СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилин коммуникативдүү усулда окутуп үйрөтүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тилин улуттуук тайпаларга коммуникативдүү метод менен окутуу

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилин коммуникативдүү усулда окутуп үйрөтүү»

Кыргыз тили. 1 курс. Ага кутуучу: Жусуева С.К.

Кептик тема: Бакыт деген эмне?

Грамматикалык тема: Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү

Сабактын максаттары / күтүлүүчү натыйжалары:


Күтүлүүчү натыйжалар

Көрсөткүчтөр

Кептик-катнаштык:

Окуу: Аутенттик текстти окуп жана угуп, түшүнөт жана текст боюнча тийиштүү тапшырмаларды аткара билет.

Ырдын текстинин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроолорду туюнтуп, өз пикирин айтат.

Угуу: Көркөм тексттин негизги мазмунун түшүнөт. Жай сүйлөмдөрдү, суроолуу сүйлөмдөрдү угуп, карым-катнаш милдетине жана тексттин ишмилдеттик тибине жараша ар кандай деңгээлде кабылдай билет, алардын негизги мазмунун түшүнөт. Угуп түшүнүү көндүмдөрү өсөт.

Сабакта жомоктун үзүндүсүн угуп, суроолорду угуп, аларга жооп берет, башкалардын айтканын угуп, түшүнүп, өзү улап сүйлөйт.

Сүйлөө: Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” драмасынан үзүндү боюнча аңгеме куруп, сүйлөй алат. Адептик кеп үлгүлөрүн колдонуп, макулдугун / макул эместигин билдире алат.

Сабакта талаш-тартышка кошулуп, берилген тема боюнча өзүнүн көз карашын ар бир окуучу 3-4 репликага чейин жактайт.

Жазуу: Сабакта жазуу көндүмдөрүнө ээ болот.

Мурда өздөштүргөн орфографиялык көндүмдөрүнө таянып, оюн убагында сөздүн тамгаларынан башка сөздөрдү курап же түзүп жазат; топто карточка менен иштөөдө практикалык-грамматикалык көнүгүүнү аткарып, сөз айкаштарын туура жазат.

Тилдик:

Сөз маанилерин түшүнөт, өздөштүрөт жана кепте тилдин грамматикалык эрежелерине ылайык колдонот.

Сүйлөмдөрдү туура түзөт, туура сүйлөйт. Башкалардын каталарын билип, оңдойт.

Социо-маданий:

Сабактагы теманын алкагында адам жана бакыт, анын жашоодогу ордун баалай алат. Инсандык бактылуулук боюнча түшүнүгүн өз алдынча билдире алат. Өз оюн бекемдөө үчүн кебинде макалдарды колдоно билет.

Адамдар жана адамдардын, жакындардын ортосундагы маиленин баалуулугун түшүнөт, түшүндүрө алат. Кебинде макалдарды колдонот.


Сабактын ресурстары: ОТК – Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” драмалык чыгармасына сүрөт, жаңы лексика менен слайд, карточкалар.


Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгү.

Окутуучу жана өнүктүрүүчү компоненттери, тапшырмалар жана көнүгүүлөр

Окуучулардын ишмердүүлүгү.

Сабакта өз ара аракеттерди уюштуруунун формалары

. Сабактын киришүү бөлүгү. А) Окуу ишмердүүлүгүнө мотивдештирүү.

Саламдашуу адеби. Кырдаалдык көнүгүү.(3 мүнөт) – Ким бүгүн жанындагы курбусуна жагымдуу сөз айтуу менен учурашты. Кана эмесе анда жаныңардагылар менен жагымдуу бир сөз арнап учурашып көргүлөчү. Мында студенттер бири-бирине комплимент арнап саламдашуу менен аудиторияда жагымдуу маанай түзүлөт жана сабакка жандандырат.

Эми сабакты баштайлы. Отургула.

