СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты боюнча тузулгон тест

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

                              БатМУ   ККТИ  

Кыргыз тилинен  тесттик  суроолор                                 

1-вариант:

  1. V-VШ кк. аралыгында кыргыздардын колдонгон жазуусу:

а) араб        б) латын         в) уйгур       г) орхон-енисей

23.  Пиктографиялык жазуу:

            а) сүрөт аркылуу түшүндүрүлгөн жазуу

            б) ар бир сөздүн маанисине ылайык шарттуу белги

            в) фонографиялык (тыбыштык жазуу)

            г) ар кандай көрсөткүч белгилер

24. “Зыгырдын гүлүндөй”, “Кекиртегин талга асуу” фразеологизминин  түшүндүргөн  мааниси:

А) кичинекей,  ач  калуу

Б) кичинекей, чон

В) ойлонуу, тан  калуу

Г) салыштыруу, өз жанын аябоо

25 . Баш тамга менен башталып жазылган сөздөр:

      а) энчилүү аттар,  жалпы сөздөр     

    б) энчилүү аттар, чекиттен кийинки сүйлөм, ыр   саптары   

     в) чекиттен кийинки сүйлөм, жалпы сөздөр, ыр саптары    

     г)Эреженин негизинде  тиешелүү  жерге  коебуз

26. Кайсы учурда энчилүү аттар кичине тамга менен жазылат?

а) –дай мүчөсү уланганда;          б)  – лык мүчөсү уланганда;

в) –лар мүчөсү уланганда           г)  бардык  вариант  туура

27. Картага сызылган чек аралык өзгөчөлүк-

а) тарыхый диалектология                                    б) лингвогеография

в) диалектология                                                 г) изогласса 

28. Транскрипция терминин түшүнүгү.

а) латын «көчүрүп жазуу»                                    б) латын «сөз жана окуу»

в) араб «сүйлөшүү»                                                  г) англис «оозеки кеп»     д) грек «көчүрүү»

 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты боюнча тузулгон тест»

Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” (Чыңгыз Айтматов)

БатМУ ККТИнин студенти

Жаңы гана көз жарган мезгилден баштап, бул убактылуу дүйнөдөн түбөлүктүү дүйнөгө кадам таштар убакка чейин өмүр деп аталат эмеспи!!! Ушул бир келер өмүрдө адам баласы “чыныгы адам” болууга, башкача айтканда адамдык касиеттерге эгедер болуп жашашы кыйынчылыкты туудурат турбайбы.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Төрөкулович өз элин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн элине кайрылуу менен адам болууга чакырып, чыгармаларын жаратты. Эми гана 80 жылдык юбилейин өткөрүүгө даярдык көрүп атканыбызда о дүйнөгө сапар алды. Албетте бул улуу инсаныбыз элдин түбөлүккө эсинде, тарыхында калгыдай болуп эмгек жасады. Көзү өтүп арабыздан жок болсо да, анын калеминен жаралган чыгармалар “түбөлүктүү аты өчпөс, өлбөс инсан” деп айткандай болот. Жазуучубуздун чыгармаларындагы тематика - мекен, сүйүү, эне тил, табиятка аяр мамиле жасоо жана учурдагы дүйнө жүзүндө болуп жаткан глобалдуу проблемаларды козгоп, адам болууга чакыруу болуп саналган. Негизинен анын чыгармачылыгы студент кезинен башталган. Таланттуу чыгаан болуп жетилип, элге таанылуусуна себепкер болгон инсан анын энеси – Нагима болгон.

Адабият таануу илиминде кеңири орун алган жана өнүгүп-өсүүсүнө түздөн-түз себепкер болгон Чынгызыбыз бекеринен “Адам болуу,күн сайын, жадагалса минут , секунд сайын кыйын” деп айтпаган. Албетте , бул ачуу чындык. Элдин арасында ынтымак, ишеним, биримдик, жөнөкөйлүк жоголуп, анын ордун ынтымаксыздык, бой көтөрүү, бөлүнүп жарылуу толтуруп, кучак жайып кулач алып орун алганы баарыбызга белгилүү. Негизги себеп эмнеде болууда, кантип алдын ала алабыз, адамдар канткенде адам уулу адам боло алат? Ушул суроолорго токтолуп, жооп издегенге аракет кылып ойлонуп көрдүкпү!? Күнөөнү бирөөдөн издеп, өзүбүздүн башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башынан чөптү көрүп атабыз. Улуу ойчул Махатма Ганди айткандай “Өзгөрүүнү өзүбүздөндөн баштасак” болгудай.

Адам деген жаныбардын кейпинде,

Жаныбарлар түшпөйт адам кейпине.

Шылдың кылып, көңүлдөрдү сындыруу,

Адам затка жарашпаган нерсе го.

Мээримдүүлүк, жумшак гана мамиле,

Колдон келген оңой эле нерсе го.

