 сөз болууга тийиш. Бул жат жазууну өткөрүү үчүн атайын сабак өткөрүлбөйт. Сабактын аяк чениндеги этабында 5-8 мүнөттүк убакытты сарптоого туура келет.  Өтүлгөн орфографияны окуучулар эстеринде канчалык деңгээлде сактап калгандыгын билүү максаты менен жаздырылат. 

в) Эскертмелүү диктант. Бул иштин түрү да мугалим менен окуучунун ортосундагы кызматташтыктын педагогикасын ишке ашырууга кызмат кылат. Окуучуларды орфография жана пунктуациялык жагынан сабаттуу жаздырууга машыктыруучу диктанттын бир түрү. Мугалимдин окуп берүүсүндө текстти жазуудан мурда окуучулар жазылышы кыйын айрым сөздөрдө, сөз айкаштарын жана сүйлөмдөрдүн орфографиялык, пунктуациялык жактан туура жазылышынын эрежелерин тактап, сурап алышы эсептелинет.  Диктанттын бул түрүндө орфографиялык айрым эрежелер, б.а., орфографиянын жаңы редакциясы менен эски редакциясындагы айырмачылыктар эстерине салынышы керек. Мындай диктантты жазууда мугалим сүйлөмдү окуйт жана анда кайсы бир эрежеге баш ийе турган сөздөрдү окуучулар менен бирдикте кандай жазыла тургандыгын белгилөө менен  орфографиялык текшерүү жүргүзүлөт. Эскертмелүү диктант программанын белгилүү бир бөлүгүн кайталоо учурунда жүргүзүлөт. 

г) Чыгармачылык диктант.  Мындай диктантты жүргүзүүнүн мааниси чоң. Бул диктант окуучулардын речин өстүрүүдө айрыкча мааниге ээ. Ал окуучуларды келечекте баяндама (изложение), дилбаян (сочинение) жазууга үйрөтүү үчүн даярдык көрүү чарасы катарында эсептелет. Чыгармачылык диктантта окуучуларга айрым сөздөр жана сөз айкаштары берилип, алар боюнча сүйлөмдөр, же байланыштуу тексттер түзүлөт. Кээ бир учурда байланыштуу сөз формасында жазуу үчүн таяныч сөздөрү көрсөтүлөт. Ал эми окуучулар башы башталган сүйлөмдөрдө, окуяны андан ары улап жазууга тийиш.  Айрым учурларда байланыштуу сөз түрүндөгү аңгемени түзүү үчүн ага катышкан түйүндүү белгилүү сөздөр берилип, аларды катыштыруу аркылуу чыгармачылык мүнөздөгү жат жазуу да берилет. Окуучулар аларды катыштыруу менен кичинекей аңгеме, же текст түзүшөт. Чыгармачылык жат жазууну өткөрүү  менен  окуучуларды сочинение  жазууга да алдын ала даярдоого болот. 

 д) Текшерүү  диктанты. Кыргыз мектептеринде көбүрөөк колдонулуп келе жаткан диктанттын бир түрү - текшерүү диктанты. Контролдук диктант белгилүү бир орфографиялык эрежени окуучулардын канчалык өздөштүргөндүктөрүн билүү максаты менен чейректин, жарым жылдыктын, же бир жылдын жыйынтыгын чыгарууда жүргүзүлөт. Диктанттын максаты - окуучулардын билимин баалоо, ошондуктан муну текшерүү диктанты деп да аташат. Контролдук диктантты жүргүзүүдөн мурда, орфографиялык эрежелердин кайталанылышы мүмкүн. Контролдук диктантка байланыштуу текст берилет. Текст окуучулар үчүн анчалык кыйынчылык келтирбей турган, же өтө жөнөкөй эмес, орто оордукта болууга тийиш. Алынган текстти окуучулар 25-30 минутада жаза ала тургандай болушу керек.

е) Тандалмалуу диктант. Диктанттын  мындай түрүн жүргүзүүдө тексттеги сөздөрдүн бардыгы жазылбайт, өтүлгөн материалга карата ал тексттен айрым сөздөр, же сөз тизмеги гана тандалып жазылат. Тандалмалуу диктантты жүргүзүүдө окуучулар тексттин мазмунун эстерине сактап, орфографиялык нормалардын сакталышын билүүлөрү зарыл. Өтүлгөн грамматикалык материалдарга тиешелүү орфограммаларды сүйлөм тизмеги менен бирдикте окуп берет. Андан кийин  жат жазуу толук жазылбастан, өтүлгөн орфограммага туура келген сөздөр тандалып, көчүрүлүп жазылат. Муну өткөрүү үчүн атайын бир саат убакыт сарптоонун зарылдыгы болбойт. 

