СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч.АЙТМАТОВДУН “АК КЕМЕ” ПОВЕСТИНИН СЮЖЕТТИК КОНЦЕПЦИЯСЫ  

 

Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повести 1970-жылы январь айында “Новый мир” журналына жарыяланды.

Повесть чыгардын алдында жаңы жыл түнүндө Р.Гамзатов менен маектешип отуруп, “Жаңы жылда менин жаңы чыгармам чыгат... Ал “Жомоктон кийин” деп аталат. Ал күтүлбөгөн жерден пайда болду. Аңгемени ойлодум. Жаздым, бирок аягына кантип чыгарды билбей уланып отурду... Бирок толкунданып жатам, окурмандардын кандай кабыл аларын ойлоп, бул башка чыгармаларыма окшобойт”[1].

Буга чейин жарыяланган чыгармаларына ар башка маанидеги сын угуп келген жазуучу эмне үчүн бул жолу кандайдыр бир коркунуч сезимдерин жыйынтыктаган ойлорго кабылып жатат?  Көрсө, жазуучу бекеринен кооптонбоптур.

Турмуштук кагылыштарды жаңыча көрүп, жаңыча сүрөттөгөн “Ак кеме” повести жазуучунун чыгармачылыгында өзүнчө бир бурулуш этап болуу менен бирге, адабий сында жана адабият таануу илиминде курч талаш-тартыштарды чакырды.

Бул чыгарма жазуучу атагандай “Жомоктон кийин” эмес, “Новый мир” журналынын редактору А.Твардовскийдин сунушу боюнча, “Ак кеме” деген ат менен жарык көрөт. Повесть жарыяланары менен ага удаа сын макалалар чыкты. Арадан жарым жыл өтпөй “Ак кеме” тууралуу “Литературная  газетада” өтө курч карама-каршы пикирлерди айткан дискуссия жүрдү. Ошондой эле А.Алимжанов, Д.Страковдун макалаларында соцреализм принциптеринин негизинде жазуучунун көркөмдүк концепциясына карама-каршы ойлор айтылды.

Д.Страков повестте колдонулган Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү миф тууралуу: “Адамзаттын тагдыры Майрык чаар-жезкемпирдин айтуусу боюнча бекен, же баланын тагдыры ошо боюнча чечилгенби”[2]– деген ойду айткан эле. Андан ары сынчы жазуучу башкача жазганга, баланы тирүү сактап калганга реалдуу күч бар эле, мындай шарт колдонулган жок, балага таш боор, мээримсиз мамиле жасалган деген жыйынтыкка келет. Ал эми А.Алижанов: “Повесть кимдин жеңиши менен бүтөт. Орозкулдан башканын баары талкаланып бүттү”[3] – деп оюн жыйынтыктайт. Ооба, “Ак кеме” трагедиялуу аяктайт, мында чынында оор трагедия орун алган.

Повесть жети жашар баланын тагдыры тууралуу баяндайт. Повесттин экспозициясында айтылгандай Баланын эки жомогу бар: Мүйүздүү Бугу – Эне жөнүндөгү жомок жана өзүнүн реалдуу Ак кемеси тууралуу жомок. Ушинтие жөп-жөнөкөй, кадыресе эле баштаган окуя кандай кырдаалдардын негизинде Баланын өлүмүнө, трагедиялуу жыйынтыкка келип такалды. Көрсө, Ч.Айтматовдун ушул повестин колго алганда эле  көзгө урунган өзгөчөлүк-баяндаган окуянын, койгон проблеманын башкачалыгы, артыкча сюжет куруу өзгөчөлүгүндө. 

Жазуучу жараткан көркөм дүйнөнүн мазмунуна сиңирилген проблемалардын философиялык, эстетикалык, нравалык маани-маңызын чагылдырууда айрыкча кызмат аткарган сюжеттин мааниси тууралуу Ю.М.Лотмандын: “Сюжет турмуш тууралуу ой жүгүртүүдөгү эң күчтүү курал”4 – деп айтканы абдан туура.