Окуучулар бири-бири менен жалпы бир учурда учурашып башташына уруксат берем. Жагымдуу маанай түзүлөт. Мисалы: “Саламатсыңбы, бүгүн абдан татынакай болуп келипсиң”, “Рахмат, өзүңдүн чачыңдын жасалгасы сонун жарашыптыр”, “Ассалом алейкум, кофтаң сага абдан жарашат”, “Алейкум ассалом, рахмат, сенин көздөрүң сулуу” ж.б.

Сабактын максаттары менен тааныштыруу

(2 мүнөт)


Сабакта Бүгүнкү тема залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү” драмасынан үзүндү.

Сабактын максаттарына көңүл бургула. Мугалим сабакка пландаштырылган максаттарды / сабактын күтүлүүчү натыйжаларын кыскача айтып, экранга чыгарат. Баалоо критерийин көрсөтүү

Күтүлүүчү натыйжалар окуучунун позициясынан формулировкаланат. Сабактын максаттары боюнча окуучулардын суроо беришине шарт түзүлөт.

Б) Билимдерин актуалдаштыруу. Өтүлгөндөрдү кайталоо.

Интерактивдүү оюн. (5-7 мүнөт) Алфавит тартибинде диалог түзгүлө. Ал эми калган студенттер түзүлгөн диалогдорго көңүл бөлгүлө. Кандай сүйлөмдөр түзүлдү оозеки айтабыз. М.: суроолу сүйлөм түзүлдү: - Барсыңбы, кайда жүрдүң? 2. Жөнөкөй сүйлөм түзүлдү: Халатымды кийип алайын дегем ж.б.) Мындай диалог сабактын башында студенттерди жандандырат.



Эки студент эркин, бирок алфавиттик тартипте диалог түзүшөт. Ролдор бөлүшүтүрүп берем. Мисалы: Мугалим жана студент, апасы жана кызы ж.б.

- Ассалом алейкум, эжеке.

- Барсыңбы, сабакка келдиңби?

- Вафли жейм деп кечигип калдым.

- Гүл көтөрүп алыпсың, туулган күнүңбү?

- Дайыма гүлдү сүйөм, ошого көтөрүп жүрөм.

- Эми сабакка кечикпе ж.б. сөздөр менен ыңгайына карап диалог түзүшөт. ж.б. у.с.

Үй тапшырмасын суроо


. Сабактын негизги бөлүгү.

Угуп түшүнүү үчүн угуунун алдындагы көнүгүүлөрдүн түрү аткарылат: сүрөт менен иштөө, жаңы лексика менен иштөө. Андан кийин гана текст уктурулат.

Сүрөт менен иштөө. (4 мүнөт) темага чакыруу Экранга көңүл бургула. Экранга эң жакшы маанайдагы сүрөттөр көрсөтүлөт, анда эне менен бала, үй-бүлө, ата менен уул, кубанычтан секирген жигит, белек берилип жаткан учур. Сүрөттөргө карата суроолр берилет. Бул сүрөттөн эмнени, кандай сезимдерди көрүп жатасыңар? (кубануу, сүйүнүү ж.б.)

Студенттер сүрөт боюнча сүйлөшүшөт.

  • Бул сүрөттөрдөн эмнени көрүп жатасыңар?

  • Алардын маанайы кандай? Эмне үчүн?

  • Алар бактылуубу?

Жекеде, жупта иштөө. (10 мүнөт)

1-кадам: Суроо берилет? Бакыт деген доскада талкууланат кластер

2-кадам: Эң бактылуу учуруңду эстеп жаз.

Жупта талкуулагыла. Ким-кимди сунуштайт окуганга. Топторго бөлүү

Доскага ватман илинип, каалоочулардын көз карашын жазып коюу.

Текст угуу. (5 мүнөт)

Слайдда Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” драмасынан жигит менен бакыттын диалогу уктурулат.

1-кадам. Жигиттин ыры окулат. Суроо берем:

- Силер кандай ойлойсуң? Жигит бактылуубу, же бактысызбы? Бактылуу болсо эмне үчүн, бактысыз болсо эмен үчүн ошондой ойлоп жатасыңар?

- Силер кандай ойлойсуңар бакыт эмне деп жооп берет? Жооп алынгандан кийин бакыттын жообу уктурулат.

