Просмотр содержимого документа
«Кыргызча табышмактар»
Табышмактар.
Сөөгү жок, эти бар,
Сүйлөгөн сөзү бар.
(Тил)
Бир кампа буудайым бар,
Жеген менен түгөтө албайм.
(Тил)
Казан толо чий боорсок,
Ортосунда чоң боорсок.
(Тил)
Дайыма ооздо,
Жута албайсын.
(Тил)
Эгер болбосо ал,
Баары болмок дудук.
(Тил)
Кыдырата таш койдум,
Кызыл өгүзүмдү бош койдум.
(Тиш, тил)
Отуз эки буүрүт, бир ак куу көлдө жаткан,
Ал ак куу ар нерсенин даамын таткан.
(Тиш, тил)
Тий-тий десем тийбейт,
Тийбе десем тиет.
(Эрин)
Ээ эпилдек,
Жаа жапылдак.
(Ооз)
Бир нерсе бар эң күлүк,
Адам менен бир жүрүп.
(Ой)
Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
(Китеп)
Үпүлдөккө кан куюп,
Үлөй талга байладым.
(Карагат)
Кырда кылыч көрдүм,
Кылычымды түндө көрдүм.
(Ай)
Асманда учат темир куш.
(Самолет)
Төрт буту бар, куйругу жок, башы жок.
(Стол)
Кайсы жерде суу тикесинен турат.
(Кудук)
Баары мени тебелешет, тапташат.
(Жол)
Бир колу менен тосуп алат,
Экинчи колу менен узатат,
(Эшик)
Кулагын баары кармалашат.
(Эшик)
Отко салсаң күйбөйт, сууга чөкпөйт,
Таптакыр кирдебейт.
(Чындык)
Такыр турбай жерде жатат,
Эгер турса айга жетмек.
(Жол)
Кыңыр-кыңыр кыңырчак,
Миңген аты ыңырчак.
(Бешик, бала)
Үйдүн чырагы,
Эшиктин кулагы.
(Бала, күчүк)
Кош кайкыда турагы бар,
Кош каухардан чырагы бар.
Керемети ааламга тиет,
Аалам ага башын иет.
(Баш)
Сырткы көрүнүшү тоголок,
Бирок чоло жери жок.
Чытырман токой.
(Баш, чач)
Эки таяктын бири алдыга кетсе,
Бири артта калат.
(Бут)
Каркыра жолу кайык,
Турна жолу туюк.
Эки күлүк бар,
Биринен бири озот.
(Бут)
Ачып ийсем ааламдын баарын койбойт,
Жыйып ийсем жарты жангактын көзү тойбойт.
(Көз)
Эки тууган бирин-бири көрбөйт. (Көз)
Аркы өйүздүн карагай,
Берки өйүзгө жыгылат.
Берки өйүздүн карагай,
Аркы өйүзө жыгылат.
(Уктагандагы кирпик)
Кичинекей медерим, жер түбүнө жетерим.
(Көз)
Бир дөбөдө жети ийин.
(Ооз, көз, тиш, тил, мурун, кулак, каш)
Шып-шыпылдак,
Шып-шыпылдак үстүндө пыш-пышылдак.
Кайнар булак (шам чырак) үстүндө кара кыяк.
Кара кыяк (бир топ камыш) үстүндө кара токой.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач)
Ача туяк, төрт казык,
Түнү дагы тынбай басат.
Тойгон мерген болсо дагы,
Токтоно албай атат.
(Бугу)
Эшке кулак, уй мурун,
Жазы мандай кургуруң.
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.
(Элик)
Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп тазасын аймаган.
(Элик)