Эгерде ушул теориялык жол-жобонун негизинде карап көрсөк, анда сюжет Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы бирден-бир негизги көркөм принциптердин бири экени ачык болот. Окуялардын драмалуулугу, каарманды ар тараптан ачып берүү чеберчилиги улам өргө карай өсүп, идеялык-эстетикалык жактан чыныгы-жогорку деңгээлдеги чыгарманын жаралышына эң ириде сюжеттик концепция өбөлгө болду. Концептуалдуу идеянын оргиналдуу сюжеттик түзүлүш аркылуу ишке ашырылышы-бул жазуучунун алгачкы аңгемелеринен башталып, улам кийинки чыгармаларында жаңы бийиктикке карай көтөрүлүп отурду.

Жазуучу өзүнүн чыгармачылыгында сюжеттин маани-маңызы, анын кандайча пайда болуп, кандайча өзүнчө бүткөн бир бүтүндүккө айланары жөнүндө Сабиха Пынарга берген интервьюсунда: “Ал негизинен алдын-ала ойлонуп келген ойлор болот. Анткени ар нерседен таасир аласың, бирөөдөн бир кеп угасың кызык нерселерди көрөсүң, күү тыңшайсың, талаа-түздө жүрөсүң, ойлоносуң. Ошентип ойлонуп, кыялданып жүрүп, өзүнчө бир сюжетке жетесиң. Ал сюжетте адамдар кыймылдап жүрүү керек, турмуштун өзүндөгүдөй алардын өздөрүнүн көздөгөн бир максаты, проблемасы болуш керек. Ушулардын баары жыйналып келгенде жетилип, бышып, андан кийин кагазга түшөт. Анан ал толукталат. Чамаңдын жетишинче кооздолуп, сыйдаланып жазылат. Менин туйганым ушул”[4], - деп айтат. Бул сөздөрдө Ч.Айтматовдун сюжет курууга кандай терең маани бергени, ошондой эле сюжеттик түзүлүштүн ар бир учуруна көңүл бөлүп, “кагазга түшкөнгө” чейин канча электен өтөөрү жөнүндө айтылат.

Мына ушул мааниде, алдегенде жөн эле аңгеме катарында башталып, анан жазуу прцессинде бул чыгарманын повестке айланып кетиши баарынан мурда, “Ак кеме” повестинин сюжеттик концепциясында берилген трагедияга барып негизделет. Ушул өңүттөн повесттин сюжеттик түзүлүш өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүзүп көрөлү.

Повестте айылдын обочо, кордондо жашашакан үч үй-бүлөнүн турмушу, болгону үч үй-бүлө, үч эркек, үч аял жана наристе бала. Баланын эч кандай теңтушу, ойноор курбусу жок, эң жакын адамы бир гана таятасы, бирок бала жалгыз эмес, достору бар: чөп, таш, жаратылыштагы жансыз буюмдар, баарынан кызыгы ар биринин өзүнүн аты бар, Бала ошолор менен ойноп, кайгы кубанычын тең бөлүшөт. “Төө таш”, “Танке таш”, чөп, гүлдөр эрмеги, оюну ушулар менен болот. Чөптүн да, таштын да “жаны бар”, баары “жандуу”, табият жандуу-жансыз болуп бөлүнбөгөндөй. Достору менен сүйлөшөт, ойнойт, сырын айтат, жомок айтып берет, аларга боору ооруп, кээде ачуусу келип, чабышып, кармашып да кетет. “Бала чөптөрдү да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган “жакшы көргөнү” бар, “жаман көргөнү бар” атүгүл “ачуулуусу” да жок эмес. Досторунун ичинен укмуштуусу-таятасы берген дүрбү, ал аны менен айлана-чөйрөнү караганды жакшы көрөт, жакыны ды, алысы да эгиздей жакын. Жакын арада эч ким жок, ойноор, сырдашаар курбусу да жок, дүрбүсү менен гана сүйлөшөт. Ушул жагынан алып караганда эле, Баланын өмүр-тагдыры башка балдарга такыр окшобойт. Анткени кордондогу аз гана адамдын турмушу да өзгөчө, башкача. Мындан башка ашык-баш окуя, каарман да көрүнбөйт.