2-кадам. Кайрадан жигиттин ыры уктурулат. Суроо берем: - Эми бакыт эмне деп жооп берди деп ойлойсуңар? Жооп алынгандан кийин бакыттын жообу уктурулат.

Роликти көрсөтүү, бөлүктө, толугу менен

Галарея” методу аркылуу ватманды доскага илем, ар бир топтон мүчө чыгып эмнени түшүнгөдүгүн жазат, экинчи топ аны улайт, натыйжада тексттин кыскача мазмуну түзүлөт.

Ч.Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгы боюнча кыскача слайд көрсөтүү (2 мин)

Студенттер уккан диалогго берилген суроолорго жооп беришет. Ватманга жалпы түшүнүгүн кыскача жазышат.

. Өтүлгөн материалды бышыктоо.

Угуп түшүнүү менен окуп түшүнүү кеп ишмердүүлүктөрү бири-бирин толуктап отуруп, тил үйрөнүүгө шарт түзөт. Бул сабакта жаңы текстти окуунун алдындагы көнүгүүлөр – угуудан кийинки көнүгүүлөр катары аткарылат. Алар: уккан үзүндү боюнча жыйынтыктап сүйлөп берүү, жаңы сөздүктү катыштырып текст түзүү. Андан кийин гана окууга текст сунушталат.

Топторго тапшырмалар. Текстти толугу менен таркатам 1 мин. анализ (10 мүнөт, 10 мин. презентацияга)

Текст таркатылып берилет.

1-топко: Ролдоштуруп аткаруучулар: жигиттин кетирген катасынын кесепети 40 жылдан кийин

2-топко: Байланыштуруучулар: турмуштагы окуя, көрүнүштөр менен байланыштыргыла (ватманга)

3-топко: Жазуучулар - Окуяны улап, эссе жазгыла. Кандай ойлосуңар жигит бактылу боло алабы? (каалагандай) Тема коюп кыскача эссе жазгыла.

4-топко: Из кубарлар: тексттен жай, суроолуу, илептүү, буйрук сүйлөмдөрдү таап, интонацияга көңүл бөлгүлө (ватманга)

Ар бир топ аткарган ишин презентациялайт

Көнүгүү иштөө.

1-көнүгүү (8 мүнөт) Төмөнкү сөздөрдүн маанисин чечмелегиле жана текстте кайсы учурда кездешти көрсөткүлө: Жер ширини, жашыл өңү, арпа нан, кабыргасы кайрылуу, ак таң, аңыз, жылдызга окшотуп саноо, жүрөктөгү жара, жаза басуу, жаш өмүр, жакшылыкты бөлүү, түнөп калуу, баёо дүйнө, капас торго кармоо, жаны асем, кайгы жутуу, таттуу үмүт, жебе октоо, өмүр жарыш, даап айтуу, ийинден учуу, жер бети

2-көнүгүү. (5 мүнөт) “ооба”, “жок”

3-көнүгүү. Даймонд түздүрөм


Өзүм слайд аркылуу көрсөтөм жана сурайм

Грамматикалык тема боюнча эмнени билдик, эмнени үйрөндүк? (3 мин.) оозеки жооп бергиле


Слайдда сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшүн көрсөтүп, айтып берем, мисалдары менен (7-10 мин.)

4-көнүгүү. Сүрөттөр сүйлөм түзүү


Кырдаал: Адам канткенде жана качан бактылуу болот? Ар бир топ өз алдынча бактылуулукка умтулуунун жолун издеп, көрсөткүлө.

1-топ: интервью Бактылуу студент, 2-топ: бакыт тууралуу ыр жазгыла, 3-топ: каалоо-тилек, ыраазычылык билдирүү; 4-топ: Бактылуу эне передача

Тесттердин туура жообун слайд аркылуу текшерүү



V. Сабактын жыйынтыгы. Рефлексия. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу. (2 мүнөт)

  1. Максатка кайтуу баалоо


V. Үй тапшырмасы. (1 мүнөт)

1. Грамматикалык теманы жакшылап окуп, чыгармалардан мисал жазып келүү

2. Чыгарманы оригиналдан карап чыккыла, Жигит дарамада баштан аяк катышкан каарман экендигин карагыла.

