СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин соңку редакциясы боюнча сабаттуулукка кадам.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тилинин жазуу эрежелери»

ТЕСТ

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери

I. Тыбыш, тамга жана алфавит

1. Кыргыз тилинде канча тыбыш бар?

А. 36 Б. 14 В. 39 Г. 25

2. Үндүү тыбыштар канча?

А. 6 Б. 8 В. 14 Г. 25

3. Үнсүз тыбыштар канча?

А. 20 Б. 22 В. 14 Г. 25

4. Кыска үндүүлөр канча?

А. 6 Б. 8 В. 10 Г. 14

5. Кыргыз алфавитинде канча тамга бар?

А. 36 Б. 14 В. 39 Г. 25

6. Алфавиттеги кайсы тамгалар бир тыбыш катары эсептелбейт?

А. ь,ъ Б. я, ю, ё, е В. ь, ъ, я, ю, ё, е Г. ф, х, ц, щ

7. Канча созулма үндүү кош тамга менен белгиленет?

А. 4 Б. 6 В. 8 Г. 10

II. Тыбыштардын жазылышы

1. Үндүү тыбыштардын жазылышы

8. Созулма үндүүлөр төмөнкүдөй жазылат:

А. аа, өө Б. ее, уу В. үү, ыы Г. оо, ии

9. Кайсынысында туура жазылган?

А. аю Б. энэм В. бойок Г. жаюу

2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы

10. Кайсынысында туура жазылган?

А. клуп Б. гараж В. эпилок Г. парат

11. Кайсынысында туура жазылган?

А. раазы Б. разы В. рас Г. ыраак



12. Кайсынысында туура жазылган?

А. фамилия, цемент, художник Б. цензура, фудбол, щетка В. фабрика, щетка, циркул Г. химия, экскаваторщик, сирк

3. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы

13. Кайсынысында туура жазылган?

А. тийешелүү, чиеленген Б. тиер-тийбес, кеңеет В. чийет, түйөт Г. кийер-кийбес, чие

14. Кайсынысында туура жазылган?

А. койот, даяр Б. баянда, коюу В. сою, кыябыз Г. тайак, тоёт

15. Кайсынысында туура жазылган?

А. йод, чоюн Б. район, айант В. уюм, сыйасыз Г. уйат, чоёт

16. Кайсынысында туура жазылган?

А. сойот, Нью-Йорк Б. буйум, кеңейет В. майор, коёр Г. туят, чийе

III. Баш тамгалардын жазылышы

17. Кайсынысында туура жазылган?

А. Эмгек - бакыт. Аалы Б. Аалам, ЭЭр В. Уул, Каракол Г.Аары, Бакыт

IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы

1. Уңгу сөздөрдүн жазылышы

18. айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты деген эки түрдүү айтылган сөздөргө жазууда жол берилеби?

А. Берилет. Б. Берилбейт. В. Башкы үч түгөйгө эле берилет. Г. Аякы үч түгөйгө эле берилет.

19. Бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири сыяктуу сөздөрдүн эки түрүнө жазууда жол берилеби?

А. Берилет. Б. Берилбейт. В. Башкы үч түгөйгө эле берилет. Г. Аякы төрт түгөйгө эле берилет.

2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы

20. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык сыяктуу сөздөрдүн эки түрүнө жазууда жол берилеби?

А. Берилет. Б. Биринчи келгендерине гана берилет. В. Экинчи келгендерине гана берилет. Г. Ортоңкунун экинчи түгөйүнө берилбейт.

21. Чакчыл -а(-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарган жана толук болуп айтылган келем - келемин, окуйм - окуймун, алам - аламын, барам - барамын сыяктуу сөздөрдүн эки түрүнө жазууда жол берилеби?

А. Берилет. Б. Экинчи түгөйлөргө берилбейт. В. Башкы эки түгөйгө эле берилет. Г. Эки түгөйгө эле берилет.

22. Өткөн чактын - ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын -ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган келгенмин - келгемин - келгем, барганмын - баргамын - баргам, окуганмын - окугамын - окугам түрлөрүнүн кайсынысына жазууда жол берилет?

