Военно-антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясы «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы» БОЮНЧА ТЕМАСЫ: «Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы,каражаттары» даярдаган:
башталгыч класстын мугалими Тюлемишева Ж.Ж.
2016 ГОД
Кыргыз тилин окутуунун методикасы — дал ушул эле предметти кандай методикалык ыкмалар жана каражаттар менен үйрөтүү жөнүндөгү илим болуп саналат.
«Методика - эмнени үйрөтүү керек жана кандай үйрөтүү керек?» деген талапка ылайык билим берет.
Кыргыз тилин окутуу методикасынын негизги бөлүмдөрү
Кыргыз тилин окутуунун методикасы төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:
• Сабатка үйрөтүүнүн методикасы.
• Окуунун методикасы.
• Грамматика жана туура жазуунун методикасы.
• Оозеки жана жазуу кепти өстүрүүнүн методикасы.
• Кыргыз тилин окутууну пландаштыруу жумуштары.
1. «Сабатка үйрөтүүнүн методикасы»
Жаш өспүрүмдөрдү биринчи жолу окууга жана жазууга үйрөтүүнүн методикалык системасын үйрөтөт.
2. «Окуунун методикасы»
Окуунун системасын жана окуучуларды сезимдүү, туура, көркөм, шар окууга үйрөтүүнүн жолдорун баяндайт.
3 . «Грамматика жана туура жазууга үйрөтүүнүн методикасы»
Окуучуларды грамматика жана туура жазууга үйрөтүүнүн негизги методикалык ыкмаларын жана мазмунун, аны өздөштүрүүнүн системасын кабарлайт.
4 .«Оозеки жана жазуу кепти өстүрүүнүн методикасы» Кыргыз тилин окутууга байланыштуу окуучулардын сөзүн, байланыштуу кебин өстүрүүнүн жолдорун көрсөтөт. Айрыкча сөздөрдүн айтылышы, кепте колдонулушу, сүйлөм түзүү, байланыштуу тексттин үстүндө кандай иштерди алып баруунун ыкмаларын үйрөтөт.
5.«Кыргыз тилин окутууну пландаштырууда»
Программалык материалдарды чейректерге бөлүштүрүү кандайча жүргүзүлөрүн мугалимдерге тааныштырат. Ошондой эле бул бөлүмдө сабактын планын түзүүнүн жолдору жөнүндө да түшүнүктөр берилет.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун максаты.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун негизги максаты окуучуларды өз эне тилинде сабаттуу окууга, жазууга үйрөтүү жана кеп ишмердүүлүгүнүн,ой жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн көндүмдөрүнө ээ кылуу.
Кыргыз тилин окутуунун милдеттери
Кыргыз тилин окутуунун милдеттери: конгинитивдик-тилди таанып - билүүнүн инструменти, чындыкты чагылдыруунун жана ошондой эле, башка окуу предметтери боюнча билим алуунун каражаттары катары пайдаланат.Эне тилин бүтүн бир система катары кабыл алып, анын структуралык өзгөчөлүктөрүн жана тилдик бирдиктердин функцияларын түшүнүшөт.
Кыргыз тилин окутуунун милдеттери
Тилдик көрүнүш фактыларды талдай алат жана тилдик нормаларды оозеки жана жазуу кебинде колдонот; жүрүм-турумдук, кеп ишмердүүлүгүнүн, бардык түрлөрүнө (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу), карым-катнаштын ар кыл чейрөсүндөгү кептик жүрүм-турум маданияттына ээ болот жана өзүнүн оозеки, жазуу кебин өркүндөтүүгө жөндөмдүү; баалулук-тилди элдин маданиятынын бир бөлүгү катары тааныйт жана улуттар аралык маданияттын карым-катыш формаларына ээ болот.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуп - үйрөнүүнүн төмөнкүдөй дидактикалык принциптерин эске алуу максатка ылайык келет:
• окуутунун жалпы дидактикалык принциби болуп эсептелген жөнекөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге карай принциби башталгыч класстарда окуп-үйрөнүүнүн эң негизги багыты болуугу тийиш;
• тил, кеп жөнүндөгү жалпы түшүнүктөрдү өздөштүрүп, текст жана тексттин түрлерүн талдап ажырата билүү, аны бардык тиешелүү эрежелер менен иштей алуу;
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуп - үйрөнүүнүн төмөнкүдөй дидактикалык принциптерин эске алуу максатка ылайык келет:
• фонетикалык, синтаксистик, морфологиялык материалдарды өздөштүрүп, аларга карата талдоо иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүүнү үйрөнүү;
• өзүн-өзү текшерүүнү билүү жана башкалардын каталарын да аныктай алуу;
• туура, так, таза жазуулардын көндүмдөрүнө ээ болуу;
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуп - үйрөнүүнүн төмөнкүдөй дидактикалык принциптерин эске алуу максатка ылайык келет:
• өз алдынча китеп менен иштөө билгичтиктерин жана чыгармачыл ишмердүүлүктөрүн жогорулатуу;
• таяныч белгилер, таяныч таблицалар менен иштей билүү;
• иш кагаздарын жазууну өздөштүрө алуу (кат, куттуктоо, чакыруу, билдирүү) ж.б.
Жыйынтыктоо:
Башталгыч класстарда кыргыз тилинин методикасын үйрөтүү кыргыз тилин мектептерде бүтүндөй окутуудан кескин түрдө айырмаланат. Алар өз алдынча өзгөчөлүктөргө да ээ. Башталгыч класстарда кыргыз тилин үйрөтүүнүн өзгөчөлүгү класстарда окуган жаш өспүрүмдөрдүн жаштык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланышкан. Анткени, «Мектепке жаңыдан окуу үчүн келген баланын ойлоосу өзүнүн конкреттүүлүгү менен айырмаланат». Бул жаштагы балдарга абстракттуу ойлоонун элементтери таандык болсо да, алардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү ортоңку жана жогорку класстын окуучуларына салыштырганда чектелген мүнөздө болот.
Жыйынтыктоо:
Ошондуктан башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу практикалык мүнөздө болуу менен жаш өспүрүмдөрдүн сөзүн өстүрүү максаты коюлуп ал негизги милдет катарында ишке ашырылууга тийиш. Окуучулар конкреттүү ойлоодон абстрактуу ойлоого акырындык менен өсүп-өнүгөт. Улам класстан класска көчүрүлүп, билим берүүнүн ортоңку жана жогорку баскычына көтөрүлгөн сайын кыргыз тилинен билим берүүгө байланыштуу окуучулардын абстракттуу ойлоосунун деңгээли жогорулай берет. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучулардын сөзүндө бир топ жетишпегендиктер учурабай койбойт.
Жыйынтыктоо:
Мугалимдин милдети - окуучулардын сөзүндөгү мындай кемчилдиктерди эсепке алуу менен кыргыз тилин окутуу мезгилинде оңдоого, түзөтүүгө карата системалуу иш алып баруу. Педагогика, психология жана методика илимдеринин жетишкендиктерине таянуу менен кыргыз тилин окутууда башталгыч класстардын окуучуларынын сөзүн, логикалык ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү менен катар аларды өз алдынча иштөөгө үйрөтүүнүн мааниси зор. Ошондуктан окуучуларга чың, сезимдүү билим берүүдө алардын таанып-билүүсүн активдештирүүгө, сөзүн өстүрүүгө айрыкча көңүл бурулат.