Дүйнөнүн бир бурчунда-корук токойдо үркөрдөй уя үй-бүлөнүн айланасындагы турмуш...сюжеттеги бирден-бир өзөк. Бир караганда эч өзгөчөлүгү жоктой кадыр эсе турмуштун эле бир үзүмү сыяктуу. Анан кантип ушул бөтөнчөлүгү жок, жөнөкөй окуя окурмандарды өзүнө тартып, көңүл бурдура алды?”

“Ак кеме” повестинин негизин Мүйүздүү Бугу – Энеге байланыштуу легенда менен токой кордонунуда жашаган адамдын реалдуу турмушу түзөт. Автор кыргыз элинин байыркы тарыхына, этнографиясына азыркы күндүн талабы менен көз чаптырып, нечен кылымдар бою муундан-муунга калган рухий маданиятына таянат, аларды каармандардын ой-жүгүртүүсүнө, дүйнөнү аңдап билүүсүнө тыгыз байланыштырат.

Баланын учкул кыялдары, ой-тилектери турмушу аз-аздан тааный баштаган түшүнүктөрү өзүн курчап турган айлана-чөйрө менен шартталат. Көлдүн тиби нур кубулган көпкөк жээгинен Ак кеме сүзүп келет. Бала таенеси жууп койгон торпок ооз толтура туура чайнап турганын, таенесинин каргап шилегенин-баарын ак кемени көрөөр менен унутат. Бала кыялы менен балык болуп кемени карай сүзүп, матрос атасына жолугат, ичиндеги ызасын бүт төгүп айтып берет.

Ч.Айтматов повестинин сюжеттик түзүлүшүндө да Баланын тагдыры биринчи орунга коюлуп, адамдын социалдык-турмуштук абалына да көңүл бурулуп, окуянын тышкы көрүнүшү эмес, адамдын ички дүйнөсүнө басым коюлат да, окуяга, окуянын өнүгүшүнө жараша адамдардын мүнөзү ачылат. “Ак кемедеги” бүт сюжеттик кыймыларакет Баланын окуясына байланган. Сюжеттин ушундай түзүлүшү натыйжасында үч үйбүлөнүн турмушу-бүткүл адамзаттык проблеманы көтөрүп, көркөм дүйнөнүн динамикасы болгон сюжет-накта турмуш чындыгын ачык бандоого негиз түзөт. Ушуга ылайык сюжеттүүлүкүн потенциалы улам барган сайын чиеленет: “Баланы бул дүйнөдөн бир алаксытса машине-дүкөн гана алаксытат... машине-дүкөн тиги жаткан таш, же бул бутка чалынган чөп эмес да, машине-дүкөндө түшкө кирбеген дүр-дүнүйө бар дейсиң”[5]. Машине-дүкөндү көрүп Бала сууга түшүп жаткан жеринен сүйүнүлөп чуркап, демейде саламдашпай өтпөгөн досторуна да караган жок. Алда кандай бир жаңылык күткөндөй, сезгендей алып-учуп кубанып, машинени тосуп алды.

Болгону үч аял машиненин жанын базар кылып жиберишти, булардын жанында туруп, баланын машине – дүкөнгө болгон кызыгы тарады, көрсө бул деле, көр-жер салынган машине турбайбы, кызыгы жок экен. Сонуркоосу тарап, машинени узаттууга камданып турганда, кокусунан бир күтүлбөгөн кубанычка туш болду. Буга чейин Бала мынчалык кубана элек эле. Ал китеп каптуу болду. Кадимки эле окуучу балдар көтөрчү китеп кап. Бирок бала үчүн бул жөнөкөй эле китеп кап эмес, өзүнчө бир укмуш, шумдук болуп көрүндү. Китеп кап сатылып алынды. Сюжеттеги өнүгүү жай баракат жүрүп жатканда бул жаңылык, жаңы окуянын башталышы, жалпы повесттин экспозициясы болду. Ал эми Г.Гачев: “Китеп каптын сатылып алынышы повесттеги бардык драманын чиелениши”[6] -  деп белгилейт. Китеп каптын сатылып алынышы-сюжеттик чиелениш болсо, кийинки окуя кайсыдан башталып кайсыдан бүтмөк?