      Мугалим белгилүү теманы өтүп, аны жазуу эрежелерин  бекемдөө максатында сабактын аягында айрым гана орфограммаларды жаздырат. Мунун негизги максаты - өтүлгөн тилдик материалдарды, жазуу эрежелерин окуучулардын өздөштүргөндүгүн же өздөштүрбөгөндүгүн байкоо, билүү.  Ошондой эле грамматикалык-орфографиялык бир катар тапшырмаларды аткартуу да сунушталат. 

ж) Эркин диктант. Эркин диктантты жүргүзүүнүн

болжолдуу схемасы мындайча:

  1. Мугалим текстти бүт бойдон окуучуларга окуп берет. 
  2. Андан кийин ал макаланын мазмунуна карай бөлүктөргө бөлүп, ар бир бөлүктү өзүнчө айрым окуп берет. 
  3. Окуучулар макаланын биринчи бөлүгүн угуп алышып, эсте калгандарын сөзмө-сөз, эсте калбагандарын эрктүү түрдө текстке сөз кошуп жазышат. Эркин диктантын жаздырууда мугалим окуучуларды өз алдынча баяндама, дилбаян жазууга жана башка бирөөнүн оюн айтып берүүгө көнүктүрөт. Бул ыкма окуучулардын орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугун көтөрөт, речтик стилин өнүктүрөт. 

 

Жат жазууларга коюлуучу бирдиктүү талаптар

жана баалардын нормалары.

 

      Жат жазууну баалоо – атайын иштелип чыккан, көп жылдык практиканын сыноолорунан, түрдүү талдоолорунан өткөн критерийлердин негизинде ишке ашат. 

     Баалоо – беш балдык системага ылайык «5», «4», «3», «2»  жана «1»  деген баалар менен бааланат. 

      Тандалмалуу, грамматикалык тапшырмалары бар  жат жазуу жумуштарын баалоо.

«5» деген баа – иш таза жазылып, грамматикалык тапшырмалары туура аткарылса, бирок одоно эмес бир орфографиялык же пунктуациялык ката жиберилсе коюлат;   

«4» деген баа - таза жазылып, бирок грамматикалык тапшырмаларды аткарууда 2 орфографиялык – пунктуациялык ката кетирилсе коюлат; 

«3» деген баа - иш негизинен, таза жазылып, өзүнүн оңдоолору бар, ошону менен бирге, грамматикалык тапшырмалардан 2 жана  орфографиялык – пунктуациялык  5 тен ашпаган ката кетирилсе коюлат; 

«2» деген баа - иш булганыч аткарылып, ошого жараша грамматикалык тапшырмалардан жана орфографиялык -

пунктуациялык жактан 8ден ашык  ката кетирилсе коюлат; 

«1» деген баа – иш аткарылбай, жалпы 12ден ашык ката кетирилсе коюлат. 

     Эскертүү; айрым учурда, иш таза аткарылып, одоно эмес бир нече каталар кетирилсе, аларды топтоштуруп, 3 катаны 1 ката катары эсептөөгө башталгыч класстарда жол берилет.   

     Окуучулардын сабаттуулугун, байланыштуу кебин жана кеп маданиятын бирдикте текшерүүчү, чыгармачыл, эркин, тандалмалуу жана өздүк жат жазуу жумуштарын баалоо «5» деген баа - эгерде окуучу уккан тексттин мазмунун туура, жеткиликтүү түшүнүп,  же таяныч сөз жана сөз айкаштарын пайдаланып, өз алдынча кайра түзүүдө сөз каражаттарын орундуу колдонуп, кебин байланыштуу бере алса, стилдик бир ката жана одоно эмес орфографиялык же пунктуациялык каталары бар ишке коюлат; «4» деген баа – сөз каражаттарын орундуу колдонбой, стилдик эки ката кетирип, 2-3 орфографиялык же 3-4 пунктуациялык каталары бар ишке коюлат; «3» деген баа - ишке өз алдынча чыгармачыл мамилеси  болбогон, сөздү орундуу колдонбой  стилдик  3-4  ката кетирген 6-7 орфографиялык, же 6-9  пунктуациялык ката кетирсе коюлат; «2» деген баа  - өз алдынча эч кандай иш аткарылбаса, стилдик жактан сабатсыз болсо, текст курууда ички логика сакталбаса, 8ден ашык орфографиялык же 10дон ашык пунктуациялык  ката болсо коюлат; «1» деген баа – жогорудагы критерийлерден ашык каталары болгон ишке коюлат.       Чейректик, жылдык жыйынтыктоочу жат жазууга баа коюу өлчөмү.