Үй тапшырмасы боюнча түшүнбөгөн суроолор болсо, окуучулар сурашат. Бири-бирине түшүндүрүп берүүсүн өтүнөм. Түшүндүрүп жатканы туурабы, жокпу байкап турам.


ТАРКАТЫЛУУЧУ ТЕКСТ

Ч.Айтматовдун “Сократты эскерүү түнү” аттуу драмасынан үзүндү

Сахна айланып, Бакыт ак шөкүлө, ак көйнөк кийген кыз элесинде.


Жигит: (сагыныч менен) – О, Бакыт!

Бир адамга өтүмдүүсүң, не десем,

Туруксуз да сыяктуусуң, кээде сен!

Көрүш үчүн жашыл өңүң арчадай,

Издеп келем, издеп келем чарчабай.

Издеп келем, азыр дагы жолдомун,

Жок дегенде мейманым да болбодуң.

Кубанычым, кайгым дагы бир өзүң,

Айтчы мага, кайсыл жерде жүрөсүң?

Бакыт: Эсиңдеби, карап тургам аркадан,

Энең сага нан бышырган арпадан.

Жер ширинин уулум татсын дегени,

Бирок сенин нанды жегиң келбеди.

Кур дегенде ооз тийбедиң сындырып,

Кабак бүркөп койдуң четке жылдырып.

Мээрим төгүп кабыргам бир айрылган,

Ошондо мен энең болуп кайрылгам.

Нан бергеним, чакырганым, ак таңым,

Тээ аңызда сени күтүп жаткамын.

Жигит:

Ал күнү эмес, наркы күнү баргамын,

Анда неге мени күтүп албадың?

Бакыт: Сенден башта келип калган бирөөнүн,

Арабасына түшүп кетип калгамын.

Жигит: О, Бакытым, жылдыз окшоп санаган,

Кантип айтам сагынчымды самаган.

Бир күн үйдө отургамын зеригип,

Сени мага көчөдө жүр деди журт.

Канча жылдар издеп келген элем деп,

Атып чыктым, карай бердим элеңдеп.

Таба албадым, карадым ой бар кырын,

Сен ошондо каерде элең жаркыным?

Бакыт: ха ха, ха

Байкабайсың, шамал кайда урганын,

Сага жолдо салам берген бир кыздын

Карегине жашырынып тургамын.

Балалыкта адатыңды кайталай,

Башыңды ийкеп, өтө бердиң байкабай.

Экинчи элес


(Тоо. Гүл кармаган жаш жигитке Кайгы кез келет)

Кайгы:

  • Али алыстай элексиңби гүлдөрдөн? (Мыскыл менен)

Тааныдыңбы сен мени?

Жигит:

  • Башта көргөн сыяктуумун бир жерден.

Кайгы:

  • Башта көргөм дейсиңби?

Айта турган сөздөрүм бар, сага арнаар.

Билем сенин жүрөгүңдө жараң бар.

Мени далай көрсөң дагы унуттуң,

Түк унутчаак келесиңер, адамдар.

Менин даңкым көп тараган кең жерде,

Изим жатат ой-кырларда, белдерде.

Мен-Кайгымын!

Жаза бассаң капыстан,

Чакырттырбай жетип келем алыстан.

Жаш өмүрүң аткан кезде болуп таң,

Эсиңдеби, сага далай жолуккам.

Жаралганмын жакшылыкты бөлгөнгө,

Андан кийин бир күн атаң өткөндө,

Атаң айткан акыркы сөз, сүйлөмдө,

Түнөп калгам сенин баёо дүйнөңдө.

Андан кийин, улам-улам бир күндөн,

Эшигиңди тез-тез кагып турдум мен.

Тез-тез кактым, келбеди эч тосулгум,

Кээ күндөрү бирге жүргөн досуңдун,

Саткандыгын сезгениңде жолуктум,

Жалгыз калган кездериңде жолуктум...


Жигит:

  • А бүгүнчү, бүгүн неге келдиң сен?