А. Биринчи келгендерине гана берилет. Б. Экинчи келгендерине гана берилет. В. Үчүнчү келгендерине гана берилет. Г. Баарына берилет.

23. Таандык мүчөлөр жана жөндөмө мүчөлөрүнүн бирге келишиндеги энемди//энеми, иниңдики//иниңки, эмитеден//эмитен, эжеңдин//эжеңин сыяктуу учурларынын кайсынысына жазууда жол берилет?

А. Биринчи келгендерине гана берилет. Б. Экинчи келгендерине гана берилет. В. Баарына берилет. Г. Ортоңку экөөнүн экинчи түгөйлөрүнөн бащкасына берилет.

24. Кайсынысында туура жазылган?

А. жазчу, барычумун Б. тергечү, келчүмүн В. ширетчу, барчумун Г. келүчүмүн, билчи

25. Кайсынысында туура жазылган?

А. барар, ойлоор, чирир, сээп Б. келээр, жибир, чаап, сатаар В. жүрөөр, ойноор, байыр, эмип Г. өөп, ыйлаар, турар, ээрчиир

V. Татаал сөздөрдүн жазылышы

1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы

26. бүгүн, быйыл, жыңайлак, жылаңбаш, унчук, кайната сыяктуу бириккен сөздөрдүн жазылышы туурабы?

А. Туура. Б. Туура эмес. В. Башкы үчөө эле туура. Г. Аякы үчөө эле туура.

27. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууран, карагат сыяктуу кошмок сөздөрдүн жазылышы туурабы?

А. Туура. Б. Туура эмес. В. Башкы үчөө эле туура. Г. Аякы үчөө эле туура.

28. тил кат, кол кап, ишеним кат туура жазылганбы?

А. Туура. Б. Туура эмес. В. Чогуу жазылат. Г. колгап болуп жазылат.

2. Кошмок сөздөрдүн жазылышы

29. Кайсынысында туура жазылган?

А. көз айнек, алпкаракуш, таш бака, айбалта, аттиш Б. ашказан, кош ооз, ачкөз, көк жал, арыкчырай В. араңжан, кол жазма, басма сөз, көзкараш, кол башчы Г. көз карандысыз, ак көңүл, эл аралык, чыгыш таануу, ден соолук

30. Кайсынысында туура жазылган?

А. айттырыбий, онүч Б. элиэки, уктабал В. кетебер, кыркбеш Г. чыга кал, токсон тогуз

31. Кайсынысында туура жазылган?

А. баратат, келе жатат, келатат Б. келетат, баратат, келе жатат В. баражатат, келетат, кележатат Г. кележатат. баражатат, келетат

32. алып бар//алпар, алып кел//апкел, алып бер//алпер сөздөрүнүн жазылышынын кайсынысында туура?

А. Биринчи түгөйүндө эле Б. Түгөйлөрдүн биринчилеринде эле В. Түгөйлөрдүн экинчилеринде эле Г. Баарында

33. Кайсынысында туура жазылган?

А. көк ала, ар качан, түн ичинде Б. сарала, аркүнү, түнүчүндө В. бирпаста, каракөк, таңгамаал Г. кар ала, таңэртең менен, танга маал

34. Кайсынысында туура жазылган?

А. өтө кооз, эч качан, тоого дейре, эчтеке Б. огобетер, арнерсе, эчжерде, эч теме В. бареле, эчнерсе, арким, бирдеңке Г. сенго, эңсонун, эчкачан, бирдеме

3. Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы

35. Кайсынысында туура жазылган?

А. КУУ, КТРдин, химфак Б. БУу, МАИ-нин, физ прибор В. БмУ, УАКдын, тур фирма Г. КТу, КУУтин, пед фак

4. Кош сөздөрдүн жазылышы

36. Кайсынысында туура жазылган?

А. сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат Б. эки-үч, улам улам, балабакыра В. ыпырсыпыр, тарс турс, жылт-жулт Г. жүрүм-турум, каадасалт, батбат

VI. Энчилүү аттардын жазылышы

37. Энчилүү аттардын жазылышында кайсынысы туура?

