СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты»

Кыргыз тили боюнча олимпиадалык суроолор


  1. Таандык мүчө уланган сөздү белгиле

А) китепке Б) китебим В) китептер Г) китепти

  1. Фразеологизмдин маанисин белгиле

Биттин ичегисине кан куйган

А) тынчы жок Б) ачуулуу В) тың Г) кичинекей


  1. "Көздөн кайым болду" деген фразаны кандай түшүнөсүңөр?

А) тез убакыттын ичинде көз алдына пайда болуу

Б) тез убакыт ичинде көз жаздым кылуу

В) тез убакыттын ичинде көзгө көрүнбөй жок болуп кетүү

Г) тез убакыттын ичинде көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуу


  1. "Буйдалдым" деген сөздү кайсы сөз менен алмаштырсак мааниси өзгөрбөйт?

А) сүрдөдүм Б) тайсалдадым В) санааркады Г) кыйналдым


  1. Бирөөнүн көзүн караган жаман, балам. Колдон келсе, бирөөнүн көзүн караба да, бирөөнүн күнүн өзүңө түшүрбө!


Алды сызылган сөз тизмегинин маанисин аныкта.

А) бирөөнү багуу

Б) бирөөнү кароо, тиктөө

В) бирөөгө карыз болуу

Г) бирөөгө көз каранды болуу


  1. Иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнүн талаптары бар.

Кайсы вариантта көрсөтүлгөн талап туура коюлган?

А) Айтылуучу ойдун тактыгы, ачыктыгы, түшүнүктүүлүгү

Б) Адам аттарын, мекеменин аттарын кыскартып жазуу

В) сөз каражаттарын колдонуу

Г) Диялектилик сөздөрдү колдонуу


  1. Кайсы катардагы создөрдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнө карама- каршы мааниде турат?

А) Касыңдан бал жегиче, досуңдан суу ич

Б) Касым басып келгиче, боз үйгө жетип калабыз

В) Жыйналыш башталгыча, докладын жазып бүтүрдү

Г) Улуусу университетти бүтүрүп келгиче, кичүүсү мектепти бүтүрүп калат

  1. Окшоштуктар

жаз:март

А) апта:дүйшөмбү

Б) жол: жалгыз аяк жол

В) апрель:ай

Г) секунд:мүнөт


  1. чыгарма:роман

А) жөнөкөй:татаал

Б) капчык:акча

В) доллар:валюта

Г) мөмө:жүзүм


  1. сатып алуу:товар

А) жазуу: кат

Б) сырдоо:дубал

В) жандыруу: ширеңке

Г) тартуулоо: китеп


  1. тез:жай

А) төмөн:ылдый

Б) салкын:жылуулук

В) бекем:бош

Г) ийри:кыйшык

12.Кайсы вариантта ыкташуу байланышындагы соз тизмеги берилген


А) асыл инсан Б) ит мурун В) темир жол Г) бала тили


13. Төмөнку сөз тизмектеринин кайсынысы сүйлөм боло алат?


А) сабакка даярдан Б) сабак убактысы В) сабакка катышуу Г) кызыктуу сабак

\

14. Төмонку сөз айкаштарынын башкалардан айырмаланып турганын белгиле?

А) бийик тоо Б) тоолук жигит

В) тоо жели Г) улуу тоо

15. Жуз башы жуз аскерин ирети менен санап,он топко сегиз- тогуздан бөлуп ,миң башыга кабар берди.

Суйлөмдө заттын санын билдирген канча сөз катышкан?

А) 2 Б) 7 В) 3 Г) 6 Д) 5


Кыргыз адабияты


  1. "Манас" эпосунун 1000жылдык маарекеси кайсы жылы белгиленген?

А) 1990-жылы Б) 1987-жылы

В) 1995-жылы Г) 1997-жылы


  1. Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул-бул акындарды кайсы топко кошобуз?

А) замана багытындагы акындарга

Б) өмүрү уламышка айланган акындарга

В) профессионал акындарга

Г) демократ акындарга


  1. Манас айтуучулар кандай топторго бөлүнөт?

А) үйрөнчүк манасчы, чала манасчы, чыныгы манасчы, чоң манасчы

Б) манасчы, болочок манасчы, чоң манасчы

В) жомокчу, жамакчы, нускоочу

Г) манасчы, жомокчу, аткаруучу


  1. Казактын Көкчө баатырынан кол үзүп, Манаска келип тууган болгон баатыр ким?

А) Нескара Б) Эсенкан В) Көз каман Г) Алманбет

  1. Орхон-Энесай эстеликтеринин пайда болушун кайсы кылымга таандык деп эсептешкен?


А 7-кылымга Б 9-кылымга В 11-кылымга Г 1-кылымга

  1. "Эзелтен желке тон болбойт, Эптесең жээн эл болбойт"-деп ким капаланат?

А. Кишимжан Б Ысмайыл В Темиркан Г Алтынай


  1. Гүлзар кылчы жүрөтүн,

Какшып жаткан чөлдөрүн- кызга ашыктык ырын арнаган?

А Буракжанга Б Гүзал кызга В Мырзайымга Г Мөлмөлүмгө


  1. "Томуктай болгон тоосу жок, коргошундай Манасты коргоолдой кылып көтөрүп". Көркөм сөз каражаттарынын кайсы түрү колдонулду?


А эпитет Б литота В салыштыруу Г гипербола


  1. Ыр куруунун өзүнчө атайын ыгы болгон "бейт" кайсы элдик поэзияга мүнөздүү?

А кытай Б араб-фарсы В грузин Г индия


  1. Көкөтөйдүн ашына эл чакырган чабарман ким?

А Алооке Б Айдар В Серек Г Эр табылды


  1. Аскар, аскар, аскар тоо,

Аягы барып чап болот.

Атадан алтоо болсо да,

Сыйлашпасаң жат болот- деген саптар Калыгул Бай уулунун кайсы чыгармасынан?


А "Калыгулдун сөзү" Б "Акыр заман"

В " Терме, санат ырлары" Г "Тар заман"


  1. Аалы Токомбаев качан, кайсы жерде туулган?

А 1901-ж Чырпыкты

Б 1904-ж Кемин

В 1903-ж Жумгал

Г 1905-ж Чүй



  1. Касым Каимовдун "Анарбайдын көпүрөсү" чыгармасындагы бири-бири менен чабышкан уруулар:

А Карабаш, Кызылбаштар

Б Бугу, Сарыбагыш

В Каңды, Ичкилик

Г Моңолдор, Кушчулар


  1. Көркөм адабияттын башкы предмети эмне?

А илим, искусство

Б сүрөт, музыка

В мазмун. стиль

Г адам, анын турмушу


  1. Арсен Саманчин кайсы чыгарманын каарманы?

А) "Кылым карытар бир кун "

Б) "Тоолор кулаганда"

В) "Кыямат"

Г) "Барстардын жашоосу"




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!