Ошентип китеп кап окуяны мындайча айтканда “баштап” берди. Китеп кабына кубанып, ар кимге сүйүнчүлөп, адегенде таенесине, Бекей таежеси, Гүлжамалдарга чуркап, кубанычын бөлүшкүсү келсе, алар түшүнгөн жок. Сейдахматка барса, ал кайра шылдыңдап, көңүлүн да көтөрүп койгон жок.

Ушул кубанычы аягына чейин созулат беле, эгерде көңүлүн иренжиткен, ыза кылган бир окуя болбосо.

— “Орозкул аба, Орозкул аба, менин китеп кабым бар! Мен окууга барам! Карачы китеп кабымы!

— О, азыткыдай болгон атаңды!.. – деп Орозкул сөгүнүп жиберди тизгинди тартып”[7]. — Жакшы сөздүн ордуна кагуу жеп, кубанычын чоңдордун түшүнбөгөнүнө, көнүп калган жаш жүрөгү Орозкулга деле таарынбай, бирок ичинен жек көрүүсү күчөп, алаксытар баягы кароол дөбөсүнө кетип баратты.

Китеп кап сюжеттик кыймыллды  өстүрүп, татаалдантып, Баланын турмушуна өзгөрүү алып келди. Андан да жанында жүргөн адамдарга караганда китеп капка ишенип, болгон сырын, жомогун айтып берет. Бала өзү айткандай анын сырдашы да, Бала, дүрбү, китеп кап. Наристе баланын сезиминде чоңдор менен такыр келише албай, дүрбү, китеп кап “үчөө” – “үчөөнө” каршы, үч үй-бүлөнүн ортосундагы тымызын келишпөөчүлүк жүрөт.

Досторунун ичинен өзгөчө жакшы көргөнү – дүрбүсү. Бул бекеринен эмес. Болгон нерсенин дүрбү менен гана бөлүшөт, кубанган, кыйналган учурунда дүрбүсүн алып кароол дөбөгө чыгып кетет. Ал жерден туш тарапты, айрыкча көлдө сүзүп бараткан Ак кемени көрөт. Так ушул кароол дөбөдөн өзүнүн жомогу, эч кимге айтпас – Ак кеме жомогу жаралды.

Ак кеме – бул реалдуу кеме, ушул эле мезгилде кыялындагы жомок кеме, үмүт, кыял, максат, жомок – Баланын идеялы. Жомоктун өзөгү баланын өзүндө, Бала баарын, жандуу, жансызга бөлбөгөндөн кийин, турмуштагы реалдуу кеме жомокко, максатка айланган.

Ч.Айтматов акырындап отуруп, повесттин негизги идеясы, сюжеттин психологиялык чегине, повесттин борбордук түйүнү, бириктирип турган өзөгү, Муйүздүү Бугу-Эне легендасына жакындайт. Жазуучу Бугу уруусу тууралуу эл оозунда айтылган легенданы, мифти реалдуу бугу менен кошо, бир сызыкта жанаша жараткан. Баланын айтуусунда жомок жаңыча мүнөзгө, жаңыча ой-жүгүртүүгө ээ болот, ал үчүн Мүйүздүү Бугу-Эне байыркы жомок гана болбостон, ыйык тутуп, аздектеген кыялы, балалык дүйнөсүндөгү келечекке болгон үмүтү, идеялы. Ошон үчүн Ч.Айтматов сюжеттин конструкциясындагы турмуштук философияны, логиканы Бала аркылуу туюнтат. Бул жөнүндө сынчы К.Асаналиев: “Окуянын жүрүшүндө Мүйүздүү-Эне жөнүндөгү жомокту карыя Момун эмес, баланын айтышы айрыкча көркөмдүк-функционалдык мааниге ээ. Анткени, бала Мүйүздүү Бугу-Эненин табиятта бар экендигине, ал эртеби-кечпи бир келерине, шаа мүйүзүнө кондуруп, алтын бешик – бакыт алып келерине чексиз ишенет. Ошон үчүн Мүйүздүү-Энеден табиятта ыйык эч нерсе жок”[8],-деп айтат. 