«5» деген баа - иш таза жазылып, өзүнүн бир оңдоосу болсо одоно эмес 1 орфографиялык, же 1 пунктуациялык катасы болсо коюлат;

«4» деген баа – иш таза жазылып, бирок, 2ден ашпаган  орфографиялык, же 3 төн ашпаган  пунктуациялык (2 орфографиялык + 1 пунктуациялык) катасы болсо коюлат;

«3» деген баа - каллиграфиясы анча дурус эмес; 5-6  орфографиялык жана пунктуациялык ката кетирсе коюлат; 

«2» жана «1» деген баа – жогорудагылардан алда канча көп каталары болгон ишке коюлат.

      Эркин, чыгармачыл жат жазууларда кетирилген каталардын типтери, түрлөрү жана алардын мүнөздөмөсү.

      Негизинен каталардын жалпы типтери төмөндөгүчө мүнөздөлөт: 

1) Орфографиялык каталар катанын бул тибине төмөндөгүлөрдү кошууга болот: 

  • Фонетиканын обңектисине кирген кыска жана созулма үндүүлөрдү, жумшак жана каткалаң үнсүздөрдү, дублет тыбыштарды, йоттошкон жана тыбышсыз тамгаларды сингормонизм мыйзамын туура сактабай, орус тилинен кирген тамгаларды, аталышы жана  жазылышы түрдүү болгон сөздөрдү, баш жана кичине тамгаларды туура эмес жазуу; 
  • Лексиканын обңектисине кирген архаизм, неологизм, диалектизм сөздөрүн, кесиптик сөздөрдү, бириккен жана кыскартылган сөздөрдү, татаал сөздөрдүн түрлөрүн, т.а., кош, кошмок жана бириккен сөздөрдү ж.б. жазууда кетирилген каталар;  
  • Морфологиянын  обңектисине кирген уңгу мүчөнү ажыратууда, куранды, уланды, жак, чак, мүчөлөрдү жазууда, сөз түркүмдөрүнүн жасалыш шарттары туура өздөштүрүлбөгөн учурларда, энчилүү жана жалпы аттарды жазууда сөздөрдү ташымалдоодо кетирилген каталар;
  • Синтаксистин обңектисине кирген сөз айкаштарды туура ажыратуудан, жөнөкөй, татаал, жалаң, жайылма, бир составдуу сүйлөмдөрдү туура эмес куруудан,  бир өңчөй  мүчө жана жалпылагыч сөздөрдү туура эмес, өз орду, маанисине жараша түзүүдө өзгөчө, чыгармачыл жат жазууларда кетирилген каталар.

2) Пунктуациялык каталар;

  • жай, суроолуу, буйрук жана илептүү сүйлөмдөргө коюлуучу тыныш белгилерден; 
  • татаал сүйлөмдөрдү  ажыратуучу тынымды белгилөөчү тыныш белгилерден; 
  • сүйлөм ичиндеги каратма сөздү, киринди, модаль, сырдык сөздөрдү ажыратып  белгилөөдө коюлуучу тыныш белгилерден;
  • төл, бөтөн жана тике сөздөрдү жазууда коюлуучу белгилерден; 
  • бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздөрдү жазуудагы белгилерден кетирилген каталар эсептелинет.

3) Стилдик каталар. 

Көпчүлүк убакта окуучулардын дилбаяндарын (сочинение), баяндамаларын (изложение) жана чыгармачыл жат жазууларын, өз алдынча түзгөн сүйлөмдөрүн, тексттерин баалоодо орфографиялык жана пунктуациялык каталардан тышкары кетирилген каталарды, жалпы жонунан эле, «стилдик каталар» деп белгилешип жүрөт. Стилдик деп аталган каталардын мүнөздүү белгилери, тактап айтканда, алар кеп продуктусу  болгон текст түзүүдө жана сүйлөм түзүүдө:

  • айтылган ойдун тематикасына жараша сөздүн орундуу тандалышынан жана колдонулушунан;
  • эне тилинде ойду так айтуудан жана эне тилинде таза, так берүүдөн;
  • сүйлөмдө ойдун логикалуу, ырааттуу берилишинен; 
  • сөз каражаттарынын орундуу жана орунсуз кайталанган учурларынан; 
  • тарыхый жана документалдык фактылардын туура, так берилишинен;
  • синоним сөздөрүнүн туура тандалып алынышынан; 
  • ойдун көрктүү баяндалышынан; 
  • иш кагаздарын өз стили боюнча түзүүдөн;
  • фразеологизм сөздөрүнүн орундуу, туура колдонулушунан; 
  • терминдерди туура, өз орду менен билип пайдалануудан  ж.б. кетирилген каталар болуп саналат. 

 Мугалим окуучулардын ишин текшерүүдө буларды туура баамдап жана баалоосу кажет. Окуучулардын кетирген каталарын өз убагында, окуучунун көз алдында белгилөө, өз катасын өзү таба билүүгө жана аны жоө билүүгө машыктыруу зарыл.  Мунун өзү каталарды андан кийин да өнөкөт түрүндө кетирүүнүн алдын алууга шарт түзөт.

 

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!