СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызча фразеологизм

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чычкысы кайноо - чыдамы кетүү, өтө чыдамсыздык менен күтүү. Мисалы: болчу, тигинин чычкысы кайнап баратат.

Үй күчүк - үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн. Мисалы: Атайдын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырбады.

Чычкан мурдун канатпоо - эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Мисалы: борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпаган уят эмеспи. 

Ээр качкы - качкы, кичине эле кармоодон чыкса качып жөнөгөн ат. Мисалы: эрегиште эр үчүн ээр качкы ат жаман.

Просмотр содержимого документа
«Кыргызча фразеологизм»

Фразеологизмдер

Ээги түшкөн - абдан карыган, карылыгы жеткен. Мисалы: ээги түшкөн менен карыянын акылы али даана, баскан-турганы тың.

Ышы күбүлүү - болгон мүмкүнчүлүгүнөн, колундагысынан ажырап мүңкүрөп калуу. Мисалы: малына чиренген байлар бир жолку жутта эле ышы күбүлүп, ит көрбөгөн күндү көрүп калышты.

Шейшебин булгоо - көз жазгыруу, арамдык кылуу. Мисалы: башка эмне кылса өзү билсин, шейшебимди булгабасын.

Этинен эт кессе да унчукпаган - кебелбеген, тоготпогон, кабак-кашым дебеген, көтөрүмдүү. Мисалы: Алымбай этинен эт кессе да унчукпаган, дулдуйган неме экен.

Чычкысы кайноо - чыдамы кетүү, өтө чыдамсыздык менен күтүү. Мисалы: болчу, тигинин чычкысы кайнап баратат.

Үй күчүк - үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн. Мисалы: Атайдын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырбады.

Чычкан мурдун канатпоо - эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Мисалы: борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпаган уят эмеспи. 

Ээр качкы - качкы, кичине эле кармоодон чыкса качып жөнөгөн ат. Мисалы: эрегиште эр үчүн ээр качкы ат жаман.

Ырыс кесер - кесирдүү, колунан эч нерсе келбесе да анча-мынчаны теңине албай, жактыра бербей ыргыштаган, ырысын тепкен. Мисалы: тоо арасында сандалган ырыс кесер, кесирдүү Самсалы көл башындагыларга зорго жеткен экен. 

Чыштай кийинүү - абдан таза, жакшынакай, мыкты кийинүү. Мисалы: ал баягыдай эмес, чыштай кийинип, оңолуп алган. 

Чөп көчүк - жүүнү бош, мажүрөө. Мисалы: олда, ушул чөп көчүктөрдүн азабы ай. 

Төшөк жаңыртуу - экинчи жолу үйлөнүү, кайрадан аял алуу. Мисалы: апамдын көзү өткөндөн кийин, атам айылыбыздагы аялга төшөк жаңыртты. 

Уу тырмак - мыкаачы, зулум, канкор. Мисалы: алардын ордун уу тырмак Калпа ээледи. 

Сөзгө сөлтүк кылуу - кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу. Мисалы: сөзгө сөлтүк кылбайын. 

Уйдун бөйрөгүндөй - башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Мисалы: шүнтүп уйдун бөйрөгүндөй болуп шүмүрөйдүк.

Тумшугу жылыбоо - иши оңолбоо, жарыбоо. Мисалы: тополоң шумдун тумшугу дароо эле жылыбады. 

Өпкө кагуу - өкүнүү, арман кылуу, катуу өкүттө калуу, ардануу, ардыгуу, өксүү. Мисалы: ачуу ызага алдырып, өксүп жашын төккөн Батийна энесине көрүнбөй өпкө кагып өкүнөт. 

Ортосу суу - мамиленин солгундоосу, начарлоосу. Мисалы: сөз жалганбай, ортолору сууп кетти.

Булагы: https://sputnik.kg/20161103/ehehgi-tushkondo-toshok-zhanyrtty-1030108758.html