Адабий чыгарма окуп жаткан кезде арасынан терс жана оң каарманды табабыз. Терс каармандын жасаган иш аракетин окуп, жинденебиз. Ал эми жашоодо адам баласы терс каармандын ролун аткарса, аны тыйбайбыз, айтпайбыз. Өзүбүз да терс каармандын кейпин кийип, ал жасаган нерсени аткарып, мүнөзүбүздү түп тамырынан өзгөртүп, негативдүү ой жүгүртүп атканыбыз чындыкка дал келет.

Адамдарга таандык болгон эң жогорку сапаттардын эң бири бул - жөнөкөйлүк. Бул дегенибиз кайсыл жерде болбогун, кайсыл кызматта иштеп, акча таппагын бутуң жерде экенин сезе билүү, инсандарга пайда келтирүү, колдон келген жардамды аябай көрсөтүү болуп саналат. Жөнөкөй инсандар албетте бар, бирок саналуу гана. Аз нерсе билип кыйын болуп, көп нерсе билип жөнөкөй болгон инсандар кездешет арабызда. Жараткан Аллахтын жанында жөнөкөй пенделердин даражасы да бийик болот.

Бирөөнүн айыбын ашкере кылганга эң мыктыбыз. Ой жүгүртүп көрсөк, ал нерсенин бизге кереги жокко эсе. Пайдасыз, майнапсыз иштерге көңүл буруп, алтынга тете болгон убакытыбызды коротуп жатканыбызды жашырып коюу туура эместей. Акыл калчап көрөлүчү, бул биздин дүйнөгө келүүбүздүн негизги максаты болуп жүрбөсүн, албетте өмүргө башка максат менен Аллах Таала жаратпады беле, ата-энебиз кичинебизден “адам болчу” деп зар какшап айтпады беле!?!? Пендени Жараткан Аллах бул дүйнөгө сооп иштерди топтоп келсин, адамдарга пайдасын тийгизип, жардамчы болсун, жакшылык иштерде жарышып, жамандык иштерди көрсө тыйсын, жакшылыкка үндөп чакырсын, ошондо акыретке барганда сооп иши көптүк кылса – бейишке, күнөө иш көптүк кылса – тозоктук кылам деген. Эми ойлонуп көрөлү, ушул кезге чейин кайсы иште мыкты болуп өз активдүүлүгүбүздү көрсөтө алдык....

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп көрсөк анын жан дүйнөсүн да тынчтандыра койбогон маселелер бар экенин билебиз. Алсак, “Кассандра тамгасы” романынын сюжети - 21-кылымдын глобалдуу проблемалары апасынын курсагында жаткан жарык дүйнөнү көрө элек наристени да ойлондуруп, адамдардын жасаган одоно мамилелерин, кылык-жоруктарын, сүткорлук, көрө албастык жана кайдыгерлик деген терс сапаттарын бүт дити менен жек көрүп , көз жаруудан баш тартат. Кичине гана материалдык байлыкка ээ болуп, дагы болсо деп, же болбосо шүгүр келтирбей жашообузга наалып кетебиз. Алыс кетпей өз мекенибизден эле алып карасак, канчалаган инсандар бар, социалдык абалы начар болуп, 1 нанга муктаж. Бирок жашоосуна ыраазы, колу-буту иштегенине, адал тамак колдон келишинче таап келип жегенине, балдары сак-саламатта болгонуна, тынч жашаганына ыраазы. Келиңиздер, биз да шүгүр келтиргендерден бололу!

Кечиримдүү бололу, кекчилдиктен оолак жүрсөк, жашообуз позитивдүү деңгээлде өтөт. Бактылуу болуу ар бир адамдын жасаган иш-аракетинде эмеспи, себеби бир ишти сүйүү менен берилүү менен аткарсак, адамдарга болгон сый-урматыбыз бийик болсо, жашообузга наалыбай, ыраазы болсок, жаныбыздагы кичи же чоң коллективдеги адамдардын арасында бирөөсү душман сыяктуу мамиле кылган болсо ага “канга кан, жанга жан” дебей кичи пейилдик менен жооп бере алсак, бой көтөрбөй жөнөкөйлүк сапатты хобби тутуп кармансак, биз эң бактылуу зат, эң бактылуу көзүнөн жек көрүү эмес, нур жанган инсандардан болобуз...

Канткенде адам уулу адам болот?

Жыйынтыктап алып карасак, эң биринчи балага туура тарбия бергенде, айткан сөзүбүз менен жасаган иш аракетибиз дал келгенде, жүрөгүбүздө ыйман болгондо, ата-эненин кадырын билип, сый-урматын ордуна койгондо чыныгы адам уулу боло алабыз.

Болсоң дагы мансабың мол, дөөлөттүү,
Сөөлөтүң күч, элдин баары сыйлаган.
Адам болгун адамдарга керектүү,
Дүнүйө эмес, ыйман-ынсап жыйнаган.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!