Сынчы белгилеп кеткендей жомок рухий байлыкты түзгөн байыркы менен азыркынын айкалышынын акыл-сезимдеги психологиялык өсүп-өнүгүүсү, калыптанып турушун эске салат.

Бала жомогуна кайрылып Мүйүздүү Бугу-Энеден мүйүзүнө илип, бешик алып келчи, Орозкул балалуу болуп, жинденгенин токтотсунчу деп суранат. Балалык кыялында Орозкул балалуу болсо эле оңолот, элди кыйнаганын токтоторуна аябай ишенет. Мунун баары Баланын ой-дүйнөсү. Буга ишенип алган Бала кордондогу турмуш, үч үй-бүлөнүн жашоосу жакшылыкка карай өзгөрүлүп, бактылуу күндүн келерин күтүп жүрөт.

Жомокко сугарылган Баланын жан-дүйнөсү оюн жыйынтыктай албай таятасына да түшүнбөй кетет. Орозкул жекирип турса да унчукпайт, мас болуп келсе жөлөп-таяп түшүрүп, бөйпөлөктөйт. Эмне үчүн Бекей эженин төрөбөгөнүнөн го, тим эле койбойбу. Таятасынын ашкере боорукерлигине, кечиримдүүлүгүнө таң калат.

Балалык асылзаада, таза жүрөгү Орзкул менен келишпестикке, карама-каршылыкка, анын абийирсиз таш боорлугуна жаны ачып, алсызыдыгына, күчү жетпестигине кейип кыйналат. Чыгарма башталгандан бери эле Орозкул менен келише албастыгын адабиятчы А.Акматалиевдин: “Бала ички дүйнөсүндө Орозкулдун акылсыз кадамдары менен элдешкис, булар чыгарманын башынан аягына чейин бири-бирине каршы турушат. Орозкул баланын акыл-эстүү сезимин эч качан түшүнө албайт, анын таш жүрөгү таза көңүлдүн алдында алсыз”[9],-деп айткан пикири Баланын дүйнөсүнүн ажайып тазалыгы адилетсиздик менен таптакыр келише албастыгын далилдейт.

Ч.Айтматов козгогон адамдын жашоо-тагдыры, эзелки ата-бабанын салты, өткөндүн эстетикалык сабагы, азыркы күндөгү турмуштук-тарыхый, социалдык проблемалар, адам жана табият маселеси “Ак кеменин” сюжетинин ажырагыс рухий идеясы.

 

[1] Айтматов Ч. В соавторстве сземлею и водою. Фрунзе, Кыргызстан, 1987, 1978, с.263.

[2] Старков Д. Не сказкой единой // Литературная газета. 1970. – 8-июль.

[3] Алимжанов А. Трагедия на лесном кордоне // Литературная газета. 1970.  - 8-июль. 4Лотман Ю.М. Статьи по типологии культуры. – Тарту: 1973. с.40.

[4] Айтматов Ч. Аалам, дин, рух жана өзү жөнүндө // Мурас, 1991, № 5. 9-б.

[5] Айтматов Ч. З томдон турган чыгармалар жыйнагы. – Фрунзе, Кыргызстан, 1982. 2-том. 9-б. 

[6] Гачев Г. Ч.Айтматов. – Фрунзе, Кыргызстан, 1988. С.271.

[7] Айтматов Ч. Чыгармалардын сегиз томдук жыйнагы. – Бишкек, 2009.  3-том, 37-б.

[8] Асаналиев К. Тандалмалар. – Фрунзе, Кыргызстан, 1983. 8-б.

[9] Акматалиев А. Чингиз Айтматов и взаимосвязь литератур. – Бишкек. Адабият, 1991. с.148.

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!