СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили . Жандоочтор жана кеп маданияты .

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили . Жандоочтор жана кеп маданияты .»

Сабак: Кыргыз тили 7-класс

Сабактын темасы: Жандоочтор жана кеп маданияты

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты:

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Тарбия берүүчүлүк максаты:

Жандоочтор жөнүндө билет жана кеп маданиятындагы жандоочтордун сүйлөмдөгү оордун билишет. Мисалдарды келтирет.

Алган билимдерин практикада колдоно алуу көндүмдөрүн, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү;

Окуучулар өз көз караштарына ээ болуп, аны эркин айтууга, ой жүгүртүүлөрү менен сабаттуу болууга көнүктүрүү.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу...

Жандоочтор жөнүндө билет жана кеп маданиятындагы жандоочтордун сүйлөмдөгү оордун билишсе. Мисалдарды келтиришсе.

Алган билимдерин практикада колдоно алуу көндүмдөрүн, чыгармачылык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрсө

Окуучулар өз көз караштарына ээ болуп, аны эркин айтууга, ой жүгүртүүлөрү менен сабаттуу болууга көнүктүрсө

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүктөр

Кептик компетенттүүлүктөр

Таанып билүүчүлүк компетенттүүлүктөр

-Жаңы тема боюнча алган билимдерин кеңейтет.

- жандоочторго тиешелүү жаңы сөздөрдү колдонуп, сөз байлыгына ээ болуусу;

- кеп маданиятындагы текст менен иштей билүүсү;

-Кеп ишмердүүлүгүнүн тексттер менен иштей алат;

-адабий тилде сүйлөй алат

-оозеки жана жазуу түрүндө тексттер менен иштей алат.

- кеп маданияты аркылуу улуттук сөз өнөрүн барктайт;

- кеп маданиятындагы сөздөр аркылуу адабий чыгармалардын баасын билет;

- жандоочтор тууралу жазылган сөздөрдүн маанилерин билет.

Сабактын тиби: Жаңы сабакты өздөштүрүү, таанып билүү ишмердүүлүгү.

Сабактын методу: Жаңы материалдарды өздөштүрүү.

Сабакта колдонулуучу каражаттар: Окуу китеби, презентация, слайд шоу, батман,

Сабактын жүрүшү:

1. Сабакты уюштуруу (3-5 мин)

Мугалим окуучуларды журнал боюнча жоктойт. Класстын тазалыгын текшерет.

Окуучулар сабакка калбай келүүгө аракет кылышат. Дежур окуучулар сабакка классты даярдашат.


2. Өтүлгөн темаларды кайталоо (3-5 мин)

Мугалим окуучуларды топторго бөлүү менен, тапшырмаларды сурайт

Окуучунун ишмердүүлүгү: Топтордун команда башчысы чыгып доскага схема сызышат. Ичин толтурушат.

Калган окуучулар чынжырча оюну сыяктуу бирден чыгып, жазып келген тапшырмаларын окуп, анын мазмунун түшүндүрүп беришет.

Калган топтор кезеги менен чыгышат. Би топ экинчисине суроо берүү менен талкууларды уюштурушат. Үй тапшырмасына берилген тапшырмаларды мисалга келтирүү менен түшүндүрүп беришет.


3. Жаңы тема (7-10 мин)

К о р у т у н д у

Өз алдынча турганда лексикалык бир маанини билдире албаган, сүйлөмдөгү сөздөрдү өз ара байланыштыруу үчүн кызмат кылган же аларга кошумча маани берген кызматчы

сөздөр жаңдоочтор деп аталат.

М и с а л ы, Асан шаарды карай кетти. Алым менен келдим. Бул сүйлөмдөгү жандоочтор карай, менен. Шаар деген зат атоочтун табыш жөндөмөсүндө турушу карай деген жандоочко байланыштуу, анын табыш жөндөмөдө турушун карай деген жандооч байланыштырып турат.

Экинчи сүйлөмдө Алым деген сөздүн атооч жөндөмөдө турушун кийинки айтылган менен деген жандооч талап кылып турат.

Эгерде бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочторду алып салсак, Асан шаарды кетти, Алым келдим болуп, байланышсыз, түшүнүксүз айтылар эле. Кай жакка? (кай-

да?) кетти? Шаарды карай (кетти). Ким менен келдиң? Алым менен (келдим) деген гана туура, байланыштуу айтылат.

Бул сүйлөмдөрдөгү карай, менен деген жандоочтор гана өзүлөрүнөн мурунку атооч сөздөрдү (шаар, Асан) кет(ти), кел(дим) деген этиш сөздөр менен байланыштырды. Буларды сүйлөм мүчөлөрүнө ажыратканда шаарды карай, Алым

менен деп, бирге карайбыз.

4. Жаңы теманы бышыктоо (7-15 мин)

1-тапшырма: Өз алдынча окуу китебиндеги көнүгүүлөр менен иштөө.

221. Алган билимди алгачкы жолу бышыктоо көнүгүүсү. 1) Жогорку

эрежелердеги жандоочторду катыштырып, 2—3 сүйлөм таан жазгыла. 2) Алдындагы атооч сөздөрдүн кайсы жөндөмөдө турушун талап кылганын ай-

тып бергиле. 3) Жандоочтун эрежесин түшүндүргүлө.

222. Алган билимди бышыктоо жана бекемдөө көнүгүүлөрү. 1) Көчүрүп

жазып, жандоочтордун алдын сызгыла. 2) Эмне үчүн кызматчы сөз экенин

түшүндүргүлө. 3) Жандоочко кандай сөздөр кирерин жана аныктамасын

айтып бергиле.

2- тапшырма жуптар менен иштөө

223. Эскертмелүү көнүгүү. 1) Окуп чыгып, жандоочторун тапкыла.

2) Кандай сөздөр менен кошо айтылып жаткандыгын далилдегиле. 3) Кызматчы сөздөр менен маани берүүчү сөздөрдүн айырмачылыгын түшүндүргүлө

Окуучулар жуптарга бөлүнүп схема боюнча иштешет.

5. Талкуулоо үчүн суроолор (3-5 мин)


-Жандоочтор деген эмне?

-Кеп маданияты деген эмне?

-Кеп маданияты менен жандооч кызматчы сөздөрдүн байланышы.

6. Сабакты жыйынтыктоо (1-3 мин)


Мугалим сабакты жыйынтыктоо максатында окуучуларга жандоочтор кошулган чыгармаларды жана ырларды окуп берет.

Окуучулар бүгүнкү сабакты түшүнүшөт. Суроолорго жооп берүү менен, өз ой пикирлерин тартынбай айтууга көнүгүшөт. Темага байланыштуу сөздөрдү табышат.




Окуучулар бүгүнкү сабакты түшүнүшөт. Суроолорго жооп берүү менен, өз ой пикирлерин тартынбай айтууга көнүгүшөт. Темага байланыштуу сөздөрдү табышат.

7. Үй тапшырмасы (1-3 мин)


224. Алган билимди чыңдоо мүнөзүндөгү көнүгүү.

Окуучулар үй тапшырмасын аткарып келишет. Фактыларга таянышат.

8. Баалоо: Окуучулардын билимине карап баалоо






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!