Тоодо бекер, жүргөн жоксуң мен билсем.

Кайгы:

  • Көрдүм сени бир кыз менен сырдашып,

Турганыңды, кеткениңди кырды ашып.

Айта койчу, дагы канча термексиң,

Сен бул гүлдү кимге алпарып бермексиң?

Жигит:

  • Качанга чейин капас тордо кармаймын,

Мен бул гүлдү ашыгыма арнаймын.

Ал кыз мендик, эстейм басып, күлүшүн,

Жаны да асем жаралгандай гүл үчүн.

Кайгы:

  • Ал кызга ашык бир эле сен эмессиң,

Канча жигит кайгы жутмак бул үчүн.

Кайгырышат, таттуу үмүтүн жоктошот,

Анан мага жебелерин октошот.

Оюңдан кайт, акыл айтса челбегин,

Сага ошону эскерткени келгемин.

Жигит:

  • Билем, билем, өжөрлөнүп карышам,

Эгер өмүр жарыш болсо, жарышам!

Кантип оңой бере коём башкага,

Ал кызды мен бакытым деп таанысам.

Мени аяба, кереги жок, аёонун,

Жүрөктөргө салдың канча аёо-муң.

Кайгым менин, келем десең сен мага,

Эң кооптуу,

Эң бир катаал чакта да

Күлүп туруп тосум алам эрлерче,

Сезимимди кордой көрбө, тек гана!

Кайгы: (башын жерге салып)

  • Акылдуу айттың, даап айттың,

Кантсе да сен таап айттың, жигитим.

Күн кечирдим, көңүл чөгүп тунжурап,

Ийинимден учту канча замандар,

Кетээр элем жер бетинен тим ыраак,

Бирок мени жиберишпейт адамдар!









Кайсы сөз текстте кимге тиешелүүлүгүн көрсөт

тилдик каражаттар

Каармандар боюнча топто

Жер ширини


жашыл өңү


арпа нан


кабыргасы айрылуу


жылдызга окшотуп саноо


жүрөктөгү жара


жаза басуу


жаш өмүр


жакшылыкты бөлүү


түнөп калуу


баёо дүйнө


капас торго кармоо


кайгы жутуу


таттуу үмүт


жебе октоо


өмүр жарыш


даап айтуу


ийинден учуу




Кайсы сөз текстте кимге тиешелүүлүгүн көрсөт

тилдик каражаттар

Каармандар боюнча топто

Жер ширини


жашыл өңү


арпа нан


кабыргасы айрылуу


жылдызга окшотуп саноо


жүрөктөгү жара


жаза басуу


жаш өмүр


жакшылыкты бөлүү


түнөп калуу


баёо дүйнө


кайгы жутуу


таттуу үмүт


жебе октоо


өмүр жарыш


даап айтуу


ийинден учуу




Туурасын “ооба”, катасын “жок” деген жооптор менен белгилегиле

Суроолор:

ооба

жок

Жигит Бакытын тапты



Бакыт бардык адамдарга кездешет



Жигит акылдуу, намыстуу



Бакыт жигиттин үйүнө мейманга келди



Жигит Кайгыны жакшы көрөт



Кайгыны кубаласаң кетет



“Сократты эскерүү түнү” повесть



Адамдар унутчаак эмес



Арпадан нан жасалат



Жигиттин арзышканы бар



Драмада Сократтын образын Жигит жаратат





Туурасын “ооба”, катасын “жок” деген жооптор менен белгилегиле

Суроолор:

ооба

жок

Жигит Бакытын тапты



Бакыт бардык адамдарга кездешет



Жигит акылдуу, намыстуу



Бакыт жигиттин үйүнө мейманга келди



Жигит Кайгыны жакшы көрөт



Кайгыны кубаласаң кетет



“Сократты эскерүү түнү” повесть



Адамдар унутчаак эмес



Арпадан нан жасалат



Жигиттин арзышканы бар



Драмада Сократтын образын Жигит жаратат













КОМАНДАЛАР



БАКЫТ





ДЕН СООЛУК





АТА-ЭНЕ





КЕСИП






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!