А. Сатыбалды, Аалы, Жаңыл Мырза Б. Молдокылыч, А.Токомбаев (балка), Сонун бала В. Акыл карачач, Молдонияз, Балык ооз Г.Жеңи жок, Өмүр казы, ААлыбай

38. Энчилүү аттардын жазылышында кайсынысы туура?

А. Касым Тыныстан уулу, Тынчтыкбек Чоротегин, Ашым Жакыпбек Б. Кожогелди Кул тегин, Назира Аалыкызы, , Назгуль В. Мамай Жусуп, Буудайбек Сабыруулу, Эмиль Г. Осмон Алыкул, Асель, Мунара Нарынбеккелини

39. Кайсынысында туура жазылган?

А. манасчы, Адам ата Б. Нарындык, Умайэне В. Ленинчил, Бабадыйкан Г. Марксизм, Көкөтеңир

40. Эл аттары (этнонимдер), уруу, урук аттарынын жазылышы кайсынысында туура?

А. Солто Б. саяк В. сары багыш Г. отуз уул

41. Астрономиялык энчилүү, же энчилүү эмес аттардын жазылышы кайсынысында туура?

А. Ай Күндү тегеренет. Б. күн сайын В. бир ай Г. Алтын казык

42. Айбанат, куштардын энчилүү аттарынын жазылышы кайсынысында туура?

А. Ак Шумкар Б. Бөрү басар В. Сурэчки Г. Чалкуйрук

43. Лексикалык маанисин жоготпой, же айрым түгөйлөрү лексикалык маанисинен алыстаган кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар кайсынысында туура жазылган?

А. Ак-Сай, Чоң-Сарой Б. Ысык-Көл, Кең-Кол В. Кара балта, Жалалабад Г. Төө-Ашуу, Каракол

44. Кыргыз тилине которулуп, же которулбай алынган географиялык аттардын жазылышы кайсынысында туура?

А. Батыш европа, Яснаяполяна Б. Санфранциско, түндүк Америка В. Ростовна Дону, Г. Орто Азия, Нью-Йорк

45. Төмөнкү географиялык аттардын кыргыз тилинде кандай жазылганы туура?

А.Алматы, Ташкент Б. Андижан, Коконд, В. Самарканд, Душанбе Г. Туркия, Казань

46. Кайсынысы туура?

А. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Б. Казакстан республикасы В. Кытай эл Республикасы Г. Иран-Ислам Республикасы

47. Кайсынысы туура?

А. Билим берүү жана илим министрлиги, Манас ордени, Б. Туризм жана Спорт боюнча агенттиги, Баатыр Эне ордени, В. Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия, Эрдик Медалы Г. Кыргыз улуттук университетинин Филология факультети, Эмгектеги артыкчылыгы Медалы

48. Кайсынысы туура?

А. Жаңы Жыл майрамы, 1-май тилектештик күнү Б. Брест Тынчтыгы, 8-март – аялдардын эл аралык күнү В.Басма Сөз күнү, 23-Февраль мекенди коргоо күнү Г. Нооруз майрамы, 9-Май – Жеңиш күнү.

49. Кайсынысында туура?

А. "Жаныш - Байыш" эпосу, Тоо арасында романы, Ала-Тоо аянты Б. "Саринжи, Бөкөй" эпосу, Узак Жол повести, Кызыл суу кафеси В. "Козу көрпөш - Баян сулуу" чыгармасы, "Каныбек" романы, "Бишкек" мейманканасы Г. "Козу Көрпөш - Баян Сулуу" чыгармасы, "Сынган Бугу" күүсү, Илим Басмасы

VII. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы

50. Башка тилден кирген сөздөргө кыргыз тилинде кандай жазууга жол берилген?

А. бокс, мүнөт Б. афикс, көсүр В. герп, чиркө Г. жүри, танк

VIII. Ташымал

51. Кайсынысында туура ташылган?

А. ки-теп, бо-ек, МАИ-нин Б. то-олор, ю-билей Ч.Т.-Айтматов В. Рысбаев-С.К., оо-ру Г. чи-е, та-ккан, 10-км

IX. Дефис менен жазуунун эрежелери

52. Кайсынысында туура?

А. пай-пай-пай, акын-драматург Б. ха,ха,ха, III-чейрек В. кобур собур, ТУ 154 Г. № 69-орто мектеп, 11 класс


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!